Аскаралы Ражабалиев: Ай-Чырактын арманы

Жаным апам Байжигит кызы Саламаттын элесине гүлдестем (Аңгеме-жомок) Он жылдын жүзү, атамдын «шаты-тулпарга» мингенине. Үч эле жылдын айдыңы,  апамдын ак кушка айланып, маңги дүйнөнүн бейиш төрүнө учуп кеткенине. Жарыктык апамдын акактай тунук жүзү, балбылдаган көздөрү, энелик деми да ыпысык мээрими, бою-башына куп жарашчу көйнөктөрү (төтөнчө бадам гүлдүү көйнөгү) бир буума жапан жоолугу, шыпылдаган жеңил кыймылы, очок башында от табына бети тамылжып отурган  касиеттүү элеси көз алдымда эртели-кеч… …О мындан элүү жыл илгери. Жай мезгили. Атам түнү бою пахтага суу коюп, […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Февраль

АҢГЕМЕ Жай, күн ысык. Шаар тим эле кайнап жатат. Кеч кирип калса да, ысыктын табы кете элек. Дал ушундай кайнаган күндөрдүн биринде көрүнгөн менен түртүшүп, Медер автобуста араң келатты. Жонунда — бир чанач кымыз, колунда — сумка. Элдин баары эле аны жаман көзү менен карап жаткандай шекилдүү. Боргулданып тердеп да чыкты. Терин аарчыйын дейт, колу бош эмес. Чаначты жерге коюуга болбойт — бирөө жара басчудай. Айласы кетти. Акыры автобустан түшүп калды. Түшөрү менен терин аарчыды. «Көрүнгөнгө жек көрүнбөй, такси менен […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Ата журтум чек арадан башталат

Чек ара такталбай, кимге тиешелүү экендигинин башы ачылбаган жайлар бир далай. Ошондонбу, кыргыз-өзбек чек  арасында кырсык ат тезегин кургатпай катталчу. Өзбек жоокерлери биздин жарандарды кармап алып, өз жагына сүйрөп кетип, абагына тыккан же атып өлтүргөн, антпесе, бодо малы менен кой-эчки, жылкыларын айдап кеткен жоругу дамаамат кайталанчу. Коңшу өлкөнүн кызматтары чек аралаш конгон кыргыз кыштактарына электр жарыгын, же ичкенге таза суусу менен талаага эгин суусун бербей койгон кез да арганы курутчу. Андай капсалаңда Сакадайда тек турмай жок. Жука кийинген арык-торук чек […]

Саясат абийир кризисине кептелдиби? (1-бөлүк)

“РухЭш” сайты менен “Сармерден” ресторанынын бул жолку коноктору – Филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илиминин доктору, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер Кайыпов Сулайман Турдуевич жана өлкөбүздө бир катар жогорку кызматтарды аркалап келген мамлекеттик ишмер, «Ак-Шумкар» саясый партиясынын төрагасы Сариев Темир Аргенбаевич. Жетиген Асанбек: Сулайман агай, Темир Аргенбаевич, саламатсыздарбы? Алды менен, атайын убактыңыздарды бөлүп, “РухЭш” сайтына сукбат куруп берели деп келип бергениңиздер үчүн чоң рахмат. […]