Жаным апам Байжигит кызы Саламаттын элесине гүлдестем

(Аңгеме-жомок)

Он жылдын жүзү, атамдын «шаты-тулпарга» мингенине. Үч эле жылдын айдыңы,  апамдын ак кушка айланып, маңги дүйнөнүн бейиш төрүнө учуп кеткенине.

Жарыктык апамдын акактай тунук жүзү, балбылдаган көздөрү, энелик деми да ыпысык мээрими, бою-башына куп жарашчу көйнөктөрү (төтөнчө бадам гүлдүү көйнөгү) бир буума жапан жоолугу, шыпылдаган жеңил кыймылы, очок башында от табына бети тамылжып отурган  касиеттүү элеси көз алдымда эртели-кеч…

…О мындан элүү жыл илгери. Жай мезгили. Атам түнү бою пахтага суу коюп, таң алды  кайтчу үйгө. Апам, карындашым үчөөбүз жатчубуз короодогу сөрүдө. Карындашым  эне  сүтүн эрий соро,  тез эле маңкая балкыйт ширин уйкуга.  Биз уйку периси жетелеп кеткенче, тамаша кылчубуз көк ааламын. Миң-миң жылдыздар. Ар бири бото көз булак сымал жоодурайт. Алардын чок ортосунда түнкү деңиздеги апак жел кайык сымал сызган Ай. Түн кереметине арбалып, жылдыздарды эсептеп кирем: «бир, эки, үч, төрт, беш… он, жыйырма… элүү…» Адашып кетем. Кайра баштаймын башынан. Кайра адашам. Күнүгө көзүм уйкуга сүзүлгөнчө ушинтем.

Бүгүн түнү да шол адатым. Арбап-азгырат көк мухит. Көз алдымда туруп алды баркырап турган чоң жылдыз. Апам да уктай албай, оодарылат ары-бери.

— Апа!

— Ов, уулум?

— Оонабы чоң жылдыздын аты не?

— Чолпон.

— Чөмүчкө окшоп иймейип турганычы?

— Жетиген.

— Дарыядай агып бараткандарычы?

— Саманчынын жолу.

— Неге Саманчынын жолу дешет?

— Арабадан чубала төгүлгөн саманга окшоп турбайбы.

— Ага мындай атты ким койгон?

— Түнү бою кырманда буудай бастырышкан ата-бабаларыбыз.

— Апа, Ай сиздин маңдайыңызга окшоп апакай экен!

—И-и садага болоюнум!

Ал менин башымды көкүрөгүнө баса сылап, жыттап-жыттап алды. Качан да болсо колдору, эриндери чоктой ысык апажанымдын!.

— Энди укта. Саар мектепке барасың.

Уктайын эле деймин. Эми күмүш табактай апапак Айдын   ортосундагы капкара так кызыктырып туруп алды. Ал бир карасам адамга, бир карасам үңкүйүп отурган аюуга окшоп.

— Апа-а!

— Имине? Уктачы, тура албай каласы саар.

— Айдын бетиндеги капкара нерсе не?

— Олдо чырагым ай! Кызыкчандыгың артыкча да сенин.— Ойлоно калды тынымга.— Албы? Ал  алыскы-алыскы бир өткөн замандарда Ай бетинде өкүмдарлык кылган падыша.

— Ай өзү апапак болсо, падышасы неге капкара?

— Тантыгым ий, тантыгым! Бардык нерсени билгиң келет э-э.— Саамга ойлоно түшүп.— Кудай шөнтүп жазалаган аны. Көрдүңбү, колу-буту, мойну  кишенделип турганын?

— Көрүп турам. Неге кудай аны минткен?

— Тек, уктайлычы! Эртең айтып берем калганын.

Апам нары карап жатып алды. «Айдын падышасын кудай жазалаптыр. Не айыбы үчүн?» деген суроону берем өзүмө өзүм. Таппаймын жообун. Кызыгым улам артып, себебин билгим келди тезирээк. Апам «пыш-пыш» эте уктап атат. Сурасамбы же?.. Акыры чыдамым кете нукудум:

— Апа-а.

Ойгоно бербеди. Үнүмдү бийирирээк чыгыра, жалына унчуктум:

— Апа-а деймин!

— Имине? Уктачы!

— Ай падышасын кудай не күнөөсү үчүн жазалаган?

— Тантык десе. Шону ойлонуп уктай албай жатат окшойсуң энди. Мейли, айтсам айтып берейин. Айтпасам өзүң да уктабай, мени да жайыма койчудай эмессиң.

Үстүндөгү  жамынчын көкүөк ылдый түрө, башымды билегине жаздап, унчукпай турду саамга. Ичинен толкуп атат окшойт, жүрөгү  «дүк-дүк!». Назик манжаларынын учу менен чачымды сылагылай берип, айта баштады узак баянын.

— О-о илгери-и илгери, санасаң сан, ойлосоң ой жетпеген, али жер каймактай элек убакта Жараткан-Эгем он сегиз миң ааламды өз колу, өз эрки менен жасаган экен. Шол он сегиз миң ааламдын бири мынобу көз алдыңдагы түн жамынган көк аалам. Анан ушунча чексиз аалам бош калбасын деп, адегенде ысык мээр-табы менен Күндү жасап, анан аны айландыра он планета-перзенттерин кезектештире жайгаштырып  коюптур. Күндүн алоо табынан наар, аба, суу, кундуу топурактан баар алган  макулук-жандыктар тукум улап, өсөмдүктөр дүркүрөп  өскөн он планета тең  бейиш төрүнө айланыптыр.

Жараткан өзүнүн сүйкүмдүү кенже кызы Ай-чоруга сулулукту, аруулукту ченебей берип, байлыкты да өлчөөсүз тартуу эткен экен. Күндөн нур талаша ааламды карлыгачтай кайкый сыза айланат. Берки тогуз планетанын Күн нуру тийбей караңгылашкан бетин Айканды не айман жүзү  «жарк!» эте жарыта берет. Мындай бакыт кушу башына конгон Ай-чоруну башка планеталар Күн ааламынын Канышасы деше суктанышат.

Ал уч-кыйырсыз мейкиндикти ак куудай сыза учуп, ашык жигити Плутонду бериле сүйүп, махабат лазатында балкаыйт. Аттиң десең! Күн ааламындагы бейиш жашоо дагы санаса сан, ойлос жетпеген узак-узак убакыт улана берет беле, эгер бир мүшкүл окуя жүз бербегенде.

Ай-чорунун ысык да жайлуу койнунда өкүмдардык кылган карт падыша акылдуу, ыймандуу да, нысаптуу, букараларына карамдуу өкүмдар эле. Бу опосуз дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес, ов!  Күнү — суусу түгөгөн зирек падыша акыры дүйнө салып, уулу отурат такка. Ченемсиз байлык мурас калат ага. Алтыны тоодой үйүлүп, күмүшү  көңдөй чачылып, асыл таштарын эл курулушка пайдаланат. Текебер да, ачкөз падыша ашып-ташкан байлыгына канаат кылбай, башка планеталардагы падышачылыктардын дүйнө-мүлктөрүнө арта баштайт сугун. Эртели-кеч ойлогону канткенде алардын казынасына ээ болот? Ушундай ой анын мазасын алып, тынчы кетет. Напси кирген суудай ашып-ташып, башка планетелардын байлыгынан көзү өтөт. Уйкусу качып, байлыкка тунуунун жолун издейт күн-түнү. Акыры табат  амалын. Тынч күндөрдүн биринде аруу Каныша Ай-чоруга мындай дейт:

— Улуулардын улуусу, сулуулардын сулуусу,  Канышам! Күн ааламында сизден ашкан аруу да, акылдуу планета жок. Анын үстүнө сиз Жараткандын эң сүйкүмдүү, эрке кызысыз. Бирок, бирок…

Ал ушул жерде сөзүн токтото, Ай-Канышаны карап койду көз кыйыгы менен.

Ай-Каныша:

— Падышам, бирок дегениңдин артында не сыр бар? Тартынбай айта бер.

—Мен ар качан сизге ак кызмат кылган кулуңузмун. Бирок, бир нерсеге ичим түтпөй келет. Жараткан сизге сулуулукту, аруулукту өлчөбөй тартуу эткени менен, байлыкты ченеп берген тура. Башка планеталардагы падышалардын ашып-ташкан байлыгын көрүп туруп чөгө түшөм. Бул туурасында менин букараларым көп доомат коюшат мага. А мен муну сизге айтуудан уялам.— Падыша өз сөзү Ай-Канышага таасир эткенин көрүп, кытмырлана улантты сөзүн.—Дагы бир окуядан кабарыңыз жок…

Анын сөзүн кунт коё угуп отурган Аң-Канышанын каштары серпиле түшүп, сабыры түгөнө сурады:

— Мен билбеген кандай окуя экен ал?

Падыша мойлоосун жана,  муздак ыржая минтти:

— Жер-айым эжеңиз Юпитер мырза менен көңүлдөш боло туруп, сиз жактырып жүргөн Плутонду мырзаны ар…

Минтип айтаарын айтып алып, сөзүнүн аягына чыкпай, дудалана эрдин титеди падыша.  Улуу Канышамдын каарына калдымбы деген ойдо куну уча, жалт карады аны. Аалам Канышасынын керилген каштары серпиле, эрди чормоё, булкунуп алды. Заматта чаң-тозоң көтөрүлүп, ызы-суу чыкты туш тараптан. Падыша ичинен «жыргай» куйтулана саймедиреди:

— А Марс-айым болсо Нептун мырзаны жандап, түн ката жолугушуп жүрөт. Сиз гана жалгыз…

Ай-Канышанын апапак жүзү кумсара, муздай тиштери кычырай тынчы кетти. Куу падыша тереңдете берди андан ары:

— Сиз улук Жараткандын эң сүйкүмдүү да эрке кызысыз. Андыктан, сизди байырлаган жандыктар менен пенделер Күн аламына ээлик кылуусу лаазым. Анан өзүңүздөй аалам Канышасын чангысы келген Плутон мырзаны…

—Жетишет, айтпа калганын! Менден бай болгусу келген, менин бактымды, сүйүүмдү талашкандарга көрсөтөм али!

Катуу силкинип алган улуу Канышанын тунук жүзү түнөрүп, тула бою калтырап-титиреп, бетине чыкты каары. Асман алай-дүлөй, чагылган чартылдап, тоолор урап, деңиздер чайпалып, токойлор астын-үстүн болуп, жан-жаныбарлар менен пенделер качаарга жай таппай калышты.  Коркуп кеткен падыша жата калды бүрүшө.

— Менин сүйүүмө кыянаттык кылган Плутондон өч алам оболу!

Буга кубанган падыша  бак этти:

— Өткөн түндө Жер-айым эжеңиз Плутон мырза менен ыкташып жүргөнүн…

Ай-Канышанын жаалданганы ушунчалык, калчылдап, боюн токтото албай булкунуп-силкинип жиберди. Бетиндеги жандык-жансыздар бири калбай күбүлүп, төгүлүп калды аалам боштугуна. Какшана какылдап барат анын мойнуна минип  алган падыша.

— Сиз аялзаты болгонуңуз менен, өтө кубаттуу экенсиз. Күн баш болгон эжеңиз Жер-айымды жана башка планеталарды  өз ок-сызыктарынан тайдырып жиберсеңиз, экөөбүз ааламдын жападан жалгыз кожоюну болуп калабыз!

—Ооба, мен Жараткандын кенжеси да, аруусу да, акылдуусумун! Оо, менин жардамчым, падышмам! Сен экөөбүз башкарабыз бул ааламды!

Ошентип, каардана үзүнүп-жулкунган Ай түбөлүктүү ок-жолунан тайып, Плутондун ок-жолуна көлдөлөң тура калганын сезбей да калды.  Эчтемеден бейкапар өз ок-сызыгында Күндү айланып бараткан Плутон сүйгөнү Айдын өз жолуна көлдөлөң чыга калганын  көрдү. Назик жанды согуп кетпейин деген ойдо буйтап өтөм деп, өз чыйрынан тайып кетти. Шордуу  Плутон боюн токтото албай, көк ааламын сызып баратышкан Марсты аласалдырып жиберди о-жолунан. Алдастаган Марс Сатурунду, Юпитерди, Нептунду, айтор, Жерден башка планеталарды ок-сызыктарынан аласалдырып таштады.

Бири алдастап Күнгө өтө жакын учуп барып, куйкалана күйсө,  башкасы, Күндөн өтө алыстап кетип, бетиндеги жандуу-жансыз тоңуп калды. Ар бирин өз-өзүнчө чулгаган атмасфералардагы кислороддун ордуна  лык толду уулу газ. Океан, деңиз, көл жана дарыялардагы суулар, айтор, бардык жандуу-жансыздардын  тамам болду жашоосу. Бактыга жараша Жер-айым аман калды шойкомдуу мүшкүлдөн.

Жараткан бул мезгилде он сегиз миң ааламдын биринин мейкиндигинде кыдыра учуп жүргөн болчу. Сапарынан кайтып келе жатып, сүйкүмдүү кенже кызы Ай-канзааданын узун чачтары сапсайып, көздөрү чанагынан чыга алдастап учуп баратканын көрө калып, алаканына отургуза койду. Эс-учунан ажыраган аруу планетанын кийимдери тытылып, жыртылып, дырдай жылаңач эле. Жаратканды тааныгыдай алы жок. Мойнуна падышасы макулук кенедей жабыша минип алыптыр.

Өлчөөсүз жаман жорук жасаган эрке кызына жаалы келип, Күн табына куйкалап таштагысы келди. Бирок аны  макулук падыша азгырганын билген соң, кайтты бул оюнан.   Башкача жазага кириптер кылды сүйкүмдүү кызын. Эми Ай көк мухитин эркин сызган планеталык бактысынан  ажырап, Жерди жетим көпөлөк сымал жандап айланган күң кызга айланды. Эми ал Күндү айланбастан, Көз тайгылткан апакай нурдуу жүзү Жердин  түн кирген бетин жарыткан күзгү кызматын өтөй баштады.

Ошол мүшкүл окуядан соң Ай-Каныша ааламдын аруу Каныша планетасы даңкынан айрылып, Жер-Энени ийиктей чарк айланган, караңгы бетин жарыткан ай-чырак атыкты. Тээ илгери-и илгери өзү жасаган кылмышына өкүнүп, кайгы-капасы жүрөгүн кысып, көзүнөн аккан жашы нөшөр болуп, Жер-Эненин талаа-түзүн суугарып, жашылдантып, жашартып келет. Көк мухиттин алыс-алысында айланып калган Плутон сүйгөнүн муңкана сагынат…

Бир кездеги тогуз планетаны суктанткан бая-байаакы сеңселген олоң чач, айман жүз, булактай жоодур бото көз, уурт толо күлкүсү, койну толо жашоо деми  толгон кубаныч жок. Тек көкүрөгү толо зил, көздөрү толо жаш, бир кездеги бактылуу, сулуу, аруу кездерин эңсеп-сагынган кусалык. Анан жетим көпөлөктөй Жер-Энени чимириле айланган жансыздык менен жалгыздык… жадаса жылдыздар да аны катарына кошпой, Көк ааламда жапжалгыз сызганы сызган.  Өзү жер бетин жарыткан айлуу кечтердеги жигит-кыздардын сүйүү лазатына батып жүргөн бактылуу кезеңдерине көзү өтүп, кызгануу…

Жараткан шүмшүк падышаны да катуу жазалаган.  Жүзүн гана көөдөй карартпастан, ичин да, атүгүл көз агын да карартып, колу-бутуна, мойнуна кишен салып, таңып таштаган Ай бооруна бекем кагылган казыкка.   Бирок карөзгөй падыша алгачкы ниетинен дале кайта элек дешет. Качандыр бир убактарда кишенден бошонуп, Күн ааламына падышалык кылам дейт имиш. Төтөнчө Жер-Эненин гүл жашоосуна сугу түшүп келет экен.

Апам узак баянын аягына чыгып, унчукпай турду бир саам. Ойго бата үшкүрүнүп да алды.

— Айдын тагдыры ушундай, уулум.  Аттиң! Бул мүшкүлдөн сабак алган да, албаган да бар. Бизге жашоо берген Жер-Эненин бети эле тынч дейсиңби…

Эми түн пардасы секи-ин түрүлө баштап, толгон Ай сөнүп, жылдыздар өчүп баратты майы түгөнгөн шам чырак сымал. Мен уйку-соо арасында Жер-Эненин жүрөгүнүн дүрсүлдөп согуп атканын туйдум. Тиги кыр артында шашып келаткан Күндүн улуу шаңгалатын көрүп, шабыртын уктум. Бирок анын тизирээк көрүнө бербегенине кыжаалаттанып, чыдамым кетти. Огунан тайып кетпегей эле! Тезирээк көрүнсө экен!  Ана! Аалам Падышасы жүзү толо нур, койну  толо алоо оту менен наркы өйүздөгү кыр чокусунан «кылак!» эте чыга келди. Төшөгүмө батпай толкуп-сүйүнүп, башымды көтөрө кобурадым:

— Арба, Күн Падышам! Аалам кезип, аман-эсен жетип келдиңби менин Ата Журтума!!!

Апап минтти секин:

— Уулум, Жер-Энебиз да бүгүнкү дүйнөгө тойбос адамдардын, падышалардын айынан Айдын кейпине түшүп калбаса болду…

Баткен, О7.2016.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.