АҢГЕМЕ

— Эй, эмне отурасың? Эй дейм?

— Ы?

— Эмне отурасың моло таштай катып?

— Билбейм ой, эмнеге отурам. Билсем го, билсем ушул үчүн  отурам деп айтпайт белем.

— Таза балээ баскан го,  билбейм дегени эмнеси? Тур, андан көрө  жакшылап бир тамак кыла койчу.

— Сен уктап атканда жасап койгом.

— Мынча сонунсуң, алып келе кал.

— Көк чай демдейимби, кызыл чайбы?

— Көк чай демде.

— Эме, сен канчага чыктың, ыя?

— Айныбачы эй!

— Айтсаң, 51ге чыктың да.

— Анан?

— Анан ошо 51ге чыккандай эле сезесиңби өзүңдү дегеним.

— 101ге чыккандай сезем. Ошондой эле сезем да.

— Кел, тамакка кара.

— Мм, даамдуу болуптур, колуң дарт көрбөгүр ай. Баса, эмнеге жашымды сурадың? Өзүңчү? Билем, өзүңдү 18ге чыккандай сезесиң, ошого сурап атсаң керек?

— Жок. Тетирисинче, картаң сезем.

— Албетте, турган иш да. 40 жаш оо дүйнө, бу дүйнөнү ойлоно турган, толгоно турган мезгил. Сен болсо күндө бирди кийип, кылактаганыңды койбойсуң. Отуруштан башың чыкпайт.

— Отурушта мени чындап эле отурат, чындап эле күлөт дейсиңби?

— Боорду эзбечи, кечээ эле оозуң кулагыңа жеткиче күлүп отурдуң го. Бас, кетели дебесем отура берет элең таң аткыча.

— Вера досумдун көңүлү деп күлсөм күлгөндүрмүн. Бирок,  мен өмүрүмдө чындап күлгөн эмесмин. Сен мени билбейт экенсиң.

— Ээ, билбейт бекем?

— Тамашасы жок, мен аябай картаңмын. Билбейм, ушул ой мээмен эч кетпейт. Тоолорду, таштарды карап туруп алардын кечээки эле жаратылган зат экенин, жок экенин жон терим менен сезип кетем. Чындыгында менин, адамзаттын жолуна төшөлүш үчүн жаратылган да. Бирок, кайра дене барып, ошол таштардын төшөгүнө айланганы кызык. Бирин бири сынап, бирин бири электен өткөрүп…

— Чай куйчу.

— Бирок, баарибир мен баарынан улуумун. Кимдердин гана койнунда болгон жокмун.

— Бай болгур, тамагымды ичип алайынчы.

— Денеге кире элек, Рух кезимди айтып атам.

— Анан?

— Анан ошо, эң биринчи чымын жаным жеп-жеңил караңгылыктын койнунда болду. Андан кийин жап-жарык Нурдун койнуна кабылдым. Ойлор да нур, жолдор да нур деген ошол жер окшоду. Анан апамдын курсагынын койнуна кабылдым. Азыр дүйнөнүн койнундамын. Абага көз карандымын. Сууга көз карандымын. Кыш менен жазга көз карандымын. Убакыт, мезгилге көз карандымын. Кудайдын аманат кылып кийгизип койгон өз денеме өзүм көз карандымын. Таманым чаң, үстүм бороон.

— Сынак дүйнө деп ошон үчүн айтылган да.

— Жандын өлбөс экенин жон терим менен сезчү болдум. Эгер жан түбөлүк болсо анда аны багыш керек экен да.  Калп айтып, уурдап-тонобой, арам ойлонуп, арам ичип булганбай, жанды оорууга чалдыктырбай, алсыратпай ден-соолукка кам жегендей, жан-соолугуна да кам жешибиз керек экен да. Убакыт жок, мезгил санала  электеги учуп жүргөн эбелек жан жакшылыктан гана кубат алат экен. Жамандыкты жаратпай, жакшылыкты, суукту жаратпай, мээримди гана жараткан экен да Кудай. Мээрим түгөнгөн жерди суук каптап, жакшылыктар жасалбаган жерде жамандыктар өзүнөн өзү башталат экен да.  Анда неге басып-туруп жакшы боло бербейбиз? Жакшылык жасап, үстөккө-босток жакшылык жасап,  жаныбызды түбөлүк барчуу жайына даярдабайбыз?

— Пендебиз да..

— Өтмө катар болмуштардын, өткөөлдөрдүн, сынактардын өзөгү, бар болуунун философиясы бир гана жакшы болуу керек экен.

— Кудайды тааныш үчүн, өзүңдү тааны деген ушул сөз да.

— Жакшы болгондо  да бирөөлөр көрүш үчүн эмес, өзүңдүн кара чечекей, кара жаның үчүн жакшы болуш керек экен. Бул өмүр дегенибиз чындыгында өмүр эмес, өлүмдүн башталышы турбайбы. А өлүм – үлкөн бир дүйнөнүн каалгасы экен. Жакшылык ишиңдин үзүрүн көрөр, жамандык ишиңдин азабын тартаар кезеңди келтирген Кудайымдын бардыгына шүгүр…

— Мм…

— Сен бүгүн да тоого чыгасыңбы?

— Ооба, кетип атам.

— Мени да ээрчитип алчы.

— Кийин. Өткөндөгүдөй болуп туфли кийип алып, кыңылдап-мыңылдап мени кыйначу болбо.

— Кыйнабайм, ботас кийем. Азыр. Мына үстүмө эле жемпир таштап алсам, болду. Кандай ойлойсуң, тоого байчечекей жайнап калгандыр ээ?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.