Бир айылда ак кол, ак чүч, жеткен чоёке кыз жашачу экен.  Кайсы бир күнү Гавана шаарында жашаган эжеси аны алып кетип, ал жакта бир топко чейин жүрүп келет. Келгенде да көзү-кашын боёнуп, жаңы моданы пайдаланып, таанылгыстай өзгөрүлөт.

Өзгөчө баягы кылыктанма чоёкелиги ого бетер күчөп, өзүн тимеле шаардык катары сезип кайтат, мурду баягыдан да көтөрүлө түшкөнү байкалат. Мындай өзгөрүүгө айылдаштары таң калып турганда кыз балтаны көрүп сурайт дейт:

— Мына бул эмне деген оокатыңар?

— Бул отун жарган балта да, — деп оозду жыйгыча уйду көрсөтүп сурайт:

— А бул эмне деген чоң жаныбар?

— Бул уй да, сүт берет эмеспи.

— А бул эмне деген темир?

— Бул жер айдаган соко…

Ошентип көзүнө көрүнгөндүн баарын сураган кыз акыры жерде жаткан тырмоону көрсөтүп:

— А бул эмне деген тарбагай оокатыңар? – деп шиштакалуу бутун тырмоонун башына коё бергенинде анын сабы көтөрөлүп келип чекесине шак дей түшкөндө: — Ах, каргыш алгырдын тырмоосу! — деп өзүнө-өзү жооп берип, ошондо гана айылдаштары бул чоёкенин өзүн шаардык кыз көрсөткүсү келгенин түшүнүшөт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.