Сыйкырдуу комуз жөнүндө жомок

Илгери-илгери кыргыздарда аты алыска угулган, даңкы далайга кеткен бир комузчу жашаган экен. Ал өзүнө өрүктөн комуз чаап, комузунун тилин булбулча сайратып, миң кубулткан добушу менен уккандын черин жазчу экен. Улам жашы өйдөлөгөн сайын «Ушул өнөрүмдү кайсы балам алып калар экен» деп миң түйшөлө баштайт. Байкаса, кенже уулунун шыгы бардай көрүнөт. Ошондо үч уулунун кенжеси Медерине комуз өнөрүн үйрөтө баштайт. Медер «Камбаркан» баш болгон кара күүлөрдү, кол ойноткон «Ботойлорду» үйрөнүп калганда атасы бу дүйнө менен кош айтышар кез келиптир. Күндөрдүн биринде, […]

Бектуруш САЛГАМАНИ: Кар жаап турат – калааны таң кучактап

ЖААП КИРДИ КАР ДАГЫ Карай калсаң карек карыгар, көзүң жеткен жердин баары – кар. Тынбай чуркайт ызгаар ышкырып, тешик таппай жылып, жашынаар. Баса жааган кардын кечтеги, бар бейм көктө калып кеткени, кичик, майда көпөлөктөрдөй, келишүүдө кечиккендери… Каман жалдуу тору аргымак, карап турат «Жем» деп жалдырап. Нанүштөдөн бери кар күрөп, нандай болуп бетим албырат. Чыйырды кууп чубап кой батпай, чабан келет жайык жол таппай. Какайышып турат теректер, генералын көргөн солдаттай. Жетпечүдөй жерде жатканы, жаап кирди шашып кар дагы. …Келбечүдөй кайтып жаз […]

Антон Чехов: Жан жөнүндө ойлор

АҢГЕМЕ Көп окуп, көптү билген тарбиячы айымдардын жана окумуштуу аким айымдардын айткандарына караганда адамдын жаны бул — аныкталбаган объективтүү чындыктын психикалык субстанциядагы көрүнүшү экен. Менин алар менен талаша турган эч себебим жок. Бир окумуштуу минтип жазыптыр: “Адамдын жанын табыш үчүн, жаңы эле башчысынан катуу токмок жеген кызматкер адамды таап, анын шыйрагынан бекем таңып, согончогун тилсеңер – издегениңерди табасыңар”. Мен жандын бир денеден башка денеге көчүп жүрөт дегендерине ишенем. Бул ишеним мага турмуштук тажырыйба менен келди. Өзүмдүн жаным мен жер бетине […]

Кадыркул ӨМҮРКУЛОВ: Бар бол, кутман таң

АҢГЕМЕ Аттокур чал күндөн-күнгө алдан, күчтөн тайды. Күзгүдөй сөөгү гана калды. «Эрди карыганда, аргымакты арыганда көр» — деген ушул эле… Жалыны өчүп, күлү калды. Күл ичинде көмүлүп, каректей чогу калды. Бели түпкүчтөй, муундары токтобой денесин жер эле тартат, жер эле тартат. Эшикке жетелеп чыгышат, кайра көтөрүп киришет. Бир гана акылы таза. Ушинтип кирди-чыкты абалда жаткандан бери үч жолу ай жаңырганын ойлоп, бул асман, жер, күн, жылдыздарды бар ажайып дүйнөдө дагы эле бир күндүк мейман болуп отурганына чарчаңкы, купуя таң калды. […]

Бишкекте «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын  5-28-апрелинде Г.Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө  көрүүчүлөрдүн баарына  арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы  өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды  берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар жана элдер ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздайт. Кыргызстан — Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң […]

Элмира АЖЫКАНОВА: Жакшы бар, Батья! 

АҢГЕМЕ Иш көп, убакыт тар. Таразда жашаган эже-жездемдин тоюна  шашылыш барып, кайра тез кайтышым керек. Ошон үчүн кечки поездге олтуруп, тундө жол жүрүп, эртеси тойго катышып, кайра түнкү поезд менен кайтам деп баратам. Темир жол бекетинин жүргүнчүлөр келип-кетүүчү тарабына өттүм. Бишкек-Москва поездине эл жабалактап түшө баштаптыр. Меники 8-вагон, 21-орун экен. Вагонумду таап, ичине кирдим да орунумду издеп жөнөдүм. Кыжы-кыйма жүргүнчүлөрдү аралап барып, 21-орунга  жайгаша баштадым. Күрмөмдү чечип илип, чоң сумкамды олтургучтун алдындагы үкөккө салдым. Номурларды караштырып, өз ордун издеген жүргүнчүлөр […]