«Гений качан болбосун өзүнө көңүл бурдура берет».
Клод Адриан ГЕЛЬВЕЦИЙ

Өз заманын келекелей билген кеменгер талант

Кээде таңгаласың Мидинге. Башын тобокелчилдикке байлап койгон калемгер болгонбу ал? Болбосо өз заманында “Баалуу байпак” аттуу сатиралык аңгемесин жазат беле? Аталган аңгемесиндеги көркөм туюнтмалар аркылуу коммунизмди карай өнүгүү жолундабыз деген союздун социалдык турмушун келекелей турган бул чыгармасында ал баалуу байпак аркылуу эмне айткысы келген? Тек гана окурманды күлдүрүш үчүнбү? Жок…

Тескерисинче, адабий аллегория аркылуу ал коммунизмди карай дүркүрөп өнүгүп баратабыз деген бүтүндөй сестеманы кебез менен мууздагандай. Карапайым эл мукурап жетпеген айрым буюм-тайымдардын көздөн учкан көрүнүшүн ал сүрөткер катары коммунисттик системаны курабыз деген партия жетекчилерине көркөм чыгармасы аркалуу туюнтканын ачык эле баамдоого болот. Көзгө саяр чындыкты байпак аркылуу туюнтат.

Муну кокусунан эле мыкты жазылып калган чыгарма дегенге да болбойт. Себеби, Мидин Алыбаев ыр, аңгеме, сатиралары менен катар тийди-качты сын жаатында да жаакташып келгени белгилүү. А сын жазган адамдар ал кезде коммунисттик идеологиянын багытын баамдабай койгон эмес.

Андыктан М.Алыбаев адабият жаатына карата гана сынчыл мамиле кылбастан, союздук социалисттик түзүмгө карата да сынчыл мамиледе караганын дал ушул биз сөз кылар көркөм туюнтмасынан баамдасак болот. Аңгеме «чү» дегенде эле куйкумдуу тилде минтип башталат:

«Кайсы жериң ооруса жан ошо жерде» деген эмеспи. Ошол эле сыяктуу эмнеден кемчил болсоң ошого зар болоруң да шексиз. Пальтоң жок болсо, жайкысын да эч нерсе эмес, кышкысын кордукту көрөсүң. Шымың жок болсо, өзүнөн өзү белгилүү. Үйдөн чыга албай каласың.

Эми бул чоңдорду коё туруп майдачүйдө кемчилик жөнүндө эле айткым келет. Маселен, бет аарчы жок. Бул алакандай эле чүпүрөк болсо дагы, элдин арасында олтуруп кокус чүчкүрүп ийсең жеңиң менен мурдуңду аарчый албайсың.

… Ырас, кээ бир тыкан немелер болот, тиш чукурунан өйдө камдап жүрүшөт. Буларга айла жок. Майда-чүйдөнү ар дайым запас кылып катып алышат. Бул аңгемени өзүм сыяктуу энөөлөр жөнүндө айтам. Байпак деген да адамга керек нерсе”, – экенин даттанган башкы каарман дүкөнгө байпак издеп жөнөйт.

Көрсө анын байпагы тамтыгы калбай жыртылат. Жадаганда таманын үстү, үстүн таманы кылып да киет. Байпак табууга арга издеп «Кыргызторгдун» шаардагы дүкөнүн кыдырат. Таппайт.

Дагы бир дүкөнгө баш багып байпак сураса, «Ат такадан башка эч нерсе жок» дейт дүкөнчү. Байпак издеп жүргөн киши ат таканы башына урабы – автордун сарказм менен эмне айткысы келгенин окурман ушул ишараттан туюп, бырс этип күлүп алышы мүмкүн.

Тили тикенектей Мидиндин сатиралык бул аңгемесинде андан ары башкы каармандын мүшкүлдүү убаракерчилиги окурмандын күлкүсүн гана жаратпастан, адамдардын ошол замандагы кийим-кечегине караганда ат жабдыкка керектүү буюмдар издетпей табылганын минтип чымчыйт автор:

“Экинчисинен сураса, жан кайыш менен гана каамыт бар дейт.

Так ошол дүкөндө АтБашыдан келгенби, Таластан келгенби, бирөө көп каамыт алып жатып дүкөнчү менен урушат атат:

— Силер кандай немесиңер, айыл чарбага керектүү буюмдардын арбынын айылга жибербейсиңерби. Биздин айылга жалаң гана мобу жигит сураган тор байпакты, анан тиги мойнуна байланган, – деп менин галстугумду көрсөттү да: — жибериптирсиңер. Ырас, бизде райондун өзүндө иштеген кээ бир өкмөттөргө эле керек болбосо, мага окшогондор байпагыңарды да, бул моюнга такканыңарды да албайт. Мына буларга бербейсиңерби? деп мени көрсөттү. Менин төбөм көккө жетти. Тиги дүкөн саткан неме:

Ой, аксакал, биздин аксакалдар бар. Шаарга, айылга ошолор бөлөт, деди”.

Мына ушул жерде дүкөнчү менен кардардын ортосундагы чакан диалог аркылуу эле автордун чеберчилиги менен социалисттик доордун адилетсиздиги оркоюп ачылып калат.

Чынында айыл жериндегилерге галстуктун эмне кереги бар? Анысы бирин-экин өкмөттөргө эле керек болбосо, адатта, айыл чарба, мал чарбада мээнеттенген элеттеги карапайым эл эмнеге муктаж? Албетте, ат така, каамыт, жан кайышка. Айыл жеринде табылгыс чарба буюмдары эмнеге шаардын дүкөндөрүндө жыйылып жатканына аңгеменин экинчи каарманынын ачуусу кайнап, дүкөнчү менен урушканындай эле бар да…

Биз жогоруда коммунисттик системаны курабыз деген партия жетекчилерине көзгө саяр чындыкты М.Алыбаев сүрөткер катары жеткиргенин айтканыбыздын жөнү да ушунда.

Асыресе, ал заманда коммунисттик түзүмдү куруу саясатын жапырт мактоого алуу жараяны жүрүп турган доордо, башкалардын фонунан бөлүнүп чындыкты айтуу –тобокелдикке баш байлоо деген кеп ко. Себеби мында демократтык позиция кашкайып турат. Ал кезеңдеги жалпы хордо үн каткан акын-жазуучулардын бири калбай телегейи тегиз теңдемде, бардарчылык заманды даңазалап турса, М.Алыбаевдин баш каарманы шаардын дүкөндөрүнөн да, базарынан да байпак таппай убара…

Убара болгону да укмуш. Жыртык байпагынын азабынан улам ылдый жылдырып коёр багалектери үкү аяк болуп баштайт. «Үкү аяктын» мааниси – багелеги жерге сүйрөлүп, сүрүлүп, кырылып жүрүп, жиптери чубалып калгандагы көрүнүштү сүрөттөгөнү. Автордун ушул сүрөттөөсү – окурман көзүнө дароо эле багелек жүнү балбаалаган канаттуу куштун образын чакыйтып тартат.

Аңгемедеги окуяда Мидиндин байпак издеген баш каарманы жалгыз эмес болуп чыгат. Ага дагы бирөө кошулат:

“… Баратсам менин шыйрагымды көрүп өзү түшүнгөн көрүнөт:

— Дүкөндө байпак бар бекен? — деп алдыман бирөө чыкты. Мен дагы анын шыйрагына көз жибердим эле, так менин өзүм болуп чыкты.

Каамыт алсаң турат, деп туура жолуна салдым.

Ал мени менен жандай басып:

— Бит базардагы соодагерлерде жашырып саткан байпактар бар экен, бирок өтө кымбат, — деди.

Деги бар экендигине сүйүндүм. Экөөбүз окшошуп базарга жеттик. Барар замат тиги жигит:

Тетиги кыркадагы аялдарда экен. Барып эле көзүңдү ымдасаң чыга келет, анан кулагына «Байпак» деп койсоң эле өзү билет, деди.

Мен анын айтканын кылып жеткен жерден бир аялга көздү ымдадым эле. «Жок» деп башын чайкады. Жана бирөөнө көздү шилтеп калдым эле, тескери бурулуп басып кетти, көрсө менин артымда келе жаткан бир милиционерди көрө койгон экен. Аны өткөрүп жиберип жана бирөөнө жеттим. Ал аял «байпак бар» деп шыбырады. Мага эркектики керек эле дегениме, ал:

— Эч кимден таппайсың, баары аялдардыкы, — деди”.

Чыгармадагы бул мисалды атайы алган себебим: совет мезгилиндеги чаржайыттыктан улам айыл-кыштактардагы дефицит буюмдар шаардык дүкөндөрдө табылбай, шаардагы көздөн учкан буюмдар элетке эмне издеп барганын автор ирония катары чагылдырат. Ошол дефицит болгон товарларды базардагылар да бири-бирине шыбырашып сатып аларын көрсөтөт. “Жашырып саткан байпактар бар экен, бирок өтө кымбат”.

Бирок кымбатына карабай сатып алайын десе, анысы да жалаң аялдардыкы. Акыры эркектер үчүн байпак табылбасына көзү жетип, сатып алган байпагын үйүнө алып барган каармандын окуясы минтип аяктайт:

“Үйгө келип кийип көрсөм, жоон саныман өтө качты. Нары ойлонуп, бери ойлонуп, нары кармап, бери кармап туруп бирөөнү каттым дагы, бирөөнү кайчы менен эки бөлүп, бир жагынын башын жип менен бууп туруп, эки бутума кийип алдым. Аялдын эки бөлүнгөн байпагын кийип жүргөнүмдү, мени менен мончого түшкөн эле киши билбесе, айтоор, жыргап калдым. Булар жыртылганда беркисин эки бөлөм. Кайчы деги бар!..

Ошо жыргап калган каармандын окуясынан улам өзүмдүн балалыгымда баштан өткөн турмуш эстутумдан калкып чыкты. Ат-Башынын каарыган суугунан кабат-кабат кийинчүбүз. Мектепке жөнөрүмдө апам кургур өзүмдөн улуу эжекелеримдин колготкилерин кыйнап-кыстап кийгизип салганына ыйлачумун.

– Бүгүн мектептен бит карап калышса, балдарга шылдың болом, – дейм бырылдап.

– Табарсыгыңа суук тийет, кий дейм!

– Кийбейм, балдар-кыздар шылдыңдайт.

– Жонумду сыйрып берейинби, сага кийгизе турган башка эч нерсем жок, – деп тызылдаган апам, калың колготкиден бөлөк эч нерсесин таппай, акыры кийбеске аргам калчу эмес.

Себеби, ал кезде мен курактууларга жалаңкат шымдын ичинен кийерге кыздардын колготкисинен башка жылуу шымдар табылчу эмес. Анын өзү эч бир дүкөндө жок буюм эле. Көрсө, калктын кайнаган турмушун чыгармасы аркылуу туюнтаар Мидин Алыбаев деле өз заманынын демократ-жазуучусу болгонун “Баалуу байпак” аттуу аңгемесинен толук аңдоого мүмкүн. Анын сүрөткерлик озуйпасы да ушунда…

Арийне, өзү менен үзөңгүлөш пропагандист жазуучу-акындардын далайы Мидин Алыбаевди ичимдиктин артынан кууган адам катары канчалык сыпатташпасын, аныгында, кеменгер Мидин зымырап-зымпыйып көрүнөр ошол жоон топтогу замандаш-калемдештерине караганда турмушка сергек сезим, курч акыл менен караганын дал ушул аталган чыгармасынан туйууга болот.

Анын элдик талант болуп калганы да ушул шекилдүү көркөм туюнтмаларында алигиче катылып жатат. Анын чыгармаларынын маани-маңызын изилдеген адабий адистер гана чыга элек али… Тек гана биз Мидиндин лирикалык поэзиясына көңүл буруп, ал эми прозадагы өрнөктүү чыгармаларына кызыгыбызды арта элекпиз. Себеби эски муундагы Мидин сыяктуу таланттуу жазуучулардын көөнөргүс чыгармалары көмүскөдө жатыры!

Олжобай ШАКИР

“Азаттык”

Мидин АЛЫБАЕВ: Баалуу байпак

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.