“Маданият төңкөрүшү” жалпы өлкө боюнча 2019-жылдын 24-мартынан 7-апрелине чейин болуп өтөт.

Долбоордун миссиясы – келечекте Кыргызстанды дүйнөлүк рынокко алып чыга турган креативдүү экономиканы өнүктүрүү болуп саналат. Биздин өлкөнүн материалдык ресурстарды экспорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелүү, бирок биз өзүбүздү жогорку кирешелүү болгон интеллектуалдык прордукттар менен тааныта алабыз. Ал үчүн биз өзүбүзгө ишенип, билимибизди жана табышкерлик жөндөмүбүздү өркүндөтүүбүз зарыл.

Бул долбоордун өзгөчөлүгү – анын демөөрчүлүрү жана бирдиктүү уюштуруучу борборунун жоктугунда. Бүт долбоор демилгелүү жана активдүү жарандардын аракеттери менен ишке ашат.

Негизги максат – жыл сайын 24-марттан 7-апрелге чейин көптөгөн ар кандай креативдүү иш-чараларды өткөрүү салтын түптөө.

“Маданият төңкөрүшүнүн” алкагында качан жана кайсыл жерге келүү керек? Иш-чаралар программасын караңыз.

“Маданият төңкөрүшүн” кантип колдосо болот?

Бирдиктүү уюштуруу борбору жок. 24-марттан 7-апрелге чейинки дата белгиленген. Ушул аралыкта бир креативдүү иш-чара өткөрүү керек, бирден көбүрөк болсо андан да жакшы. Иш-чаранын масштабы жана катышуучуларынын саны маанилүү эмес. Эң негизгиси – иш-чаралар позитивдүү жана жаратмандык мүнөздө болушу.

Бул эмне үчүн керек?

Кыргызстандын эли жаратман жана табышкер экендигине ынанып, өзүнө ишенүү үчүн. Элибиз жаратмандык сезим менен позитивдүү аракеттерге өтүүсү үчүн. Креативдүү ой жүгүртүү өнүгөт. Бул үчүн стандарттагыдай эмес иш-чараларды уюштуруу зарыл. Көп жолу жана көпчүлүк эл үчүн.

Эмне үчүн ушул даталарда?

Анткени бул даталар Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Биз бул даталарда майдандарда революцияларды жасаганбыз, эми аң-сезимибизде революция жасаганга мезгил келди! Бул Революция адамдардын өзүнө жана өз жашоосуна болгон жоопкерчилигин эске салат. Бирөөнү күтпөй өз жашообузду жакшы жакка өзгөртүү жолдорун ойлоп табууну.

“Маданият төңкөрүшүнүн” алкагында өтүүчү кайсыл иш-чара эң маанилүү?

Сиз өткөргөн иш-чара. Мисалы, бул коллегалар менен чогуу көргөн креативдүүлүк жөнүндө фильм болушу мүмкүн, же болбосо жаш балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак, өз мектебиңиздеги искусство жөнүндө лекция, аба жыландар боюнча банк кызматкерлери үчүн мастер-класс, көчөдөгү дарбазаларды кызыл түскө боёо, көп кабаттуу үйдүн короосунда скрипкада ойноо жана башка ушул сыяктуу элди ойгото турган, маанайды көтөрө турган идеялар.

Конкреттүү түрдө эмне кылуу керек?

  • Даталарды аныктоо;
  • Программа түзүү;
  • Facebookтa иш-чараны чагылдырып, кошо уюштуруучу катары @madaniyKGни көрсөтүү;
  • Маалыматты Instagramга @madaniyKG хэштеги менен чыгаруу;
  • Ар бир “Маданият төңкөрүшүнө” тиешелүү публикацияларды чыгарууда #революцияКультуры, #маданиятТөңкөрүшү хэштегдерин колдонуу;
  • Маалыматты madaniyKG@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү.

Азыркы учурда “Маданият төңкөрүшүндө” эмнелер аткарылды:

  1. Манифест жазылды
  2. Лого иштелип чыкты
  3. 40тан ашуун иш-чараларды камтыган программа түзүлдү
  4. Facebookтa (madaniyKG) жана Instagramда (madaniyKG) баракчалар ачылды

Кошумча маалыматтар үчүн: 0550 937 251

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.