Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Ийнелик жана кумурскалар Күзүндө кумурскалар кышка деп чогулткан буудайларын жайып, кургатып жатышкан. Аңгыча ачка ийнелик келип, алардан бир аз эгин сурады. — Жайында тамак-аш чогултуп албай эмне кылып жүрдүң?— деп сурашты андан кумурскалар. – Жайында күндө ырдап жүрүп колум тийген жок. Анда тигилер күлүп мындай дешти: – Жайлата ырдасаң, эми кышында бийлеп чык. Жумушчу аялдар жана короз Кожойке жумушчу аялдарды дайыма короз чакырганда ойготуп жумушка салчу. Уйкулары канбаган аялдар корозду союп салууну чечишти. Соёрун го союшту, бирок өздөрүнө мурдагыдан да […]

Антон Чехов: Сүйлөгөн оңбу же унчукпай койгонбу?

АҢГЕМЕ-ЖОМОК Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир өлкөдө эки дос жашаптыр: Крюгер жана Смирнов. Крюгер аябай акылдуу болчу, Смирнов акылы азыраак болгону менен жоош, тил алчаак анан мүнөзү жумшак эле. Биринчиси жаагы тынбай көп жана керектүү сөздү таап сүйлөчү, экинчиси унчукпай жүрө берчү. Бир жолу экөө вагондо бир кызга тийишип, анын жүрөгүн ээлеп алууга аракет кылышты. Крюгер кыздын жанында төгүлүп-чачылып, жанын үрөп ага жагынууга миң алакет кылды, Смирнов көздөрүн жалжылдатып, кыздан карегин тарталбай тиктеп, үн-сөзсүз жаланып олтурду. Бир станциядан Крюгер кызды […]

Харуки Мураками: Спагетти жылы

АҢГЕМЕ 1971-жыл спагетти жылы болчу. 1971-жылы мен жашоо үчүн спагетти даярдап, спагетти даярдаш үчүн жашап турдум. Мискейден чыгып жаткан буудан канагат алып, дымып жаткан томат соусуна жан дүйнөм байланган мезгил болду. Көлөмү немец овчаркасын киринткенге да болчудай чоң алюминий мискей, кесипкөй-ашпоздор жана тамак даярдоону эрмек кылгандар колдонуучу хронометр, чет өлкөлүктөр тамак-аш алуучу супермаркеттен аталыштары шумдук ар түрдүү татымалдарды, китеп дүкөнүнөн спагетти тууралуу атайын китеп, памидорлорду сатып алдым. Чеснок, пияз, суу май, дагы эмнелердин жыты өз-өзүнчө атомдорго ажырап абага тарап, анан […]

Роза Отунбаевага Кувейттин Чыгаан айым сыйлыгы ыйгарылды  

Нооруз майрамынын алдында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага Кувейт мамлекетинин Чыгаан айымдары үчүн сыйлыгы ыйгарылды. Аталган сыйлык Эль-Кувейт шаарында Кувейт эмири Шейх Сабах Ал-Ахмад Ал-Жабер Aл-Сабахтын катышуусунда Отунбаеванын өзүнө тапшырылды. Аныгында, Чыгаан айымдар үчүн Кувейт премиясы мамлекеттик, жеке жана жарандык коомду жакшыртууга салым кошкон айымдарга бериле турганы маалым. Бул сыйлыктын эл аралык деңгээлде берилишинин башкы себеби: “Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” жаатындагы аракеттерди бекемдөө. Ошону менен бирге бул багытта туруктуу өнүгүүгө өбөлгө болор бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын чыңоону көздөйт. Бул […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Сүннөт

АҢГЕМЕ Анда Ошто окуган студенттер жаңы окуу жылы башталары менен сабакты ойлобой пахтаны ойлойт элек: оорулуулар ишке жарамсыздыгы тууралуу бир барак кагаз алуу үчүн студенттик бейтапканага каттап; алайлык, алайкулук, чөгөмдүк кызыл бет балдар кийиктин, койдун, тайдын, мамалактын эттерин жатаканалардын терезелерине илип сүрсүтүшүп; доценттерибиз биз айткан менен пахтада жүрүп баары бир унутуп каласыңар да деп сабактарын өткүсү келбей; ак алтын талаасында туулуп, талаада өскөн аравандык, сузактык, кара-суулук кыздар пахтага барсак, кышка кийимдик пул таап кайтабыз деп сүйүнүп шымаланып; чоңдордун туугандары тезирээк […]