АҢГЕМЕ-ЖОМОК

Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир өлкөдө эки дос жашаптыр: Крюгер жана Смирнов. Крюгер аябай акылдуу болчу, Смирнов акылы азыраак болгону менен жоош, тил алчаак анан мүнөзү жумшак эле. Биринчиси жаагы тынбай көп жана керектүү сөздү таап сүйлөчү, экинчиси унчукпай жүрө берчү. Бир жолу экөө вагондо бир кызга тийишип, анын жүрөгүн ээлеп алууга аракет кылышты. Крюгер кыздын жанында төгүлүп-чачылып, жанын үрөп ага жагынууга миң алакет кылды, Смирнов көздөрүн жалжылдатып, кыздан карегин тарталбай тиктеп, үн-сөзсүз жаланып олтурду. Бир станциядан Крюгер кызды ээрчитип вагондон түшүп кетти да, көптөн кийин кайтып келишти. Ал келгенден кийин Смирновго көзүн кысып, таңдайын такылдатып койду.

– Ээ, тууганым, сен кантип каалагыныңа дайыма жетип аласың! – деди ичи күйгөн Смирнов. – Сөздү кайдан табасың! Жаңы эле тааныштың эл, ал баарына макул болуп калды… Деги бактылуу элесиң!

– А сен эмне оозуңду ачып олтурасың? Үч саат жанында олтуруп бир ооз сөз айта алган жоксуң! Дөңгөчтөй болуп олтурдуң го! Тууганым, бул дүйнөдө унчукпаган адам баарынан кур жалак калат! Сүйлөгөндү билиш керек! Сенин эмне үчүн жолуң болбой жүрөт? Анткени, сен тряпкасың!

Смирнов анын айткандарын туура көрүп, мындан ары мүнөзүн түп тамырынан өзгөртүүгө бел байлады. Бир сааттан кийин ал өзүнүн уяңдыгын жеңип, көк кемсел кийген мырзанын жанына барып олтуруп, кызуу сүйлөшүп кирди. Мырза дагы сүйлөшкөндү жакшы көргөн неме болуп чыкты, ал Смирновго көбүн эсе илимге байланыштуу суроолорду берип жатты. Ал андан жер менен асманга кандай көз караш менен карарын, жаратылыштын жана коомдун мыйзамдарына кандай мамиледе экенин, Европадагы эркин ойлонуу, Америкадагы аялдардын ал-ахвалы жана ушу сыяктуу майда бараттар жөнүндө сурамжылап кирди.

Смирнов тартынбай, оюндагысын жашырбай төгүлүп олтурду. Бирок көк кемселчен мырза мыйыгынан жылмайып, аны колтуктан алып:

– Мени менен жүрүңүз, — дегенде анын таң калганын айтпаңыз. Смирнов ошол боюнча кайда кеткени билинбей, көпкө чейин жоголуп кетти.

Ал Крюгерге эки жылдан кийин жолукту. Кубарып өңүнөн азып, балыктын мүлжүнгөн сөөгүндөй кабыргалары каркайып арыктап алыптыр.

– Ой, сен ушул убакка чейин бир көрүнбөй кайда жүрдүң?! – деди таң калганын жашыра албаган Крюгер. Ал бетин тыржыйтып күлүп койду да, башынан өткөзгөн азап-тозогун чып-чыргасын коротпой сүрөттөп айтып берди.

– Ээй, сен жинди болуп, ашык сүйлөбө! – дейт Крюгер. – Тилиңди тишиңе катып жүр, түшүндүңбү!

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.