Ийнелик жана кумурскалар

Күзүндө кумурскалар кышка деп чогулткан буудайларын жайып, кургатып жатышкан. Аңгыча ачка ийнелик келип, алардан бир аз эгин сурады.

— Жайында тамак-аш чогултуп албай эмне кылып жүрдүң?— деп сурашты андан кумурскалар.

– Жайында күндө ырдап жүрүп колум тийген жок.

Анда тигилер күлүп мындай дешти:

– Жайлата ырдасаң, эми кышында бийлеп чык.

Жумушчу аялдар жана короз

Кожойке жумушчу аялдарды дайыма короз чакырганда ойготуп жумушка салчу. Уйкулары канбаган аялдар корозду союп салууну чечишти.

Соёрун го союшту, бирок өздөрүнө мурдагыдан да жаман кылып алышты: уктап калгандан чочулаган кожойке аларды мурдагыдан да эрте ойготчу болду.

Ит жана анын көлөкөсү

Ит ичке көпүрө менен оозуна эт тиштеп өтүп бараткан. Суудан өзүнүн сөлөкөтүн көрүп, ал башка бир ит эт тиштеп бараткан экен деп ойлоду да, оозундагы этти таштап жиберип, тигинин этин тартып алмакчы болуп сууга секирди. Албетте, суудан эт тиштеген ит эмес, өзү тиштеп бараткан этин да таба албай, куру жалак калган экен.

Арстан терисин жамынган эшек

Бир күнү эшек арстандын терисин жамынып чыкты, аны баары арстан экен деп ойлошту. Андан адамдар да, айбанаттар да качып жөнөштү. Аңыча шамал эшек жамынган терини сыйрып кетти.

Эшекти тааный койгон кишилер, кайрылып келип эшекти сабап салышты.

Калпычы бала

Кой кайтарып жүргөн бала тамаша кургусу келип, жөндөн жөн эле жардамга чакыра баштады:

– Жардам кылгыла! Койго карышкыр тийди!

Эл жүгүрүп келип анын калп айтып жатканын көрүшүп, кайра кетишти. Ал бир нече күндө бул жоругун дагы эки-үч жолу кайталады. Бир күнү чындап эле карышкыр келип койду аралап кыра баштады.

Бала үнүнүн болушунча кыйкырып жатты:

—Жардамга, тезирээк келгиле!

Эл болсо аны адатынча калп айтып атат деп бири да басып келген жок. Корко турган эч нерсе жок экенин көргөн карышкыр, койлорду каалашынча чаңдатып, кырып кетти.

Абышка менен ажал

Абышка токойдон отун алып, көтөрүп бараткан. Жол алыс эле; эси ооп чарчап, таңгак отунун жерге коюп жөлөнүп олтурду да, үшкүрүнүп мындай дейт:

– Өх, мындан көрө ажалым келсе кана!

Ошол замат ажал жетип келди:

– Мына, мен келдим, сага эмне керек?

Коркуп кеткен абышка:

– Бул отунду көтөртүп койчу, —деген экен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.