“Мен бүгүн”- акын Азамат Омоштун (Төкөрөв) өз окурмандарына тартуулаган жаңы поэтикалык жыйнагынын аталышы. Китепке ат кооздук үчүн тандалбайт, ичинде айтылчу ой уюткусуна ачкыч болсун деп тандалат. “Мен бүгүн” деген куну шаңшуурдай эки сөз “Мен бүгүн киммин?”, “Кайдамын?”, “Эмне кылып жүрөм?”, “Жастыкташ жубайым кайда?”, “Аталап тиземе отуруп, мойнунан жыттаткан балдарым бүгүн кайда?” — деген сыяктуу куюндаган суроолорду жаратат.

Мындай кара тумандай чети оюлбаган суроолорду мансабына мас, бейсанаа, кара кекиртек жетекчи сөрөйлөр өзүнө бербесе, бербегендир. А көр турмуштун айынан башка өлкөлөргө жумуш чакырып барган мигрант эркек-аялдар жогорудагыдай жүрөк мыжыган ташбүш жана ата-энесин сураса, “телефонду жаңсаган” балдарына болгон кусалык менен жашашат.

Кечир, уулум, жакшы ата болбодум,
Тиричиликке шылтап койгон күкүкмүн.
Сенин көөнүң мээримиме тойбоду,

Киймиң бүтүн, көңүлүңдү үшүттүм.

Минтип өздөрүн наристелери алдында айыптуу сезгендер, акыркы маалыматка ылайык, жалгыз Россияда эмгектенген 700 миңдей мигранттын арасындагы баласаактык. Негизи эле Азамат пафос издебейт. Ал өзүндөй эмгек мигранттарына таандык жөнөкөй сөздөрдү пайдаланып, окурмандын нервине ийнедей саят.

Акын жаңы топтомго кирген ырларында журтташтарынын мусапыр жашоосун, кайгы-капасын, кубанычын алардын бири катары жазат. Ошого сөздөрүн художниктей огеле шөкөттөп жибербесе да, ар бир сабы ишенимдүү. Ою тунук. Мисалга “Мигранттын ырын” окуйлу (ырдын айрым гана бөлүгүн кыскартып бердим):

Бир орунда күлү додо журту жок,
Бар үмүтү жалгыз гана Теңирде.
Күндүз – жумуш, сары санаа учу жок,
Түндө түмөн ойлор мээсин кемирген.
Көптүн бири болуп жүрөм чет жерде,

Кыйла болгон кеткениме жеримден.

Биздин тилек: Нан издетип сагырдай,
Балабызды издетпесин жазмышы.

Биздей болуп утулбасын турмуштан,

Балдарыбыз жерге тийип далысы.

Береги саптар ата-бабалардын колу жооруп, тишинин кирин соруп жүрүп курган ишканаларды кара талоон кылган жетекчилерге “кызыталак малгундар” деп айткың келет. Аларга Азаматтын төмөнкү саптары куп ылайыктуу.

Кыянаткөй бийликтеги эргулдар,
Арча кыйган арча саптуу балтадай.

Акындын “Москва” деген ыры да акчалууга койну ачык, мардикерге пейли тар шаардын мигранттар темасын таамай штрихтер менен берет. Алсак:

Бирөөгө чик, да бирөөгө алчысың,
Бирөөгө шат, а бирөөгө суз гана…

же

Мына бирөө, таңдан туруп кар күрөйт,
Шорок тартып сары суусун мурдунун.

Азамат “Москва” темасын капитал жыттанган “МКАД” деген ырында улантып, бир кезде советтик кыргыз поэзиясынын залкарларын суктанткан шаардын сыртындагы айлама жолдун сыртында “жомок жашоо” бүткөнүн кексе жолоочудай байкайт.

Жогоруда “штрих” деген сөздү бекер оозанбадым. Жаңылбасам, Россиядагы кыргыз мигранттардын абалына акындардан эң обол Кожокелди Култегин кайрылган. Ал 2009-жылы жарыяланган “Шыпыргы-өмүр” деген поэмасында Манаң-Палвандын трагедиялуу тагдыры аркылуу Москвадагы боордоштордун катаал турмушун абдан образдуу күүгө салып ырдайт.

Ырдаса бир (!)-нурлап-түрлөп ышкы аны,
Ыргак менен титиречү ыштаны…

Финалда:

Аз-аз…аз-аз жетпей башын созсо да…
Арман дүйнө-ай көрө албады баласын…

Өйдөдөгү биринчи эки сап “Ленинка”, Чоң театр жакка бир да барбаган Манай-Палвандын жапайы күчүн сыпаттаса, кийинки эки сап созолонот аккордеондой муңканып… Ораториядай кубаттуу “Шыпыргы-өмүр” поэмасын Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин Россиядагы мекендештеринин абалына сөөгүнөн суусу чыгып жазганы анык. Поэзияны боор эти менен тең көргөн мээнеткеч акында чыгарманы колдон чыгарганча ар бир сабын тогуз толгоп, ичинен күбүрөп да, үнүн бийик чыгарып да угуп көрмөй адаты бар.

Мен “Шыпыргы-өмүр” поэмасын эстеген себебим, Азаматта Теңир даарыган ыр жазуу шыгы бар экенин башкаларды айтпаганда деле ысымдары эл оозундагы акындар: Олжобай Шакир (дүйнөнү өзүнүн ракурсунан караганы, дүйнөнү көрө билгени, секирте турган ырлары), Атантай Акбаров (жарандык үнү, пафостуу поэзиясы, ырларында айтайын деген оюн түшүнтө алганы), Алтынай Темирова (Өзүнчө ой жүгүртүүлөрү, жан дүйнөсүндө кайнап аткан, пайда болуп жаткан сезимдерин жакшы, таамай сүрөттөгөнгө кудрети жеткен инсан) көңүл бурушкан.

Ушундан келип, Азамат Омоштун жаңы жыйнагын – акын үчүн поэзия ааламындагы чоң жарышка даярдыктын жүрүшүндө өз күчүн сыноо деп түшүнсөк, ал болочокто полифониядай көп үндүү чыгармаларды да жазат деп күтүүгө акылуубуз. Азамат өзү сыпат мекендештери менен коюн-колтук алышып жүргөндүктөн, алардын адамдык асыл сапаттарын, бир саамдык напсиге алданган пастыктарын, адепке сыйбаган жосундарын, айбан азгырыкка ээликкен эркек-аялдарды такым аңдып же бирөөдөн угуп эмес, жакындан билет. Ошого кээ бир акындардай саясат кылып, аларды ариет-намыска чакырып, же насаат окуп текеберленбейт. Күзгүдөй гана көрсөтөт.

Буга үлпөтчүлүк учурун аёосуз сүрөттөгөн “Корпоратив” деген ырындагы аягына чейин рок музыкадай шаңшыган саптар мисал.

Ызы-чууга толуп турат аба да,
Ырда, бийле, эркиңди көп камаба.

Алма байлап аласына эркектин,

Аялдарга “Жегин” деди тамада.

Тиги сулуу жалгыз турат, ай, кандай!?
Тартынбастан жанына бар тайманбай!

Көндүр эптеп! Караңгыга жетелеп,
Кандырып ал напсиңди тек айбандай!

Ал эми “Сүйүү күнүндөгү” мизине уу жалатылган ар бир куплет турушу боюнча накыл сөздөй нускалуу!?

Белгиленген күнү болбойт сүйүүнүн,
Сүйгөн жүрөк үчүн ар күн сүйүү күн.
“Он төртүндө” чечкен үчүн көйнөгүн,

Чечкендер көп тагдырынын кийимин.

Мигрант акында Райкан Шүкүрбековдун термелериндей элдик обонго салса, көркү ачылчу санаат-насаат ырлары да бар. Жыйнактын көшөгө ачар ыры — “Ал менин апам” менен Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин таасири астында жаралган “Ак кемеси” Азаматтын акындык чеберчилигин кай багытта кеңейүүсү керек экенин жышааналайт менимче.

Көп күүлөнбөй токтоюн. Калган саптарды окурман өзү окуп алар. Жогорудагы ырды А.Чеховдун “Алчалуу бак” пьесасындагы сыңары сүлкүлдөгөн сулуулар менен сылыңкороздонгон эркек таналардын трагикомедиясы деп атаса да ашыкча болбойт.

Бүгүн өздөрүн акын деп санаган жазмагерлер да, акындык дымак менен сөздөрдү мозаикадай көркөмдөп тизип, ыр токуган жамакчылар да, төрт сапты шилтей коюп, жупкадай китеп чыгаргандар да көп. Андай мансап кууп жазылган китепти баштан аяк барактап, кумар жазар бир сап табуу машакат. Бул тарийкадан алганда, “Мен бүгүн” жыйнагы тараза басат.

Китепке “Мен киммин? Бир кыргызмын”, Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен”, “Буулуп турам түнөргөн булуттардай”, “Кечир, Айлан”, “Мигрант уулун күткөн мекен”, “Хандын портрети” жана башка бир топ ырлары кирбесе да.

Биз Батыш дүйнөсүнүн тарыхынан билгендей, киши өзүнүн күнүмдүк жашоого зарыл муктаждыктарын канаатандырган соң эстетикалык жана руханий керектөөсүнө көңүл буруп, көркөм табити өнүгө баштайт. Себеби, жашоо жолоюнун жакшыруусу адеми заттарга, анын ичинде китепке болгон талапты күчөтөт. Бул айлампада акындын вазийпасы өзгөчө. Ал адамдарга өзүн түшүнүүгө, дүйнөнү түркүн боёкто көрүүгө жардамдашып, көрпенделик кызыкчылыктардан да кымбат руханий дөөлөт бар экенин эске салып турат.

Акынга поэтикалык предмет жөнүндө билим, артында сара ырларды калтырган орус акыны Марина Цветаева жазгандай, поэзия аркылуу, поэзиянын жан тазалачу мээнети аркылуу берилет. Жан тазалачу, рух байытчу мындай мээнет — бул дүйнөлүк поэзиянын көлүнө чөмүнүп, мыкты үлгүлөрүн окуп үйрөнүү жана өз стилин наристедей бапестеп багуу. Ушундай мээнет менен багылган чыгарманы кайсы болбосун акын — орто кылымда жашап өткөн армян акын-ойчулу Грегор Нарекаци мураска калтырган керээзде айтылгандай: “Бул китеп менин демим деп бил,\ Бул сөз ме- нин жаным деп бил”,— деп окурмандарга суна алат.

Ал үчүн зарурат жөндөм, сөз туюму жана турмуштук тажрыйба Азамат Омошто бар! Эмесе канатың талыбасын! Анткени, аламан байгеге миңдеген талапкерлер түшүүдө. Арасында чобуру бар, бууданы бар. Убакыт өткөн сайын алдыга буудандар гана сүрүлөт. Алдыга озунган топто Азамат бар деп ишенем!

Амирбек Азам уулу (Усманов)
Журналист. Ош Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.