Куба эл жомогу: Дыйкандын доодон кутулганы

Бир дыйкан жыл сайын орум-терим бүткөндө Гаванага барып, дайыма бир мейманканага токтоп эс алчу экен. Бир жылы бул жайдын ашканасынан жеген куурулган жумурткасы үчүн кандайдыр себептерден улам тыйын төлөбөй кетет. Ошентип бир жыл өткөндөн кийин адатынча Гаванага келип, тааныш мейманканасына кирсе, анын кожоюндары дыйкандан баягы төлөбөй кеткен жумурткасы үчүн оңбогондой көп акча талап кылышат. Буга эч түшүнбөгөн дыйканга мейманканачылар жагдайды түшүндүрүшөт. Көрсө, былтыркы жеген жумурткалары үчүн өз учурунда төлөгөнүндө – быйыл алар алда немедей тоокко айланмак экен. Дал ошол семиз […]

Абдымиталип Мурзакметов: Агайым тууралуу сөз

Адатта адам баласы өзүнүн өткөн күндөрүн билип, эстеп, бирок эртеңи  кандай болорун так айта албай, аны Кудайдын гана энчиси санап, маңдайга жазылганын көрөбүз дегендей өзүн сооротуп калат эмеспи. Буга баарыбыз эле макулбуз, бирок ошол Кудайдын буйругунун аткарылышына кээде айрым адамдар себепкер болуп калышат экен. Мынтип сөздү алыстан баштаган себебим, учурда өзүм эмгектенип жаткан кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде иштеп калуума 3 адам себепкер болгон. Азыр бейиши болгурлар, үчөө тең бул дүйнөдөн өтүп кетишкен. Алардын баарын тең атай кетпесем, сөзүмүн тузу […]

Лев Толстой: Өкмөттүн күчү – элдин караңгылыгында, ошондуктан дайыма билим берүүгө каршы аракет кылышат

Орустун улуу жазуучусу Лев Толстойдун ташка тамга баскандай түбөлүккө кала берер учкул саптары. ♦ ♦ ♦ Аракеч кишиде акыл жагынан да, нравалык жагынан да өсүш эч качан болбойт. ♦ ♦ ♦ Коркок дос душмандан жаман, анткени душманыңдан сактанасың, досуңа ишенесиң. ♦ ♦ ♦ Балдарды катаалдыгың менен коркута албайсың, алар калпты гана көтөрө алышпайт. ♦ ♦ ♦ Өкмөттүн күчү – элдин караңгылыгында, ал аны жакшы билет, ошондуктан дайыма билим берүүгө каршы аракет кылышат. Муну түшүнүүгө убакыт келип жетти. ♦ ♦ ♦ […]

Депутат Пархат Тулендыбаев «РухЭш» сайтын колдоого алды

Электрондук коммуникациянын өнүгүү доорундагы атаандаштыкта өз чыйырын тапкан «РухЭш» сайтынын коом агартуу иштерин колдоого алууга мен да тилектеш экендигимди билдирем. Андыктан буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары улантып келген демилгени колдоодон четте калбай, мен да өзүмдүн атымдан башка эл өкүлдөрү менен катар бул сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 5000 миң сом салымымды жөнөттүм. Мындан ары да ушул саамалыкка кайдыгер карабайт деген ишеним менен өзүмдөн кийинки эстафета саамалыгын Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмоновага узаттым. Ошондой эле бул эстафета өз максатынан […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Энелерим жөнүндө эллегия

ЭССЕ (Үч энем – үч башка тагдыр) Гүкү Энем. Унутулбасым… Гүкү энем — таята-таенемдин  колуна качан, кайдан, кантип келип жашап калганын эмдигиче билбейм. Кызыгып, жакындарымдан бир да жолу сурап көргөн эмесмин. Себеби, Гүкү энемди өзүмдүн эң жакынымдай көрчүмүн. Тай атамдан да, тай энемден да жашы улуу эле. Гүкү энем таятамдардын уул-кыздарын кошо багып чоңойтушканын билем. Өмүрүнүн акыркы жылдарында мага мээримин чачып жашап калды. Сүйлөшкөнү, эрмектегени мен элем. Таята-таенем, Гүкү энем болуп төртөөбүз мен эс тартканча, 10 жашыма чейин бирге жашадык. […]

Теодор Драйзер: Бороондуу күн

АҢГЕМЕ Кыштын кыска күнү. Саат араң эле төрт болгон, бирок айлана кечки иңирдин кучагында калды. Кар күпүлдөп жаап жатат, этек-жеңди жулуп куюндап соккон шамалга учкан кардын өрүлгөн чачтай ичке, узун тозоңу айланып келип шапалак сыяктуу бетке чаап өтөт. Кар бир заматта көчөгө калыңдыгы алты дюм келген мамыктай жумшак муздак килемди төшөп жиберди; арабалар менен ары-бери жүргөн кишилер өтө беришкенден улам жолдогу кар эзилип, күрөң түстөгү жармага айланууда. Кар баскан Бауэри-стритте жакаларын көтөрүп, калпактарын көздөрүнө баса кийген адамдардын караандары көрүнөт. Төрт […]