Орустун улуу жазуучусу Лев Толстойдун ташка тамга баскандай түбөлүккө кала берер учкул саптары.

♦ ♦ ♦

Аракеч кишиде акыл жагынан да, нравалык жагынан да өсүш эч качан болбойт.

♦ ♦ ♦

Коркок дос душмандан жаман, анткени душманыңдан сактанасың, досуңа ишенесиң.

♦ ♦ ♦

Балдарды катаалдыгың менен коркута албайсың, алар калпты гана көтөрө алышпайт.

♦ ♦ ♦

Өкмөттүн күчү – элдин караңгылыгында, ал аны жакшы билет, ошондуктан дайыма билим берүүгө каршы аракет кылышат. Муну түшүнүүгө убакыт келип жетти.

♦ ♦ ♦

Сулуулук сүйүүнү жаратпайт, сүйүү бизге сулуулукту көрө билүүгө үйрөтөт.

♦ ♦ ♦

Сүйүү — баа жеткис белек. Бул – биз бирөөгө тартуулап жиберсек да, өзүбүздө кала берүүчү жалгыз нерсе.

♦ ♦ ♦

Карасанатайлыкты жеңүүнүн бирден бир жолу — карасанатай адамга жакшылык кылуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.