ЭССЕ

(Үч энем – үч башка тагдыр)

Гүкү Энем. Унутулбасым…

Гүкү энем — таята-таенемдин  колуна качан, кайдан, кантип келип жашап калганын эмдигиче билбейм. Кызыгып, жакындарымдан бир да жолу сурап көргөн эмесмин. Себеби, Гүкү энемди өзүмдүн эң жакынымдай көрчүмүн. Тай атамдан да, тай энемден да жашы улуу эле. Гүкү энем таятамдардын уул-кыздарын кошо багып чоңойтушканын билем.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында мага мээримин чачып жашап калды. Сүйлөшкөнү, эрмектегени мен элем. Таята-таенем, Гүкү энем болуп төртөөбүз мен эс тартканча, 10 жашыма чейин бирге жашадык. Тынч, бейпил бактылуу жашоо эле! Бактылуу жашообуздун көркүн ачып, үйүбүзгө алыс-жакындан көп меймандар келчү.

Гүкү энем ысымымды айтууга тили келбей – Динара, — деп чакырчу. Ал ысымга мен да көнүп алгам. Динара десе эле жанына жетип барчумун. Өтө кичинекейимде Гүкү энем мени жетелеп, ойнотуп эле жүрчү.

Жаратылыш мыйзамы кызык экен. Кийин өзү үлбүрөп карып калды. Кайра мен энемди жетелеп жүрүп калган учурларым болгон. Башкаларыбыздын ысымдарын унутуп калдыбы же көөдөнүндө мен гана жашап калдымбы, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө да Динаралап, 95 жаш курагында көз жумган.

Гүкү энемди жоктоп ичимден катуу кыйналгам. Ошондо, мен үчүн таң да, кеч да, оюнга кирген түш маалы да суз жана муздак болуп турчу. Өлгөн жанды биринчи көрсөм… Ал аз келгенсип, ошол өлгөн жан Гүкү энем болсо…

Андагы 10 жаштагы кызды (өзүмдү) азыр абдан аяйм. Ызакор, ыйлак болуп калгам. Ыйлаганда да буулугуп ыйлачумун. Эч ким менен сүйлөшкүм келчү эмес. Мүнөзүм өзгөрүлгөн. Балалык психологиямда кадимкидей өзгөрүү болгон. Жаның менен бирге болуп калган адамды жоготуу — өлүм менен өмүрдү түшүнүп калган улуулар үчүн деле жаман. Бирок жалаң жакшылык менен жашаган назик кыз балага жамандын жаманы, азаптын азабы экенин эстеген сайын дене-боюм дүркүрөп кетет. Гүкү энемден ажырашым — жүрөгүмө урулган алгачкы сокку, катуу жана унутулгус сокку болгон…

*      *      *

Андан кийин да ал энем көпкө чейин түшүмө кирип жүрдү. Өзүнүн уулдары, кыздары жок болсо да башка бирөөнүн уул-кыздарына, небересине чейин айланып-кагылып дилин, дитин төшөп өмүр сүрүү сезимтал аялзаты үчүн – Баатырдык деп билем. Ошондонбу, ал Энемди эмдигиче аяп да, баалап да келем.

Эң алгачкы алакандай болуп чыккан китебимди “Гүкү Энем” деп атагам, 1998-жылы. Гүкү Энемдин менде калган жаркын элеси, ысымы чыгармачылыгым менен кошо жашап калса экен деген тилегим эле. Китебимдин башын баштаганда Гүкү энемди эскерүү менен баштагам. Аягын аяктаганда да Гүкү энеме арналган ыр менен аяктагам. Ал энем жөнүндө өмүрүм бүткөнчө жазгым келет. Жаза берем, мына минтип:

Түш

(Түндөгү түшүмдө: Аппак тоолор, ал тоолордун түбүндө чалкыган чо-оң көл, көл астынан көрүнбөгөн бир аялдын ыйлаган, абдан сыздап ыйлаган үнү чыгып жатты… Ойгонуп кеттим.  — Менин Гүкү энем болуш керек, — дедим ичимден.)

Дал ошол,
Ошол энем…
Нымдалбай согончогу,
Төрөбөй балкып бала,
Узаган бизден алыс,
Уюган жер астына.
Мээримин кошуп алып
Жетелеп жүргөн далай,
Колумда изи калган,
Бырышкан колдорунун.
Дал ошол,
Ошол энем…

Сулуу тоо,
Суу жамынып, түпкүрүнөн —
Сыздаган үн угулат
Сөздөрү жок…
(06. 02. 2001-жыл.)

Таенем. Өнөр башаты…

Таенем менен мактангым келет. Апа дечүмүн. Таенем Ташкан абдан сулуу, арык чырай, аз сүйлөгөн, керилген аксөөк аялзаты эле. Атасы – чоң таятам Калыке Сопиев Кетмен-Төбө өрөөнүнүн (азыркы Токтогул районунун) алгачкы жетекчилеринин бири болуптур, ал кезде “исполком” деп атап коюшчу экен. Ошол жылдарда, эл арасында айтылып жүргөн “сталиндик репрессиянын” курмандыгына айланыптыр. Таенем  кейиш менен көп кайталап айтып берген. “Эл душманынын кызы” деп аталып жүргөн жылдары өзүнчө эле узак баян. Бөтөн эл, бөтөн жерге качуу, ал жердеги жашоо, куугунтук ж.б. кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Таенемдин атасына болгон арманы, өкүнүчү өмүр бою өзүн коштоп жүрүп, өзү менен кошо кетти. Атасын кайда алып кетишип, кайда көмүшкөнүн билбей…

*      *      *

Таенем кайраттуу эле эмес, сабаттуу да адам болгон. У.Шекспирдин, Ш.Руставелинин китептерин, “Манас” эпосубузду, Аалы Токомбаевдин, Абдрасул Токтомушевдин чыгармаларын, газета-журналдарды окуп эле олтурчу. Кээде кийим тиккен машинасын кылдыратып тааныштарынын каалаган кийимдерин тигип берчү. Кол эмгеги бекер эле. “Эмне үчүн ырахмат айтып алар сизге эч нерсе беришпейт?” — деп бир жолу сурагам. Кыскача гана “мен албайм да” деп койгон. Көп сүйлөбөгөндүктөнбү, таенем мага жомок айтып берчү эмес, 4-5 жашымда эле китеп окуганды үйрөтүп койгон.

Анан бир күнү эсимде, мага атайын балдар үчүн жазылган мурда окулган аңгеме, жомок китептерди берген, “айрыбай оку” деп. Мен китептердин мукабасына таарынгам, эски болгону үчүн.

Баарын окуп бүткөндөн кийин гана билбедимби, эски китептердин ичинде керемет жомок, аңгемелерден турган рухий дөөлөттөр жатканын! Ал кездеги республиканын баардык газета-журналдарына, Москвадан чыгуучу газет-журналдарга да жазылып койгондуктан үйгө бир кучак журнал менен газеталар жума сайын келип турчу. Арасында кичинекейлерге арналган журналдар да бар. Мен алардын ичинен “Жаш ленинчи” деген журналдан грузин кызы, шахмат боюнча дүйнө чемпиону Нона Гаприндашвили жөнүндө окуп алып, мен да Нонадай болом деп ичимден даярдана узакка кыялданып жүргөм. Кыялым орундалган жок. Маңдайга, бешенеге жазылбаптыр, шахмат чебери болуш. Бирок рухий дүйнөбүздү да кооздогон шахмат оюнуна болгон сүйүүм өчкөн жок.

*      *      *

Таенем кийим, байлык, тамакты алдыңкы орунга койгон эмес. Билимдүү, өнөрлүү адамдарды жакшы көрчү. Ким болсо да билим алууга үндөп турар эле. Ошондуктанбы, уулдарынын туну философия илимдеринин доктору болсо, башка уул-кыздары медицина, педагогика жаатынан билим алышып, ийгилик жаратышкандар.

*      *      *

Таенем өнөрлүү адамдарды өзгөчө сыйлаганына ал убакта таң кала берчүмүн. Айшакан деген куурчактай эжебиздин күйөөсү Бошкой аттуу жездебиз келип калса, алдына дасторконун жайнатып коюп комуз черттирчү. Радиодон Сайра Кийизбаеванын, Мариям Махмутованын, Гүлчахра Валиулинанын ырдаган ырларын тамшанып угуп олтурчу. Журналист, Тенти Орокчиевдин таланттуу инсандар менен маектешкен берүүлөрүн калтырбай укчу.

Калем кармап чыгарма жазгандарды, сүрөт тарткандарды жана алардын жараткан эмгектерин мага мактай берер эле! Мактоосу түгөнчү эмес. Мисал кылып, кошуна жашаган Сатинбү апанын баласы, ал кездеги жаш улан, азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн алдыңкы сабында турган – Матаев Жусуп агабызды көп айтчу. Ал мүнөзү мага жугуптур. Мен да чыныгы таланттарды жакшы көрөм. Алардын чыгармачылыгын эле эмес, ички дүйнөсүн да таенемдей баалаганга аракет кылам. Сырдаш, мамилелештеримдин көпчүлүгү таланттуу адамдар. Көркөм дүйнөгө жакын болушума Ташкан таене-апамдын эмгеги зор.

Апам. Көрсө, мен кудайга жалынчу экенмин…

Апам мен үчүн апалык эле милдет аткарбай, эженин, сиңдинин да ролунда болду. Бирок ортобузда кандайдыр бир чек бар. Капа, ызаабыздын баарын эле тең бөлүшө бербейбиз. Бири-бирибизди айайт окшойбуз. Турмуштан, тагдырдан, оорудан  кыйналган учурларым болду. Жеңилсем да апамдын энелик деми менен баарын жеңгендей жашап келдим. “Энеси бар адамдар эч качан картайышпайт” – деген сөз бар эмеспи. Мен картаймак түгүл, чоңойгонумду да сезген жокмун. Ошон үчүн эркерээк болдум окшойт.

*      *      *

Апам узак жылдардан бери педагогдук кесипте эмгектенип келди. Мектеп жетекчиликтеринде да иштеди. Эмгеги бааланып, эмгек сиңирген мугалим наамын алган.

Өзү аз балалуу болгону менен балдарды жакшы көрөт. Айрыкча, мурунунда, жүзүндө майда-майда кара чекиттери бар балдарды көрсө эзилип, элжиреп кетет.

Сулуулукту да көрө билет. Азыр айтпай калды, мурда жакшынакай аялзатын сыртынан мага көргөзө берчү: “Карачы, басканы жакшынакай экен.”, “Дене-мүчөсүн жакшынакай алып жүргөнүн байкадыңбы?”, “Кандай сонун жарашыктуу кийинип алган!”  — деген сыяктуу сөздөр эле.

Көпчүлүк адамдар мени апама окшоштурушат. Кээси Бекен эжеме окшоштурушат. Апам да аларга кошулуп, “мага окшошпой Бекен эжеңе окшошуп калганынды…” деп жылмайганы бар. Бекен эжем – таятамдын бир тууган карындашынын жалгыз кызы. Бирок ал эжем сулуу жана бала-чакалуу аялзаты.

*      *      *

Апам сүрөтчү болсо болмок…

Апамды тартып мен да сүрөтчү болсом болмок. Сүрөт тартчу менин кыл калемим, жаза турган калемге айланып кеткендей…

А бирок апамдын кыл калеми көп сүрөттөрүн тарта албай калды. Ошол талантын өзү байкадыбы, байкаган жокпу? Бааладыбы, баалаган жокпу? Талант — жарыкты көрүп, жарыкка чыгыш керек эле. Бирок апамдыкы жарыкка чыкпай, эмдигиче ичинде жашап жаткандай… Сезем, бук-буулугусу бар…

Анда 6-7 жаштарда болсом керек.  Апам отуз жашына чейин эле үч жолу катарынан оор операцияларды башынан өткөргөн.  Операция болот-болот деген сөздөр болгондо мен апамдын операциядан аман-эсен чыгышын тилеп, ичимден жалынып-жалбарчумун. Ал кезде кимге жалынганымды деле билчү эмесмин. Көрсө, Кудайга жалынчу экенмин…

7-Май. 2010-жыл.

5 Replies to “ЖЫЛДЫЗЧА: Энелерим жөнүндө эллегия”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.