Тажик эл жомогу: Акыр замандын шылтоосу үчүн жасалган шишкебек

Мушфики дегендин семиз кою бар экен. Ага молдолордун көзү өтүп, Мушфикини кыстап сойдурмай болушат: – Билесиңби, Мушфики, эртең акыр заман болорун? Сага айтар акылыбыз: коюңду сой да, бизге жакшылап бир шишкебек камда! Мушфики молдокелерге аний демекпи, макул болот. Баары ээрчишип суу жээгине барып, шишкебекти ошол жерден чыркыратмай болушат. Кой союлуп ары-бери болгуча; молдокелер үстүңкү кийимдерин чечип, сууга кирине башташат. Мушфики отту алоолонто жагат. Анан эле күтүүсүздөн ызаланып, молдокелердин болгон кийимдерин кучагына кысып келип, алоо отко ыргытат. — Эй, Мушфики! Сен […]

Антон Чехов: Үндүктүн корозу

АҢГЕМЕ – Каракчысың, огороддун четине койгон каракчыдан эч айырмаң жок! Адам кебетеси жок такыр баш! – деп Пелагея Петровна өзүнүн күйөөсү, отставкадагы  коллеждин катчысы Маркел Иванович Лохматовко бакырып жатты. – Кандай аялдардын эри эр сыяктуу болорун билбейм, мен байкуштун чекесине жатып ичер жан бактыны туш кылыптыр да кудайым! Эжем Глашеньканын эрин карачы, байпагын алданемедей кылып өзү жамайт, тоокторуна жем чачып, базардан тамак-ашты өзү алып келет. Прасковья Ивановнанын күйөөсү кандай адам! Аялына жагыштын айласын издеп турат: бирде керебетиндеги канталаларга дары чачса, […]

Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Коён жана тайган Коён бир жолу түлкүгө мындай деди: – Сен бизди кубалап баратканда эмнеге үрөсүң?  Үрбөй жүгүрсөң батыраак жетмексиң да. А сен үрүп жатып, бизди мергенчиге камап бересиң: сенин үнүң менен ал биздин астыбызды тороп атып алат, сага болсо эч нерсе артпайт, — десе, анда тайган мындай деп жооп бериптир: – Мен атайылап сен айткан максатта үрбөйм, жөн гана сенин жытыңды сезгенде же жиним келгенин билбейм, же сүйүнгөнүмдү билбейм; айтор эмнеге экенин өзүм деле түшүнбөйм, иши кылса үрбөй коё […]

Гулжан Абаскан: На марше были смелые женщины

Вы думаете нас всего 400 человек? Вернемся к традициям, о которых вы все это время талдычите. Вернемся к традициям, которые, как вы считаете, мы теряем. Вернемся к истории и к эпическому сказанию «Манас». «Манас» если и учит чему-то, то не повторению ошибок. И если вы не знаете, что такое «Манас», то я вам скажу, что «Манас» — это национальная трагедия. Сколько отрицательных мужских героев в эпосе? Великое множество! Сколько раз Манас призывал к миру, человеколюбию, дружбе, справедливости? Великое множество! Сколько […]

Бахтияр ШАМАТОВ: Дөңгөлөк жылдар

<<<<<< Башы Экөө түн бир оокум болгонуна карабай, уктагысы жок. Тамбурда турушат. Чал тигини биротоло эритти окшойт, бир маалда мага чуркап келди: – Үкам, энди бир ишке жараң, маңа битта хылват жерден жай таап бергин. Анау паризатты эптеп атып ынандырдым. Зорго көндү. Саал сөөк белди жибитип алайын. Бу жакшылыгыңды унутпасмын,– дейт. – Служебка бар, бирок ал саатыга сатылат. 100 орус рубли бир саатка. Сомго 140 сом. Кыргыз пул да жарай берет, ала беребиз. – Ие, таза кызык го, мен бир […]