<<<<<< Башы

Экөө түн бир оокум болгонуна карабай, уктагысы жок. Тамбурда турушат. Чал тигини биротоло эритти окшойт, бир маалда мага чуркап келди:

– Үкам, энди бир ишке жараң, маңа битта хылват жерден жай таап бергин. Анау паризатты эптеп атып ынандырдым. Зорго көндү. Саал сөөк белди жибитип алайын. Бу жакшылыгыңды унутпасмын,– дейт.

– Служебка бар, бирок ал саатыга сатылат. 100 орус рубли бир саатка. Сомго 140 сом. Кыргыз пул да жарай берет, ала беребиз.

– Ие, таза кызык го, мен бир саат болбоймун, тез эле чыга калам. 50 рубль ала кал энди.

– Таза расва адам экенсиз го, ставка дегенди түшүнөсүзбү өзү? Тиги келин деле жөн эмес, ставка менен макул болуп жатса керек ал деле? Болуң давай, 100дү таштаң да бир саатка кенен кирип дем алып чыгың.

– Пул кем болуп жатат да кысталак, тааныш билиштер да учурабай калат мындайда. Хе келиң, 65 рубль берейин, жок дебе үкам, көзүм карарып турат. Айылдан чыкканыма бүгүн сегизинчи күн болду, ургаачы атмайга жологонум жок. Кампир болсо өзүң түшүнөсүң, бари жогу шалбырап, давно пачак боп кеткен бечара. Эркекчилик мына жолдо болот экен да. Ме, ал 65 рублиңди, кабинетти бошот.

Бошотуп бердим. Кирип кетишти. Бир кыйла маалдан соң нымшып тердеп алган чал сырдуу жымыя, мактангандай көөдөнүн көтөрүп алдыда чыкты. Келин мени бир жалт карады да унчукпай вагон ичине өтүп кетти.

– Жайладыңызбы эй байке? Настроениңиз беш окшойт?

– Иши кылып эптеп чыктым. Өзү да сыйныгар бук болуп, жүда толуп турган чагы экен, ар урганымда мамалайт а кысталак, ага мен ансайын күчөйм. Жакшы, жанагы «Кара-Балтанын» табы менен пайшанбаликти өткөрүп алдым, сага да ракмат үкам. Төлкө Свердловскиге жеткичекти дагы бир орун бошотосуң, ошону менен иш тамам. Макулбу козучак?

Астана – Көкчөтоо

Свердловскиден кайра кайтып чыктык. Сыртта ит тургус суук. Эптеп вагонду жылытып алдык элек, таң атаарга жакын Петропавлоскиге жетип жетпей вагон кайрадан таш болуп муздап чыкты. Чырылдап доомат айткан жүргүнчүлөргө матрас, одеяла атмайдын баарын таратып берип өзүбүз жылаңач топчанда жатып келатабыз. Мен дежурный элем. Напарнигим жаш бала. Бирок жаш болсо да ушундай желмогузду көргөн эмесмин. Келатабыз. Көкчөтоого жеттик. Ошол жерден дурусураак көмүр алып вагондун ичи бир аз ошондо барып жылыды. Кечке жол жүрүп Карагандыга келдик. Сыртта тамеки тартып турсам тааныш милийсалар отметка сурап келип калышты. Аркы беркини сүйлөшүп турабыз. Анан кой үшүп кеттим, вагонго кирейин деп жөнөсөм, бирөө айтып калды: «Көке, арак шараптан, тамак-аштан мол кылып запастап албасаң Жарыкка барганда бир суткедей туруп калышыңдар ыктымал. Анткени ал жакта эки товарняк кагышып, авария болгон, жол буулуп калды окшойт» деп калды. Чын эле келсек Жарыкта жол жабык. Эки тараптан келген поезддер быкылдап каланып туруптур. Путеецтер жолду жаңыдан оңдоп киришкен экен, сурасак таң аткычакты не бүтөт, не бүтпөйт дешти.

Чайды жакшылап кайнатып, пассажирлерге эскерттик да төшөктү калың салып жатып алалы дедик. Напарнигим кайдадыр житип жок болду, жаш да, бир орунда туралбаган неме анүстүнө. Кой, жүз граммдан басайын да, жатып алайын деп тургам. Ошол маалда сырткы тамбурдун эшиги таңкылдап калды. Чыксам вагон ресторандын кочегары. «Байке, сени Султан байке (начальник поезд) тез келсин дебатат» дейт. Эмнеге дегичекти болбой кайра чуркап кетип калды. Кирип жатып алдым. Кайра эшик кагып келди жанагы кочегар. «Жүрбөйсүңбү, начальник сөгүнүп атат, бол ылдам, ресторанга бара кал» дейт. Эй братишка, уктап калыптыр деп койчу деп артынан кыйкырып калдым. Бир маалда дагы эшик таңкылдап калды. Жиним келип атып чыксам начальник өзү турат. «Эмнеге чакырса келбейсиң?! Жүрү, тиги вагон-ресторанда казактар кыргыздарды жайлап атат, сен болсо биерде жатасың!» деп сөгүнүп калды. Оюма келгени эле казактар менен кыргыздар мушташып атышкан экен дедим. Ломду ала коюп жерге секирип түшсөм Султан «Ломду ташта, келесоосуңбу? Ал жакта мушташ жок, бир казактын ырчы жигити биздикилерди ооз ачырбай четинен жайлап жатат. Сен гитарада ойнойсуң, ырдаганың да дурус, ошого сен чыкпасаң калганы жарабай атат, ошогон чакырып келдим» деди.

Экөөбүз ээрчишип ресторанга келдик. Келсек кудай бетин салбасын, вагондун ичи шыбына чейин шыкалган эл. Жалаң өзүбүздүн коммерсант-челноктор. Бири калбай мас, соосу дегеле көрүнбөйт. Кире бериште Адылжан аке, шеп-повар, эки үч жащик аракты алдына тизип коюпур, келгенди сугарып акчасын шыпырып атыры. Көңүлү курсант акчасы бапырап түшүп жатканына мадыраңдап сүйүнүп алган. Мени көрө коюп эле «Э Бахтияржан келиң э келиң, каяктарда юрүпсүз, өзүңгүз ярамасангыз, булардан ич кимиси болбой атыпты, мана муну дароо тартып жүгөрүң да гитараны алың» деп эки жүздүк «грузовой стаканга арактан мелт калт куюп туруп сунуп калды. Мен да сурантпастан туруп унчукпай алдым да, стаканды дароо шыпкап жиберип колуна карматтым. Тияктагы мени тааныган челноктор болсо күүлдөп атышты.

Ортодо гитара кармаган казак жигит өлөң айтып атыры. Адегенделе байкаганым гитарасы укмуш экен, мойну ичке, барабаны жайык, чоң бул аспаптын ээси да казак жигиттин өзү окшойт. Эмнеси болсо да мындай кымбат баалуу гитара көтөрүп жүргөн адамдар жөн пенделер эмес. Гитараны добушу тимеле шаңшыйт, анүстүнө казактын да үнү кудай атайлап кунт коюп бергендей мыкты экен. Кебетесине караганда бул жигит бизге окшогон үйрөнчүк музыкант эмес, накта профессионал артист окшоду. Ал бир ырды ырдап бүтөөрү менен кыргыздардан бирөө чыгат экен. Тилекке каршы чыккан кыргыздардын ичинен аны менен теңтайлаша алаар тыңыраагы жок болуп аткан го, ырдаса да келишпей, үнү бирде жетип, бирде жетпей, сөздөрүн унутуп, иши кылса биздикилердин айда жүдөп какап аткан чагы тура.

Тигинин күйөрмандары болсо эки үч эле милийса балдар. Үчөө вагонду баштарына көтөрүшүп балеть этип атыптыр. Бир кыргыз тээ бурчтан жулунуп чыкты эле, аны токтотушуп, гитараны дароо маган карматышты. Мындай мыкты инструментти ойноп ырдаган рахат эмеспи, мен да бир эле кармап көрүп, илхамым ойгонуп кетти. Бир кездерде гитара менен таң аткычакты бир дем тартпай ырдап коюш мен үчүн кеп эмес эле. Анүстүнө чыканактай болгон мобул казак жигитти кандай болбосун жеңип кетишим керек деген намыс башка тээп туруп алды.

Менин бактыма бул жигит казактын жалаң көөнө, элдик ырларын гана ырдайт экен, үнү болсо коңгуроо, арасында ушундай арман-муңга толгон мыкты өлөңдөр бар экен, аларды угуп эле отургуң келет, жан дүйнөңдү эңшертип, ойлоруңду сапырып, көзүңдөн жашың өзүнөн өзү эле куюлуп кетчүдөй тобо… Бирок бул жердеги аудитория такыр башка, бул мыкты ырларга баа бере ала турган, кадырына жете ала турган интеллекттер жокко эсе, караламан чала мас бул карапайым адамдарга мындай ойго салган, жүрөктү мыжыткан, терең философия камтыган ырлар бири өтсө бири өтпөйт, көпчүлүк бырылдап коңурук тартып уктап да кетет керек болсо. Казак жигит мына ушундай муңдуу бир обон созуп барып токтогондо алиги үч күйөрманынан башка эч ким сүрөгөн да, кол чапкан да жок. Менимче бул ыр көпчүлүктү баары бир көлкүлдөтө эритип, айрыкча аялдардын көздөрүн жашылдантса, бир даарысын алдейлеп терметип уктатып да жиберди шекил.

Гитара колго тиери менен кылдарын заң уруп, алгачкы аккорд бергенде коммерсант көрармандардын көптөрү уйкудан ойгоно түшүштү. «Зал» ичи жанданып, бир башкача күүлдөй түштү. «Сок братан, алдагы казак баурдасты жайла колуңан келсе» деген үндөр жаңырды.

Менин баамымда элдин маңдайына чыккан ар бир ырчы адегенде аудиторияны өзүнө тартып алышы керек. Менимче мунун ыкмаларын көпчүлүк ырчылар алиге дейре билишпейт. Мындай көпчүлүк отурган жерде жалаң делебе козгогон, керек болсо кызуу кандуу, темпераменттүү адамдар ордунан тура калып бийге түшүп кетээр шайыр, шаңдуу ырлардын болушу жөн. Мындай ырлар менде бир тутам. Анан да кырдуу стакан менен толтура урган арак оборду ачып, ичти жалындатып куйкалап чыкты дейсиң, ого бетер арааным ачылып, ушул тапта мобул казак эмес, Муслим Магомаев келсе да «өлбөгөн жерде калышчудай» абалга келип, табым чытырап турду. Өзүмдүн эски, нечен үлпөт зыяпаттарда абийир алып келген, далай жолу текшерилип сынактан өткөн винегрет – попурримден баштадым. Бул деген ар кайсыл атактуу ырлардан бир экиден куплетти камтыган ыкма. Башы Токомдун айтылуу «Алымканынан» башталат да, кыргыздын белгилүү, эл оозунан түшүрбөй ырдап жүргөн ырлары менен уланып, андан ары өзбектин, тажиктин, индия кинолорунан алынган таанымал ырлар менен коштолуп кете берет.

Мунун алгачкы айлампасын шырылдатып келип токтогондо жанатан бери дымы чыкпай кулак түрүп отурган элди көрүп ал анан… Дуулдап алакандар чабылган, ышкырган, кыйкырып сүрөгөн адамдардын ызы-чуусу аба жарып вагон-ресторан ичин үч көтөрдү белем, поюз бир жагына оодарылып кете жаздап барып оңолгондой болуп кетти. Баарынан да курсагы жер чийген шеп-повур Адылжан акенин кубанычы көккө жетти окшойт, дымыга түшкөн соодасы резкий жанданып, аракка муктаждардын саны өсө түштү. Колу колуна тийбейт, куюп үлгүрө албай жатса да эптеп мага жетип дагы жанагыдай бир стакан аракты суна калды. «Алып таштаң, проводниктердин, кыргыздардын мартабасын асманга көтөрүп таштадыңыз үкам, көп жашаң!» дейт жетине албай. Мен да анын кебетесин карап туруп жетине албай, жанагы стаканды токтобой шыпкап уруп жибердим.

Казак жигит ырын түгөтүп түгөтпөй эле балдар чыга калышат да, гитарасын колунан жулуп алышып мага карматышат. Анын репертуары аяктап, ырдаган ырларын кайра башынан кайталап киргенин көргөндө эл ышкырып, дуулдап жер тепкилеп ийип атышты. Меники болсо улам жаңы ырлар чубалат. Орустун армейский ырларына киргенде күйөрмандар таптакыр өзүлөрүн кармай албай кетишти, ортого секирип түшүп бийлеп киргендер көбөйдү. Владимир Высоцкийдин «07»  «Жираф большой»  «Охота на волков»  «Як-истребитель» ж.б. өлбөс ырларына киргенде, алардын артынан «Голубые береты» ансамблинин афганский ырлары кеткенде бул ыр таймаштын жеңүүчүсү ким болоорун берки казак жигиттер анык түшүнүштү окшойт, анүстүнө терезени карасак таң кашкайып аппак атыптыр. Ошондо начальник поюз Султан Ногойбаев экөөбүздү ортого жетелеп чыкты да дуулдаган элдин алдында адегенде менин, анан казак жигиттин колун өйдө көтөрдү. Экөөбүз бекем кучакташа кеткенде тиги жигит «көке, дурустап таанышып, жүз грамм ичейик сиз менен» деп кулагыма шыбырап калды. Ансыз да таанышайын деп аткам. Эл тарап, поюз ордунан жылганда экөөбүз, анан тигинин күйөрмандары үч милийса жигит ортого бир коньякты коюп таанышып отурдук. Ысмы Амангелди экен алиги ырчы жигиттин, Карагандыдагы облдрамтеатрда артист болуп иштейт экен (айтпадым беле бул профессионал деп), үйүнө, Чудан берирээк Кияхты деген айылына, ата-энесинен кабар алганы кетип бараткан экен, дем алыш күндөргө. Эки сааттай отурган соң кой эми түнү менен уйку көргөн жокпуз, кичинеден тук этип алалы деп ордубуздан козголдук, алар поюздун тиги башына, мен болсо өзүмүн алтынчы вагонума кеттим. Бирок вагонго жетүүгө мүмкүн болбоду. Кайсыл вагондон өтүп баратсаң эле «эй брат, түндө казакты жайладың, кел отур, конок бол» дегендер абдан көп экен. Бечаралар тамак-ашын, арагын жайнатып чын көңүлдөрү менен тосуп сыйлап атышса эмне дейсиң… Мен да аянбай сыйын көрүп, баары менен дагы бир жолудан таанышып дегендей, толук көңүл бурдум, вагон да эстен чыгып кетти. Кыскасы бир вагонго келип отуруп ошол жерден «өчүп калыптырмын «

Канча уктаганым эсимде жок, иши кылса ойгонсом поезд Беловодскиден жаңы өтүп Бишкекке жакындап калыптыр.

Ст. Жарык, Казакстан

Астанадан дайыма ары-бери өткөндө поюзга мени издеп бир бомж келет. Бомж болсо да адам го, буларды «человек без определенного место жительства» деп кыязы, милийсалардын протоколдорунда ушинтип жазылат го дейм, анан эл аны кыскартып «человек» дегенин ыргытып ийип «бомж» деп келиштире атап алыптыр. Кебетесине караганда орусча өскөн казак болсо керек эле, мени адегенде таң калтырганы ушунчалык сабаттуу, анан маданияттуу сүйлөйт дейсиң, мончого алпарып айда жышып, кастюм кийгизип мойнуна галустук байла да мекемеге отургузуп кой, любой акимиң же губернаторуңдан кем эмес башкаргыч болчудай, балким андан да мыкты болмокпу…

Чынында мен ушу аким-саким, дегеле чиновник калкына өтө ысык «сүйүү» менен караган адамдардын катарына кирбейм. Мен ойлойм акими да, губернатыры да башкасы кудайдын мурдунан түшкөн кичине паашачалар эмес, күнү-түнү аттан түшпөй тоңкочук атып, элдин кызматын бажарып турчу элдин малайы (түз эле малай деп түшүнбөгүлө) болушу керек. Мен көбеле «биринчилерди»  акимдерди өз мезгилинде көрдүм, айрымдары менен иштешип да жүрдүм, тарбиясын алдым дегендей. Бирок чиновник болуу маңдайга жазбаган экен, ошонусуна да шүгүр деп калам кээде. Анда мен көп нерсе жоготмок экемин өмүрүмдө. Жеткен жүзү кара шүмшүктөр азыр бийликте толуп кетишти, сыртынан карасаң адам, ичине үңүлсөң эле сасып, ирип бүткөн. Карысы да, жашы да бирдей шүмшүк, бирдей бетпак.

Мынчалык болду, сөздүн да оролу келип турат, поюзду жыйыштыра туруп бир адам жөнүндө кеп уруп берейин. Биздин Лейлекте, Кыргызстандын «Камчаткасында»  70-жылдан баштап Вагинур Талипов деген адам райкомдун биринчиси болуп иштеди. Оо, андан бери далай жылдар агып кетти, ошондо төрөлгөн балдар кырчылдаган жигит болуп, алды 5-6 баланын атасы болду, ошондо тигилген көчөттөр бүгүн чынар теректерге айланды, көп адамдар, көп окуялар унутулду, бирок эл арасында (элдин улуулугу, касиети ушунда белем) ошо райком Талиповдун аты эмдигиче аңыз кеп, узун икая болуп айтылып келет. Өз доорунда далай хан, бектерди көргөн кичипейил, иштерман, ызааткор, сыйкор. Менин лейлектик туугандарым «баччагар райком болсо Талиповдой болсун» дешип кадыресе, жөнөкөй эле ушу сөз баа менен бул адамдын улуулугуна, эмгегине азырга чейин таң берип жүрүшөт. Чынында мындай жетекчилер эми сейрек гана кездешпесе, эне жаратылыш азыркыларын жалаң баюуну, депутат болууну көксөгөндөр кылып жаратып атабы, билбейм.

Мен Талиповдун кол астында иштегендердин жанын сууруп алган катуу талапкерлигин, кыска мөөнөттө (а киши 6 жылдай турду го дейм) Лейлекти, кудай менен республиканын чоңдору унуткан бул артта калган районду бутка тургузуп кеткенин, Талипов келатыптыр дегенде бапкечен, шапкечен, шляпачан райчоңдордун биргаттан тартып прокуроруна чейин «кан сийип» турганын, экономикалык көрсөткүчтөр ж.б. жөнүндө айтпай эле коеюн, аны элдин баары менден дурус билет. Карапайым лейлектик туугандарымдан мен «Талипов райком катталардын (атка минерлердин) кожосун Кошкоргондон көрсөткөнү менен сугатчы, койчу, бадачы, трактирис өңдүү жөнпенделердин көөнүнө катуу айтып, керсеңдеп эч качан азар келтирчү эмес, катардагы ишчи дыйкандарга шунчалык аео, ызат менен мамиле кылаар эле, райкомдун өзү ушинтип сүйлөшүп, ал-ахывал сурашканы алар үчүн биринчи кезекте жүдаа айран-азыр калтырган көрүнүш эле» дегендерин көп уктум.

Бир жолу көөлөм саар Талипов кончу узун резинке өтүгүн кийип алып (чарбаларды дайыма ушинтип кыдырчу экен) алыскы бир чет кыштоого, койчулардан кабар алып келип калбайбы… Эрте жаздагы мал короонун абалы гөр беле, тизеден чыла дейт. Талипов чыланы шартылдата кечип, берки жан-жөкөр актиптер, башкарма, парторг, прокурор-суркурорлор балтырына чейин пок болсо да батинкелери менен кошо ээрчип, баары жабыла чабандын үйүнө кирип барышса, бала-чакасы көк муштум болуп үшүп отурушкан экен. Чабан байкуш сүрдөп, жүдөп какап, өзүн күнөөлүү сезип «аа жылуу эле, көмүр энди саал кечикти, келет да» дейт лейлекчесинен. Талипов кашкая күлүп, чабандын колун кармап ал-жайын сурагычакты бир карашса, жанында коштоп жүргөн раис жер соруп кеткендей дайынсыз жок имиш. Көрсө, раис акең космостук ылдамдык менен өзү урган бойдон барып бир саатка жетип жетпеген убакытта көмүр тартып келип түшүртүп, чабандан да, райкомдон да кечирим сураган экен. Жетекчинин сүрү, талабы деп ушуну айт…

Мындай учурлар огеле көп. Анын жетекчилик, адамдык турпаты көбүнесе ушундай кырдаалдардан, б. а. жөнөкөй эмгекчи калкка күнү-түнү көргөн камкордугунан улам калыптанып, аты эл ичине бөтөнчө сый-урмат менен тарап кеткен. Көрсө, Талипов Вагинур аке өзү кенедейинен жедеп эмгекке бышкан, бир үзүм нандын кадырын өтө жакшы билген адам болгон турбайбы… Мен муну а кишинин бир тууган иниси, журналист Ильгиз Талиповдон кенен уктум. Ильгиз байке редакцияга көп келип жүрдү.

Ошентип Талипов Лейлекти, Лейлек Талиповду көтөрүп, ал киши Өзгөн райкомуна биринчи болуп кеткенден кийин нечен райком алмашты, бирок бири да бул кишичелик мартаба, сый-урмат күтө албады, алар жөнүндө эл ичинде баланча, түкүнчө иштеп кетти дегенден башка дурусураак сөз калган деле жок.

Ст. Мурза, Казакстан

Өткөндө бомжду айтып келатып райком Талиповго кирип кетпедимби, эми ошо бомж дос жөнүндөгү икаяны улантайын дебатам. Бул жашоодо ар пенденин тагдыры ар кыл болот экен, ар ким аны өзү жасап алат деген менен негизи мен ойлойм, бул пендеге өйдө жактан түшүрүлгөн буйрук, жаки чекесине жазылган нерсе десек туурадыр… Антпесе бир эмес эки жогорку билими бар мынабу киши көчөдө калган селсаяктын ит турмушуна кандайча жетти экен…

Свердловскийге өтүп баратып Астананын шамалдуу перронунда вагон жанында турсам, Эрмахан дос (бомж дебей атынан эле айтайынчы) Бакелеп келип калды. Бети-башы ого бетер көгөрүп калыптыр, бирөөлөрдөн токмок жегенби дейм. Дароо тамеки сунуп, вагонго алып кирдим да 50 граммга кандайсың десем «можно 100» дейт. Кебетеңди карачы, 100 көп болуп кетет десем кол шилтеп, «а какая к черту разница» деди баарына кайыл болгон көнүмүш үнү менен. Так ошо маалда милийсалар опур-топур кирип келип калышты. Дуй отсюда дешти доско. Туруп кеткени жүрөт. Сидеть дедим, я тебя отмажу. Милийсалар кеткенден соң мага ушу Эрмаханды Свердловскиге алып кетсем кандай болоор экен деген ой келди.

Өзүнөн сурасам макулмун, жаныңан чыгарбай ала жүрсөң барат элем деп калды. Макулдашып вагонго алып кирдим. Служебка заматта достун саңырсыган жытына толуп чыкты, напарнигим күңкүлдөп сөгүнүп, «муну эмне кыласың эми, дайыма ушундайларга чапташасың да жүрөсүң, поюз жылалекте түртө салчы ары» деп безилдеп кирди. «Баягы жазмакерлигиң сенин кокого жетип бүттү, мындан көрө вагондо, карачы, не деген тотукуш сулуулар келатат, ошолорду четинен жаза бербейсиңби, чөпкө айдаса такырга качкан бир кокуйгүн экенсиң» дейт жол шеригим. Поюз да ордунан жылды.

Мен Эрмаханга жарым чака ысык суу, самын берип туалетке айдадым, кичине чайканып албаса болчудай эмес. Чыны өзүм жыт дегенди такыр билбейм, бирок напарникке кошулуп жүргүнчүлөр да сүйлөнө башташканда чындап эле Эрмаханды тезинен жуунтуп алуу керек экенин түшүндүм. Бир топ убакыт жоголгон Эрмахан акыры колунан келишинче тазаланып, сакалын кырып жуунуп чыкты. Бети-башынын көгаласы эле болбосо айтпадымбы, нормальный киши болуп чыга келди. Көкчөтоо менен Петропавловскинин ортосу муну менен кенен сүйлөшкөнгө кеңири жетчү аралык, буюрса муну, Эрмаханды ошоерден «талкалап»  болгон шордуу таржымалын укпасам. Боровойдон жакшы бышкан эттен алып, поюз Көкчөтоодон ары эңкейгенде бир бөтөлкө аракты ачып туруп, экөөбүз узун кепке кирдик. Ага көп куйган жокмун, 50 граммды бир гана бердим да бөтөлкөнүн оозун жаап туруп катып таштадым. Терезенин артынан жапайы талаанын арылдаган шамалы улуп-уңшуп, көөдөй коюу кара түнү айнекке жабышып келет, поюз жанталаша шарактап чуркап, бул туңгуюк капкара ааламдан батыраак жиреп чыгып кеткиси бардай арылдап уруп баратыры…

Өпкөсү оозунан ыргып кетчүдөн бетер тынбай ыкшып жөтөлгөн Эрмахан анысына карабай дембедем тамеки күйгүзүп, тээ түбүндөгү чыласына чейин кошо соруп бетпак, бейбак өмүрүн баяндап кирди. Бир кезде бул шордууга да асман көпкөк көрүнүп, жашоо жашыл жайлоодой бейкут, жайлуу болгон экен. Бир келген өмүрдө бактылуу, жолдуу болсом экен деген бир пендечелик арзуу тилектер мунун көкүрөгүндө да туйлап, ээ-жаа бербей жүргөн кездери эсепсиз. Москвадан, андан соң Алматыдан эки мартабалуу окуу жайын бүтүрүп, кош дипломду чөнтөккө салат, алдыдагы жашоо ажайып түскө кубулуп, чакырып, жакшы бир маянасы укмуш кызматка да орноштум дейт. Ошентип деңиз кеп бекен, океан тизеден чайпалып турган күндөрдүн биринде бул кургурдун көзү бир ургаачы затына түшүп, ал айжаркынды эс-мас боло катуу сүйүп калат, жатса да, турса да санаасынан кетпей, бул дүйнө ошонун элесинен гана куралгандай толуп-ташып, ашыглык сезими болгон нерсенин баарын артка сүрүп таштаган ысык махабат анын өрнөктүү, кемигистей көрүнгөн бактысына балта чаап, кайран башын шорго малып кетээри үч уктаса түшүнө кирбейт да, сезбейт да келечектеги Эрмахан бомж.

Сүйгөндө да бул шорпешене, кыз куругансып, эрден чыккан, өзүнөн бир топ улуу зайыпжанды сүйөт экен. Ал зайыпзат, кептин ачыгы буга чейин мындайлардын далайын маңбаш кылган, ташагына осурган опутный катын сыягы, башкасын айтпаганда да колунда эч качан мерчегенин жаза атпас күчтүү куралы – кара дубасы бар имиш. Чала орус Эрмахан аны кайдан билмек, сүйүү деген ушу экен деп баш-оту менен берилип, жайган торуна ыпысык «свежий» бойдон түшүп берет да, акылынан адашат, баягы Байдылда акындын ырындагыдай болуп…

Иш ушуга чейин жетиптир, Эрмахан сүйгөнүн бир нече жолу көрүнгөн менен жаткан төшөгүнөн сууруп чыкса да, көңүл кайт болмок тургай ого бетер чапташат, жини да келбейт, ичи өрттөнүп, дили канап турса да, кайрылып эле маңдайына бара берет экен жалдырап; өзүнүкү деген буттары да мунун кеңкелес болгон, бирок кээ кээде гана туура иштеп кетчү мээсин укпай, дайыма ал аялды көздөй жөнөйт да турат өзүнөн өзү эле. Ал мастан бул байкушту сылап-сыйпап, өөп-жыттап койселе болду, буга ошо жетиштүү экен. Ара-чолодо тумандап, кургап бүткөн мээсинин айрым гана жерлери ачылып, дурус иштеп калганда тарткан азабын ойлоп, эмне болубатам деген болот, ойлоп-ойлоп ой түбүнө жетпей акырында жан тынчын бөтөлкөдөн таба баштайт. Адегенде жардам берип аткансыган арак төрө байкатпай муну көтөрүп урат, биротоло таманына басып, кечээ эле зыңгырап жүргөн Эрмаханды эшейген эшекке айлантат. Ал учурда жанагы балекет дубанын да күчү кайтып, бир күн ойгонсо кашаанын астына жатып калган экен, адегенделе башына келген биринчи ой – эптеп бирдеме ууртап алсам болот эле дейт. Ичип алып сүйгөнүнө барса эшикти аюудай болгон күрсүйгөн неме ачат, тумшугун жакшылап талкалап туруп сыртка чыгарып коет. Өзүнүн үйүнө өзү киралбай заманасы куурулган Эрмахан же үйдөн же чүйдөн жок каңгып талаада калат, кызматынан болсо эчак ыргып кеткен, жанындай көргөн кыйышпас, бир кезде Эрмакелеп көзүнүн карасы менен тең айланып жүрүшкөн достору эми муну карамак тургай көргөндө бурула качышат…

Эрмахан шордуу Свердловскийге барып келгенче бир бугун чыгарып алды окшойт, талаага чачылган шоркелдей өмүрүн сыздап айтып түгөталбайт, арасында эми ушундай жерлери бар дейсиң, жөн эле отуруп угалбайсың, ичиңди зилдетип, зээниңди кейитип жиберет. «Хочешь я тебя еще с одним своим другом познакомлю, вот такой мужик» деп бир маалда башбармагын көрсөтүп калды. «Бывший обкомовский секретарь, экөөбүз бөтөлкө чогултуп жүрүп таанышканбыз» дейт. Койчу деп ишенбейм, казакпы десем орус дейт. Анысы менен да таанышмай болдум.

Свердловскийге жетип перрондо турам. Эрмахан жанымда турган, бир карасам эле дайынсыз жок. Жүргөндүр да жакын орто бир жерде десем көрүнбөйт. Издей баштадым. Милийса кармап кетти бекен… Апкелээрин апкелип алып, эми талаага таштап кетсем итчилик го… Ары-бери алдастап чуркап издеп жүрөм, жер соруп кеткендей дайны жок. Местный бомждордон сураштырсам, эки коммерсант аял сумкелерин көтөртүп ээрчитип баратканын көрүшүптүр. Же өзү эптеп ушул жерге жетип алган соң мени унутуп качып кеттиби… Ошондой го кейпи. Кыскасы жок, Эрмаханды челноктор менден уурдап кетишиптир, точно түшүндүм. Поюз болсо ана-мына жөнөгөнү турат, Свердловскийде стоянка 2 эле саат да. Кайгы жокто кайненем өлүптүр болуп ушул эле жетишпей турду эле энең, кайсыл маалда жылт койгон…

Напарнигим болсо сүйүнүп алыптыр, кутулдук дегенсип. «Мындайлар өлбөйт, ага эмнеле башыңды оорутасың ыя, ушу сен кызыксың байке, жоголсо бир бомж жоголуптур. Мынчалык эле кыялбай турсаң калып кал да изде бомжуңду, кайсы бир теплотрассадабы же подъезддин түбүндөбү жаткандыр аның жүздү басып алып…

Поезд айылдагы музоосун чакырган уйдан бетер бир өкүрүп алып ордунан козголду, Эрмахандын жыты да жок, өзүмдү өзүм сөгүп алып арга жок мен да кайттым. Кечир мени, Эрмахан!

Свердловск

Андан кийин Свердловскийге далай барып кайттык, Астанадан ары-бери өттүк, Эрмаханды ошо бойдон кезиктирбедим. Эрмахан январда жоголсо, мына, ноябрь бүтүп баратат. Кулпурган жай эчак өтүп, Астананын муздак күзгү шамалы жылаандай ышкырып турат, баса, мындай жайдак жерде адамдар деги кандай жашайт, кышы бир суук дейсиң, тимеле ит туралгыс.

Астананын милийсалары дурус калк эле, көбү орус чалыш, акидей асылуу дегенди билишпейт, бергениңди рахмат айтып туруп алат да, унчукпай кете берет. Эми борбор болот имиш деген кеп күчөгөндө биякта жанагы Луговойдун шүмшүктөрү пайда боло баштаптыр. Бүттү, эми булар бияктын милийсаларын да бузат, пара алганга үйрөтүшөт, жакын арада Астанаң деле экинчи Луговой болуп калат шекилди.

Ошол Астанада вагонго көмүр алып атканбыз, көмүрчүлөр менен бакылдаша сөгүшүп, тыпыныңарды албайбыз дейбиз, алар болсо бергени ушул болсо эмне кылалы дешет. Трактыр айдаганы тыңыраак окшойт, түшө калып жакалаша кетпеспи биз менен. Колунда килейген темир союлу бар. Күл көмүрдү алсаң да аласың, албасаң да аласың дебеле омуроолоп кирди. Биз да аянган жокпуз, качан милийсалар келип арачалаганда гана токтодук. Настроение өлдү. Кой деп вагонго кирип жүздөн жаңы эле куюп басаарда тышта бирөө чакырып атат дешти. Өлүп кетсин, керек болсо өзү келет деп козголбой койдум ордуман. Отурсам кычырап кийинген бирөө кирип келибеле Бахалап кучактап басып калып жүрөт. Бул жерде мени тааныган мындай крутой казак жогеле, ким болду экен дегенимче, кеминде 250 долларлык норка (кундуз дейби) тумагын ала коюп «Мен Эрмаханмын гой Баке?!» деп жибербеспи. Адегенде оозумду ачып карап эле калыптырмын. Анан өзүмө келдим, сүйүнгөнүмөн бекем кучактап бетинен алмак-салмак өөп жибердим, тамакка бирдеме кептелип кысып, алсыз аялдан бетер көздөн жаш кантип чубуруп кеткенин өзүм да сезбей калыпмын.

Дал ошол маалда поюз ордунан жыла берди. Түшөт го десем ою да жок, Бакелеп кучактап алып туру, кайра кайра бооруна кысат. Ошентип бир сыйра учурашкан соң жайланышып отурдук, вагон да калды, напарник бар да. Мен ырасы катуу толкунданып кеттим, мындай жолугушуу ойго да келбеген. Эрмаханды жоготуп таппай бир жерде тоңуп өлүп калды го шордуу, баарынан да Свердловскийге алып барганыма өзүмдү кайра-кайра күнөөлүү сезип, ошо жатсам-турсам да көөнүмдө муздак таштан бетер калдайып, маземди алып жүргөн. Ал жөнүндө эмне дешсе да ишенмекмин, бирок бир гана нерсеге – аны кайтып ушундай нормальный адам катары көрөм дегенге эч ишенмек эмесмин.

Эрмахан өзүнүн баягы мен жоготуп ийгенден кийинки таржымалын божурап отурду. Көрсө ошондо ал өзүнүн көнүмүш бомждугуна салып, перрондон бөтөлкө жыйнай коем дебеспи. Бир карасам эки келин килейген сумкаларды кол араба менен сүйрөп келатып, жаныма токтоп тынып калышты дейт Эрмахан. Бирөөсү экинчисине «кел ай, тетиги бичти жалдап албайлыбы, мусулман экен, кыргыз го, же казакпы» дешип аны чакырып, өзүлөрү менен кошо ала кетишет экен. Жүктү квартирага жеткирип, кайра поюзга шашкан Эрмаханды эки келин токтотуп ал барганча поюз эчак жөнөп кетээрин айтышат. Курсагын тойгузуп, ысык душка түшүрүп, тазалап алышат Эрмаханды эки курбу. Бич эмей эле келишкен жигит экен го, кой муну жардамчы кылып албасак болбойт деп чечишет. Беш-он күндөн кийин Эрмахан кадимкидей тыңып, өңүнө келип, бакыбат эркек тананын бирине айланат.

Тиги келиндердин оту менен кирип, күлү менен чыгат, айткандарын эч бир эки кылбай күнү да, түнү да айткандарын айткандай бажарып, ляппай деп турат маңдайларында. Ойрон келиндер минтип бекеринен экөөсү ээндете квартира снимать этишеби, бук болгон, эркек эңсеген маалдарда нечен эркектер келип, таңата созулган зыяпаттарда үйдү үч көтөрө сапырышып, акырында мындай үлпөтчүлүктүн бири бул эки келиндин каткан ири өлчөмдөгү балан долларынын жоголушу менен бүтөт экен да, акчасын табышпай жер муштап калган бейбактар ошондон тартып эркек атмайды көпкө чейин, балким баягы долларлар унутулганга чейинби, эстеринен чыгарышат экен!

Эки келин, Эрмахан үчөө бир квартирада баш калкалап өмүр сүрүшөт. Эрмахан булардын айтканын эки кылбай, тамак ичкен кесе табагынан, тигилердин байпагынан өйдө жууп, табылгыс, баалуу жардамчыга айланат. Эрте заардан жүктөрүн базарга жеткирип, жайлап, кайра келе калып түштүк, кечки тамагын жасап, иши кылып келиндерге болгон шарттын баарын түзүп, ар качандан бир качан түн бир оокумда алагүү болуп келген немелердин «бери жак» иштерине да дилгирлик менен алмак-салмак жарап, ыраазычылыгын айда алып дегендей, айтор Эрмахансыз эки келиндин күнү жок. Эрте тура калган немелердин чайы, кеч келсе тамагы белен, төшөгүнө чейин салынуу келиндер Эрмаханды бара бара «общий» күйөө кылып, колдору узарып эле жатып калышат. Экөө тең Эрмаханга жетиналбай, колдон келгенче жакшылыгын аябай, кыскасы учкул өмүрдүн баалуу бир табылгасындай аяп да, сыйлап да, үчөө чогуу чаран, таттуу күн кечиришет, ошентип жүрө беришмек беле, күндөрдүн биринде жанагы эки келиндин биринин алыста, айылда калган күйөөсү кокустан, кара кырсыктай болуп булардын үстүнө карпа-күрп кирип келип, иштин чоо-жайын түшүнөт да, Эрмахандын акесин окутмак болот. Жылуу үйдөн куулган шоруң каткан Эрмахан кайрадан бомж турмушка ыктайт (башка не айласы бар).

Ал ортодо экинчи келин өзүнчө квартирага бөлүнүп чыгып, көрүнгөн жерден күн кечирген Эрмаханды кайрадан издеп таап, үстүнө кийирип алат. Колдон жулдурган бактысы кайра алаканына конгон Эрмахан келинге калдайган караан болуп, оорун колдон, жеңилин жерден алып дегендей, кайрадан баягы бейпил турмушка карк болот. Үй-бүлөсүнөн, күйөө сөрөйүнөн алыста жүргөн келин байкуш деле адам, ысык жан да, базардан келип чарчаган, уйкусуз узун түндөрдө Эрмахандын көкүрөгүнө башын катып, кайран жаш өмүрдүн кетип бараткан жыргалын, жылуулугу кетип баштаган ысык денесин айласы жок Эрмахан менен бөлүшүп, бул жашоодон алаарын алып калгысы келет. Эрмахандын башка кишиден табылгыс касиети ушунда белем, аялзатынын айтканын оозунан чыга электе илгиртпей илип, түшүнүп, ляппай деп турат, ошонусу менен ого бетер ишенимине кирип, тигинин малайы да, күйөөсү да, курбусу да болуп калат. Аял аны аяп, бул тамекиңе, бул арагыңа, пиваңа деп, бирок кара, акылыңан адашпа дегенчелик менен колуна акча карматып турат.

Мындай камкордукту, адамкерчиликти өзүнүн зирек туюму менен жакшы түшүнгөн, баалаган Эрмахан аялдын берген акчасын толук коротпой, аз-аздан чогултуп баштайт, кыялында дурус адам болуп оңолуп кетсем экен деген ой мүдөөсү бар. Ошондой күндөрдүн биринде, аял кечинде базардан бутун араң сүйрөп келип Эрмахандын жасап койгон даамдуу тамагын жеп отурат да, «эртеңден баштап базарга сен чыгасың, эсеп-кысап акча тыйынды бүт өзүң жүргүзөсүң, мен көзөмөлдөп гана турам, бирок иштебейм, сага ишенген үчүн ушу милдетти тапшырып отурам. Жаманбы-жакшыбы, кан жаныбыз аралашып, эзелтен жашап келаткан эрди-катындай эле болуп калдык, бирок эсиңде болсун, мени алдайм деген түшүңө да кирбесин… Соодада достук жок, иштегениңди мен нааразы кылбай чыгарып берип турам, буга чейин минтип жашадык, эми тең ата бизнес өнөк болобуз, так что давай Эрмаш, с богом, раз ты мужчина, так будь же им» деп, аял түн бир оокумуна дейре Эрмаханды инструкциядан өткөрөт да, эртеси таң атпай батасын берип туруп соода кылган чоң базарга узатат.

Соодада жүргөндөрдө «колу жеңил» деген түшүнүк бар эмеспи, жылдап жаткан товарың колу жеңил кишиге тийсе заматта сатылып, өтөт да кетет. Бечара Эрмахандын бактысына колу жеңил экен, келиндин квартирасында далайдан бери додолонуп үйүлүп жаткан товарларды бир жумага жетпей зуулдатып сатып, бат эле тилинен чаң чыга безеленген, накта шуулдак соодагерге айланат, баягы тегеренген мээси кадимкидей ордуна келип, алган билими, кишилер менен тил табышып сүйлөшө алганы, деги кой, болгон өнөрүн эми ушу соодага салып, бир кезде колунан учурган, каратып туруп оозунан алдырган бактылуу турмуш жашоосуна кайра кайтаар жол бир болсо ушул болоорун аңдап сезип, көзү жетип, ого бетер катуу иштейт.

Буга жетиналбаган байкуш келин улам акчасын долларга айлантып Бишкекке жиберип, аяктан товар тартып келгенге үлгүрбөйт, басса-турса Эрмахандын этегине сыйынып, кудурети күч, керемети сыйкыр пайгамбардай эле көрүп чындап сыйлап, анан албетте кадимкидей сүйүп да калат. Иш акырындап оңолуп отуруп, келин баягыдай беш-алты сумкеден түйтөйтүп товар тоспой, түз эле КамАЗ менен, Бишкектен Свердловскини көздөй урдуруп баштайт. Албетте бул иштердин акыбети кайтып, жанагы соодагер келин менен кошо Эрмахан да бутуна турат. Эрмахан эми баягычылап эшектей иштебей, кишилерди жалдап, колун муздак сууга салбаган накта ак кожого айланат.

Өзүнүн бактысын да, ооматын да бир кезде алган эки билимден эмес минтип базардан, соодадан тапканына көзү жеткен Эрмахан баш-оту менен биротоло ушу ишти өнөр кылсам деп ниет кылып, бизнестин али башкалар ача элек толгон-токой башка кыйырларына кол сермей баштайт, Астанага кайтып, ушу тапта килейген соода павильон курдуруп атыптыр. Жанагы келин болсо эри менен ажырашып, Эрмахандын этегине биротоло жармашып кол кармашмакка ниети бар экен, бирок буйрубаган окшойт, туугандары, күйөөсү тарап кайра-кайра чырдашып атып, акыры үч баладан чыгалбай кайра айылга, эски эрине кайтыптыр. «Ошол кеткен бойдон ал келинди кайтып көрбөдүм, бирок анын жакшылыгын өлөөр өлгөнчө унутпаймын, бир кезде сөссүз кезигээриме ишенем» деди Эрмахан аңгемесин аяктап жатып.

Ошо отурган бойдон Карагандыга чейин келди окшойт мени менен. Карагандыга келип токтоп, жерге түшсөк, перрондон анчалык алыс эмес автостоянкада жылтыраган капкара «Джип» Эрмаханды күтүп турган экен. Кайра-кайра мени кучактап, бооруна кысып, акыры коштоштук. Визиткам деп бир шапаттай кагаз, анан дагы бир конверт сыяктуу нерсе карматкандай болду. «Бул Астанадан Карагандыга чейин поездге түшүп келгенимдин акысы, мен үчүн бир жүз грамм ичип коерсуң» дейт күлүп. Вагонго чыккан соң ачып карасам, жүз долларлыктан онду салып коюптур.

*     *     *

Эски жаңы жыл алдынан рейске чыгып баратабыз. Албетте эски жаңы жыл болсо деле ким муну талаада тоскусу келсин, бирок иш деген иш, чоңдор айттыбы, график ошого туш келибатабы бүттү, буйрукту эки кылмай жок. Анүстүнө темир жол деген жарым аскерий режимде иштеген транспорт. Балдардын көбү сүйүнүп алыптыр, шабашке укмуш болот, «жирный» рейс болот деп кудуңдашат. Сборщик «Кашмар-апа» телпилдеп чуркап эскертип кетти, сбордон перебой болбосун, карыз деген болбойт, так что в полный рост иштегиле деп. Мени менен бир азер баратат. Бул кеңкелес менен мурда бир жолу рейске чогуу чыканбыз. Ошондо жумуш жок, сборун бералбай кыйналып келатсак начальник штабнойго разборкага чакырбайбы. Ахмет баргысы келбей мени жөнөттү.

Наби менен сен жакшы сүйлөшөсүң го, эптеп положениени түшүндүр, кийинки рейсте калган карыздардын баарын жабабыз деп айт деди. Барсам Наби мени жакшы кабыл алып, сбор туурасында кеп козгоп да койгон жок, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, жүз граммдан арак ичтик да, мени акырын чыгарып койду. «Тиги пидараз өзү келсин деп айтып бар» дейт. Келди Ахмет акыры аргасы жок. Аны Наби (нач. поезд) купесине кийирип алып өлөөрчө токмоктоду, дампылдатып тепкилеп уруп, сабап атып акыры чарчаганда хохма жасабайбы, «дагы бир жолу сбор бербей койсом, пусть мени начальник поезд си…син» деген арыз жазгының деп. Өмүрүндө саналуу эле жолу уручке кармап көргөн бул чурка минтип арыз жазып, шефтин үстөлүнө таштап коюптур:

«Начальник поюз Шукуров Наби.

От правадник 6 вагон Мамедов Ахмет

Эсли я ишшо ыраз збор не даем, то прашу Вас сделат меня паловой акт»

деп жазып, астына ийрелеңдете гүлдөп, кол коюптур кыйратып таштагансып. Ошо көк мээ экөөбүз чогуу баратабыз. Ошондон кийин мунун лакабы «половой акт» болуп кеткен, эстеген сайын балдар кыйрап калышат, бу болсо дагы эле эчтеме түшүнбөй таң, же өлүмүш болобу билбейм. Жарым баштык насвайды сумкесине салып алган. Уучтап туруп оозуна бир урат да, артынан сигарет тартат бурулдатып. Бир кезде, кайфы укмуш болуп эки көзү эки жакка кыйшайып калганда темтеңдеп барып челекке түкүрөт, анан пийвага жармашып сүт эмген козудан бетер чопулдата бөтөлкөнүн оозунан соруп шимип жатып калат, кантип жүрөгү айланбайт эч түшүнбөйсүң. Анан кулап калабы десең темселеп эле вагондо басып жүрө берет.

Караганда – Жарык

Свердловскиге барып кайра кайттык. Ошо рейске барып келгенден кийин жумушка чыкпадык, бригаданы чоңдор отпускеге кубалап, сааты жетпегендер эптеп башка бригадаларга жармашып каттап жүрүштү. Мен да бир Кыргызбай деген начальниктин бригадасына жазылып, Москвага кеттим. Кыргызбай деген аты болгону менен өзү накта азербайжан же түрк сыягы, (бизге мунун чоң деле айырмасы барбы деги) бирок менин таң калганым бу Кыргызбай акең кыргызчаны илибой кыргыздан ашыра сүйлөсө сүйлөөр, асты кем эмес шыпылдатат экен. Мен муну ичимде бул сапаты үчүн жүдаа кадырлап калдым. Кыргызбай деп буга ким ысым берсе да, атасына рахмат, балким апасы бергендир, орустар айткандай мало ли что в жизни бывает…

Ошо кишинин бригадасында бир татар кыз менен кетип баратам. Татарлардан да ушундай шөмтүрөк, жоош кыздар чыгат экен ээ, тобо кылдым эй. Мындайларды биздикилер гараң деп коет. Өзүнүн бейөдөм экенин билгенби, татар кызыке жөн чыкпай сүйгөн жигитин, еврейдей болгон татар кишини жолго кошо ээрчитип алыптыр. Анысы тээ революциядан үч-төрт күндөн кийин эле туулгандай окшойт, кырчаңгы аттай картаң да кысталак. Анткени бир отурган жерде каккан казыктай үч-төрт саат жөн эле дың дебей калып кетет экен. Бу жугармак өлгүр кыз, өзү ашып кетсе 22-23төрдө сыягы, мындай аксакал жигитти каяктан тапкан акыл жетпейт.

Азыр эч нерсеге таң калып болбой калды. Бул карт аргымак убагында 3-4 машине аял алса керек, анын баарын курутуп эми карачы. Жок энең, таза болбоду дегенде 56 эмес, 46 да болбойбу бу чалбойдок. Мен сразым айттым, чака, тряпка, шыпыргыга деректир болосуң. Чай деген тынбай кайнап, пассажирлерден замечание болбосун! Менден сурайт, өзүң эмне кыласың, дежурство жокпу дейт. Мен вагонду разводить этем, келип кеткен итибай-чотубайларга чайпулу беришим керек, жетээр жеткенче көрүнгөн папкечен акмактарга маймыл болуп афиристенип вагонду аман-соо, таза жеткирип, калган тыйынды Кыргызбай атаңа, андан артса сенин тетиги айчүрөгүңө да бөлүшүшүм керек. Түшүндүңбү, бу иш ушундай, эчтеме деп менден сураба, башымды да чакпа. Лениндин заманындагы акыл-насаатыңдын кереги жок. Бу жерде Лениндин учурундагыдай тартип дегендин жыты да жок, бу поюз жалаң троцкийлердин жүргөн жери деп, аябай майда чайнап оозуна салып түшүндүрүп, эми көзгө көрүнбөй тур десем, сурап атпайбы «биз экөөбүзгө отдельно жер болсо дурус болмок?» деп. Ом-ээ-й энеңди, отдельный жер деп көрчү муну… өлалбай атып… Отдельный жер сен эмес, мага болбой атса! Картаңмалайга жанатан бери мен эмне дебатам, мунун мээси кургап бараткан башында эмненин түйшүгү кыбырап атыры…

Аяр жыла басып Кыргызбай шеф өттү, вагондун кыбык-кычыгын сын көзү менен карап. «Оокат кылыбатасыңарбы?» дейт кыпкыргызча, болгондо да көлдүктөрчөсүнөн. Кыпындай бир акцент болсочу. «Эмне?» деп калп эле кайра уккум келип. «Ой дүлөй немего, оокат кылыбатасыңбы деп сурабатам» деди кайра.

Бир кезде, ооматым чырайлуу катындай назданып мойнума оролуп турган, жаш, келечек перспективалуу жылдарда Умархожо деген тажик орунбасарым бар эле. Ошо Умархожо аке да кыргыздын тилин бизден ашыра сүйлөйт да. Кээде туруп өзү да жаңы сөздөрдү ойлоп таап кошуп жиберээр эле. Бир күнү бирөөнү айтып атпайбы, «караң раис, кооперативдин жемге тойгон торпогундай мортойуп, бейкапар турганын мунун» деп. Таң калып калгам ошондо. Башка улуттун адамы минтип кайра өзүңө тил үйрөтүп атса, Маке досума окшогон үлпөттөрүм 5-6 жыл шаарда туруп келип алып эле өзүбүздүн жалпак тилди унутуп калганына күйүп кетесиң, ошо досум (өзү айыл чарба адиси) айылга келип тамекинин чокусунан кармап «ай, момунуңар эмне эле?» дебейби. Мөөлан биргат аке да сыр бербей «Ээ бу тамеки да Макежан, анын эмнесине таң каласыз?» деп тамекинин сөңгөгү менен досту «тааныштырган» экен.

*     *     *

Кетип баратабыз. Кинелден өткөн соң Кыргызбайдын сборщик сарбазы келип күпүлдөп кеткен. Вагон муздак. Тиги күйөө бала жөндөп от жакканды да билбейт экен, чукуп эле кайра келет во деп баш бармагын өйдө чычайтып. Мыкты жагыбатам дегени бу. Акыры айлам кеткенде азыр отту дурустап жакпасаң өзүңдү да ошоякка тыгып салам дедим. Берки жанбиргеси болсо жүдөп-какап, мурду шыркырап өзү да араң жан экен, акырында сүйгөнү да көзүнө көрүнбөй калды.

Мен чечине салып топканы тээ түбүнөн бери оодарып, тазалап кайрадан от жактым да, дүркүрөп күйүп чыкканда суу насосту ойда качать этип туруп, Пензанын Сүлүктүнүкүндөй жылтырак көмүрүнөн төрт-беш чаканы бир эле уруп таштадым. Чалды сенейтип жаныма коюп койгом, үйрөнсүн, башка от жакпайм.

Алыскы сапарга бараткан адамдар үчүн азил-тамаша табылгыс нерсе эмеспи. Бу жолу Кыргызбайдын бригадасы менен кайра келатканда кайдан-жайдан вагонго төрт-беш өзүмдүн лейлектик жердештерим түшүп калышыптыр. Эми азыр айылдагы трактир айдаган кошунаңды бир күнү жоготуп жиберип, үч-төрт айдан кийин жанагы Москвадагы жалаң «кемпай чудактар» толуп алган Арбат көчөсүнөн көрсөң деле таң калбай турган деле иш болуп калбадыбы. Бирок баары бир жердештерге жолугуу өзүнчө эле ыракат да. Москвага чыккандан бери алиги Рашид аксакалдан да, анын сүйгөнү өзүмдүн напарницамдан да жадап, жүдөп, чарчап бүттүм. Же от жакканды, же чай кайнатканды билишпейт, жадагалса вагонду бир дурустап шыпырып койгонго жарашпайт. Бирдеме десем эле менин оозумду тиктешет жалдырашып. Ошентип өзүм «бич» болуп шорум кайнап келаткам. Экөөнү бир жерден ашата сөгүп салдым эле, менден жалтактап жүргүнчүлөрдүн ичине корголоп калышчу болду. Анан аркы тамбурга чыгып алып өбүшүп туруп калмай өнөр чыгарышты.

Москвадан түнкү он экиде жөнөп чыгаар менен напарницага айттым, жүргүнчүлөргө шейшеп (белье) сатыш керек дедим. Экөө «макул, ооба, муну кыйратабыз» дешип сатып атышкандай болушкан. Анан эле бельенун акчасы кана десем сыйпаланып таппай калып атпайбы… биерге эле койгом дейт. Жаным ушунчалык кашайып кетти дейсиң, эмне дээрге сөз таппай да калдым. Айлам кеткенде көзгө көрүнбөй бир жерге барып жаткыла, Бишкектен мен үйгө түз эле перрондон түшүп кетем, ошондо экөөңөр вагон өткөрөсүңөр дедим. Бышактап ыйламыш этет, аркынысы болсо кыр көрсөткөн жүрөт, Бишкекке барганда көрөсүң дегендей кылып. Ушу сен эле калдың эле мени коркутпаган деп туруп тамбурга сүйрөп барып жакшылап төпөштөп койсомбу деп, күүлөнүп барып араң токтодум.

Ошентип «жегеним желим, ичкеним ирим» болуп келатканда минтип жердештерим түшүп калып атпайбы… Чай ичип сүйлөшүп кичине көңүл ачылгансыды. Өзүлөрү да тамашөкөй, ачык айрым адамдар болуп чыкты. Башка кыргыздардан лейлектиктерди өзүнчө айырмалап турган нерсе ушу, биздин бири-бирибиз менен чымчылашып, тамашалашканыбыз сонун.

*     *     *

Лейлекте ар бир уруунун өзүнө тиешелүү «визитный карточкелери» – лакап хохмалары бар. Маселен, менин уруумду бөксө-сибирги деп коюшат. Сибирден келсе керек да ата-бабалар бир заманда. Кадимки бир доордо менин бир бөксө тууганым тоо-таш аралап уй багып жүрүп, курсагы ачып, таңдайы ката суусабайбы. Анан эле караса тээтиги тоо башынан бирөө кол булгалап чакырып атканын көрөт экен. Сүйүнүп нан-саны, суусу бар бирөө чакырып аткан го деп, акактап тоонун чокусуна урган бойдон чуркап чыгып барса, ал киши эмей эле чымындан корунуп куйругун чапкылап жаткан уй экен көрсө. Ошо киши бул жөнүндө айылдагыларга айтпай эле койсо болмок да энди, бирок айылга келип кыйратып таштагансып элдин баарына жайып, анысы өзүнүн башына айланып келип лакап болуп конуп калган өңдөнөт. Ошо күндөн, ушу күнгө чейин бизге «силер уйсуңар» деп тийишип келатышат.

Жадагалса бир жердеш ушу поюзда да оңтоюн келтирип туруп «вагонуңузда жем зор го эй шеф?» деп тонкийинен согуп кетти. Сокпой кара жерге кирсин, биз да соо коебузбу, тил бар, алардын да лакабын көзүн чыгара билебиз. Өзү абат уруусунан экен, буларды аюулар деп коюшат, булардын таржымалы биздикинен алда канча ашып түшөт, бети курусун, биздикинен да «страшныйраак « Ошондо мен да аянбай айтып калдым. Вагон дутый, крутой, жеми да көп. Бирок шу кысталак, бир бурчуна ажайыпкана ачып койсок, бир эки аюу-саюу кармап келип ичине камап койсок бала чакага, сиздердей жүргүнчүлөргө жүдаа эрмек болот эле. Элдин баары кыраан-каткы түшүп калды.

Ушинтип тамашалашып кете беребиз, эч ким таарынбайт, бирок таарынчаактар да чыгып калат, чычалап кеткенде кетменин ала чуркагандар да бар. Башкысы лейлектиктер мындай юмордон «кайф» кармашат, тилинен чаң чыккан чечендер киришкенде жакшысы качып эле кеткен оң. Сөөгүңө жеткирип, иши кылса «биротоло өчүрөт « Мына ушу поюзда да алты (мени менен) лейлектик башка сөз куругансып лакап чукулашып, күлүшүп келатабыз. Жакшы да. Бирок муну бирөөлөр, мисалга, бир парасаты пас акмак атка минерлер кадимкидей коркунучтуу куралга айлантып, өзүнүн уруусун «элитный» деп атап, ансыз да араң турган элди заматта экиге бөлүп-жарып ташташы кеп эмес. Мына ушу жагы өтө опуртал. Ушу «скрипканы» ойногондор деле бар, өзүлөрүн «элита» дегендер бир күн «элитный» башы барып көргө тыгылганда, аякта «оо сен элитный уруктансың» деп тосуп албасын билишпейт сыягы.

Кыскасы жердештер менен Бишкекке келгенче ойда жарп жазып, поюз эмей эле Белестин айдыңында жүргөнсүп келдик. Рахмат силерге жердештер!

*     *     *

Таңга жуук №17 Бишкек–Москва поюзу казактын Бешарык, Талап станцияларын басып өтүп, Яныкурганга чейин созулган мелтиреген ээн талаага жулунуп чыкканда өзүнүн эзелки, армандуу өмүрүн кеп кылып отурган байке ичим күйүп баратат, дагы бирдеме ичеличи дегенинен кезектеги шишенин оозу ачылды. Өткөн өмүрдүн армандуу касырети кайра уланды.

Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу дегендей, айласы алты кетип, бу жарыкка жаралганына да кайыл болот да, кокусунан башына үч уктаса да түшүнө кирбеген коркунучтуу ой өрмөлөп келет. Ал ойлор жаны кашайган адамдын ушундан көрө бу жашоодон түбөлүк жымжыртыкка, ызы-чуусу, арман-ыйы жок, болсо бир шамалдын шуулдагын же жер сабалап жааган жамгырдын гана дыбырын тыңшап жатаар тынч жайга аттанып кетсемби деген дене бойду муздаткан коркунучтуу, бир чети азгырыктуу ойлору окшобойбу. Эсин жыйып, келме кайтарып, тобо кылган эркек эртеси бул жашоодо анын али акысы, жасай турган иштери бар экенин өзү өзүнө күбүрөп айтып, өзүн-өзү кайраттандырат, ошого шерденет.

*     *     *

Москвада, Николаевка тупигинде турабыз. Эс алып уктап алалы дегем. Кайдан жайдан келгени белгисиз, койдон айырмасы жок бир мас кыргыз темселеп биздин вагонго кирип алыптыр. Кебетесине караганда бүткөн неме окшойт, денесинин соо жери калбай көк-жашыл татуировка менен капталган. Тынбай чылымдын чыласына чейин түгөтө соруп, ар кайсынын башын сүйлөп напарниктин мээсин ачытып «чай кайнатып» атат. Ушу Николаевкада жүргөнүмө 5-6 жыл болду дейт, биердеги бичтердин эң «крутоюмун» дейт, Манастын тукуму, кыргызмын деп коет дагы.

Карап, угуп жатып, кудай өзүң кечир, бирок ушундай киши түспөлүндөгү макулуктарды эмнеге жараттың экен, булардын бары жогунан коомго не пайда дейсиң. Бул кыргыз (бир кезде) Нарын тараптан экен, өзүнүн «эмгек таржымалын» кошунанын коюн көтөрө качып, анысы үчүн эки жылга кесилип кеткенден баштаптыр. Андан бошонуп, Ош жакка ооп, «сарттардын» сазайын берип жүргөм дейт. Көрсө Оштогу арак зоотко кароолчу болуп орношуп, бир өзүбек менен достошуп кетпеспи. Экөөлөп зооттон арак уурдап сатып, бир топ байып да кеткен жери бар, Акбууранын түнкү жээктеринде далай сулууларды тырпыраткам дейт. Ошентип жүрүп бир чүрөктү теңсине бербегенинен ай тамагынан биртикеле, коркутуп коймокко кысып койсом өлүп калыптыр дейт. Милийса муну бат эле таап, соттоп, далай жылга абакка кесип жиберген окшобойбу. Ошондон этап менен көрүнгөн жерге айдалып, сүрүлүп отуруп ушул чөлкөмдүн бир түрмөсүндө мөөнөтүн аяктаптыр. Анан калып калдым, Кыргызстанда мени күткөн, издеген жан жок, менин кимге керегим бар, ушинтип сандалып жүрүп бир жерде бир күнү ит өлүмү менен өлөм да дейт, мага эми баары бир, мен ансыз да өлгөн кишимин деп айтып келип ыйлап ийсе болобу… Анан кайра сүрдүү боло калып, өңү-түсү бузула түштү да, эй, куйбайсыңарбы, куйчуңар болсо, деп өктөм сүйлөп кирди. Напарник дароо эки жүздү куйду да, тиги аптыгып, какап-чакап тартып жиберди. Өңү-башы бырыша түштү да жеңин шуу жыттап кайра аңгемеге кирди. Кудай тобо дедим аны угуп отуруп, бу адам дегениң түшүнүксүз макулук болот экен го, тагдырдан, өзүнөн дейт, бирок айланып келибеле маңдайга жазган жазуудан өткөн акыйкат жок окшойт.

*     *     *

Бүгүн резервде айлык таратып атышат. Түртүш, ызы-чуу, бала бакчанын балдарынан бетер бири-бирине чукчуңдашкан эле кишилер. Тооктун бир жериндей тешикчеге ар ким алына жараша умтулуп, күчү жоктор өзүнөн өзү эле сыртка чыгып калышат да бош келбей кайра тырмышышат. Блатнойлор кантордун ичине кирип кассирдин өзүнөн эле алып кетип атышат. Сырттагы каратамандар буга ачуулары келип, бир эки жолу чуу көтөрүп көрүштү эле, кассир аял айнекти карс жаап «деньги кончились» деп койсо элдин жүрөгү түшүп, дым деген добуш чыкпай калды. «Ай жөн тургула, бербей коет» дешип аялдар беркилерди тартипке чакырып атышты. Мындай жапайы көрүнүш колхоздо деле болбосо керек. Четтен карап туруп өзүңчө уяласың. Казакстандыкы бир укмуш, проводниктери чоң шаарлардын каалаганынан түшө калып карточка салышат да, акчаларын автоматтан алып кете беришет. Биздин темир жолдун өзүнөн башка эчтемени ойлобогон чоңдору, жадагалса дурустап касса куруп да коюшпайт. Иши кылып акчасын эптеп алган бактылуулар маңдайынан тери шорголоп, өлүп-талып атып эми өчүрөттөн чыга албай кыйналышууда.

Бир казакка миң сом зарплатты жалаң бир сомдук, беш сомдук анан ондуктар менен берип атса, ойбай чещеңди, мунуңду албайм деп чаң салды. Кассир болсо еще как аласың, албасаң тур нары деп арылдайт. Жок дегенде мейли жарымын бир сомдук менен алайын десе кассир баягы өнөрүн баштады, “деньги кончились” деди да айнекти шарт жаап салды. Араң турган эл казакты жулмалап тытып кирди. Ызасы башына тепкен казакпай барскандай муштуму менен терезени былчырата муштап, ары жагында койкоюп отурган кассирди түз эле кокологону аз жерден калды. Крупный дай, не то убью дейт көзү алайган кассирге күпүлдөп.

Тиги акыры айласы кеткенде темир сандыгын аңтарымыш этип казакка жапжаңы жыйырма сомдуктан бир пачке сууруп чыгып колуна салды. Ишти жеңиш менен аяктаганына өтө маашырланган казак жигит көрдүңөрбү дегенсип көкүрөгүн көтөрүп четке чыкты да, кетип калбай дагы көпкө чейин ары-бери басып жүрдү. Менин астымдагы түрк шыпылдап кассирге кайра-кайра көз кысып бирдемеге ишара кылгансыды эле, кассир космостук ылдамдык менен акчасын бере салды, акырын бир нерсени жылдырганына караганда кассирдин колун «токтогулдун бир башы» менен жакшылап кызытты окшойт. Тиги да жалжактап күлүп көңүлү бир топ көтөрүлүп да калды. Кезек меники. Удостоверениямды сунуп жаңыле акча санай баштаганда инструктор бир аялды ээрчитип кирди да, кассир менен шыбыраша түштү. Иш өлдү. Акыйып турабыз. Же сөздөрү бүтпөйт. Элдин баары кассир катындын өңүнө карап, өңдөрү күлсө, мостойсо кошо өзгөрүлүп атты. Терезенин калганын талкалап болсо да акчамды алам деп мен турам. Же түрктүн ыкмасына салсамбы… Оо бир топто барып кептери бүтүп, кассир бери караганда кичине жан кире түштү. Үч күндөн бери ушу тешикке жеталбай араң жеткениме төбөм көккө чыгып сүйүнүп турам. Ушундай да чоң сүйүнүч болобу, партияга өтүп кызыл билет алганда ушундай бир сүйүндүм эле, бул андан да ашып түшөт окшойт. Кассир жаңы эле акча санай баштаса дагы бирөөлөр кирип калса болобу…

Кычыраган кундуз тебетейчен аял жалпая отуруп алганына караганда мен айлыгымды бүгүн да алалбай калат окшойм. Эми эле ойбойду ысытып чыккан кубаныч таркап, шаабай биротоло сууду.

*     *     *

Дөңгөлөк үстүндө зуулдаган жылдарым учуп атат. Өмүр жалаң рейстен рейске уланып, үй бетин көрбөгөн, мээң чагылып, чачылып бүткөн бир шумдук жашоо баштан өтүп жатат. Бул жашоонун падышасы жалаң акча болгондуктан, андагы бардык өйдө-ылдыйды, жаман-жакшыны, ак-караны ошо акчанын чени менен ченеп, өлчөгөнгө айла жок көнөт экенсиң. Жадагалса, кайсы бир кудайдын назарынан унут калган бекеттерде жолуккан жолбун иттер да бирдеме ыргытпасаң жаныңа басып келбейт эй! Булар го иттер, а адамдарчы… Өткөн рейсте бир ревизорду обептериби, губэптериби иши кылып артынан түшкөн бирөөлөр кармаптыр, камаптыр дебеле элдин баары ызы-чуу түшүп жүрүптүр резервде. Ал албы, эми бул акмактан кутулдук деген проводниктердин айрымдары (өтө запкы жегендер да) кадимкидей үлпөт уюштуруп бөтөлкө бузуп тойлоп да ийишиптир. Эми анын «түрмөдө көбүрөөк калышы үчүн, экинчи темир жол бетин көрбөш үчүн» дегенге чейин «күчтүү» тосттор айтылды дешти балдар. Чынындале элдин каргышынын азыр күчү деле болбой калган окшойт, антпесе бул көпкөн акмак эчак эле кармалмак экен. Кармасын дейлик, анан эртеси эле эчтеке болбогондой аман-эсен эле ордунда кайрадан отуруп атышпайбы. Баягы эле мойнундагы галстугу менен. Ушундай да мамлекет болот экен ээ, тобо… Бул кан ичкич папкесин колтуктап, өкмөттүн ишине аябай күйүмүш эткен түр көрсөтүп, перрондо пайда болгондо эле эл түшүнөт, кан соргуч отурат экен составга!

Иштин чоо-жайы мындай экен. Бул ревизор демейдеги графиги менен 17-поюзга отурат да составды четинен «жайлай» баштабайбы… Эмне, колунда мамлекеттин жобосу бар, текшергенге толук акысы бар, бирөө кыйшың-мыйшың деп көрсүнчү… Демек, мамлекеттин атынан, башкача айтканда мамлекеттин терисин жамынган карышкыр. Мунун алмадай болгон башында мамлекеттин кызыкчылыгы деген мыдыр бирдеменин бары-жогун биз жакшы билебиз го, кыскасы укук мамлекеттики, чөнтөк болсо мунуку болуп атпайбы. Ревизордун баары эле жапатырмак мамлекет, темир жол дешсе темир жол эчак эле оңолуп кетпейт беле… Ошентип бул көрүнгөнгө опурулуп, жапырылып составды башынан, Мидинчесинен айтканда башкарма башынан жайлап келатат дегендей, «чистка» кылып, шашпай аң уулап келатып тээ ортолоп калганда өзүнүн бөрү туюму менен куйругуна бирөөлөр илээшкенин, атургай шыйрагы колу менен кошо саналуу убакыттардан соң темир капканга чабылаарын илгиртпей туюп, жону муздап кеткен окшобойбу, жыйган акчасын бир калтага бүт оодарып (бир жерине күч келбесе ошентмек беле) анысын кыйылып туруп бир вагондогу мусур челекке тыга салат экен. Чын эле составдын аркы башында муну ана келатат, мына келатат, кармайбыз, буюрса, жонунан кайыш тилебиз дешип кол ушалап, аңдып күтүп тургандар, карааны көрүнөөр менен жамырап, жабырай чуркап барып баса калышат. Тинтип көрүшүп чөнтөктөрү, папкеси периштеникинен бетер таза чыкканына күбө болгондор шаабайлары сууп, анжияндык өзбек айткандай, дарбыздары колтугунан томолонуп, жашоонун бир керемет кызыгын ооздон жулдургандай орду ордуларында селейип калышат.

Муну түшүнө койгон карт кашабаң ии эмне болду, эмне таптыңар дегенчелик табалап түйшүктөн арылган азат башын ого бетер өйдө көтөрөт да эми тургула жолдон деп туруп кайкая басып поюздан түшүп кетет. Болгону ушул. Саман күйүптүр дегенди Самаркан күйүп кетиптир деп түшүнгөн лапчылар муну дароо көбүртүп- жабыртып өзүлөрүнүн каналдары аркылуу Бишкекке, резервге дүңк дедиртип, алиги кеңкелестердин тойлоп жибергени да ошондон.

Тиги ревизор ошентип жанын арачалап кутулуп кеткен соң ал алиги акчасын ыргыткан вагондун проводниги «Кызыл өрүктү» кыңылдап ырдап шыпыргысын кучактап демейде пистелет такаса да шыпырбаган вагонун кудаанын кудурети менен өзүнөн өзү эле шыпыргысы келип, чогулткан мусурун жанагы акча жаткан челекке салып, анан аны эки вагондун кошулган жериндеги көпүрөчөнү көтөрүп туруп күр эткире төгүп жибергиси келип эле туруп алат окшобойбу.

Мусур чакада кудай тааланын жүз жылда бир жиберген шыбагасы аны күтүп жатканы үч уктаса да түшүнө кирбеген шордуу проводник аны шак ала коюбеле төккөнү көтөрүп баратып, ичинен агарган нерсеге кокус эле көзү түшүп калат окшойт. Сүлгүнү же жаздык капты бирөө ыргыткан болбосун деп чубап чыгып караса ичи толтура акча салынган жаздыктын кабы экен. Мындайды күтпөгөн байкуш алаңдап апкаарып, деми кыстыгып өзүн жоготот, чала-була келме да келтирип жибергендей болот. Анан эсине келе калып демейде буту менен гана тээп өтчү челекти бооруна кысып өпкүлөп, жалынып тобо келтирет. Акчаны койнуна катып таңып, эсине келгенден кийин рейске андан ары баргысы келбей кыйшаңдап баштабайбы, Луговойдон эле эптеп түшүп калсам экен деп тилейт. Мунун бактысына жол шериги аңкылдаган бейжай айым калсаң калчы, өңүң да начар, ооруп турат окшойсуң деп ичинен кым этет. Анча-мынча болбогон «отметканы» колуна карматып, калган узун жолдун пайдасын жалгыз өзү көрөөрүнө жетиналбай бат түшүрүп жиберип эшикти жапканча шашат. Олчойгон акча белинде таңылуу берки болсо милийсанын карааны чалдыга калбаса экен деп коңулдан коңулга качып, бир машине жалдаса казак шопур анын өң келбетин карап турубэле бармаймын, анау өлкөн трассага чыксаң кетип каласың, жаки үч жүз сом берсең ойлонуп көрөйүн деп мукактанып калат. Мырза жигитти сараңдыгы өлтүрөт дегендей оңой олжого туйтунуп турса да, ошерден шыр отуруп кете бербей кой трассага таштап кой, деп трассага кетет.

*     *     *

Свердловскиден чыгып Шадринскиге келсек, вагонго жыйырма чакты солдат отурду. Петухового чейин барып, андан ары Актюбинскпи же Петропавловски аркылуубу Чеченстанга кетишет экен. Теңи кызуу, теңи соо. Соолору «молодойлор» окшойт, аптаматын кучактап, шүмшүйүп отурушат, көздөрүндө эртең эмне болобуз деген коркуу бар. Кызуу командирлер буларды күпүлдөтө сөгүп, каарып, согушка эмей эле курортко бараткансып өзүлөрүнчө чечекейлери чеч. Кыязы алар мурда Чеченстанда ок аралап, дары жыттап келген немелер окшойт. Жүргүнчү орус аялдар «молодойлорду» аяшып, чай, таттуу-паттуу, токоч беришип, көңүлдөрүн улап атышты. Тиги боз балдар да аларга энекелериндей эркелеп, үйүр ала түшүштү. Ошентип өзүлөрүнчө күжүлдөшүп атышканда бир «старик» тура калып аларды ашата сөгүп, эчтемеден эчтеме жогеле баарын тапыратып тамбурга айдап чыкты. Ошоерде көпкө чейин отурушту шордуулар. Беркилер болсо арактан дембе-дем ичип атышты, бирок менин таң калганым, суу ичип жаткансып көздөрү сопсоо, муздак. Куралдарын баарын бир жерге чогултуп коюшкан. Ичкиликти көтаралбаган бирөө-экөөсү гана оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып атышты. Акырында алар кусуп-чычып жатып калышты.

*     *     *

Бул аскерлердин командири, өзүн Леха деп тааныштырган капитан биздин служебкага баш багып, гитара чертип отурду. Чеченстанга үчүнчү жолу баратканым ушул дейт. Эмне болсо да өлүмдү көрүп билген, түшүнүгү, адамкерчилиги мыкты жигит экен, төрт-беш курдай жарадар болгону да бар, кайсыл бир чоң генералдарды ашата сөгүп олтурат, биз төбөбүз менен жер казып, каныбызды төгүп аткан бул урушта эч бир майнап, маани жок, алар болсо (генералдар) акча жасамай менен алек дейт. Колумда го куралым бар, эгер маңдайларына жетчү болсом эки-үчөөнү чекеге атып туруп алар менен өзүм кошо жатмакмын дейт. Жигиттер, силердин ишиңер жыргал экен, элди салып алып ары-бери ташып коесуңар, ичкениңер арак, ойногонуңар карта, эрмегиңер вагон толтура чүрөктөр. Анан силерде эмненин кайгысы, мен болсо солдатмын. Родина кайда десе кете бермей, ишим оор. Үй-бүлөм алыста калды, эми ушу үчүнчү жолку сапарга жанды оозго тиштеп кетип баратам. Кайсы бир жиниккен чечендин огунан аман калсам аман-соо кайтаармын, жок, андай буюрбаса сөөк-сөпөтүм темир сандыкта үйгө кайтат. Ошондой жигиттер, эми куйгула дагы жүздөн, мобул арагыңар, «Карабалта» дейби, башка тээп кетти, шумдук, накта таза арак экен, артыкбаш бөтөлкө болсо кайрылышпайсыңарбы, бекер эмес, акчасын деле берем. Силер өз кишилерсиңер да, Кыргызстанды жакшы билем, Фрунзенин Коммунаров деген көчөсүндө таежем жашайт, азыр деле ошоерде, мен анда далай жолу болгом. Элиңер сонун, үйдө жүргөндөй эле жүрөсүң, деги кыргыздар кең пейил калксыңар. Өзбек, тажиктерге такыр окшобойсуңар.

Ошентип бакылдап отуруп кызып да калды. Биз го жумуш үстүндөбүз деп көп ичпедик. Гитараны кыңгыратып ырдап отурсак эки-үч милийса кирип келип чокчоңдой баштады. «Где документы, почему пьем» тиги бу деп өзүлөрүн «көрсөтүп» турушат. Сержанттар кадимки эле. Леха ызырынып каны кайнап кетти окшойт, орустун «жакшы» сөздөрүнөн тандап туруп ачык эле беттерине сөгүп-сөгүп, үч тамгага жакшылап туруп айдап таштады. Биз турабыз биякта ичибизден курсант болуп, чала силерге, ушуну укмаксыңар дейбиз. Военныйлар менен милийсанын ит-мышык экенин мурда уксам да эми даана көрдүм. Милийсалар да ардана түштү шекилди, “азыр сени поюздан түшүрүп калабыз, урматтуу аскер жолдош, даярдан” дешти Лехага. Мындайды уккан Леха: “Анда Чечняга менин ордума сен, көпкөн мусур барасың, азыр кечирим сура, да көзгө көрүнбөй жогол, экөөңдү тең атып салалекте” деп кыйкырып-өкүрүп кое берди эле тияктан эки-үч жолдош офицерлери жетип келишти. Иштин жайын түшүнүшкөн соң алар да эки милийсаны шыпырылта сөгүп, бирөөсүн түртүп да жиберишти. Ортого алып сөгүп атышат, сөгүп атышат, эмне деген гана сөздөрдү айтышпады. Акырында айласы кеткен экөөнүн бири: “Мужиктер, болдугулачы эми, бизден кетип калыптыр, кечирип койгула, эй проводниктер, бир бөтөлкө ачкыла, биз элдешкенибиз үчүн ичели да кете берели” деп калышса, Леха: “Силер эмне буларды грузить этип атасыңар, өзүңөр апкелгиле бөтөлкөңөрдү” деп көшөрүп туруп алды. Бирөөсү: “Бул “караларды” аяй турган эмне жөнүң бар эле, бир шишеден өлүп кетишпейт” дейт. Анда Леха: “Силердин бөтөлкөңөргө да, өзүңөргө да түкүрдүм, деги кеткилечи көзгө көрүнбөй!” деп, экөөнү тең айдап жолго салды.

Оңой кутулган экөө зыпылдаган бойдон биринен бири озуп жолдоруна түшүштү. Ошо бойдон эртеси кечинде Петухового жеткенче Леха биз менен бирге болуп, келген милийсаларды өзү эле “тейлеп” келди. Түшүп баратканда кадимки жакын туугандардай коштоштук. Ресторандан 5-6 бөтөлкө бир литрлик “Карабалтадан” алып баштыгына салып бердик, сүйүнүп жүрөт. Перронго түшүп командасын тизди да, бизге кол булгап коюп ээрчитип кетти. Биз эми бир түндү ашсак таң эртеден Петропавловскиге жетебиз, андан ары өзүбүздүн Азия…

*     *     *

Баса, кайсы бир бекеттен бир орус вагонго гүлчамбар арткан. Кадимки эле жаңы киши коюлган көрдүн үстүнө жапкан гүлчамбарчы. Бизнеси ошо имиш. Бир бошураак купеге жыйнап койгонбуз. Билети бар эки киши келди эле, гүлчамбарларды көрүп чалкасынан кетишти, көрдө жаткансыбай, нормально адамча кетели, гүлүңөрдү жоготкула деп чыр салышты. Эптеп башка орун таап жайгаштырдык. Түндө кайсы бир майда бекеттердин биринен аялы менен күйөөсү отурушту билеттери менен. Булардыкы башка орун эле бирок аны башкаларга берип койгон элек, экөөн жанагы гүлү бар купеге кийирип койдук. Бир маалда он беш мүнөт өтүп өтпөй өңү дубалдай купкуу болгон экөө үстүбүзгө кирип келишти. Бир нерседен катуу коркуп алгандай түрлөрү бар. «В том купе покойник же лежит! Как вы могли нас поместить туда?!» деп чырылдап ийишти. Өлүгү жок эле деп чуркап жетип ачып карасак гүлчамбарлардын астында биздин помощник Кудайберген коңурук тартып уктап атат. Тигилердин көзүнө өлүктөй көрүнүп кетсе керек, чын эле чалкасынан түшүп эки колун төшүнө кайчылаштыра жатып алыптыр, ким билет, бу Кудайберген жеткен шум неме, балким эч ким жолтоо болбосун деп атайы ошентип жатып алганбы… Бул ойрондун өзү Чунун казагы, жашы 55-56ларга келген. Үй-бүлөсү деле жок окшойт. Артында ондогон түрмө жылдар, уурулук, кыскасы өткөн өмүрү бир топ караңгы адам. Өзү кичинекей арык болсо да каруулуу, колу шилби таяктай катуу неме. Өткөн рейсте Чуда турсак эки казак жигит өлө мас, келип аркы-беркини айтып мээни чагыбатышкан. Биз аларга теңелбейличи деп турабыз. Акырын «барзеть» эте башташты, «бир жарты койбойсуңарбы браттар?!» дешип асыла бергенинен булардан кантип кутулсак экен деп атканбыз: бир маалда Кудайберген поездден секирип түшө калды да «тез куруңдар биерден» деди. Аны көрө коюп эле беркилер өчө түштү, кайрылып кетип да калмак беле, Кудайберген берки куркуйган узун бойлуусун карс дедире тумшукка сүзүп чалкасынан түшүрдү. Кантип сүзүп ийгенин өзүбүз да билбей калдык. Ошондон кийин Кудайбергенди чыны сыйлап калдык.

*     *     *

Поюз турмуш канткен менен адамдардын жүрүш-турушуна, психологиясына, кулк мүнөзүнө өзүнүн кандайдыр бир эн тамгасын түшүрөт окшойт, пенде табияты кандай болбосун, акырындык менен ошого жараша ыктап, өзгөрүп, ылайыкташып кете берет шекилди. Албетте, биерде бири-бирине зыңгырап, сылык-сыпаа маданияттуу сүйлөгөн адамдар жокко эсе. Кандай маселе болбосун шарт-шурт, көп учурларда орой жана катаал ыкмалар менен чечилет, мүлайим сүйлөгөнгө, каада кармаганга биерде дээрлик орун да, каалоо да жок. Айрыкча поюздан жылдап түшпөй көр оокат менен алпурушкан аялдар ургаачынын табият ыроологон назик, жумшактыгын, боорукерлигин бир түйүнчөккө түйүп эчак ыргытып жиберишкендей туюлат. Же эркек эмес же аял сыягы жок бул жандар өкүртө арак ичип, күркүрөтө тамеки тартып сүйлөгөндөрү жалаң «через мат», айткандары орой, туздуу тамаша болуп, иши кылса өзүнчө эле жаңы сорттогу пендегибриддер.

*     *     *

Жалаң кусалыктан, сагынычтан жаралгансыган казактын учу кыйыры жок талааларын аралап арылдаган поюз учуп баратыры. Вагондун ичи тып-тынч, андан мындан кобураган үндөр чыгат. Биздин «служебкада» бир колунан кишенделип, үстүңкү орундуктун темир туткасына аса байланган килейген орус киши келатат. Муну Россиянын эки милийсасы коштоп алган, кейпи Казакстандын бир жеринен кармап эми өзүлөрү жакка алып баратат окшойт да. Адеп бекеттен чыгышканда жанынан карыш жылбай отурган сакчы жигиттер акырындап тажашты окшойт, бизге тапшырып коюп ресторан жакка кетишкен. Ичип отурушса керек. Кетип баратышып «Михалыч, не дури, смотри» деп кетишкен. Унчукпай келатат. Болгону кыпкызыл чифир чай ичип, тамеки тартып коет. Көп сүйлөбөйт. Бул шордуу эмне кылмыш жасаганын ким билет, өзү да бир топ жашка барып калган неме экен, жүндүү колдорундагы чегилген көгала-кара сүрөт татуировкаларга караганда далай жылдарын түрмөдөн өткөргөн адам сыягы. Бир маалда “жигиттер, жаман көрбөсөңөр, жүз грамм куюп бересиңерби?”– деп өтүнүп калды. Жүз эмес, кырдуу стаканга толтуруп эки жүздү сундук, дем албай уруп жиберди да жакшылыгыңарга рахмат деп ыраазылык айтты. Мен болсо эми сүйлөп берет деп турам ичимде.

Улам баш багып кире калган казак милийсаларга акшырая карап отурду, караганда да тике качыра, кадала карайт экен, тигилер жалтактап көздөрүн ала качып жатышты. А берки, мунун сакчыларынан болсо дайын жок. Кичине ичке арак киргени жанданып сүйлөп отурду. Ошентип атсак бир челнок кыргыз жигит чала кызуу экен, кирип алып бабырап өзүн көрсөтүп, жаргон менен оозуна келгенди оттоп отуруп албаспы. Тиги карышкыр болсо угуп турду да «братишка, ты че, зону топтал? Сколько ходков имеешь?» деп сурап калды. «Ходкам жок, мен просто паняткам бар» дейт берки. «Аякты көрбөгөн соң жөн эле сүйлөй бергениң дурус эмес» деди орус сыпайы.

*     *     *

Челнок жигит болсо «мужик» экенин, илибой катылгандын «канын ичип» коеорун, кайсы бир жылы Кокон базарда самсы тиштеп турса экөө келип «наезд» кылганын, экөөн эки жакка ыргыта коюп, милийсага кармалбай качып кеткенин, бир шише аракты кулкунга бир эле куюп жиберээрин, пул деген калтасында «море» экенин, иши кылып ар бир сөз менен айтканда, кай жерде болбосун «отвечала» болгонго жараарын айтып күпүлдөп, жаагы басылбайт. Эми ушу жерден угуп отурсаң өзүнчө кызык көрүнүш да. Өмүр бою зонадан зоналап колу-буту кишенден чыкпаган адам менен аякты өзү көрелек, бирок ошоякка барганга талапкер болгонго дилгир адам минтип камерада эмес, кадимки эле поюздун купесинде, эл арасында, бири суру бузулуп, айласыз тыңшаса, бири эч кимге кеп бербей күпүлдөп атты. Таптакыр башка эки дүйнөнүн өкүлү тымызын тирешип, көз оту менен кагылышып биринин көз карашында «кокус непадам зонага, колума түшүп калсаң барбы, сендейдин белин түпкүчтөй ийип, алдыкы былжыраган оозуңду как желкеңе чейин жыраар элем» деген жек көрүү турса, бирөөндө «мен деле кыйынмын, мен деле аны-муну көрдүм, сен наручник менен отурганыңа корстон болбо» деген алабарман аңкоолук, каны кызуулук турду. Бул апаат кагылыштын ортосунда туруп мен өзүмчө далай нерселерди көңүлдөн сыдырып түшүнгөнгө үлгүрдүм. Орус менттер Михалыч деп ызаат көрсөтө тергеп коштоп алып келаткан бул адам азыр эле эки жүздү оозуна оодарса да бапылдабай, бажырабай аз-аздан сыпайы сөз кошуп отурду. Мен өзүмчө окугандарымды, уккандарымды эстедим, зона дегенде ар кандай былжыр кеп катуу жазаланат, аякта деген тишиң тилиңе күбө, кымындай туура эмес сөз оозуңдан учуп кеттиби, анан анын азабын тартаар накта кулга айланат экенсиң. Мен зонаны дурус билем деген берки келесоо мындай жөнөкөй нерседен кабардар эмес экени көрүнүп эле турду. Ооз деген дарбаза сыяктуу эскилердин сөзү куп ушундайларга айтылган окшобойбу, тынбай шалпылдай бергенинен тажап кеттиби, айтор зэк бир маалда: «браток, хорошо поговорили, а теперь иди к себе, отдыхай, но помни, ты меня не видел, я тебя» деп калды.

*     *     *

Кеткени аткан, бир маалда «эй браттар, момуну качырып ийип сообуна калбайлыбы?» дебеспи! «Ай жигит, кой айнанайын тамашаңды. Балекет баштабай жөн кет, сен буга жоопкер эмессиң, мына бизге тапшырган, анда эле өлбөйбүзбү биз?» – десем да болбойт, наручниктин тешигине зым тыгып ачкан жүрөт. Айла кеткенде токтотуш керек болду муну. Мурат артынан барып мойнунан тумчуктура кармап кысып коридорго сүйрөп чыкты эле экөө кармаша кетти. Дал ошо маалда кудай жалгап сакчылар жетип келсе болобу. Алар эчтемеге түшүнгөн жок, түз эле купеге кирип «ну как Михалыч, едешь?» деп сурашып жанына отура кетишти.

Мен сырттагыларды арачалап алиги келесооону кубалап ийдим.

*     *     *

Свердловскийден рейстен келдик. Саатыңар жетпейт деген шылтоо менен Сибирге, Новокузнецкиге жөнөтүштү. Ит чыдагыс суук, оор жолго чыгып эле жүрөбүз дечи, бирок Сибирь деген атынан эле жүрөк түшөт экен. Анткен менен жолу тынч, туш-туштан жорудай поюзду тытмалаган итибай-чотубайлар аз. Былтыр жайында Красноярскиге бир жолу барып келгенбиз. Красноярск сезондук каттам, 3-4 ай жүрөт да токтойт. Биз ошо жаңы эле жүрө баштаган экинчи рейске чыктык. Вагондо болгон жүргүнчүлөр – напарнигим Тимур экөөбүз гана, башка жан жок. Кыскасы, ээн вагондо футбол ойноп коюп кетип баратабыз. Кошуна вагондо Жорик дос баратат. Өзү шаардын үстүндөгү тоо таянган айылдардын биринен болот. Карта чабышмайдын атасы. 7-8 сутке дың дебей ойноп отура берет, баарын унутат, тамакты да, жумушту да, жадаса туалетке да барбай коет. Муну көптөр тоотпой, ойной коем деп мамасын магадандан көрүшкөн, шымы жок калышкан. Жорик дос кебетеси серт, күйгөн жыгачтай капкара шири арык, чым деп үзүп алаар эти жок, айрыкча түнчүндө бет маңдай чыга калса илибой киши бир мертебеликке жүрөгү шуу этээр адам болгону менен өзү дурус эле бир кыргызчалык жигит. Типичный кыргыз деп койсо болот. Ошо Жорик дос картага татыктуу компания таппай, күчүн арактан чыгарып келатат. Анын вагону да аңгырап бош. Магнитофонду каңкылдата коюп алган. Анысы Бек Борбиевдин «Жегениң шокалад, өзүңө жарашат» деген ыры экен, Бишкектен чыккандан бери тынбай айландыра берип кулак-мээни таптакыр жеп бүтүрдү.

*     *     *

Ширекайф Жорик достун айтымында бул ыр анын кайда бир калган окуучулук күндөрүн эске салып, жан дүйнөсүн оодар-теңтер түшүрөт имиш, ичи эңшерилип, эзилип көзүнө жаш толо калган жерлери да бар дейт алиги ырдын.

Жорик жаш кезде азыркыдай жайнаган шакалат болбоптур, «Сникерс»,  «Марс»,  «Твикстер» уктаса да түшүнө кирген эмес. Жорик элден кем калбай тогузунчу класста бир кызды жандап, ашыглык сезимин билдирип иттин тырмагындай почерки менен кайра-кайра кат жөнөтүп атып, эптеп кыздын жүрөгүн жибитиптир да… Экөөсү айылдан автобуска отуруп, ээндешип келип, азыркы Ош базар турган (анда Аларча базарчасы экен) жерден свидание кылышчу тура. Жорик үч сомдун көзүнө карабай кызды морожный менен айда шыкап, өзү болсо дааратканага барымыш болуп, улам бери чыгып «яблочный» винодон согуп коем дейт. Ошентип, таттуу сүйүшкөн кызы Жорик армияга кетээри менен эле башканын бактысына буюруп, турмушка чыгып кете берет экен. Жорик болсо муну угуп чексиз кайгыга батып, өңүнөн аза арыктаптыр, жашоо караңгы болуп, баардык нерсенин баары кызыгын жоготуптур. Сүйгөнүмсүз эми жашоо мага кереги жок деп чечкен Жорик түнчүндө казармадан безип качып чыгып, хоздворго келет экен, «Шипр» одеколондун шишесин кулкулдата жартысын уруп жиберген соң, мойнуна илгичин ороп бир учун эми шыптагы крючокко байлап атса, жанатан бери артынан аңдып келип байкап турган дежурный час – өзүнүн старшинасы шап кармап алыптыр:

«Отставить, рядовой Чилпакпаев!» десе Жорик селт эте түшүп: «Товарищ ыстаршина, мне пипец, я конес» деп өңгүрөп ыйлап кое бериптир. «Че случилось, кто то из родных умер что ли?» десе Жорик «да, да мой либовь умер» дейт имиш токтоналбай эчкирип. «Аа, любимая девушка умерла? Ну тогда понятно. Болела что ли?» деп Жорикти аяп, мойнунан илгичти чечип алып, бери жакка ээрчитип келип казармага кийирип коюп кетет. Дневальныйга да эскертип коет «тигиге сак бол» деп. Жорик кирпик какпай улам курилкага барып, күчүн чылымдан чыгарат. Жашоо бүткөндөй сезилет, өзүн коеорго жер таппайт, кайтып кирет да чөнтөгүндө жанагы атырдын жартысы калганын көрө коюп, дароо калганын бүт согот, «сүйгөн кызымсыз жашоо курсун» дегенин кайра баштап, дневальныйдын мээсин ачытат. Эртеси күнү таңкы разводдо катардагы жоокер Чылпакпаевдин аты чыкпай ротный кымгуут салат. Тапкыла деген буйрук болот. Хоздворду үч көтөрүп аңтарышат, Жорик жок. Баарынан да жүрөгү түшкөн старшина буту бутуна тийбей жүгүрүп, дневальныйды соо жерин калтырбай ашатып сөгө алдына салып кубалап алат, тапкының деп. Чердактар-хозбокстор баары тинтилип бүткөн соң бөлүктүн сыртына чыгышып, Жорикти жакын эле жердеги бир дубалдын түбүндө коңурукту кош тартып уктап аткан жеринен табышат.

Ошентип, сүйүүсү менен кош айтышкан Жорик үчүн Бектин ушул ыры өзгөчө жакын имиш. Кайра-кайра артка түрүп дем алдырбай коюп келатканынын себеби ошо окшобойбу.

Эсимде, ошондо Красноярскиге жеткен соң Жорик дос «жүргүлө, Енисейдин жээгине барып келели» деп туруп алды. Жолдогу кафеден тамак ичип, беркиден да дурустап бастырып, бирди чөнтөккө салып, үчөөбүз Енисейдин жээгине жеттик. Аяктан дагы ичип отурдук. Кызуу болуп калганда Жориктин биз мурда байкабаган, шектенип да койбогон патриоттук сезими капилеттен ойгонуп «кайран ата-бабалар кечкен ыйык дарыям Энесай!» деп үнү каргылдана кийим-сийими менен өзүн мелмилдеген чоң дайрага урса болобу!.. «Ак кеме» деген кинону бу да чала-була көргөн окшойт, кызыталак… Агып кетип чөгүп өлөбү деп бизде жан жок. Шапа-шупа жээкке сүйрөп чыксак да болбойт дарыяга жулунуп. «Бергилечи, Энесайдын ыйык суусун бетиме сүртөйүн» деп делбеленип алыптыр. Миша өзүбек болсо, аны сөгүп-сагып «Э, таза ыраспа экансан го онайни искай» десе да болбойт «сен өзбек муну түшүнбөйсүң эч качан!» деп.

Суу жээгинде үчөөбүз жулмалашып алышып атсак бир милийса орус келип калды. «Че за шум, документы!» дейт. Жорик болсо чимкириги куюлуп, ыйлап алган. «Э брат милиционер, вот мой река Энесай, мой Родина (Краснояр) Кызылжар, панимаешь брат?» дейт. Милийса болсо «ты че козел, пить надо меньше, я тебе шас… » деп туруп анан каткырып күлүп жиберди да, «да ну вас к черту» дебалып кетип калды. Андан биртике соолугуп, токой аралап поюзга келатсак бадал ичинен «сен көтөр, мен көтөр» деген үндөр угулуп, акырын баш баксак, төрт мас кыргыз бакылдаша карта чабышып атыптыр. Аларды, картаны көргөн Жорик резкий өзүнө келе түштү да «келе болгон тыйыныңарды мен ойнойм» деди шак эле. Биз жанында көпкө турдук. Бир саатка жетпей Жорик жанагылардын тыйынын бүт шыпырып, экинчи ойногус кылды окшойт, бозоргон бойдон ордуларынан туруп баратышып: «эми жеңгениңди майлап, чотур таштап койсоң боло брат» деп жалдырашып калышты. Жорик бир шишеге акча таштады да андан ары поюзду көздөй кете бердик.

*     *     *

Сибирден (Новокузнецкиден) кайра тартып Барнаулдан бери эңкейгенделе Топчиха деген кичинекей бекеттен биздин вагонго бир орус чал отурду. Вагон ээн болгондуктан сүйлөшөөргө киши жок эригип келаткам. Абышка көп сүйлөбөгөн адам окшойт, терезени карап тунжураган бойдон келатат.

– Отец ты че такой хмурый, далеко едешь то? – десем, Семипалатинскиге кызыныкына коноктоп баратканын айтып келип, бир маалда баштыгынан бир шише арак сууруп чыгып үстөлгө койду:

– Давай по стопке тяпнем, холодновато у вас в вагоне.

Аркы-беркини сүйлөшүп аз-аздан ичип отурдук. Бир маалда «азыр пенсияда окшойсуз, мурда эмне жумуш кылчу элеңиз?» деп сурап калсам, кайсы бир түрмөдө лагердин начальниги, анан мындан тышкары дагы бир жумушу болгонун, бирок аны өз убагында саналуу гана адамдар билгенин, эми далай жыл өтсө да, ошол экинчи жумушунун азабын тартып келатканын сүйлөп отурду. Жүз-жүздөн дагы куюп, байкатпай жабыша баштадым, анткени маңдайымда жөн эле бир карапайым абышка эмес, сырдуу да, сүрдүү да адам отурганын туюп аттым.

*     *     *

«Кел, адегенде алып жиберели да кобурашса кобурашып отуралы, анүстүнө менде жатып эс алгыдай уйку деле жок, сен болсо жакшы жигит көрүнөсүң, улутуң ким?» деп калды. Кыргызмын десем «аа, из Фрунзе значит? Зеков у нас было много из ваших краев» дейт. Лагердин начальниги болгон кыйынбы десем, «жумуштай эле жумуш болчу, жана экинчи ишим дебатпайымбы, азаптын азабын ошондон көрдүм, али күнгө чейин түшүмөн кетпей жүрөт, кээ бир убактарда өзүмдү коеорго жер таппай кетем, эми өлөр өлгөнчө ушинтип өтөт окшойм» деди. Мынчалык табышмактаткыдай эмне жумуш болду экен деп, жаңы эле сурайын деп баратканда өзү «хочешь расскажу» деп калды. Унчукпай баш ийкеп, оозун карап калдым.

– Я был еще и палачом…

«Как палачом?» деп шашып сурап ийсем, «атууга өкүм кылынгандарды атчумун, ошону палач деп коет уктуң беле?» дейт. Жүрөгүм шуу деди, сопсоо боло түштүм. Туй энең, бу накта жаналгыч турбайбы деп жанынан тура качкым келди, кер сары тарткан иреңинен кадимкидей муздак илеп жаба уруп өткөндөй болуп кетти. Өңүм өзгөрүлө түшкөнүн байкадыбы «да ты не бойся, вижу что неприятно тебе, все это уже в прошлом, сейчас я обыкновенный старик, да и пистолета у меня нет, давай еще по пятьдесять а?» дейт. Коркуп кеттим деп деле айтпайм, болгону ушу чүтүрөйгөн абышка өз убагында далайларды чекесине ок кадап туруп, Алла тааланын астына айдап турчу кудуреттүү, коркунучтуу желдет болгону эч бир мээме сыйбай турду.

– «Смертниктерди» мага чейин бир старшина атып жүргөн экен, – дейт Гавриил Николаевич. Жыйырма жети жаштагы ошол старшина эки-үч жылдын ичинде эле керсейип көөп, өзүн кудай тааланын пендени жазалоочу оң колундай сезип, керек болсо түрмөнүн начальнигин көзгө илбей да, саламга да келбей койгон имиш. Көп иччү дейт, кызып калган учурларда старшина сөз бербей бажылдап, өлүмгө өкүм кылынган шордуулар тапанчанын оозунда турган акыркы ирмеминде эмне сүйлөп, эмне койгонун айтып өзүнчө маашырланып калчу экен. Бир жолу старшина эч бир себепсиз эле (өтө кызуу сыягы) тапанчасын кынынан сууруй калып, лагердин кароол дөбөсүнүн (вышканын) төбөсүндө айланып учуп жүргөн каргаларды аткылап кириптир. Кийин «бул эмне кылганың?» дешсе «каргалар менин көзүмө баягы атылгандардын арбагы болуп көрүндү, алар мени кубалап жүрүшкөндөй сезилди, ошончүн аткыладым» дептир. Чынындале мээси «кыйшайып» баратса керек, жумуштан алып салышыптыр да, ордуна ушул Гавриил Николаевич келиптир. Желдет жөнүндө саналуу гана адамдар билип, алардын баары тең мамлекеттик сырды купуя сактоого тилкат жазып беришчү тура.

«Кишини аткан жаман эле иш болсо керек, көналбай жүрдүңбү же, кадимкидей эле ит аткандай атып баштадыңбы? – десем, «башында кыйын болду, анан бара-бара өз ыкмамды иштеп чыктым, ошондон кийин гана кыйналбай калдым. Мен адегенде атыла турган адамдын кылмыш ишин абдан шашпай окуп чыкчу болдум. Анын жасаган кылмыштарынын канчалык оор экенин окуган сайын, алдыдагы жазага өзүңөн өзүң психологиялык жактан даяр болосуң, боор ооруу деген сезим таптакыр жоголот. Мындай макулуктун жер бетинде жашап жүргөнгө татыксыз экенин алдын ала эле өзүңчө чечип коесуң. Мындай адамдардан жер бетин тазалаганга салым кошуп жатканыңды түшүнүп, кайсыл бир даражада аткара турган жазадан канааттануу да алгандай сезилип кетет. Андайбы демек, жазага тартуунун учуру келгенде тапанча кармаган колуң титиребейт. Мен болгону атууга өкүм кылынган адамды жазага тартаардан мурун эч кимге байкатпай туруп, жүз граммды согуп алчумун. Андан аркысы көз ачып жумганча иш эле, – дейт желдет абышка.

*     *     *

Поюз үстүндө, кыргыз поюзунун шалдыраган, кыйчылдаган, кылдыраган дөңгөлөгү үстүндөгү өмүрүм өтүп жатат. Жан дүйнөмө чоочун, көңүлүм сүйбөгөн адамдар менен аргасыздан ымалалаш болуп, көрүнгөн акмак менен акмак болуп, көрүнгөн зөөкүр менен кошо зөөкүр болуп, афирис шылуундарга афирис болуп, далай жакшы, таза дил адамдардын көңүлүн аргасыздан, айласыздан калтырып, аным үчүн кийин көп күндөр-түндөр кудайдан кечирим сураган, жалаң теңге, рубль, доллар, сом эсептеген, бирок аларың колдун жуулган кириндей бат эле сени таштап ревизорлордун, милийсалардын, рэкеттердин, кырса кырылгыс текшерүүчүлөрдүн чөнтөгүнө көчүп өткөн; кээде тура калып шамал менен ай талаада шарактай, жарыша учкан поюздун чоң каалгасын ачып жиберип, сыртка секирип кетүүгө нечен жолу кайыл болгон, айры бут, жумур баш пенделердин чексиз ыпыластыгын, айласыз пастыгын, көк чалган улуулугун, бийиктигин ичине батырган, күлкүсүнөн көрө өксүгү көп ушул көк поюз үстүндөгү өмүрдүн бир тилкеси аяктап келатат.

Узун сапардан мурдуңан эшек куртуң куюлуп, бутуңду араң тарта шалдырап келесиң, бирок ичиңди жылытып турган бир гана нерсе –чөнтөгүңдө алыс жолдогу баш-аягы жок тономойлордон калган-каткан, үйгө деп арттырган биртике тыйының болот, андайбы, демек балдарың ток болот, топук кылганың ошол. Келибеле жыгыласың, өлдүм-талдым дейсиң… Бирок көзүңдү жумсаң эле кайрадан поюзда жүрөсүң, ызы-чуу, кокуйлаган, каткырган, ыйлаган, дарылдата ырдаган, сыздаган кыргыздардын жүздөрү, беттери көз алдыңда турганы турган. Жадаса жаныңда жаткан аялың да жүргүнчү болуп сезилет, түн бир оокумда ойгонуп тура калып үйүңдүн терезесин шак карайсың, кай бекетке келдик дегендей кылып, терезеге үңүлөсүң, милийсасы, ревизору кай коңулдан чыга калат болду экен дейсиң, ойгонуп кетип үф дейсиң, ошо бойдон уйкуң качат. Жолдон кылымдай созулуп өтпөгөн убакыт үйдө бат эле салаадан куюлган суудай бир ирмем менен агып өтөт да, кайра эле рейске чыкмай, узун жолдогу кайра эле баягы ызы-чуудан арылбаган ит турмушка аралашмай.

2001-жылдын жазында мен баарын жыйнап туруп, бир күнү темир жолдун кеңсесине бардым да, иштен кетүү туурасында арызымды жазып бердим. Сыртка чыгып ушунчалык бир жеңилденүүнү сезгеним эсимде ошол күнү. Ийнимден тоо кулагансып, көңүлүм ачылып, чайыттай ачык көктү, жапжашыл жазды, кызыл-тазыл адамдарды биринчи жолу көрүп аткансып, керемет ааламга жаңыдан көзүм ачылгансып, темир жолдун бекетке өткөн бийик көпүрөсүндө көпкө турганым эсимде. Жашоонун сулуулугун, поюзу жок деле турмуштун керемет экенин ошондо туйгам. Кетип баратып: «Кош темир жол, кыйын кезде турмушума арка бел болдуң, нан тапканга, балдарымды бакканга мүмкүнчүлүк бердиң. Сенин жакшылыгыңды өлөөр өлгөнчө унутпайм. Сенден кимдир бирөөлөр абдан бапырап байып кетишти, бирок андай байлык бизге окшогон карапайым темир жолчуларга буюрган жок, анысына да шүгүр, анткени арам акча баары бир күнү бир жерден болбосо, башка жерден чыгып кетет. Сенин мага берген байлыгың – мына ушул чыгарма болду, мындан ашкан байлыктын мага кереги деле жок…» – деп күбүрөнүп узап бараттым.

СОҢУ

2001-жыл, Бишкек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.