Коён жана тайган

Коён бир жолу түлкүгө мындай деди:

– Сен бизди кубалап баратканда эмнеге үрөсүң?  Үрбөй жүгүрсөң батыраак жетмексиң да. А сен үрүп жатып, бизди мергенчиге камап бересиң: сенин үнүң менен ал биздин астыбызды тороп атып алат, сага болсо эч нерсе артпайт, — десе, анда тайган мындай деп жооп бериптир:

– Мен атайылап сен айткан максатта үрбөйм, жөн гана сенин жытыңды сезгенде же жиним келгенин билбейм, же сүйүнгөнүмдү билбейм; айтор эмнеге экенин өзүм деле түшүнбөйм, иши кылса үрбөй коё албайм.

Арстан жана чычкан

Арстан уктап жаткан. Чычкан анын үстүнө чыгып ойноп жүрдү. Арстан ойгонуп, чычканды кармап алды. Чычкан жалына баштады:

— Сен мени коё берсең, бир күнү болбосо бир күнү керегиңе жарайм.

Арстан жылмайып, аны коё берди.

Анан бир күнү арстанды мергенчилер кармап алышты да, аркан менен арчындап бакка таңып салышты. Арстандын жанталашып күрүлдөгөн үнүн уккан чычкан жетип келип, тиштери менен арканды кырчып бошотту да мындай деди:

– Эсиңдеби, мен керегиңе жарайм десем теңиңе албай шылдыңдап күлдүң эле, мына эми көрдүңбү, – чоң жакшылыкты кичинекей чычкандан да күтсө болот.

Падыша жана бүркүт

Бир хан бүркүт салып жүргөн. Алдынан чыккан коёнго бүркүтүн агытып, артынан чаап жөнөдү. Бүркүт коёнду алды. Хан коёнду бүркүттүн чеңгээлинен алып, ичкенге суу издей баштады. Бир дөңсөөдөн булак тапты. Бирок булактын көзү бүтөлүп калгандыктан, ал эптеп сызылып чыгып, бир таштын үсүнөн ылдый тамчылап жатыптыр.

Хан канжыгасынан чөйчөгүн алып, тамчынын алдына койду. Чөйчөккө суу толуп, ичейин деп жаңы эле аны оозуна алпарганда, хандын колуна келип олтурган бүркүт канаттарын жайып, каккылап жибергенде суу төгүлүп калды. Хан чөйчөктү тамчынын астына коюп, кайрадан чыдамсыздык менен күтө баштады. Көптөн күткөн чөйчөк толуп, мына эми ичмекчи болгондо бүркүт канаттары менен чөйчөктү кайра аңтарды.

Суу чөйчөккө үчүнчү жолу толуп, бүркүт аны үчүнчү жолу төккөндө, ачуусу келген хан бүркүттү ташка чаап өлтүрүп салды. Аңгыча хандын кызматкерлери да келип калышты. Бир кызматкери суу бойлоп, терең жери болсо сузуп алмак болуп өйдө баскан. Ал бат эле бош чөйчөгү менен келип мындай деди:

– Бул суудан ичкенге болбойт: булакта уу жылан бар экен, анын уусу сууга тарап кетиптир. Бүркүт сууну төкпөсө эмдигиче өлүп калмак экенсиң.

Анда хан:

– Туура эмес иш болуптур, бүркүт менин өмүрүмдү сактап калды, ал эми мен аны өлтүрүп салдым, – дептир башын койгулап.

Мурас бөлүшүү

Бир адамдын эки уулу болуптур. Ал ичер суусу түгөнүп, бул жалган дүйнөдөн өтөрүнө көзү жеткенде уулдарын чакырып:

– Менден калган оокатты экөөң тең бөлүп алгыла, – дейт да, экинчи келбес сапарына аттанат.

Атасын жайына коюп келген соң балдары атасынан калган оокатты бөлүшө албай, аягы чырга айланат. Акыры алар коңшусуна кайрылып кеңеш сурашат.

Кошунасы алардан:

– Атаңар эмне деди эле? – деп сурайт.

Алар:

– Тең бөлүшүп алгыла деген.

Анда кошунасы мындай кеңеш берет:

– Андай болсо, бардыгын тең экиге бөлгүлө. Көйнөктөрүн экиге бөлүп айыргыла, идиш-аякты сындырып экиге бөлгүлө, малды союп эки бөлүк кылгыла.

Бир туугандар ал айткандай кылышып, эч нерселери жок олтуруп калышыптыр.

Коёндор жана бакалар

Коёндор чогулуп, армандарын айтып жатышты:

– Адамы да, иттери да, бүркүтү да, башка жырткычтары да бардыгы бизди аңдып, баса калып өлтүргөнгө даяр… Күндө титиреп ким кол салат деп жүргөнчө баарыбыз чогулуп сууга чөгүп кетпейликпи!

Ошентип сүйлөшүп алышып, чөгүп өлгөнгө көлгө келишти. Коёндордун дабышын уккан бакалар сууга секире качышты. Анда бир коён мындай дептир:

– Токтогула, балдар! Карасаңар, бакалардын жашоосу биздикинен да оор окшойт: алар бизден коркуп, сууга кире качышты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.