Болот кызы Нурзат: Мен окуган “Саманчынын жолу”

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №8 дилбаян “Саманчынын жолу” повести 1963-жылы жарыкка чыккан. Залкар жазуучу Айтматов Чыңгыз атабыздын каардуу согуш жылдарын чагылдырган чыгармаларынын бири. Бул повестте Толгонай апа башкы каарман болуп, ал бир эле убакта эне, аял жана эл башы болгон. – Толгонай келдиңби? – Ооба, келдим жер эне. – Дагы жалгыз келдиңби? Балаңды ала келсең болмок. – Ооба өзүм келдим. Баламды ала келгенге батына албадым. – Ала келсең, экөөлөп чындыкты айтып, баарын болгондой түшүндүрмөкпүз. Эртели кечтир угулат. Айылда ачык […]

Залкар Назарматов: Туюк туюм

ЭССЕ Адам деген өмүр бою өзүн өзү издеп жүрүп өтөт тура. Ал ансайын өзүнө өзү улам бир кырынан ачыла берет окшобойбу.  Ошол сыңары менде дагы ачылбай жаткан таланттар тургандыр деп ойлой кетем. Баарынан мурда оюма келген талант – бул, сүрөткерлик. Ооба, биротоло ачылбай, түбөлүк уктап калчудай болуп көөдөнүмдө катылып жаткан бул ышкынын бар же жок экенинен күмөн санап кетмейим бар. Анткен менен дилимде учкул ойдун канатында жүрүп дүйнөнүн нечен түрлүү кооздугун тарткандан такыр тажабайм. Көз кумарын кандырган ажайыпты чыпчыргасын коротпой […]

Атамбаевдин жек көрүүгө тукурган чагымчылдыгы жөнүндө сөз

Эл ичинде эмне кеп? 17-мартта Бишкекте акыйкаттык үчүн курман болгон, президент кезинде аларды оозанып эскерип койбогон Аксы элинин уулдарына А.Атамбаевдин куран окутканы, анан мусулманчылыктын ыйык салтын өзүн “пиарлаган” саясый аянтчага айландырып жибергени жай тириликке ык ала баштаган элдин арасында эки анжы ойду жаратты. А.Атамбаевдин калпты чындай урдурмай адатынан тажап жийиркенгендер кагып-силкели десе – курандын, арбактардын ыйыктыгын аттап кете албайт, айтпайын десе – анын ыймансыз жоругу, мыйзамдуу президентти, шайлоочуларды жана парламентти көз көрүнөө кордоп, аларды жек көрүүгө тукурган чагымчыл сөздөрү ансыз […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (4-макала)

<<<<< Башы Парламенттик шайлоо алдында таскагы таш жара, белгилүү-белдүү партияларды бучкактай келип, атургай алардан озуп кеткен “Өнүгүү прогресс” партиясынын өнүгүп кетишинин сыры эмнеде эле? Шайлоонун үгүт кербени кызуу жүрүп аткан кезде тааныш эже гезитин көтөрүп келгенинен окусам, көптөн күткөн өткөн чактагы этиштер: мынча үйдүн короосу жарыктандырылды, мынча жарык коюлду, мынча иш кылынды… Иш сөзгө караганда катуураак сүйлөйт демекчи, ушунча жылдан бери убаданын көбү сөз жүзүндө калып келгенгеби, партия лидери Бакыт Төрөбаев кылган иштери менен парламенттик шайлоо алдында оозго алынды. Агрардык […]

Ажар Раимова: Күн кызарып баткан болсо…

НЕГЕ? Ыр жазганга бирдей тамга иштетип, Бирдей  эле сөздү  алган акын бар. Бирдей саптар  жазса деле негедир Мыкты жана чабал болуп  акындар… Үй салууга бирдей камдап жыгач-таш, Бирдей  эле алынат кыш, такталар. Бирдей күчүн жумшаса  да негедир Чыгаан жана чоркок болот  усталар. Таң атарда бирдей эле ойгонуп, Кеч киргенде бирдей уктайт адамдар. Жеген наны, суусу бирдей болсо да Неге жакшы-жаман болот адамдар? АЛМАДАН УЛАМ… Мурда бактан алма уурдап жаш балдар, Коюнуна салып алып жешчү эле. Мулуңдашып, тапкандарын бөлүшүп, Үйлөрүнө  кубанычтуу  […]