<<<<< Башы

Парламенттик шайлоо алдында таскагы таш жара, белгилүү-белдүү партияларды бучкактай келип, атургай алардан озуп кеткен “Өнүгүү прогресс” партиясынын өнүгүп кетишинин сыры эмнеде эле?

Шайлоонун үгүт кербени кызуу жүрүп аткан кезде тааныш эже гезитин көтөрүп келгенинен окусам, көптөн күткөн өткөн чактагы этиштер: мынча үйдүн короосу жарыктандырылды, мынча жарык коюлду, мынча иш кылынды…

Иш сөзгө караганда катуураак сүйлөйт демекчи, ушунча жылдан бери убаданын көбү сөз жүзүндө калып келгенгеби, партия лидери Бакыт Төрөбаев кылган иштери менен парламенттик шайлоо алдында оозго алынды. Агрардык өлкө экенибизге маани берип, 60тан ашуун МТС ачканы – байкалбай, айтылбай калчу иш эмес эле. Аны дымагы күч саясатчылардын тобунан “минтебиз, антебиз” дебей, “минттик, анттик” дегени бөлүп көрсөтүп койду.

Алгачкы депутаттык тажрыйбасында анча таанылбаганы, кыязы жакшы иш болгон. Ошол себептүү экинчи төңкөрүштө «согуштун» аркы өйүзүндө болгону, мүмкүн кайрадан 5-чакырылышта депутат болуусуна көлөкө түшүрө албады окшойт. Баса, Бабановго тийиштүүсүн ыйгарып, айта кетүү керек, аны кайрадан саясат айдыңына Бабанов алып келген дешет. Анысы чын болсо, анын бул тандоосу жолдуу болду десек болот. Идиректүү жанга эки мөөнөттүк депутаттык тажрыйба өз жемишин берди. Төрөбаев өзүнчө партия түзүп, калдайган караанына бап келе, бакыйган саясатчы болуп чыга келди.

Текебаев жок жосун менен камалганы эл кулагын түрүп эле, саясаттын ар бир демин тыңшап калбады беле. Бул саясый куугунтук экени айдан ачык болуп турса да, көптөрү анык пикирин билдирбей, айланта сүйлөп, күн каякка тийсе ошол жакка оогонго ылайыкташып турду.

Ал эми Төрөбаев жигиттик кылып, оюн тайсалдабай, бийликтин чекилиги катары сыпаттап даана айтты. Атамбаев азуусун айга бүлөп, чамгарактап турганда да парламент трибунасынан орчундуу кебин айткан. “Бүгүнкү күндө Дача СУдагы кырсык боюнча ким жоопкерчилик тартты? Бүгүнкү күндө парламент бир маселе чече алабы? Өкмөткө таасир бере алабызбы? Бүгүнкү күндө биз, парламент, өзгөртүү жасай алабызбы? Көчөдө төңкөрүш, митинг, ж.у.с көйгөйлөр болбошу үчүн, чыңалууну парламентке алып келишибиз керек эле. Эгерде биз бул жерде саясый чечимдерди чыгара албасак, бул парламенттин анда кереги жок” деп, парламенттин эч дареметсиздигин көзгө сая белгилеген.

Атамбаевдин адаттагы алаңгазарлыгы менен “акесине болушуп…” деп сыпатталганы бул сөздөрүн ого бетер боёкко кандырып, Төрөбаевге дагы упай кошуп турду. Экс-ажонун узарып турган укуругунан айбыкпай, анын алешем да, арамзаа да иш-аракетин ашкерелегени, болуп жаткан саясый куугунтуктарга, бийликти сынга алган маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүлөргө тынчсызданарын билдирип, пикирин негиздүү маалымдап келгени Төрөбаевдин саясый аброюна албан эле салмак кошкон эле. Кайсы жерден тайыды?

Тактыга келсем деген дымак башка талапкерлер сыяктуу эле Төрөбаевди деле делөөрүтүп койду көрүнөт. Кыязы, утушуна ишенип, премьер шайлоо президенттик шайлоонун алдында көп машакат болбосун деди окшойт. Саясый бедели көп күмөн санаткан Сапар Исаковдун дээрлик өзүнө окшош өкмөттүк тобун бекитээрде, «программаңыз менен таанышып чыктым, элди алдабаш керек» деп атып эле, «саясый аванс» деген түшүнүктү колдонуп оң добушун берди.

Парламенттеги алты фракциянын бири гана болуп туруп, эгерде бул бекиткен өкмөт тыңгылыктуу иш алып баралбаса, таратканга күчү жетет беле? Өзгөчө ошондогу эрксиз, ар-намыссыз абалдагы парламенттин тушунда. Ушул жүрүшү канааттандырбады. А эгер шайлоо жыйынтыгы күткөндөй болбой калса кандай кылам деп ойлонду бекен? Тобокелге салып, ошол жарабаган өкмөттү – аткаруу бийлигин бекемдегени туура эмес кадам болгону кийин айкын болбодубу.

Илгери үмүт кылсак, жеңишке жетсем, тизгинди кайда бурушту өзүм билем дегендир. Так ошол учурда бийлик тескери тартып аткан тизгинди Төрөбаевге, Бабановго, Чыныбай Турсунбековго окшогон эр азаматтар тартып калыш керек эле… Аларга бийлик тизгининин тескери кетип атканынан да, алдыдагы тактынын ташпиши таттуу болуп, эс-мас кылып турду да. Неси болсо да, чийки иш болду.

Кыйчалыш кырдаал алыс эмес эле. Кыл чайнашкан жарыш чукул жерден миң кубулуп атканда, ташыркай түшкөн Төрөбаев Бабанов менен бирикти. “Эски дос эстен кетпейт” дешпегендир, мартабалуу марага келиш үчүн эки талапкер эки күчтү бир чоң күчкө бириктирүүгө келишишти. Канчалык ынанымдуу көрүнсө да, ошону менен эле тагдыр алардын алдына тактыны тарта койбоду. Тизгин “ээсинде” калды (ошол кыска учурдагы абалдан караганда). Так ошондо Төрөбаев ага чейин бекем куруп келген беделине доо кетирип, “колго түшүп” бербедиби.

Атамбаев алка-шалка түшүп атып, азыр өзү жерип аткан президентти алып келген. (Акыл-эси жайындагы адам адилеттүү бийлик башкарган мамлекетте президентти мурдагы президент алып келбей, эл шайлаарын жадында бекем сактамак эле. Азыр Атамбаев муну жадында сактамак турсун, мен алып келдим, кечирип койгула деп отурат да, ошол эле учурда сүттөн ак экенин ырастоодо. Бул эми башка кеп, сөзүбүздү улайлы.) Шайлоо бүткөндөн бир ай чамалуу убакыт өткөндөн кийин “Туруктуу өнүгүүнүн улуттук кеңеши” деген аты бар, затынын дайыны анчейин билине бербеген кеңештин жыйыны өттү.

Мелжеген кишимди алып келдим, эми ачсам алаканымда, жумсам уучумдасыңар дегенсиген Атамбаев, ого бетер алчылана жыйынды жетектеди. Саясый өнөктөшү Бабанов, “ысытылган темирге” өзүмдү салып бермек белем дегендир, саясат безери болуп, саясаттан биротоло кетер баштанып калганда, Төрөбаев кымыйып кечээки атаандашынын, бүгүнкү “өкүмдарынын” алдында отурду. Баягы дүркүрөп өскөн “Өнүгүү-прогресс” партиясынын бакандай лидери, баягы бакылдаган өктөм үн жок, ындыны өчкөн. “Ажо болгонго ашыгып алдастабай эле, аркы өйүзгө “Ата Мекенди”, анын лидери жалтанбас Текебаевди жалгыз таштабай, баарыбыз адилетсиздикке бир муштум болуп бөгөт койсок эмне. Мына эми, Текебаевге кылынган адилетсиздик бизди айланып өтпөй, жеңилүү ызасын тартып, кол куушуруп отуруп бердик” деп, ошондо бир ойлоду бекен…

…Алмаз Шаршенович, сиз Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз, алты жыл иштедиңиз. Сизди президент катары, саясатчы катары, адам катары сыйлайбыз. Урматтуу жыйындын катышуучулары, бүгүн тарыхый күн. Балким азыр сезе албай атабыз, бирок кийин эстейбиз деп, тээ алыскы келечекте Атамбаевдин эмгеги тарых болуп бааланып атканына чейин жебиреп жиберсе болобу!

Мына эмесе! Жадегенде тарых жайын тим койбойт беле! Кичирээк киши бүжүрөсө дагы билинбей калат беле. Олбурлуу, албан денелүү жан, кечээки бараандуу саясатчы бүжүрөгөнү көзгө өтө өөн учурайт тура. Эрксизден, атайылап бут тосуу менен жарыштан четтетилген Өмүрбек Текебаевдин жалтанбаган курчтугун эстеп, жетилип турган саясатчынын бир мүмкүнчүлүктөн кол жууганына майышасың. Төрөбаев ушул жаза баскан кадамынан үйрөнүп, катасын оңдоп, калпычыларды качырып сала берген кабылан саясатчы болуп калгысы бардыр. Кайратын жыйып алса, жаратылышы ыроологон кабылан кабактын сүрү эле катылганын капшыра турган болчудай.

Лидерине фракция жарашабы деген сындан партия кандай өтөр экен, карап көрөлү. Фракциянын курамы тууралуу ойлонгондо, адегенде эле көз алдыга сыймыктуу фамилияны алып жүргөн Исхак Масалиев келет. Көрүнүктүү саясатчылардын арасында атактуу фамилия алып жүргөн жалгыз Исхак Апсаматович эмес. Бирок алардын арасында өз инсандык жүзүн, ишмердигин тааныта алган саналуулардын бири – Исхак Масалиев болду. Эл өкүлү коомчулукту дүрбөлөңгө салган орчундуу окуялар Жогорку Кеңеште талкууланган учурларда көзгө атар мергендей көйгөйдүн так чекесине таамай “атып” сүйлөп турду…

Андай учурлар ого эле көп. Алардын бири, жалпыга маалым болгон жагдай – Текебаевдин камалышы боюнча айтканын мисал кылуу жетиштүү болот. Ошол кездеги тартип сакчы сөрөйлөр Сегизбаев менен Жолдубаева парламентке келип, ойкуп-кайкып, өөдүк-сөөдүк сүйлөп отурушканда, эки ооз сөз менен жагдайды так аныктап койгон эле. “Жетектеп турган орундары боюнча экөө тең адис эмес… Түшүнүктөрү жалпы академиялык түшүнүктөр. Бүгүнкү жооптордун бир тобунда тактык болгон жок. Ошондуктан булар эмне деп айтмак эле, буларга суроо берүүнүн кажети деле жок” деген болчу. Бийлик алмашып, УКМК менен Башкы прокуратура жетекчилери алмашкандан кийин Сегизбаев менен Жолдубаева  ойлоруна келгениндей оромпой тээп турган кездеги, кайсы талантсыз “драматургдуку” ким билсин, чала-була чүргөлгөн сценарий менен коюлган “Белизгейт” “драмасынын” чоо-жайын козгогондордун бири да ушул Масалиев болду.

УКМКнын жаңы жетекчиси: “Белизден расмий түрдө эч кандай документ алган эмеспиз” деп жүзү жарык бойдон такалбай так жооп берди. Анда эл өкүлү: “… Бул коомчулукка дүрбөлөң болгон чоң күнөө болгон да. Мамлекеттик мүлктү сатканга аракет жасады, мына далил кагазы деп айткан. Бул жерде толугу менен кылмыштын аракеттери көрүнүп турат. Мурунку жетекчинин үстүнөн иш козголушу керек, жок дегенде Жогорку Кеңеште калп маалымат бергени үчүн.

… Бул чоң кылмыш, ошондуктан тезирээк чара колдонуш керек. Коомчулук күтүп атпайбы, жалган жалаа менен адамдар камалып атат” деген. Бул сунуштун оң жыйынтыгын көрө албасак да, чындыктын ажаты ачылып, айтылып ачыкталганы чоң иш.

Бул аны парламентке алып келген Төрөбаевдин саясый упай капчыгын кампайтып турат. “Өнүгүү прогресстин” эл көзүнө көрүнүп калган дагы бир депутаты – Шайназаров Тынчтык. Ал дагы партиянын упайын арбытып, чындыктын тарабын талашып жүрөт.

Балким, Төрөбаевдин сабак алар каталарынын дагы биридир, жалгашпай койгон бөтөн бөлүкчөлөрдөй болуп, Тазабек Икрамов, Алмаз Жутанов (ушундай депутат бар экен), Камчыбек Жолдошбаевдер фракциянын катарынан чыгарылган. Көпкөлөң көчө балдарынын “эс алчы” деген адепке жатпаган сөзүн Жогорку Кеңештин далисинде баратып кебелбей-этпей кепке тарткан журналистти көздөй ыргытып койгон Тазабек Икрамов кайдан-жайдан эле “Эл агартуунун мыктысы” деген наам алган.

Бул кандай болуп кеткенине бир топко баштары маң болгон жандар жадаганда жөн коюшту окшойт. Башкалар жөн койгон менен бул “наамы” беделине кара так болуп калат ко. Же бул наамга татышы керек, же бул наам ага бөзгө шайы кыюулагандай шылдың болуп коштоп жүрөрү турган иш. Болбосо, намысына тийип, тырмыштырып, бийиктикке арымдатып калса да ажеп эмес.

“Уялчаактыгы” менен сынга кабылган Камчыбек Жолдошбаев коомчулуктун “ур-токмогунан” кийин аныгында эмне уят экенин дагы жакшылап ажыратып калгандыр. Неси болсо да, кайрымдуулук иштери эл оозунда кеп кылынып жүрөт, партиянын катарына кошулбай калгандан кийин, биз да тим коёлу, убагында өз “энчисин” жакшы эле алды.

Төрөбаевдин азыркы кармаган багыты көңүл жубатарлык. Атамбаев кандайдыр бир иш чараны шылтоо кылып, ич күптүсүн чыгарат эмеспи. Бул жагынан ал элди “эриктирбей” турган болду. Куран окутам деп элди чогултуп, бир “дем алып” алды. Анын өйдө-төмөн, ойку-кайкы сөздөрү кайрадан кызуу талкууга түштү. Анын айткан-дегени менен болуудан калган парламентти, жоктон табылга тапкандай өзүнүн “тапкычтыгына” маашырлана, мурундан бөлүнүп чыккан затка теңебедиби, деңгээли ошол экенин дагы бир жолу ырастап.

Өздөрү намыстанбаган же теңелбейбиз деген күндө да, “парламент”, “экс ажо” деген бийлик түзүмдөрүнүн нарктуу мазмунун сактоо үчүн, эл өкүлдөрү Атамбаевдин бул жолдо калгыр жоругуна баа берип, керек болсо жоопко тартуулары керек эле. Канткен менен кечээ гана тактыдан түшкөн мурунку ажо экени ырас го. Мына ошол маселени Төрөбаев көтөрдү.

Бир катар далилдерди саноо менен ал мындай деди: “Биз, алтынчы чакырыктын депутаттары, Атамбаевдин демилгелерин тизмектеп бербейликпи. Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгесин колдоп бергенбиз, орустар менен мамиле бузулганда Русгидро менен келишимди жокко чыгарып бергенбиз, ж.б. Ошондуктан, урматтуу кесиптештер, өзүбүздүн жообубузду беришибиз керек. Анан дагы, “алып келдим” (Жээнбековду дегени – авт.), “катамды оңдойм”, “мени өлтүрүп кетсе дагы… ” Бул сөздөрүн кандай түшүнсө болот? ИИМдин, УКМК өкүлдөрүнө кайрылат элем. Ар кандай провокациялар болуп кетиши мүмкүн. Экс ажого күзөттү күчөткүлө. Коомдук-саясый абалда тынчтык, ынтымак сакталсын. Урматтуу кесиптештер, урматтуу төрага, укмаксан болуп койсок туура эмес болот” деди. Айтыла турган сөздү айтты.

Жөнөкөй тил менен айтканда, убагында көрсөткөн “ак кызматыбыз” үчүн мурундан чыккан затка теңейби бизди деди да.

Партиянын ишмердиги да айтууга арзып, ич жылытарлык. Айталы, жакында эле коомду кокуйлатып турган эң орчундуу маселелердин бири – экология маселесин чечүүнүн аракетин көрүп, “Бир көчөт” деген алда немедей акцияны өткөрүштү. Лидер өзү баш болуп, экологияга келтирилип аткан зыяндарды так цифралар менен көрсөтө, автоунаа ээлерине, дегеле тургундарга абдан жакшы чакырык жасап, көчөт тигишти.

Эмки кезек курамы саясый жактан да, кесипкерлик жактан да салыштырмалуу дөө-шаалар саналган “Бир бол” партиясында. Эмне кызык, эмне жазыктары бар экен, иргеп көрөлү, күтө туруңуз, окурман.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.