Калмак эл жомогу: Гелүнг менен манжик

Бир калмактын энеси өлүп, азадар уулу өз энесинин жаны бейишке түз барсын үчүн гелүнгдин[1] дуба окуп беришин суранат. Гелүнг дароо элпек-манжигин[2] ээрчитип калмактын боз үйүн көздөй жөнөйт. Напсиси бузулуп көбүрөк пайда тапмак болот. Анүчүн жолдон териси баалуу суур кармап алып, аны элпек-манжикке карматат. Жаны чыккан кемпирге дуба окулган маалда суурду бошотосуң дейт балага. Аза күткөн калмак муну энемдин жаны деп кабыл алып, көбүрөк акы төлөйт деп ойлойт кууланган гелүнг. Келишти. Көрүштү. Гелүнг дубасын окуду. Жанындагы элпек бала кыңылдап коштоп турду. […]

Умар Нусубалиев: Жанымдын эрип турат миң тамыры (конкурска)

БИР КЕЧТЕ Бир кечте сен сүйүүмдү жерге чаптың, Бир кечте мен гүлүмдү жерге чаптым. Бийикте турган биздин бийик сүйүү – Бир кечте, бир күндө эле жерде жатты. Ал кечте рамкадагы сүрөт сынган, Ал кечте ачуу-таттуу мүнөт сынган. Айнектей ошондогу бырчаланган; Айнектей бырчаланып жүрөк сынган. Бир жүрөк сынган ошол сендик эле, Бир жүрөк сынган ошол мендик эле. Ал сынган жүрөктөрдү бириктирүү, Биз жасар сүйүүдө чоң эрдик эле. Ал кечте мендей ыйлап жаштык үнү, Мен чапкан гүлдөй жерде жатты сүйүүм. Ал ыйым, […]

Гүлзина Искендерова: Балалыктын жыты (конкурска)

АҢГЕМЕ Жаз мезгили аяктап калган учур. Айылдагы элдин кай бири талаа жумуштары, кай бири мал менен алек. Ошондой айылдын жайкерчилик турмушунан айрым адамдар ырахат алып жашашса, кээ бирлери артта калган турмуш катары карап, иренжий турганы айтпаса да белгилүү. Кең-Суу айылы тоо этектей жайгашып, узунунан кеткен эки көчөнүн оң капталындагы чоң сайдагы суу жайдыр-кыштыр тынымсыз агат. Өзгөчө ушул маалда шарына адамды агызчудай болуп, күркүрөп кирип калат. Айылды карап турган тоонун тектирине чыгып көз чаптырсаң, замандын агымы менен салынган эки кабаттуу үйлөр, […]

Бейне: Эр ортону 50 жаштагы Сакем (2-баян)

<<<<<< 1-баян “Айтыш” фонду акырындап маданий очокко айланып, анын тамызгысын тутантуу үзгүлтүксүз уланган үчүн канатыбыз жайыла берди. Он күн сайын Ашыке менен Туканын мектеби туурасында кулагы чалгандын баары босогобуздан үзүлбөй, куркулдайдын уясындай бөлмөбүзгө төкмөлүк өнөргө шыктуулар шыкалып калчу болду. Көчүк айланбаган жерде көңкө кыргыздын улуу өнөрү сыгылып турганы оңой бекен. Бөлмөнү кантип кеңейтебиз деген маселе чыкты бара-жүрө. – Бүгүн могу жерди бошотобуз, – деп чыкты Сакебиз бир күнү. Үстөлдөрдү тиякка жылыштырдык, биякка жылыштырдык. Болбоду. Андан кеңейип кеткен жок бөлмө. Үйдөн […]

Путин келер алдындагы беделдүү сунуш суу кечеби?

Бекназаров. Путин. Расмий тил. Революциянын эле эмес, саясаттын, укуктун да таш челген бульдозеру Азимбек Анаркул уулу аралашпаган тармакты табыш кыйын. Жаз алды менен ал Кыргызстандагы тил саясатынын тизгинин силкип, эчак бүтүп калган жаранын картын чукуп койду эле, орус тилдүүлөр, киргиз тилдүүлөр, аларга жан тарткандар бир дүрбөп барып токтоду. Келип кеткен орус тышкы иштер министри да ушул “мелочко” маани берип, сөөмөйүн кезегенине караганда старший брат биздин таз кейпибизди көрүп туруп, чоңдугуна сала берээри айдан ачык болуп калды. “Азаттыкка” адеп чыккан жылы […]