Карышкыр жана мергенчилер

Карышкыр бир койду жеп салды эле, койчулар карышкырды кармап сабай башташты. Карышкыр аларга кайрылды да:

– Мени эмне кыйнайсыңар… Өңүм көк болгону үчүнбү?

Анда койчулар мындай дешти:

– Сенин өңүң көк болгону үчүн эмес, койду жегениң үчүн жазалап жатабыз.

Ичке жиптер

Бир алам токуучуга ичке жип ийирип берүүсүн суранды. Токуучу ага ичке жип ийирип берди, бирок ал ага ыраазы болбой мындай деди:

– Бул жип мага анча жакпай калды, мага мындан да ичке жип керек.

– Эгерде бул жип жакпаса анда муну ал,— деди токуучу ага, бул жолу анын колунда эч нерсе жок бош эле. Тигил киши эч нерсе көрбөгөнүн айтты.

– Жип аябай ичке болгон үчүн көрбөй жатасың да. Сен эмес өзүм да көрө албайм.

Жинди сүйүнүп, дагы көбүрөк ийрип коюшун суранып, акчасын төлөп, жолуна түштү.

Дыйкан жана ат

Дыйкан шаардагы базардан атына арпа сатып алмакчы болуп аттанган. Айылдан чыга бериштен эле ат кежирленип, үйгө кайткысы келип  кетенчиктеп туруп алды. Дыйкан катуу камчыланганда гана ал басууга мажбур болду. Ат ойлонуп баратты: “Бул жинди эми кайда барат, үйгө эле кетсек жакшы болот эле.”

Шаарга кире бериштеги жол баткак болуп, кыйналып баса албай жатканынан, атка жеңил болсун деп таш жолго бурулду. Ат ал жакка баскысы келбей кетенчиктеди эле, кайрадан камчыланышка туура келди. Таш жолго чыккан ат ойлонду: “Эмнеге таш жолго салды, туяктарым жешилип бүтөт ко. Өтө эле катуу экен.”

Дыйкан базардан арпа сатып алып, үйүнө кайтты. Кайтты да, атына арпа салды. Арпаны жеп аткан ат ойлонду: “Бул кишилер кандай акылсыз! Калп эле бизге акылдуусуна беришет, а акылы биздикинен да аз. Эмнени ойлонду дейм да? Мени кыйнап жердин түбүнө чейин барды. Акыры үйгө кайра кайттык ко. Келерибизди билип туруп, эмнеге бардык? Башында эле үйдө калсак, ал мештин түбүндө жылуу жумшак олтурмак, а мен арпамды жеп тура бермекмин.”

Чымчыктар жана тор

Мергенчинин көл жээгине жайган торуна бир эле учурда көп канаттулар илинди. Чымчыктар чоң болучу, алар торду көтөргөн боюнча, асманга учуп чыгышты. Мергенчи алардын артынан ээрчип жүгүрдү. Астынан чыккан дыйкан мергенчиге кайрылды:

– Шашып кайда барасың? Жөө киши асмандагы кушту кууп жете алмак беле?

Анда мергенчи айтат:

– Жалгыз чымчык болгондо жете алмак эмесмин, булар көп, ошондуктан баары бир кармайм.

Ал айткандай болду. Кеч кирип, ар бири өз уясына баргылары келип, бири токойго тартса, бири сазга сүйрөдү; тор канаттуулары менен жерге кулап түштү. Мергенчи аларды жыйнап алып, үйүнө олжолуу кайтты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.