Валентин Распутин: Кемпир (конкурска №34)

АҢГЕМЕ Ал ичээр суусу түгөнө жаздап, көргө буту салаңдап турган кемпир болучу. Жүзүн каптаган бырыштардын терең кеткен катмарлары желеленип, ичинде болуп жаткан кубанычтын да, кайгынын да жышаанын билдире албай калган. Мындан ары бырыша турган деле жери жок эле. Андыктан мелтейип, бир калыпта кыймылсыз жүрүүчү. Ошол кыймылсыздыкты көрүп туруп, ушу бешенеде дале кан жүрүп, жашап атканына акыл жетпей кетет. Кызы андан кырк жашка кичүү эле, бирок, анысы деле кунары кайткан кеч күздүн күндөрүн кечирип жашап жаткан, эгерде муну жашоо деп эсептей […]