Мугалим болуу мага оңой болду. Чынында, бул тандоого караганда балалык кыялымды чоңойгондо реалдуу максатка айландыруу процесси десем болот. Үй-бүлөмдө көп педагог бар жана канымда мугалим болуу бар. Ата-энем мени ушул багытка үндөштү. Алар мага жайкысын балдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн – жайкы иш тапканга жардам беришти. Мен ал иштерди дайыма пайдалуу, кызыктуу көрүп, моралдык жактан канааттанчумун. Балдар менен иштөө жыргал болгондуктан, мектепти бүтүргөнүмдө карьерамды мугалимдикте көрдүм.

Мектептеги парттайм ишимде жана ЖОЖдогу окуумдагы мугалим болуу сезимим кээде солгундап, караңгы туңгуюкка сиңип кетчү. Бирок дайыма кайра жаркырап жанып кетчү. Азыр болсо ЖОЖдо магистратураны аяктап, башталгыч класс мугалими болуп, сабак өтүүнү эки көзүм төрт болуп күтүп турган учурда мугалим болуу эмне экенин ойлоно баштадым. Эмнеге минтип жатам? Биринчиси, адамдарга күчтүү тараптарын жана таланттарын ачып берүүгө жардам берүүнү каалайм. Ошондой эле алардын алсыз тараптары менен кемчиликтерин түшүнүүгө жардам берүү керек. Мен балдардын жашоосуна өзгөчөлүк, чыйыр ачууну жана  ошондой эле бул өлкөнүн өнүгүшүн каалагандыгыман мугалим болгум келет. Балдар менен болгон ишим сүйүүгө, камкордукка жана бирге иштешкен адамдар менен сылык мамилеге негизделген. Бул жашоону маңыздуу кылуунун жалгыз жолу деп ойлойм.

Бирок мен арзыбаган эмгек акы жана оор ишке карабай чоң жоопкерчилик менен беттешеримди да түшүнүп турам. Ошондой эле мектептерге бөлүнгөн каражат азайып, менин ишиме да таасирин тийгизээрин туюп турам. Хельсинкиде балдар барган сайын дуушар болчу социалдык көйгөйлөр да менин жумушумдун бир бөлүгү болот. Кээ бир адамдарды байкаштырып, өзүм даяр эмес иштерде алардан жардам суроо керектигин ойлондум. Менин ишим бир гана балдарга бир нерселерди үйрөтүп коюу менен чектелбейт. Конфликттик абалды жайгаруу, мен ойлонгондой ойлонбогон кесиптештерим менен да иштешишим керектигин билем. Балдарына пайдалуу бир нерселерди үйрөтүү үчүн ар түрдүү ата-энелер менен иштешем. Бул иштен артык иш болбостугу боюнча өзүмө-өзүм суроо берип тураарым шексиз.

Таанымал фин педагог Матти Коскенниеми «педагогикалык сүйүү» деген терминди колдонгон. Бул менин мугалимдикти тандашымдын теориялык негизи. Балким, мугалимдик кесип жүрөгүңдү жана адамгерчилигиңди арнаганда башка жумуштарга караганда ийгиликке жетелөөчү артыкчылыктуу кесип болсо керек. Ар бир мугалимдин өзүнүн окутуу стили жана философиясы болот. Мугалим болууга түрткөн ар кандай мотивдери болушу мүмкүн. Менин мотивим болсо – адамдарга жакшылык кылуу, аларга камкөрүү жана сүйүү. Мен буларды кынтыксыз аткарууну жакшы көрөм. Ошондуктан мугалим болгум келет.

Веера Салонен, Хельсинки университетинин педагогика факультетинин студенти

Паси Сальбергдин “Finnish Lessons 2.0 WHAT CAN THE WORLD LEARN FROM EDUCATIONAL CHANGE IN FINLAND?

“Финляндия сабактары: Фин билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөрдөн дүйнө эмне үйрөнө алат?” аттуу китебинен которгон Бакытбек Абдуллаев

Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Бирлигинин “Мугалимдик кесип” сынагынын алкагында даярдалды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.