Бакыт Абдуллаев: Китеп окубаган улут караңгы, көзкаранды, кул мүнөз болот

Мамлекет китепке салынган салыктан эмес, китеп окуган адамдардан пайда көрүшү керек Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү быйыл 23-апрелдеги саясий акциянын айынан 30-апрелге жылдырылган болчу. Бүгүн жамгыр жаагандыктан иш-чара Эмен багында (ачык асманда) эмес, Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөрүлдү. Китеп басып чыгаруу боюнча бир аз жылыш болгонун иш-чаранын катышуучулары да айтып жатышты. Акыркы 10 жылда басып чыгарылган китеп аталышы боюнча 820дан 1450гө чейин көтөрүлүптүр. Нуска жагынан 699500 тираждан 1 770 300ге көтөрүлүптүр. Бирок мунун баарын Кыргызстандагы адам башына бөлгөндө, […]

Корей эл жомогу: Ким чочко?

Ли династиясынын биринчи королу Тхэчжонун Мун Хак деген акылман кеңешчиси болуптур. Вазир жакшы хан жакшы дегендей бул кеңешчисинин арты менен король көп ийгиликтерге жетишиптир.  Мун Хакка ичинен ыраазы болуп жүргөн король бир күнү анын урматына үлпөт уюштуруп, падышачылыктагы бүт ак сөөктөрдү чогултат. Арак суудай агат. Ак сөөктөр акылман кеңешчинин ден соолугу үчүн көтөрүшөт, иштери ийгиликтүү болушу үчүн, өмүрү узун болушу үчүн көтөрүшөт, үй-бүлөсү үчүн, бала-чакасы, небере-чөбөрөлөрү үчүн көтөрүшөт. Ошентип күүлдөп, гүлпөттү көркүнө чыгарган королдун коноктору мас болуп калышат. Падыша өзү […]

Стив Жобс: Телевизор акылыңды мокотуп, убактыңды алат

Стив Жобс турмушка өзгөчө көз карашы бар кызык адам болуптур:  ал эт жечү эмес, машинесине номер такпай айдачу жана аны майыптардын машине токтотчу жерине койчу, жаш кезинде жумушка жылаң аяк келчү. Ал Гиннестин рекорддор китебине эң аз маяна алган адам катары кирген. Расмий маалыматка караганда, анын 2009-жылы иштеп тапкан маянасы 1$ болгон. Ал адаттан тыш жүрүм-туруму болгон менен, мыкты инженер жана ишкер болгон. Эң кубаттуу Apple корпорациясын түзгөн жана Pixar студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Жобс мыкты уюштургуч болгон, анда чыныгы […]

Жолдошбек уулу Бектур: Танабай менен Гүлсары (№20 дилбаян)

“Ч. Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына Жакында эле бир таасирдүү чыгарма окудум. Анын таасири азыркы учурга дейре кетпестен жан дүйнөмдө орноп, көкүрөгүмдө уюп турган чагы… Ал элибизди дүйнөгө тааныткан, кыргыз адабиятындагы аттуу-баштуулардан экинин бири болгон улуу ойчул, ар бир учурду, ар бир кырдаалды окуган адамды өзүнө тартып ала тургандай таамай, дал өзүндөй сүрөттөгөн Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повести эле. Мен үчүн чыгармаларынын ичинен эң таасирдүүсү, эң кызыктуусу жана  ошол эле учурда окуган сайын окурманды кызыктырып, окуган соң терең ойго кептелткен чыгарма. Бул чыгарманын […]

Советбек Байгазиев: Оморчулук — турмуштук көрүнүш[1]

Т.Сыдыкбековдун «Тоо балдары» деген романы сынчылар, окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды, ар түрдүү пикирлер айтылды. Бирок Омор акенин образына эч ким кеңири токтолбоду. Жазуучулар союзунун пленумдарында кээ бирөөлөр Омор акени биздин турмуштун чыныгы тиби эмес, автордун фантазиясы гана деп жемелешти. Чынында, дайыма коомдук типтер талаш-тартыш чыгарат. Убагында көп адамдар коомдук типтердин социалдык маанисин терең түшүнө алышпайт, көп маселелер менен чатыштырып жиберишет. Ошондой эле Омор аке жөнүндө түрдүү ой-пикирлер айтылып жүрүшү жаман жөрөлгө эмес. Келечекте Омор аке жөнүндө көп сынчылар пикир […]

Лев Толстой: Падыша жана көйнөк (конкурска №40)

Жомоктор Ооруга чалдыккан  падыша мындай жар салат: — Мени айыктырган кишиге жарым падышалыгымды беремин. Акылмандар чогула калышып, падышаны кеселден айыктыруунун жол-жобосун издешет. Бирок, анын ыкмасын эч ким билбейт. Падышаны  сыркоодон арылтуучу кеңешти  бир гана акылман  табат. — Эгер бактылуу адамды издеп таап, анын көйнөгүн падышага кийгизсек, ажобуз оорудан азат болот, — дейт ал. Падыша бактылуу кишини издөө үчүн  өз амирине  караган туш тарапка  элчилерин жөнөтөт. Бирок, элчилер бакты-таалайлуу пендени узак убакыт  бою издешкени менен андан майнап чыкпай, мээнети талаага кетти. […]

Шайлообек Дүйшеев: Досторго

АЛП МИДИНДИН ТҮБҮН ИЧКЕН МИДИНИМ Жолоочу Рысбаевге Айлың аман, айлыңдагы төр аман, Аласалып оонап жаткан көл аман. Аман жүрүү кыйын болгон заманда, Алтымышка чыга бербейт жөн адам. Элиң аман, эл сыйлаган төр аман, Эл деп толкуп, эл деп жаткан көл аман. Мыйзамынан мылтыгы көп заманда, Мындай жашка чыга бербейт жөн адам. Бажырайып алтымыштын кырында, Балдарыңдын жүргөн менен сыйында Баарысынын тынчын алган үйдөгү, Бала жоктур сенден чыргоо чынында. Атагы зор, алтыны нөл, асыл баа, Алты ыр тапса чыгып кетип чатырга. Түшпөй […]

Молдова эл жомогу: Бейиштеги поп

Күндөрдүн биринде Тындалэ менен Пэкалэ бир попко жалданып иштеп калышты. Поп аябагандай орой, сараң болгондуктан кол астында иштеген кызматкерлеринин сазайын берчү. Экөө тамак сурашса, жумушка айдап баш көтөртпөй иштетет. Айлык акыларын сурашса да кудайга сыйынып, кулдук ургула деп кыйнайт. — Ойлогонуңар акча менен эле тамак, барар жериңер тигил дүйнө болгондон кийин кудайга ыраазычылык билдирип, көбүрөк сыйынгыла. Түбөлүктүү жашоо ошол жакта, жакшылыкты билбеген наадандар!- деп кайталаганы кайталаган. Пэкалэ менен Тындалэ попту эпке, кепке келтириштин амалын көп жолу кылышты. Бирок поп өзүнүкүн […]

Алтынай Иманбекова: «Письма-самолётики»

В Кыргызском государственном театре юного зрителя имени Бакен Кыдыкеевой при поддержке Фонда «Помогать легко» поставили спектакль «Письма-самолетики», созданный на основе произведений французского писателя Эрика-Эммануэля Шмитта. Режиссер-постановщик Айнура Качкынбек кызы, художник Джум Гунн. Драма в одном действии. Жанр: паллиативная арт-терапия. Спектакль – шедевр. На мой взгляд шаг вперед для кыргызского театра, что-то стоящее и настоящее, конечно же большое значение имеет и сама пьеса. После огромного количества исторических и социальных спектаклей, этот спектакль, как глоток свежего воздуха, как новое видение чего-то другого, […]

Жапар Саатов: Ыйык сүрөт

АҢГЕМЕ Мен бул окуяны иликтеп жүргөнүмө көп жылдардын жүзү болду. Бирок, ошобу же башкабы? Мурда нечен жолу кайталангандай, окшош фамилиялуу бөлөк адамдын небереси болуп калып жүрбөсүн? Ал чоң атасынын ушундай жан кыярлык эрдиктерди жасагандыгын билеби же жокпу? Эгер эми гана угуп отурган болсо, кантип гана кетээр экен? Ушинтип ойлоп, уйкусуз толгоно берем… Арийне, Совет бийлиги жаңыдан орногондогу ошол кишилер «мен тарыхта калуу үчүн ушинтип жатам?» деп эч убакта ойлошпосо керек. Ооба, алар өздөрүнүн кан-жанына бүткөн асыл сезими менен ар кандай […]

Михаил Жванецкий: Жан дүйнөң менен денеңди бирдей алып жүрүшкө аракет кыл

Тарыхка кириш кыйын, бирок булганып алыш оңой. ♦ ♦ ♦ Жашоо жакшы өтүп жатат, бирок жаныңдан. ♦ ♦ ♦ Абийирдин тазасы — жаман эс-тутумдун белгиси. ♦ ♦ ♦ Эгерде акмак менен талашып жатсаң — ал деле ошону кылып жатса керек. ♦ ♦ ♦ Бизди жолубуздан эч ким чыгара албайт, биз кайда болсо да бара беребиз. ♦ ♦ ♦ Көп кырдуу адам – бул шек жарата турган мактоо. Балким, ал сени адепсиз, орой, макоо, акмак, өзүмчүл деп жаткандыр. ♦ ♦ ♦ […]

Кадыркул Өмүркулов: Жылдыздуу түн

АҢГЕМЕ Жылдыз учуп жөнөдү да, ыргытылган ширенкенин чийине окшоп өчүп калды. «Мына, кимдир-бирөөнүн өмүрү да өчтү»,— деп ойлоду Карып, ата-бабадан бери келаткан ырымды эстеп. Анын жашы элүүдөн ашып баратса да, бул ырым-жырымга чын көңүлү менен ишенчү. Жайды жайлата ал өзүнүн кичинекей бакчасы көзгө басар жалгыз алма багынын түбүндөгү ачык абада уктап жүрдү. Шатырата куйган жамгыр, тоо тараптан сүрүлүп келген бороон-чапкын да аны коркута албаган. Карып топурактан согулуп жаткан тектирченин үстүнө келип жатат да, анда-санда көк чөпкө топ этип үзүлүп түшкөн […]

Кирилл Лягушев: Бессмертный полк в Канаде — инструмент гибридной агрессии Кремля

В Канаде собраны воедино и проанализированы данные, позволяющие утверждать, что Бессмертный полк как инструмент гибридной войны существует на деньги Кремля, а перечень спонсоров на сайтах, посвященных Дню Победы, как и количество участников шествия, переданных в сообщениях ТАСС, не более чем дезинформация наивных представителей русской общины. Поэтому сегодня такие понятия как антизападная и антиукраинская пропаганда, дезинформация, хакерские атаки и вмешательство в выборы ворвались в канадскую действительность. И эти понятия напрямую затронули русскую диаспору. Русскоязычная диаспора Канады нужна Кремлю исключительно как инструмент […]