Маймыл жана буурчак

Маймыл бир кочуш буурчак алып келе жаткан. Бир кезде бир буурчак жерге тоголонуп кетти; маймыл аны эңкейип алам деп дагы жыйырма буурчагын түшүрүп алды. Аларды терем деп буурчагынын теңинен көбү дагы чачылды. Жини келген маймыл колунда калган буурчактын баарын чачып жиберип басып кетти.

Ит жана ашпозчу

Ашпозчу түшкү тамак бышырганга камданды; ит ашкананын алдында аны карап жаткан. Ашпозчу музоо союп, ичеги-карынын итке таштады. Ит тоюп алды да, ойлоп койду:

– Ашпозчу мыкты экен. Тамагы аябай даамдуу.

Көп өтпөй ашпозчу буурчак, пияз жана чамгыр тазалап, алардын калдыктарын сыртка төктү. Ит жүгүрүп барып жыттады да, мурдун чүйүрүп минтип ойлоду:

– Биздин ашпозчубуз бузулуптур – мурда жакшы бышырчу эле, эмики жасаган тамагы болбогон эле бирдеме.

Бирок ашпозчу иттин эмне ойлогонун билген да жок, өзү билишинче тамагын жасады. Тамакты ит эмес, аны ичкен кожояндары макташты.

Сокур жана сүт

Бир сокур адам соо адамдан сурады:

— Сүттүн өңү кандай болот?

Тигил жооп берди:

— Сүттүн өңү кагаздай ак болот.

Сокур кайра сурады:

— Эмне аны кармаласаң кагаздай шылдырап турабы?

Тигил айтты:

— Жок, ал ундай аппак болот.

Сокур:

— Ал жумшак, ундай болуп куюлуп турабы?

Тигил жооп берет:

— Жок, ал ак коёндой ак болот.

Сокур:

— Жумшак жана түктүүбү?

Тигил:

— Жок ай, ал кардай ак болот.

Сокур:

— Кардай болсо ал муздак турбайбы.

Тигил адам канча түшүндүрсө да сокур сүттүн өңү кандай болорун түшүнгөн жок.

Эки дос

Токой аралап эки дос келатышкан, капыстан алдыдан аюу чыга калбаспы. Бири бактын башына чыга качты. Экинчиси качканга үлгүрбөй жолдо калды. Эмне кыларын билбей жерге жатып, өлүмүш болуп кыймылдабай калды. Аюу келип жыттагылай баштаганда ал дем албай да калды. Аюу аны жыттап көрдү да, бурулуп кетип калды. Аюу кеткенден кийин бакка чыга качкан досу түшүп келип, тигини тамашага ала баштады:

–Айтсаң, аюу кулагыңа эмне деп шыбырады?

– Ал мага жаман адамдар гана башына коркунуч туулганда досун таштай качышат, —деди.

Жыландын башы жана куйругу

Жыландын башы менен куйругу кимибиз керектүүбүз деп талаша кетишти. Баш айтты:

– Сен менден алдыга чыга албайсың, себеби сенин көзүң, кулагың жок.

Анда куйрук мындай дейт:

– Бирок менде күч бар; сени кыймылдатып жүргөн менмин, кааласам бакка оролуп алсам сен ордуңан жыла албай каласың.

Анда баш мындай деди:

– Кел анда, бөлүнөлү.

Куйрук баштан бөлүнүп чыгып сойлоп жөнөдү. Бир аз сойлоп барып, жаракага кулап түшүп жок болду.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.