Куба эл жомогу: Камангуэйдин көчөлөрү жана букачарлар

Камангуэйге барып калсаң сөзсүз адашасың. Анткени бул шаардын көчөлөрүнүн бир да түз кеткенин көрбөйсүң. Бардыгы жыландын изи сыяктуу ийри-муйру, баш айлантма. Эгер жергиликтүүлөрдөн мунун себебин сурасаң мындай деп жооп беришет: — Биздин шаардын долбоорун малчылар түзгөн. Алар: “шаар куруп жүргөнүбүздө – дейди немелер мурун көтөрүп туш келди басып кетет”, — деп коркуп бул жерге бир бада азоо букачар айдай келишет.  Ошентип шаардын долбоорун түзө баштаганда мындай курабыз, тигиндей кылабыз деп талаша кетишип, дегеле бир бүтүмгө келе албай коюшат. Аңгыча жамгыр […]

Орустун орошон ойчулдарынан акыл-шам

Фёдер ДОСТОЕВКИЙ Жалпы адамзатты жалындап сүйгөндөрдүн көпчүлүгү адамдын өзүн сүйүп жарытпайт. *      *      * Арийне, ар бир калк өз улутуна бекем таянбай туруп, жалпы адамзаттык эч нерсе жаратылбайт. *     *      * Билимди акылыңарга ченебей көп алып алгандыктан, акылдын жетишсиздигинен ал илимди эмне кыларды билбей башыңар катууда… (Улуу жазуучунун жандептеринен) ♦ ♦ ♦ Петр ЧААДАЕВ  Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам. *     *      * Кулчулук намысын ойготпогон калк – кудай урган калк. Алар кул болуш […]

Аруулукка үндөгөн “Ак кеме” повести (№9 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Аруу деген сөздү пакиза, таза деген сөздөрдүн синоними деп билебиз. Көпчүлүк окурмандар дил баянымдын бул темасына каршы чыгаттыр, бирок ар бир окурмандын табити ар бөлөк эмеспи, анан да жазуучунун кээ бир маектерине таянуу менен ушул темада дил баян жазууну чечтим. Чынында ак деген уңгу сөздөн: ак тилек, ак көңүл, ак жоолук, ак калпак деген керемет сөздөр айтылат. Муну жазып жатканымдын себеби залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мага жаккан чыгармасынын аталышы да “Ак” деген сөздөн башталып жатканында […]

Касым Кушубеков: Постскриптум

АҢГЕМЕ «…Эми мен автопортретимди бүтүрөм…» (Э. Межелайтис. «Контрапункт») Ал жакында бир каңырыш сөз укту: Момбектин талын бир шумпай кыйып кетиптир. Отун үчүн дейсиз го? Жо- жок, кайдагы отун! Мелдешип кескен имиш. Анысы аз келгенсип «Мен жеңдим!» деп жоо чапкан эмедей мактанып калайык журтка жар салыптыр. Байкуш тал, улуу сел сүрүп таштаган куу арчадай какчыйып куурап, ээн талаада тарбайып жатат дейт. Бул имишке ал ишенген жок. Болду-болбоду чын-төгүнүн териштирбеген адамдын сөзү го деди өзүнчө. Көз алдына буралган сулуу селкидей кол булгаган […]