“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Аруу деген сөздү пакиза, таза деген сөздөрдүн синоними деп билебиз. Көпчүлүк окурмандар дил баянымдын бул темасына каршы чыгаттыр, бирок ар бир окурмандын табити ар бөлөк эмеспи, анан да жазуучунун кээ бир маектерине таянуу менен ушул темада дил баян жазууну чечтим. Чынында ак деген уңгу сөздөн: ак тилек, ак көңүл, ак жоолук, ак калпак деген керемет сөздөр айтылат. Муну жазып жатканымдын себеби залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мага жаккан чыгармасынын аталышы да “Ак” деген сөздөн башталып жатканында болуп жатпайбы. Далилдүү болуш үчүн жазуучунун бул повесть боюнча айткан пикирин мисал келтирүү менен калемимдин сапарын андан ары улагым келип турат.

Кеменгер инсан Ч. Айтматов бул чыгарманы жазып жатып балага ысым ыйгарган эмес, ал эми повесть боюнча тартылган кинодо баланын аты Нургазы. Ысым ыйгарбаганынын себеби бала бул – аруу дүйнөлүү, жүрөгү таза, бардык курчап турган айлана-чөйрөнү аруу дүйнөсү менен кабылдаган, ары сүйкүмдүү, ары бал тилдүү наристе эмеспи. Кээ бир эле тентек балдарды эске албаганда, балдардын баары ушундай. Ал эми биздин каарманыбыз эмне үчүн чыгармада ысымсыз калды деген ой ар бир окурманда туулбай койбойт. “Кээ бир балдардын андай ысымдуу тентек достору болсо чыгарманы окуп жатып,  көңүлдөрү үшүп калбасын деп, чыгармадагы балага бир да баланын атын ыраа көрбөдүм. Бул ушундай аруу, таза бойдон адамдардын эсинде калсын деп бала деп койдум” деп жазуучунун айтканы бар.

Чынында баланын дүйнөсү али көр дүйнөнүн жаман жактарын көрө элек, таятасы Момундун гана айткан жомогун жүрөгү менен кабылдап, бул дүйнөнү аруу деп кабылдайт эмеспи. Жадагалса жараткандан тиленип, таятасынын айткан жомогуна ишенип, Бугу Энеден:  “Бекейге  бешик ала кел, бактылуу болсун ал деле”  деп суранган жери бар.  Андан сырткары “арыба сүзгөн ак кеме, атамды мага ала кел”  деген жерин да мисал келтирсек болот.

Чынында чыгарманын акыры баланын балык болуп сүзүп кетүүсү  менен аяктады, бул кайдагы аруулукка чакырган чыгарма деп жүрбөгүлө. Чын, бала акырында ишенээр эч кимиси калбай калды. Таятасы да Орозкулга кошулуп алды. Бугуларды балталап жатып баланын да жүрөгүн  барчалап салды. Мындай дүрбөлөңдү аруу жүрөгү менен көтөрө албаган бала акыры аруулукту атасынан издеди. Демек, сиз билген, мен сүйгөн чыгарманын акыры менин жан дүйнөмдө жазуучунун пикирине ылайык аяктады. Жазуучу да өз тыянагын айтпай койгон жок, анда дилбаянымдын акырын автордун пикири менен аяктагым келип турат. “Баланын өлүмү аркылуу мен түк да жамандык жакшылыкты сүрүп чыгараарын көрсөткөн жерим жок, менин көздөгөн максатым – ак иштин арыбас экендигин ачып берүү, ал үчүн кейипкер өз жанын кыйып болсо да күрөшө тургандыгын көрсөтүү. Ырас, бала мерт болду, бирок анын адамдык абийири, ыймандык зоболосу бийик бойдон калды” дейт залкар жазуучу.

Демек, бала да болсо ак нерсенин арыбас экендигин окурмандарга далилдей алды,  аруу дүйнөдө жашоого күрөштү. Бул ыр саптары да “Аруулукка үндөгөн “Ак кеме” повести” деген дил баянымдагы ойду бекемдеп турат.

Кара сөздүн кереметин жараткан,
Сенин залкар талантыңа таң калам.
Окурмандын жан дүйнөсү ойгонот,
“Ак кемеде” эркин сүзүп баратсаң.

Ош шаарындагы №27 орто мектептин 11-классынын окуучусу Максүтали уулу Кайрат

https://www.youtube.com/watch?v=ebqw05kpzRE

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.