Видео: «Жибек Жолу» үй-бүлөлүк интерактивдүү көргөзмөcү ачылат

"Жибек Жолу" үй-бүлөлүк интерактивдүү көргөзмө 16 өлкө аркылуу өткөн улуу жол боюнча интерактивдүү саякат. 5-28 апрелдерде Г.Айтиев атындагы музейде болот. Опубликовано Кыргыз маданият борбору Среда, 3 апреля 2019 г.

Кытай эл жомогу: Ыракат издөө

Өтө жалкоо улан жашаптыр. Болгон кыймылы: эртеден кечке тиягына ооп, биягына ооп гана жамбаштап жатмай. Ага эчтеңке жакпай, жашоо ыракатын таппай, бушайман. “Жашоо ыракаты эмнеде?” – өзүнө бир күнү суроо коёт да, издеп жөнөйт аны. Үйүнөн чыгат. Бир далай баргандан кийин жолун тороп калдайган тоо турат алдында. Аша алаар эмес аны. Тоо этегинде жер чукуган кары дыйкан көрүнөт. – Чоң ата, – дейт улан, – жашоо ыракатын кайдан издеп тапсам болот? — Билем аны табышты, – дейт ишинен башын көтөрбөгөн […]

Устатым тууралуу сөз

ЭССЕ Заман техника менен жуурулушуп, адамдар өзгөрүп барат. Азыр сага жакшы сөзүн айтчу адамды издеп таппайсың, тапсаң – сен ага “пайдалуу кишисиң”. Жакшы иш жасасаң – көрбөйт, ээрден кыйшайсаң – баса калат. Азыр досуң көп, жолдошуң аз. Ушундай олку-солку заманда жакшы иштер, жакшы адамдар жөнүндө айтып, беш күндүк тирүүлүктө көңүл жылытаарлык сөзүбүз көп болсо дейм. Мынтип сөздү алыстан баштаганым, быйыл мага ата-энемдей кеңешчим болуп калган Каныбек агай элүү жашка келиптир. Агайды 13 жыл мурун таанысам, ошондо эле элүүнүн кырын ашкан […]

Касым Каимов: Капканчы

АҢГЕМЕ Бөксө тоолордун чөбү кубарып, жер сары сойгок болуп калган учур. Сары сойгокто бетегелүү беттерден жана жантаймалардан жүрүү кыйын — кишинин буту музга тийгенсип тайгалана берет. Айбанаттардын ичинен тамандары томпок жана сыйда келген карышкыр гана мурдагысындай бет алды жүрө албай, жондун кыркаларын жана кыя жолдорду тандап калат. Адис капканчылар үчүн жылдын бардык мезгилдерине караганда сары сойгокто карышкыр кармоо оңой. Ан үчүн алардын жүрөр жеринин болжолун билүү жетиштүү болот. Капканды жөнөкөйлүгүнө жана ыңгайлуулугуна карап аңчылар гана эмес, каалаган кишилердин баары пайдаланышат. […]

Кыргыз адабияты жаралганда эле банкрот болчу. Мен эми банкрот болдум

— Салижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралганда эле банкрот? — Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар бир элге өзүнүн тили менен таратабыз, ар бир элди өзүнүн тили менен өстүрүп, жаңы адамды тарбиялайбыз деп, кудум инкубатордон чыгаргансып жазуучуларды жамыратып чыгарып, адабиятты мамлекеттештирип, жазуучуну мамлекеттик чиновниктердин бир түрү, идеологиясынын жоокерине айлантып, БКга киргизип, […]

Раззаков кызматынан кандайча алынган?

“Кут болчу келген кыргызга, Табылбайт эми мин жылда!” Александр Шахмарданский. (Тарыхый очерк) ….Пленумду Кыргызстан КП БКсынын идеология боюнча секретары Абдукайыр Казакбаев ачып, докладды Турдакун Усубалиев жасаган. Докладында Усубалиев Раззаковду баштан аягына дейре жоктон барды, бардан жокту жаратын жамандаган. Президиумда отурган Раззаков мурункусундай эле, туурунда отурган тоту куштай бир кунунда, бир сынында отурган дешет. “Эмне үчүн мүңкүрөп калбайт, эмне үчүн шылкыйып калбайт?” деп Титов туталанып, ичинен жинденгени сыртына чыгып, билинип турганын көзү тирүүлөр эмгиче эскерип жүрүшөт. Усубалиевдин докладынан кийин Раззаков сөз […]