— Салижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралганда эле банкрот?

— Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар бир элге өзүнүн тили менен таратабыз, ар бир элди өзүнүн тили менен өстүрүп, жаңы адамды тарбиялайбыз деп, кудум инкубатордон чыгаргансып жазуучуларды жамыратып чыгарып, адабиятты мамлекеттештирип, жазуучуну мамлекеттик чиновниктердин бир түрү, идеологиясынын жоокерине айлантып, БКга киргизип, академик кылып, синекура деп коёт, кол оорутуп, бел жоорутпаган кесипке айландырып жибербедиби.

— Петр биринчи орус боярларынын сакалын кыркып, парик кийгизгендей кеп экен да?

— Ал эми реформатор болгон, ошол сыяктуу авантюралар менен бүт өлкөгө Европанын эшигин, цивилизациянын жолун ачкан. Совет авантюрасы болсо жол ачмак түгүл адабиятты жалпы адамзат кастарлаган түпкү маани-маңызынан ажыратып, суу ичкен булак көзүн таптакыр эле цементтеп сала таштабадыбы. Коом өзгөргөндө көрүп атпайбызбы, «коомдон тышкары жашабас» адабияттын күчүн. Аны эми ким окуйт?

— Бул кыргыз адабиятында келечекке кала турган чыныгы чыгармалар жаралган жок дегениңизби?

— Бул эми мындай. Чоң ишкана дейли, бир цехи же өндүрүшүнүн бир тармагы иштебей калганынан эле банкрот болбойт да. Ошол тызылдап иштеп аткан тармактары жалпы ишкананын жүгүн көтөралбай калганы үчүн банкрот болот. Биз бир топторун окуу китептерине киргизип, классик жарыялап алдык. Эми анын классик экенин кайдан билебиз? 100-150 жыл өтсө да өңү өчүп, сыры кетпесе, анан билинет да классик экени. А биздин жазгандарыбыз 5-10 жылдын ичинде эле эскирип кетип жатпайбы. Кечээ эле кайрадан окуп чыктым, Гоголдун «Шинелин» жаңыдан окугандай таңыркап, тамшанып окуп чыктым, а кыргыз адабиятынын канча «шинели» коммунисттик идеология менен таштандыга ыргытылып атат. Дагы ыргытылат. Анткени кыртышы ошондой. А орус адабияты башка кеп. Анын тамыры тереңде, коолап-чайлап өскөн адабият. Блок, Бунин, Ахматова, Цветаева, Булгаков өңдүүлөрүнүн совет доорунда жашаганы менен совет адабиятына тиешеси аз.

Орус адабиятында түзүлдү да советтик классика. А тургай Гайдар деле окула берет, мыкты, кызыктуу жазылган. Албетте, бизде деле андайлар бар. 70 жыл жер тыткандын ордуна кагаз бетин тытсак, бирин-экин чыгармалар жазылбай коймок беле, жазылды, арасында кала тургандары бар. Мисалы, М.Элебаевдин аңгемелери, А.Токомбаевдин, А.Осмоновдун айрым ырлары сыяктуулар.

Эми ошол саман-топондон дандууларын бери жакка шилеп алыш чоң проблема. Мен 20-30-жылдардын адабиятын изилдейм деп канча тартпаган азапты тарттым. 70 жыл ичинде көп китеп чыкты да, аларды элеп, тазалап, сортировка кылыш оңбогондой оор жумуш. Андай ишти, албетте, филология илими аркалайт. Аларга да баштагыдай акча төлөнүп, сый-урмат көрсөтүлбөй калды да, «сейрек таланттуу» сынчылар баягыдай жулунуп турарын кудай билет. Көрүп атпайбызбы.

Биздеги интеллигенция мамлекеттик масштабдагы калпычылар

Экинчиден, адабият көр оокаттын булагы болбой калды. Баягыдай китебиң чыкпайт. Окуу китептерине жарыяланган классиктердин чыгармаларын деле бала-бакырасы, урук-тууганы чыгарбаса, өкмөт кам көрбөйт. Ушуга чейин кам көрүп жүрүп кадемди катырбадыбы, китепти кантип чыгарабыз, кагазды кантип табабыз, кантип сатабыз, калем акыны кантебиз деген кайгы-капа жок. Тааныш таап, ЦКга жетип, басмада иштегендерди кошомат кылып үйүңө конокко чакырып… айтор, эки жылда бир китеп чыгарып алчусуң да.

Анан сыйургалы (привилегия) да көп болчу. Эсил кайран СССРдин эки жеринин биринде чыгармачылык үй, эс алам десең, жазам десең, баары бекер, күнүгө эле жолугушуу, күнүгө эле той, анан да кошумча акча берет. Ошон үчүн врачтары деле, пенсионерлери деле ыр жазып отурчу. Ырдын болсо ар сабына төлөйт. Ошонун айынан кыргыз совет поэзиясынын саптарында баары сынган, бүктөлгөн, роман жазылды ыр менен. Ыр менен эмес, кара сөз менен жазыш кыйын романды, бирок акча жаздырып атпайбы.

Мына ушуга окшогон ж.б. жагдайлар тилдин жана ойдун деградациясына алып келди, улуттун интеллектуалдык жана духовный потенциалын мокотту. Орустарды туурап бизди баспай атат, чыгарбай атат деп ач айкырык салышчу эле, эми каалаганыңды чыгар десе, эч нерсеси жок экен. Кубатбек Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларынан башка эч нерсе жок экен, өзүбүз эле чыкканга ылайыктап жазып, чыгарып жүрүппүз. Орустар үстөлгө деп коёт, бокчого жазылган, катылган чыгарма жазбаппыз.

Мына заман өзгөрдү эле баары өчөйүп отуруп калды, азыр жазуучулардан жакыр жашаган эч ким жок.

— «Эми банкрот болдум» деп атканыңыз ошондонбу?

— Хрущев бир убакытта архитектуралык артыкбаш нерселер дегенди чыгарган. Элдин башын катканга башбаана жок болуп атса, фреска-мреска өндүү архитектуралык артыкбаш коозчулуктун эмне кереги бар деп. Анын сыңары мен деле илимпоз катары, жазуучу катары коомдогу архитектуралык артыкбаш нерсе болуп калдым да. Биздин керегибиз жок, коом бизсиз эле жашай берет. Айыл-ападагы кыргыздарга Жусубалиевдин же Рамистин эмне кереги бар? Аларга Эстебес, Замирбек, Тууганбай үчөө эле жетишет. Материалдык жактан да, духовный жактан банкрот болот деген ошо да.

«Кандектин карыганы билинбейт» деп тамашалап жүрбөйүмбү, эми «кээде билинип калат» деп ондодум, мен деле карыдым да. Пенсияга жетсем деп турам, пенсия дегениң деле иштеген кишилердин эсебинен келет экен, бизде 650 миң пенсионер бар, бул 4,5 миллион кишиге абдан көп, анын үстүнө алардын теңинен көбү жумушу жок колоктоп бош жүрөт, тиякта МВФ пенсионерлердин санын кыскарт, болбосо кредит бербейм деп мамлекетти коколоп турат, анан ойлойсуң да…

— Демек, адабиятка аралашып калганыңыз үчүн арманыңыз аттын башындай экен да?

— Өзбекстан телевидениесинин «Адатнамэ» деген көрсөтүүсү бар экен, көчөдөгү кишилерди кармап алып суроо бере берет. Менин кыргыз экенимди, элчи экенимди кайдан билсин, сурап атышпайбы: «Өтөгөн өмүрүңүздү ката деп эсептейсизби?» «Ыя, айланайын, совет доору, социалисттик түзүлүш ката делип аткандан кийин ошол доордун ичинде жашаган менин өмүрүм каяктан туура болуп чыгат» деп айтсам, «конкрет айтсаңыз, эмне ката кетирдиңиз» деп болбойт. «Кесип тандагандан, катын тандаганга чейин ката кетирдим» деп тамашалап кутулдум.

Жана айтпадымбы, өмүрдүн кырында турабыз деп. Мына ошол кырдан артка караганда арман кыла турган нерсе көп. Ошонун ичинен гуманитардык илимге, жазуучуга кирип кеткеним ката болгонбу деп ойлогонго турмуш өзү мажбурлады. Себеби, көркөм интеллигенция эң жаман акыбалга калды. Андан көрө соода институту, юридикалык факультет дегендер бар эле, ошону эле окуп албай, соодада, партиялык, ж.б. чарба кызматында жүргөндөр заман өзгөргөндө мамлекеттик мүлктү ээлеп кетти, мурда деле орток байлыктын кызарган жерин ошолор жулуп алчу. Көркөм интеллигенция мына ошол жула турган учурда эки колун мурдуна тыгып отуруп калбадыбы.

Эми бул бура сүйлөгөн сөз, мамлекеттик мүлктү алса, кыргыздын уул-кыздары алды, баарыбызга тең бөлгөндө кимибизге эмне жетет эле? Жетсе деле кыкеңдер мындай чыгып ичип-жеп алышат.

— Жазуучулардан деле улуп-жулуп кеткендер болду го?

— Алар кимдер? Депутат боло калып, саясаттын бир бучкагын тартышып жүргөн Мар Байжиев, Казат Акматов, Төлөгөн Касымбеков казынанын бир жеринен бирдеме калпып кеткендей болду. Камбаралы Бобулович кыргыз тил деп катуу-катуу бакырганы менен кыргыз тилдин ыратын көрбөй калды шекилдүү. Анан Асан Жакшылыков менен Эсенгул Ибраев эптеп бир жерден жеп кетти деген сөз бар. Эмнеси болсо да ошолордун алып кеткени жакшы болду, жазуучулардын ичинен эч кими эч нерсеге жетпей калса эмне болот эле?

Эртеңки күнү башыбызга бирдеме түшүп калса, ошолор жардам бериши мүмкүн, бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү сыздайт дейт. Анын үстүнө алар эмнени алды дейсиң, килейген-килейген нерселерди башкалар ээлеп кетти да…

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Асаба», 2000-ж.

Кыргыз интеллигенциясынын көзү көр, кулагы керең

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.