ЭССЕ

Заман техника менен жуурулушуп, адамдар өзгөрүп барат. Азыр сага жакшы сөзүн айтчу адамды издеп таппайсың, тапсаң – сен ага “пайдалуу кишисиң”. Жакшы иш жасасаң – көрбөйт, ээрден кыйшайсаң – баса калат. Азыр досуң көп, жолдошуң аз. Ушундай олку-солку заманда жакшы иштер, жакшы адамдар жөнүндө айтып, беш күндүк тирүүлүктө көңүл жылытаарлык сөзүбүз көп болсо дейм.

Мынтип сөздү алыстан баштаганым, быйыл мага ата-энемдей кеңешчим болуп калган Каныбек агай элүү жашка келиптир. Агайды 13 жыл мурун таанысам, ошондо эле элүүнүн кырын ашкан кишидей көргөм. Көрсө, ой-жүгүртүүсү, билими, тажрыйбасы жагынан өз курагындагылардан озуп кеткен сыңары, өң-келбеттен да озуп кеткен сыяктуу.

Мен Каныбек Исаковду ОГПИде ректор болуп турган мезгилде тааныдым. Бир жолу ОГПИде тил майрамы болуп калды. Биз ОшМУдан бир топ жаштар барганбыз. Ошондо Каныбек Исаковдун оргуштап турган ойлорун, ашыкча эле харизмасы күчтүү, аябай жөнөкөй анан сөздүн мыкты чебери, идеялардын заводундай жетекчи экенине күбө болгонбуз. ОшМУда дагы ушундай жупуну, жаштарга жакын ректорубуз болсо деп суктанганбыз. Ошол күнү асмандан издеген кишибизди ОГПИден тапкандай эле болгонбуз.

2011-жылы ОшМУга жаңы ректор дайындалат деп жатканда бир топ жаштар Каныбек агайды ОшМУга ректор кылып алып келиш керек деп чыкканбыз. Анда мен ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы болчумун. Бир топ активист жаштар оолугуп, өзү студент болсок, анан бир нерсени чечип жиберчүдөй: Исаков ректор болуш керек деп ызылдап жүрдүк. Кудай жаштардын үнүн уктубу, айтор, кийин Каныбек Исаков жөнүндө өкмөт туура чечим кабыл алды, агай ОшМУга ректор болуп дайындалды. Азыр эстесем бул күн студенттер үчүн үмүт жанган күн болчу. ОшМУнун багы бар экен.

Ректорду тааныштырганы ОшМУнун чоң залында ошондогу министр Канат Садыков келген. Студенттерден Улукбек Омокеев (азыр белгилүү акын), орус тилинде Марат Турдубеков (учурда юристтер клубун жетектейт) куттуктоо айтмак болду. Марат чыгып эле “Добро пожаловать в ОшГУ уважаемый министр обороны” деп “образования” менен “обороны” деген сөздөрдү алмаштырып айтып салды. Эл, зал жаңырта дуу күлдүк. Ошол күнү ОшМУ студенттери жаңы ректорубуз менен маашырланып, кудуңдап сүйүнүп, башкача бир сезимдер менен тараган элек.

Биз 1-курс болуп келгенде Каныбек агай ОшМУдан ОГПИге кеткен экен. Биз окууну аяктап жатканда агай ОшМУга ректор болуп келди. Ошентип мен сыяктуу 2006-жылы окууга тапшыргандар Каныбек агайдын доорунда окубай, өкүнүп калдык.

Бир күнү Каныбек агай мага жардамчы болуп иште деп айтып калды. Негедир агайдын мүнөзү чарт-чурт сезилип, бир ишти туура эмес жасап алсам иштен айдап жиберчүдөй туюла берчү. Мен анда окууну жаңы аяктаганым үчүн көп нерсе деле билбейм, тажрыйбам да жок, бирок үйрөнө турган нерселерим көп. Көздү жумуп жардамчы болгонго макул болдум. Бекер коркупмун, көрсө агай сыртынан каардуу көрүнгөнү менен жан дүйнөсү таптакыр башкача, тескерисинче, боорукер, айкөл жан экен. Жумуштун кызыкчылыгы үчүн кээ бирөөнө катуу айтып алса, кайра жан дүйнөсү кыйналып, көңүлүн оорутуп албадым бекен деп өкүнүп калар эле.

Каныбек агай ректор болуп келгенден баштап окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушуп баштады. Мен түшкөн сунуштарды жазып жүрөм. Ошондо мугалимдер тарабынан агайга коюлган талаптардын азыр ОшМУда бири да калган жок. Тескерисинче, Каныбек агай ректор катары өзүнө тиешелүү жумушту аткарып бүтүп, кезек сиздердики деп окутуучуларга талап коюп калбадыбы. Бул агайдын кеменгерлиги эмей эмне.

Жанында жүрүп Каныбек Абдуваситович эмес “агай” деп көп кайрылышаарын байкап жүрдүм. Кийин депутаты деле, министри деле агай деп айтып жүрүштү. Көрсө Каныбек Исаков миңдеген жаштардын жүрөгүнөн “агай” деген орунду ээлеп койгон экен. Мен аз болсо да ОшМУнун “Билим” лицейинде агай болуп жүрдүм. Азыр ак үйдөгү “Паланча Түкүнчөевич” деген сыртынан кооз айтылган муздак мамилелерди көргөндө, окуу жайдагыдай же мектептегидей агай деген жан дүйнөгө жакын жылуу мамиле эч жерде жок экенин түшүндүм.

Мен Каныбек агайдан көп нерсе үйрөндүм. Агай макала жазса, мен аны компьютерге түшүрөм, өзү филолог болгону менен кол жазмасы врачтардыкына окшош, сөздөргө түшүнбөй кайра-кайра кирип сурайм. Экинчисинде уялып окшоштуруп, бир сөздү таап жазам. Таптакыр эле башка сөздөр болуп чыгат. “Бардык” деген сөздү “баардык” деп ката жазчумун, аны агай акырын оңдоп койчу. Ошентип жазгандан баштап, кантип сүйлөгөндү, сүйлөшкөндү, мамиле кылганды да агайдан үйрөндүк.

Кемчилик кетирсем: “Жаш кезимде болгондобу, дубалдын ары жагына алпарып тарбиялап коёт элем го сени”, — деп тамашалап калчу.

Агайдын насаатын көп уктук, мээнеткеч анан адилет болууну үйрөттү. Агай ушу мээнеткеч адамдарды жакшы көрчү. Сен бир кадамды жаса, эки кадамды мен жасайм деген сөзү бар эле. Түнкү саат он экилерге чейин иштеген күндөрү көп болду. Көбүнчө ОшМУнун ректорунун анан Кудайберди Гапаралиевичтин (азыр билим берүү министринин орун басары) свети жанык болуп турар эле. Ректор ушул убакка чейин эмне кылат деп менден кароолчулар сурай берет. Агайдын жан дүйнөсүндөгү талапты алар кайдан түшүнмөк эле деп койчумун ичимден.

Өзү дүйнөдө идеялар көп болгон жерде өнүгүү да көп экен. ОшМУнун азыр улам жаңы багыт алып, алдыга кетип жатканын агайдагы дүрмөттөлгөн идеяларга байланыштырат элем. Жаратмандык агайдын девизи десем да болот. Качан жолукпа, жаңы идеяларды айтып, аны ишке ашыруунун амалын издеп жүргөн болот. Агайдын даражасы, улуулугу мына ушунда деп ойлойм.

2012-жылы болсо керек. Агай филфактын алдында 1-сентябрь билим күнү менен куттуктоо айтып калды. Ошондо мугалимдерге, студенттерге кайрылып жатып: “Айлананы карагылачы, бийик имараттар курулуп жатат, биз да бир орунда токтоп калбай бийик болушубуз керек, XXI кылым бир орунда калган кишини кечирбейт, учур менен кошо жарышып, заманга жараша трансформацияланышыбыз керек”, – деп окутуучулардын ой жүгүртүүсүнө жем таштаган эле.

Агай изденбеген, алдыга умтулбаган кишилерди жаман көрчү. Жок дегенде бөлмөсүндөгү жумушчу столун бир жылда бир жолу өзгөртүп отура албаган адамдан жакшы нерсе күткөнгө болобу деп менден сурап калчу. Дүйнө алдыга оозуп кетти. Япондор ошол жоктон бар кылган жаратмандыгы менен дүйнөнү багындырбады беле. Демек, жаратмандык бул биздин да өнүгүүгө негизги талап экендиги талашсыз экен го. Бул жагынан Каныбек агайдан үлгү алып, биз – шакирттери, жаратмандыкты өз девизибизге айландырышыбыз керек деп ойлоп кеттим.

Шакирт демекчи, агай улуттук нарк-насилге жана салттуу маданиятка өзгөчө маани берет. Кыргыздын канына сиңип калган устат-шакирт салтын кийинки муунга өткөрүүдө агай көпүрө болуп берди. Бирок биз – кийинки муун устаттык милдетибизди аткара алабызбы, маселе ошондо болуп жатпайбы. Агай шакирт таптоодо алдына киши салбады. Азыр шакирттеринин алды белгилүү коомдук ишмерлер, илимпоздор, маданият өкүлдөрү, педагогдор, дегеле көп түрдүү тармактарда коомго пайда келтирип жүрүшөт. Бир топ кадрларды даярдап чыгарып, адамдын кандай экенине карабай өсүп жетилишине шык берип, далай жаштардын жолун ачты агай.

Каныбек Исаков жөнүндө көп айтылбаган бир артыкчылыгын айткым келди. Ал табиятынан мыкты дипломат. Сүйлөшүүлөрдү өз деңгээлинде мыкты алпарат. Түрктөр болобу, кытайы болобу, немисиби – кимиси болсо да агай алардын Кыргызстан жөнүндө, Ош жөнүндө, ОшМУ жөнүндөгү ойлорун кескин өзгөртүп, жан дүйнөсүн ачып, олуттуу кызматташууну түзө алчу. Ошон үчүн кайсы өлкөнүн өкүлү болбосун кызматташууга эч кандай маданият, тил тоскоолдук боло алчу эмес. Ошон үчүн азыр ОшМУ эл аралык байланышта өлкөдөгү башка окуу жайларга үлгү боло алды.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Каныбек агайды мен эң бактылуу адам деп эсептейм. Себеби адам башында эмне парз болсо аны агай татыктуу аткарып келет. Коомду агартууда тоодой эмгектерди жасады. Аркасындагы кийинки муунду татыктуу тарбиялай алды. Үй-бүлөдө жароокер жар, үлгүлүү ата, доско мыкты жолдош. Пенде болуп жаралып адамда мындан артык миссия болбосо керек деп ойлойм. Бирок өлкөбүз өйдө-төмөн болуп турганда, агайдын билими, тажрыйбасы дагы нечен ирет келечек үчүн керек болот, ал үчүн Каныбек агай арабызда бөөдө кырсыктан аман болуп, эсен-соо жүрүшүн кудайдан тилек кылам.

Артурбек Тургунбаев,
2-апрель, 2019-жыл, Бишкек шаары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.