Кезектеги акция эл өкүлү Айнура Осмоновадан Азамат Арапбаевге узатылды

Адабият, маданият өкүлдөрүнүн жана жалпы эле интеллектуалдардын альянсына айланып калган “РухЭш” сайтын колдоо демилгесине биз да кайдыгер эмес экенибизди билдиребиз. Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүү максатындагы аталган сайттын иш-аракеттери көпчүлүккө маалым. Арийне, гуманитардык багыттагы бул долбоордун иши үзгүлтүккө учурабай, кыргыз акын-жазуучуларынын өрнөктүү көркөм чыгармалары менен бирге дүйнөлүк адабияттын классикалык аңгеме, повестттери кыргыз тилинде үзгүлтүксүз жарыяланып келе жаткандыгы – рухий коом агартууда чоң мааниге ээ экени шексиз. Андыктан “РухЭш” сайтын колдоп келе жаткан кесиптештеримдин эстафета саамалыгына кайдыгер эмес экенимди билдирип, жеке өзүмдүн атымдан […]

Фатма Коч Өзкул: Жоголгон cүрөт (конкурска №36)

АҢГЕМЕ Күн нуру акырындан жылытып келаткан таӊдын эрте мененки сааттарында өздөрүндөгү кандайдыр бир ички аруулугу менен ойгонду адамдар… Бул Нооруз күнүнүн таӊы болчу. Бул улуу күндөгү жашоонун сонун кереметин сезбей коюуга эч мүмкүн эмес эле. Зейнеп үстүндөгү жуурканды акырын көтөрүп, ордунан козголду. Ал үчүн бүгүн өзгөчө күн. Кечинде даярдап койгон кийимдерин абайлай бүктөп, сумкага салды. Бул кыргыз аялынын улуттук кийими эле. Анын бырышып каларынан чочулады. «Таксиде кетет эмесминби, бырыша койбос» деп өзүн-өзү бул ойлордон алыстатты. Шашыла даярдана баштады. Анткени Нооруз […]

«Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» чыгармасындагы этнопедагогикалык тарбиянын орду

Кылымга тете бир күн болгон сыңары эле, ар бир улуттун өзүнө тете кишиси болот эмеспи. Байдылдай Сарногоев айткандай: “Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме, \ Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме” деген ыр саптары да бекеринен жаралган эместей. Себеби Чыңгыз аркылуу кыргыз деген улутту дүйнө тааныганы талашсыз чындык. Мына ошол улуу жазуучубуз ар бир кыргыз үчүн куяш сыңары жаркылдай нурун чачып, жер сыңары кыргыз салт-санаасын, турмушун чайпалбай чыгармалары аркылуу оор жүктү көтөрүп турганын ар бир чыгармасынан сезүүгө болот. Маселен: “Деңиз бойлой жорткон […]

Лев Толстой: Акула (конкурска №35)

АҢГЕМЕ Биздин кеме Африканын жээгинде токтоп турган. Күн ачык, сонун болучу, деңиз тараптан катуу шамал согуп жаткан. Бирок, кечке жуук аба ырайы өзгөрүп, үп болду. Сахара чөлү жактан лапылдаган ысык желаргы бетке ургандай. Күн батып бараткан маалда капитан палубага чыгып: «Сууга түшкүлө!» деп кыйкырды, ошо замат матростор дабырап сууга секиришти да, парусту сууга таштап, аны байлап, жууна турган жайга айландырышты. Кемеде биз менен кошо жүргөн эки бала бар болучу. Адеп эле алар сууга бой ташташты. Бирок, аларга парустун ичи тар […]