Адабият, маданият өкүлдөрүнүн жана жалпы эле интеллектуалдардын альянсына айланып калган “РухЭш” сайтын колдоо демилгесине биз да кайдыгер эмес экенибизди билдиребиз. Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүү максатындагы аталган сайттын иш-аракеттери көпчүлүккө маалым.

Арийне, гуманитардык багыттагы бул долбоордун иши үзгүлтүккө учурабай, кыргыз акын-жазуучуларынын өрнөктүү көркөм чыгармалары менен бирге дүйнөлүк адабияттын классикалык аңгеме, повестттери кыргыз тилинде үзгүлтүксүз жарыяланып келе жаткандыгы – рухий коом агартууда чоң мааниге ээ экени шексиз.

Андыктан “РухЭш” сайтын колдоп келе жаткан кесиптештеримдин эстафета саамалыгына кайдыгер эмес экенимди билдирип, жеке өзүмдүн атымдан сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине беш миң (5000) сом жөнөттүм. О.э. бул тилектештигимди улантып кетет деген ишеним менен кийинки эстафета кезегин Жогорку Кеңештин депутаты Арапбаев Азамат Абдуллажановичке узаттым.

Мындан ары да “РухЭш” сайтынан адабий чыгармалар менен катар кыргыз жана орус тилдериндеги тарых булактарынан алынган кызыктуу материалдарды окуп турууну каалар элек…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.