Айтматов дайым бизге замандаш боло берет (№10 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Убакыт өткөн сайын Чыңгыз Айтматов да унутулуп баратканын моюнга алуубуз керек. Айтматовду билбеген, окубаган муун өсүп келе жатат. Айтматовдун урпактары, чыгармачыл адамдардын жаңы мууну улуу жазуучунун чыгармаларын жаңыча чечмелеп, жаңыча сахналаштырып, жаңыча тартчу мезгил эбак келип жетти. Искусство түрлөрүнүн ичинен эң таасирдүүсү кино эмеспи. Азыркы күндө Кыргызстандын өзүндө эле айына 2-3 кино тартылат. Бирок ал кинолордун 90% бир жолку эле көрүүгө араң жарай турган фильмдер. Анткени ал фильмдердин сюжети өтө жөнөкөй, примитивдүү, көтөргөн идеясы деле […]

Вадим Радионов: Язык превратился в политический инструмент

 Латвияда, соңку маалыматтарга ылайык, 1 934 миңден бир аз көп букарасы бар. 2011-жылкы эл каттоо боюнча жалпы элдин 62, 1% латыштар жана 26, 9% орустар. Латвия 2004-жылдан бери Евросоюзга мүчө. Улуттук өкмөттүн латыш тилин коргоо тажрыйбасы менен окурмандарыбызды тааныштыруу максатында “Радио свободага” (Поверх барьеров с Игорем Померанцевым, 15 марта) латвиялык журналист Вадим Радионов берген маектен үзүндүнү сунуш этебиз.   …Его хорошо знают в Риге по радио – и телепередачам, по публикациям в прессе. – Вадим, вы родились в Риге, выросли […]

Кореяда эмнеге калдайган калпак кийишет?

Корей эл жомогу Корейлер эң ыңгайсыз болсо да атамзамандан эле калдайган калпактарын чечпейт. А эмнеге дебейсиңерби? Көрсө, те илгери корейлер дайыма эле падышага каршы кутум уюштурууну тымызын сүйлөшө беришчү экен. Мунун шек-шооратын туйган падыша да жөн жатмакпы, амалын табат да, буйрук чыгарат. Буйруктун негизинде камырдай ийленген ылайдан калкка калпак кийгизилет, болгондо да кырбуусу карыштан да узун. Кырбуусу калдайган калпак кийген адамдар бирине-бири жакындай алабы; шыбырашалы десе – сөз угулбайт, катуу сүйлөшөлү десе – падышага узун кулактар сөз ташыбай коймокпу. Коркунуч […]

Харуки Мураками: South Day Strut

АҢГЕМЕ “Дуби Бразерс” “South Day Strut”[1] композициясынын музыкалык фону Саут-Бейде жамгыр болбойт. Түштүк Калифорнияда бул көнүмүш эле нерсе. Жок, эми… такыр жаабайт дегенге деле болбойт, андай эмес. Жөн эле жамгыр  жаратылыштын кадимкидей эле кубулушу катары адамдардын аң сезимине  кабыл алынып калбагандай, сейрек  жаайт. Кыскасы, Бостондон же Питтсбургдан келген адам: “ Күн бүркөк. Жамгыр жаап, көңүлүм чөгүп турат” — десе, Саут-Бейде жашаган адам үчүн мындай жагдайды түшүндүрүү, башка адамдарга түшүндүргөнгө караганда бир топ эле машакаттуу. Түштүк Калифонгияда, Саут-Бейде серфингистердин базасы, “крутой” […]

Эсенбай Нурушевдин «Айтматологиясы»

Жаңы жыл алдында «Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос» деген китеп басмадан чыкты. Аталышы сезимге чок салган китептин автору — публицист Эсенбай Нурушев. Автор өз эмгегинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларын философия, адабият жана маданият таанымдагы кээ бир концепциялар менен теориялардын алкагында талдайт. Э. Нурушев өзү «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» деген изилдөөсүн «адабий-философиялык, маданият тааным аңытындагы этюддар» деп атайт. Чыңгыз Айтматов үчүн адабияттын эл аралык дарбазасын ачкан «Жамийла» повестинен тартып, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү козгогон «Кассандранын эн тамгасы», «Кыямат» романдарын, […]

Темирлан Бейшенов: Күтүү зары

НОВЕЛЛА Күтүү өмүрүмө, бешенеме жазылып калгандай. Бул күтүү армандуу күтүү болду. Азаптуу күтүү болду. Бүтүндөй жаштыгымды, өмүрүмдү, жарык дүйнөдөгү болгон кайгы-кубанычымды жутуп алган күтүү болду. Өлүм жетелеп келген күтүү болду. Сага эмне мынча берилип, мынча эмне сүйүп калганымды түшүнө албайм. Сага болгон менин байкуш сезимим ай. Байкуш жүрөгүм ай. Ушунчалык кыйналып бүттү. Тирүү жандар түшүнбөс, ааламды жалгыз кезген боздогон бороондой болдум. Ай талаада калып, куурап бараткан жапжалгыз дарактай болдум. Дарак сууга суусап куураса, мен сүйүүгө, сага суусап куурап баратам. Өмүр […]

Такталбас тарых: Атамбаев Айдар Акаевдин арты менен байлыкка жеткенби?

Маркум Мелис Эшимканов менен болгон бул маек 2010-жылдын март айынын соңунда “Эл мени жапырт жек көргөнүнө ишенбейм” деген аталыш менен жарыяланып (“Айат-пресс” 26.03.2010 №09 (58)), рубриканы “Капыл-тапыл маек” деп атаганбыз. Чынында Эшимканов экөөбүз капыл-тапылынан кезиге калып сөзгө тартсам, ымындай сырын төккөн эле. Ал мезгилде өлкөдөгү адилетсиз саясый кырдаал күндөн күнгө чыңалып, элде бакиевдик бийликке нааразычылык күчөп, анын командасындагы М.Эшимканов сындуу көрүнүктүү фигуралар көпчүлүккө суук тумшук саясатчы көрүнүп турган кезең эле. Мелис мырзанын ошол кездеги саясый кадамдарын көпчүлүк катары менин да […]