“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Убакыт өткөн сайын Чыңгыз Айтматов да унутулуп баратканын моюнга алуубуз керек. Айтматовду билбеген, окубаган муун өсүп келе жатат.

Айтматовдун урпактары, чыгармачыл адамдардын жаңы мууну улуу жазуучунун чыгармаларын жаңыча чечмелеп, жаңыча сахналаштырып, жаңыча тартчу мезгил эбак келип жетти. Искусство түрлөрүнүн ичинен эң таасирдүүсү кино эмеспи. Азыркы күндө Кыргызстандын өзүндө эле айына 2-3 кино тартылат. Бирок ал кинолордун 90% бир жолку эле көрүүгө араң жарай турган фильмдер. Анткени ал фильмдердин сюжети өтө жөнөкөй, примитивдүү, көтөргөн идеясы деле жок.

Биздин режиссерлор Айтматовдун чыгармачылыгына кайрадан кайрылса, Айтматовду кайрадан ачса болот эле.

Мисалы, мен “Кассандра энтамгасы” романын заманбап технологияларды колдонуп экрандаштырса, укмуш кино болооруна көзүм жетип турат. Бирок мындай фильмди жеке студиялар, алтүгүл мамлекет да тарта албайт. Бир тартса Голливуд тартышы мүмкүн. Эгер “Кассандра энтамгасы” тартылса, азыркы учурда жаштар арасында укмуштай популярдуу болуп жаткан “Мстители”, “Тихоокеанский рубеж” фильмдерин артка калтырган фильм болмок.

Айтматов чыгармалары боюнча компьютердик тиркемелерди чыгаруу аркылуу да жаштардын кызыгуусун жаратууга болот. Муну сөзсүз жасоо керек. Мисалы, менин досторум футбол, бокс, спорт жана башкаларды жалаң тиркемелерден көрүшөт. Айтматовдун бардык чыгармаларынын аудиоверсияларын чыгарып, тиркемелер аркылуу таратуу азыркы учурда кыргыз программисттеринин деле колунан келет. Азыр мурункудай китеп окуган окурман жок. Планшет, гаджет, соцтүйүндөрдүн заманы азыр. Ошондуктан заманбап технологияларды пайдалануу Айтматов дүйнөсүн жаштарга жеткирүүгө өбөлгө болот. Жакшы жери Айтматов чыгармаларын орусча жазган, дээрлик бардык китептери дүйнө тилдерине которулган. Бул да интернетке таратууга шарт түзүп берип турат.

Айтматов өз доорунан алдыда жүргөн жазуучу жана ойчул киши болгон.

“Кылым карытар бир күндө” Сабитжан келечекте көзгө көрүнбөгөн нурлар менен башкарылган адамдар – радиомаңбаштар чыгаары жөнүндө айтып элдин оозун ачырат. “Жаныңа эчтеме алып жүрбөйсүң. Мага десең жылаңач жүр. Бирок көрүнбөгөн радиотолкундар болот, биоток деп коёт, ошол сенин аң-сезимиңе, мээңе дамаамат таасир этип турат. Анан сен кайда качасың?”, – дейт ал.

Ошол радиомаңбаштардын заманы келип калгансыды. Компьютер, андан кийин мобилдик сенсорлуу телефондордун чыгуусу менен компьютердик оюндар жаштардын эң көп убактысын короткон нерсеге айланды. Азыр шаарда компьютердик залдарга ойногону кетип калып, үйүнө барбай койгондор бар. Ойнойт элем деп акча табуу үчүн уурулук кылгандар да чыгууда. Мындай алып караганда, компьютердик оюндар виртуалдуу, жок нерсе. Анан башы маң болуп калгансып эле күнү-түнү ошол оюндар менен алек балдар, өспүрүмдөр толтура.

Чоңдор да бул оорудан кутула албай жатышат. Алар күнү-түнү социалдык түйүндөрдө отуруп, убактысын бекерге коротушат. Башы айланып калган сыяктуу эле социалдык түйүндөрдүн, мессенжерлердин азгырыгынан чыга албай келишет. Анализдебей туруп эле интернеттен келген ар кандай маалыматтарга ишене беришет. Sony Плейстейшин залдарына кирип ойноп отурган чоң эле кишилер толтура.

Дүйнө коопсуздугуна коркунуч жараткан жанкечтилер чыкты. Ошолор азыркынын радиомаңбаштары го. Американын, Батыштын армияларында солдаттардын кийимине чип тиге башташты. Ал чиптердин жардамы менен солдат кай жерде жүргөнүн такай көзөмөлдөп, алтургай буйрутма берип турса да болот экен.

Ошол эле “Кылым карытар бир күн романында” башка планеталарга учкан кораблдер бар эмеспи. Роман жазылаардан 30 жыл өтпөй, космикалык туристтер пайда болду. “Тесла” фирмасынын түзүүчүсү Илон Маск космоско туристтерди учуруп жатат. Жер шарын жүздөгөн спутниктер айланып жүрөт. Алар жерде жаткан ширеңкени да көрө алышат дешет. Ушунун баары Айтматов чыгармаларында жазылган. Окурмандар фантастика дешкен, бирок көп өтпөй эле чындыкка айланып баратат. Бул да улуу жазуучубуздун гениалдуулугунун белгиси.

Эми ошол эле интернетти жакшы багытка иштетип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын элге, жаштарга жеткирүүдө кеңири пайдалануубуз керек. Мен интернеттен Айтматов тууралуу маалыматтарды издедим. Таң калыштуусу, анын көп чыгармаларынын кыргызчасы интернетте жок экен. Жеке фонддор, адамдар анын чыгармаларын жайгаштырыптыр. Бирок мамлекеттик деңгээлде Айтматовдун сайты да жок болуп чыкты. Орусча жакшы сайт бар экен. Бардык чыгармалары, өмүр баяны, макалалары, чыгармалары боюнча тартылган  фильмдери жайгаштырылыптыр. Бирок кыргызча мындай сайт жок. Айтматов кыргыз болгондон кийин биринчи кезекте аны кыргыз жаштары окуусу керек. Келечекте болсо, Айтматов тууралуу орусча, кыргызча, англисче, түркчө, немисче сонун сайт жасоого болот. Анткени материалдар дапдаяр. Болгону чогултуу, сайтка жайгаштыруу, аны таратуу гана керек. Ушул убакка чейин бул иш эмне үчүн жасалбаганына таң калам.

Айтматовдун чыгармалары улам жаңы кыры чыга берген турган асыл баалуу таш сыңары. Пайдасыз, пайдасыз гана эмес, зыяндуу, жалган, коркунучтуу маалыматтар көп заманда ошол асыл ташты унутпай, ага улам көз жүгүртүп, нурунан кубат алып туруубуз керек.

Айтматов дайым бизге замандаш боло берет! Анткени анын чыгармалары бардык мезгилдер үчүн баалуу.

Мусаев Раззак, Бишкек шаарындагы №95-мектептин 10-классынын окуучусу, “Интеллект” окуу борборунун ыктыярчысы

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.