Маркум Мелис Эшимканов менен болгон бул маек 2010-жылдын март айынын соңунда “Эл мени жапырт жек көргөнүнө ишенбейм” деген аталыш менен жарыяланып (“Айат-пресс” 26.03.2010 №09 (58)), рубриканы “Капыл-тапыл маек” деп атаганбыз. Чынында Эшимканов экөөбүз капыл-тапылынан кезиге калып сөзгө тартсам, ымындай сырын төккөн эле.

Ал мезгилде өлкөдөгү адилетсиз саясый кырдаал күндөн күнгө чыңалып, элде бакиевдик бийликке нааразычылык күчөп, анын командасындагы М.Эшимканов сындуу көрүнүктүү фигуралар көпчүлүккө суук тумшук саясатчы көрүнүп турган кезең эле. Мелис мырзанын ошол кездеги саясый кадамдарын көпчүлүк катары менин да кыртышым сүйбөй жүргөндөн улам, тил кычыштырган суроолорума жооп алган элем… Маегибиз маминтип башталат:

Чылымды баса-баса чегип, өзүнчө элден четтеп тургансыган Мелис мырзага берер кыйгыл суроолорум бар эле. Ыңгайын таап, бучкактан алдым.

Бир чылымдын артынан удаа экинчисин түтөтүп калыпсыз… И-ии?

— Эң чоң душманым – тамеки. Баардык эле жаман адаттарыман арылдым, ушу балакеттен арылалбай койдум. Бир күндө эки пачкадан “жайлап” коюп жүрөм. Ошого карабай мурдагымдай эле футболдун да акесин катырып…

Жаман адаттарыңыздан го арылыпсыз, жаман аттыларыңызданчы?

— Эми иним, жакшы адамды жаман атты ээрчибесе болбойт да.

Коюңузчу, сиз өзүңүздү жакшы адам сезесизби?

— Мен өзүм итий болуп туулган боюнча чуулгандын ичинде келаткан адаммын. Мектептен тартып, университет, ушуга чейин. Айтор, өмүр бою. Менин бир Эркин Маматов деген жакшы көргөн врач байкем бар. Ошол киши “сенин энергетикаң башкачараак. Оорусаң, катуу ооруйсуң” деп калат. Чынында ошондоймун. А түндөсү уктаганда, “шырп” эткен дабыштан ойгонгон сезимталмын. Бир орунда туралбайм. Компьютерде отурамбы, китеп окуймбу, бала-чакам мененби, айтор, беймарал жашоо сүралбайм. Кээде өзүмө өзүм кишен салып койгондой кыйналганда Алайдагы тоолорго 10 күн, 15 күнгө зып коём. Кубат акенин жанында жүргөндө уялганыман, тартынганыман – кээде тамекини таштап, устатымдын духовный сөздөрүн көкүрөккө уютуп, классикалык музыка угуп, китеп окуп тазаланып калам. Канча жолу мынабул буркан-шаркан жашоодон кутулуп, эркин жашоого өтөм деп эле колуман келбей койду. Негедир табиятыман бүткөн сезимтал мүнөзүм калалек.

— Сезимталдык демекчи, саясатта жүргөн кишиге бул касиет негизинен мыкты курал болушу мүмкүн. Саясый прогноздорду алдын ала сезүүдө балким ошол сезимталдыгыңыз чоң таяныч болуп келаткан жокпу?

— Мүмкүн. Мындан 20 жыл мурда башым катуу ооруп жүрдү. Райкан деген досум бир күчтүү көзү ачык бар дегенинен жөнөп калдык. Кабыл алуусунда киши көп экен, башка эшигинен кирип, мени далиске отургузуп коюшту. Аңгыча залдан көзү ачыктын “сиз кирбей эле коюңуз” дегенин угуп калдым. Райкан мени алып, кайра жөнөдүк. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калдым. Көзү ачык мени жаман көрүп калганынан текшерген жокпу деп себебин Райкандан сурасам, “Андай эмес, бу жигиттин энергиясы, био-талаасы күчтүү экен. Ал эмес жакында көзү ачылат. Эгер адамдарды дарылаганга өтпөсө өзү да өмүр бою ооруй берет, баш оорусунан арылбайт. Керек болсо бу жигит далиске аттаганда эле көзүм чакмарактап, алым кете түштү, көрбөй эле коёюн, өзүм ооруп калам” дептир.

Мен негизи эле космополит же китепти көп окуган адам катары мындайга көп ишенбейм. Бирок сенин сурооңдон улам айтат элем, менде аян түш деген нерсе көп болот. Кээде түш болбосо деле бирдеңкени алдын ала сезгендей жүрүштөрдү жасап ийем. Мисалга, бильярд же мончого баратып, күтүүсүздөн айдоочумду башка жакка айдатып кетип калам. Кийин билсем, сөзсүз мени күтүп турган кырсыктардан кутулуп кеткен болом. Албетте, мистикадай туюлушу мүмкүн, бирок акыркы кездерде буга көбүрөк көзүм жете баштады.

Гитлердин өмүр баянын билесизби, өмүрүндө 50гө жакын кол салуулардан сиз сыяктуу аман калган. Болгондо да ошол кол салууларды жөнөкөй адамдар эмес, генералдар уюштуруп, бирок Гитлер өзүнүн сезимталдуулугунан улам, сиз айткандай эле эң коркунучтуу кырсыктардан “буйтап” кетчү экен. Сизде да ошондой касиет бар го анда?

— Анысын билбейм. Билесиңби, 2006-жылы Рысбек Акматбаев митинг уюштуруп, Ф.Куловго ызырынганда ЖК трибунасынан: ”Феликс Шаршенбаевич, эмнеге Рысбек аянтка чыгып, премьер-министр экениңизге карабай бетиңизге түкүрүп атса да унучукпайсыз?” дегенимден кийин милийсада жүргөн тааныштарым “Меке, сиздин өмүрүңүзгө коркунучтар бар” дегенинен жансакчы алып, бронжилет менен жүрүп калгам. Бирок бир күнү жансакчыларымды кетирип ийип, ошол күнү негедир жалгыздыкты каалап тургам (Буга Темир Сариев досум менен Мелис Турганбаев экөө күбө). Телефон шыңгыраганынан алсам, Асанбай округунан шайлоодо жардам берген жигиттердин бири экен. Көрсө, ал мурда Рысбектин казына кармаган жардамчысы болуптур. Ошол жигит “сыртка чыгыңыз, Рысбек сиз менен сүйлөшкөнү келди” дегенинен эшикке тапичке, шортик менен чыксам, короо толо 7-8 капкара “Жип” турат. Рысбек отурган машинаны көрсөтүштү, бардым. Чынында каршыкырдай сүрү бар жигит экен, жарым саатча сүйлөштүк. Ага чейин Рысбектин өзүн көзмө көз көргөн эмесмин. Бирок Акаев бийлигинен ыдык көрүп жүргөндө көлдүк аксакалдардын Рысбекти колдогон катын гезитке жарыялатып, жардам берип келгем.

Ошондон улам ата-энеси мага абдан ыраазы болуп жүрчү. Албетте, мени менен сылык эле сүйлөштү, бирок коркуткан түрү билинип турду. “Ордуңузда башка киши болсо минтип сүйлөшпөйт элем. Апам сизди мактап, “ушу балага тийбе” деп ыраазы болуп жүрөт. А сиз Куловго, оппозицияга бекер кошулдуңуз. Анан трибуна менен гезитиңизден мага тийише баштадыңар. Ошон үчүн сизге эскертүү бергени өзүм келдим” дегенинен айттым: “Рысбек, кудай берген өмүрдү кудай алат. Сен Баяманга айткан сөзүңдү эстечи…” (Ал окуяны өлөргө чейин Б. Эркинбаев М. Эшимкановго айтып бериптир. – О.Ш.)

“Баяман, сен үч нерсени аралаштырып, чоң жаңылыштык кетирдиң: 1) Саясат; 2) Криминал; 3) Баңги зат” деп Рысбек Баяманды коркуткан экен. Мен да аны менен теңата сүйлөшүп, Баямандын тагдырынан улам: “Рысбек, — дедим… – сенин да чоң катаң: ачыкка чыгып, саясатка бекер аралаштың. Мунун арты жакшы болбойт…” дедим. Кыскасы, баарын айтып отурбайын, өзүңөр көрдүңөр, арты жакшы болгон жок…

Кызыгы, Рысбек менен кол алышып, сыртка чыгарым менен Темир досум менен М.Турганбаев оперлери менен келип калып, “азыр эле ажалдын учунда тургансың, кантип аман калдың” деп таңгалып атышпайбы. Болгондо да жанымда кайтарык кылган бир кишим жок. Мен муну буга чейин сага айткандай эч кимге кенен айтып берелек болчумун. Бул ошо сен айткан сезимталдуулугумдун белгиси болсо керек… Мен сыйлаган көз ачык Мелис Карыбековдун айткандарына көп учурда ишенем. Ал интервьюларынын биринде: “Эшимкановдун эл билбеген, мен билбеген бир колдоочусу бар” дегени бар. Ал эмес кээде колдоочум бар экенин билмек түгүл, сезем.

Мен сизди прагматик, прогрессивдүү көз караштагы адам деп жүрсөм, көз ачыктарга да ишенет экенсиз да…

— Жок, мен көз ачыктарга “тигини-муну айтып бер” деп кайрылбайм. Мына, 50гө келип калдым, кээде ооруп же ичип жыгылып калам, бирөө менен урушам же бир жакшылыктар болуп кетет. Бирок ошолордун алдында мага белгилер болот. Мистика дегенибиз менен ошолорду угам.

Бул артыкчылыгыңызды  башкалар пайдаланып келатабы же өзүңүз эле пайдаланып жүрөсүзбү?

— Башкалар деле пайдаланган учурлар бар. К.Бакиев баягы 19-апрелден кийин мени чакырып, “Мелис, Кабай экөөң абыдан жакшы жигитсиңер, бирок силердин ошол касиетиңерди башкалар пайдаланып жүрөт. Акаев учурунда гезитиңде кимди гана герой кылган жоксуң. Ошолордун сага пайдасы тийдиби, өздөрү жыргап жүрөт. Эки жылдан бери мени менен тирешкенге өттүң. Андан көрө мага жардам бербейсиңби, өлкөнү оңойлу” дегенинен улам, саясый багытымды өзгөртөйүн дедим.

Сиз негизи авантюристтигиңиздин азабын тартып келатасызбы же шар ооздугуңуздунбу?

— Иним Эрнистин мен жөнүндө интервьюларынын биринде айтканы бар: “Кыргызстанда Эшимкановдой эч бир ачык киши жок. Баардыгы ачык китептей…” деген. Ыраматылык Салижан Жигитов менен бала күнүмдөн таанышып калдым. Ошо кишинин юмор менен жашаган касиетин үйрөнгүм келчү. Бирөөнү шылдыңдай билген, өзүнө карата да “кандек иттин карыганы билинбейт” деп сын тага билгени жакчу. Өз комплексинен өйдө болуп, ошого бунтарлык кылып, ички жандүйнөсүн, мээсин таза кармап жүргөн керемет киши болчу. 6-7-классымда экенимде эле, Салижан аке менен атам экөө дос болуп, үйгө келип-кетип жүргөнүнөн улам, мага да а кишинин касиеттери жугуп калса керек. Эгерде турмушумда Салижан акенин ошол касиеттерине, Кубат акенин аруулугуна жетүүгө умтулбасам, турмушумда далай азаптарды көрмөкмүн. Менин башыман “Асаба” үчүн кандай гана азаптар өткөн жок… (Интервюда анын баарын камтууга мүмкүн болгон жок. Себеби “Асабанын” тегерегиндеги чуулар алигиче коомчулук эсиндедир. – О.Ш.)

Элдин айкөлдүгү менен кечиримдүүлүгүндө чек жок экен. Сиз Айдар Акаев менен жакын мамиледе жүргөндө элге абыдан жек көрүнүп алдыңыз эле, кийин Максим Бакиев менен ысык мамилеге өттүңүз. Эми да элдин сизге болгон айкөлдүгү менен кечиримине ишенесизби?

— Эл мени жапырт жек көргөнүнө ишенбейм. Муну түшүнбөстүк деп эле ойлойм. Керек болсо азыркы оппозицияда жүргөндөрдүн көбү Айдардын арты менен байлыкка жеткендер, Атамбаевиңер баш болуп. Мен муну беш колдой билем. Болгону, гезитим аркылуу Айдардын тегерегиндеги “аялын бычактап салыптыр” (Гезит үчүн эң керек оокат да булар – О.Ш.) деген ушактардын чын-бышыгын тактаган интервью жарыялап жибергеним үчүн Айдар менен дос кылып жиберишти. Бу жерде биринчи кезекте мага журналисттик сенсация керек болчу. Тилекке каршы, муну түшүнбөгөндөр саясатка айландырып жиберди. Азыр да Максим Бакиевге байлап, каалаганы каалаганын айтып жүрөт. Бирок Максимдин атын сатып, кимдер чардап атканын да билем.

Негизинен кантип эле канзаадалар менен мамиле түзүп каласыз?

— Айдар эми бийликтен кулаарында аргасыздан мага чыккан. Бул демилге негизи Адил Тойгонбаевдики болсо керек.

Бир жагынан “Агымда” да саясый кырдаалды өзгөртүп коёр күч бар эле да анда…

— Ал бир жагынан, экинчиден: “Эл КТР менен “Кыргыз Тууга” ишенбейт, Бермет менен Айдарды колдоп бербейсизби” дешкени чын. Мындай соодалашуу Тойгонбаев менен ачык эле болгон. Алар мага Асанбай округунан Садыбакасова менен кармашууда жардам бермек болушкан. Чынымды айтсам, мага бу жерде саясый соодадан мурда Бермет менен Айдардын канзаадалык жашоолору кызык болгон… Ушул жерден эл билбеген бир окуяны айтып берейин. 2005-жылы февралда Кубат Аке мага Алайдан телефон чалды, “кызык иш болду келип кетсең” деп. Барсам, Акаев үй-бүлөсү менен Россияга качып баратканы жөнүндөгү түшүн айтып берди. Кудум 24-марттагы окуя кандай болсо, ошондой сүрөттөдү. Так что Кубат акени Кыргызстандын №1 көзачыгы дээр элем. Бул февралдын баш чендери болчу. Кийин 22-мартта Кабай экөөбүз Берметке барып, ачык сүйлөштүк. “Карындашым, абал жаман: бир көзачык ушундай деп атат. Кан төгүлүп кетиши мүмкүн, абайлагыла! Милийса, армиянын да күчү жетпей калат” деп эскерттим, кеп жебеди…

Бир жарым күндөн кийин Акаевге ортомчулардан да эчким киралбай аткан учурда Т.Сариевдин жардамы менен Р.Жээнбеков экөөбүз 23-март, түнкү саат 11де Айдардын офисине бардык. 1,5 саат “лекция” окуп, “атаңдын элге чыгууга саат 10го чейин убактысы бар… аны-муну” десек, таңгалыштуусу – баарын туура кабыл алды. “Атакеме  болгонун болгондой айтам” деп кетти. Бирок ал кеткенден кийин телефон чалуулар кечигип, болгону эртең мененки саат 7де чалды, “байке, атакемди ишендире алганым жок” деп. Кийин Акаевдин жансакчыларынан уксак, Айдар баргандан кийин түнкү саат 4кө чейин үйбүлөлүк кеңеш өтүптүр. Баары кызыл чеке болуп талашыптыр. Айдардын айткандарына муюган Аскар Акаев бечара отуруп калыптыр. Себеби, Майрам эжекебиз менен Бермет чаңырып-чуңуруп, үстөмдүгүн кылса керек. Ал эмес “эртең отставкага кетем” деген Аскар Акаевди Бермет жакадан алып сүйлөгөн үчүн “Бермет, налетала на отца как пантера” деп баш мыкчып отуруп калыптыр. А Бермет болсо “Атаке, сен кимдерди угуп атасың! Бизди эртең 50 миң киши колдойт. Тиги менен сүйлөштүм, муну менен сүйлөштүм, баары ордунда. А сен шымыңды булгап алдың” дегенге чейин барыптыр. Эртеси күнкү окуяны баарыңар билесиңер…

Сөзүбүзгө эми кайта келели, сиздин еврей деген атыңыз бар. Учурда Максимдин шектүү командасындагылардын кеңешчиси дейбизби, көзөмөлчү дейбизби, айтор, еврейлердин үстүнөн кыргыз еврейи кантип көзөмөл жүргүзүп атат? Сизди уга тургандарбы ошолор?

— Жок, мен ошол силер дуултаткан еврейлердин эч бирин тааныбайм. Гуревич дейсиңерби, Белоконь дейсиңерби, булар менен эч бир байланышым жок. Менин сүйлөшүп жүргөнүм – Максим.

Сиздин Максим менен болгон мамиле кызматтык деңгээлдеги байланышпы же адамдыкпы?

— Адамдык ко дейм. Себеби, кызматтык байланышыбыз кийин уланды. 19-апрелден кийин эң биринчи мага телефон чалган Максим болгон. Митингден кийин ызаланып, сот ишине сүйрөлүп жүргөндө чалып калды. Ага чейин аны өмүрү таанычу эмесмин. Айткан сөзү: “Канчага чейин тирешебиз, эгер Кыргызстанды оңдоюн десеңер келгиле, кызматташалы. Мындан көрө атама жардам беришип, реформа кылбайлыбы” деди.

Кечээ курултайда эски санаалаштарыңызга жан тартканыңызды бири кезектеги авантюра десе, бири адамгерчилик катары кабыл алды…

— Негизи И.Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылышы адилетсиз чечим болуп калды. Эгерде шарттуу түрдө 1 жыл беришсе, түшүнсөк болмок. Чынында ушунчалык эле адилеттүү болуп, “жебеген жердин астында” деп Исаковго козголгондой кылмыш иши азыркы бийликтегилердин ар кимисине козголчу  болсо, соо адам калбашы мүмкүн. Мен муну революциянын 5 жылдыгына карата Курманбек Салиевичтен туура чечим күтүп, курултайда айтканым да бекеринен эмес.

Бакиевдер негизинен өлкөнүн финансы жана күч структурасын колго алып койду десек болот. Муну азыркы бийликтин артыкчылыгы деп санайсызбы же кемчилигиби?

— Менимче, артыкчылыгы. Анткени, күчтүү бийлик болмоюнча, күчтүү мамлекет боло албайбыз. Башка маселе, эгерде Бакиев керт башынын кызыкчылыгы үчүн ушуга барып атса. Эл оозун тыя албайсың, айта берсе боло берет. Бирок бийлик күчтүн баарын бир колго жыйнабаса болбойт. Аны Акаев тагдырынан көрбөдүкпү, өлкөнү жар кырына таштап баса берди. Сөз эркиндиги өлүп атат, демокртатия кыйрады дегенибиз менен түпкүлүгүндө – өлкөдөгү туруктуулукту сактап, өнүгүү үчүн ушул жолго баратабыз. Үйбүлөлүк башкаруу болобу, башкасы болобу, эң негизгиси: адилеттик орноп, элибиз бакубат жашоого жетип, өлкөбүз кубаттуу күчкө ээ болушун тилегенибиз оң. 15 жылдан бери демократия деп текей оттоп келгенибизди көрбөдүкпү. А мүмкүн өлкөнү авторитардык форма менен башкаруу оң жолго салып жүрбөсүн, муну да ойлонуп көрбөйлүбү.

Мага мындай да бир логика келет. Өлкө башчысы баласы Максим менен иниси Жанышты оң кол кылган себеби, тегерегинде ишенимдүү адамдар аздыгынанбы деп. Саясый элитанын кейпин болсо көрүп атабыз. Акүйдө бири-бирин бөлүп-жарчу күчтөр да жок эмес. Кокус 24-марттагыдай окуя кайталанып кетсе, селди токтотуп калар кандай күч болушу керек?

— Азыр Россия бизге маалыматтык согуш жарыялоодо. К.Бакиевди каалагандай согуп атышат. Баласын андан. Мунун баары эмнеден чыгат? Геосаясаттын кызыкчылыгынан. Курманбек Салиевич Акаевдей жылма эмес, түз, бетке чапма, эркек мүнөз болгон үчүн мүмкүн Москванын жинине тийип алды… А чындап келсе Россияда биздикинен өткөн авторитардык режим күч экени эч кимге жашыруун эмес. Алар биздегидей “кыңк” эткендерди керек болсо 37-жылдагыдан башкача жаза менен атасын таанытып коюшат. Кенедей Кыргызстанды алар оюнчук кылгысы келип, өздөрүнүн саясатын жүргүзгүсү келген үчүн К.Бакиев аларга тоң моюндук көрсөтүүдө. Биз болгону Америка менен Россиянын ортосундагы геосаясый тирештерге кабылып атабыз.

Түпкүлүгүндө мен Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна макул эмесмин. А киши үй-бүлөлүк башкарууга өткөнү эч кимге жашыруун да эмес. Бирок ошого карабай, “ооба, мен үй-бүлөлүк башкаруу жолун тандадым” деп, азыркыдай туюк саясат жүргүзбөй, эл астына болгонун болгондой айтып, бирок өлкө келечеги үчүн мен ушуга аргасыз бардым десе эмне болот?

— Негизинен ушак эмнеден чыгат? Элге так, ачык маалымат жетпегенден. Ошол себептен бүгүн ушактардын кучагында калдык. Мен деле Максимге, секретариатка айттым: ЦАРИИ менен иш жүргүзгөн чет өлкөлүктөр боюнча Кыргызстан элине толук, ачык маалымат берели. Ошон үчүн бизде сырттан келген компаниялар кандай экенин бүдөмүк билгендин баары ар кандай ушактарды жаратып алууда. Максимдин күнөөсү эмнеде? Ал биздин большевиктик кыргызбайский аң-сезимибиз менен иш жүргүзүүнү каалабайт. Себеби Максим абсолютный жаңычыл муундун өкүлү. Кыргызстандын экономикасы КПССтин 20-жылдагы деңгээлинде калгандыгын көрүп, аны азыркы замандын шартына ылайык жүргүзүүгө еврей да болсо Максимдин командасы оңдоп кетерине толук ишенем. Ал эми Кыргызстанды еврейлер уурдап атат, жеп атат дегендин баары токонаалат, ушак кептер дээр элем.

— Наполеон айтыптыр “үч аскер полкунан көрө, бир гезит артык” деп. Муну айткан себебим, азыркы бийлик билимдүү элди башкаргысы келеби же караңгы элдиби? Көрүп атасыз, басма сөзгө болгон сөз эркиндиги, ой эркиндиги кысмакка алынууда.

— Мен албетте, башынан эле сөз эркиндигин кысмакка алынганына караманча каршы кишимин. Бийлик баардык гезит менен дос болушу керек. Анан ошолор аркылуу өз саясатын жүргүзө берсин. Камап, соттон сотко сүйрөгөндүн ордуна, жардам берип, мамлекеттин өнүгүүсүнө багыт берген идеяларды журналисттер менен бирге ишке ашырышы зарыл. Кыргызстандын шартында, басма сөзгө таянган журтбашынын эле иши оңолот. Керек болсо бийлик дарегине ачуу сөздөр айтылсын. Бийлик эл үнүн угуп, ошондон жыйынтык чыгарганда гана саясат оңолот.

Коомду өнүктүрө турган эң башкы факторлордун бири сөз эркиндиги да…

— Албетте, коом ансыз өнүкпөйт. Ириде сөз эркиндигин сыйлашыбыз керек.

Стоп! Сиз КТРди жетектеп турганда эмне анан “Азаттыктын” үнүн бууп койдуңуз эле?

— Ал мындай: 1) Бизге мазактаган акча төлөнчү экен. А мен аны кадимкидей соодалашып, эки эсеге көтөрдүм. Көтөргөнүм бир жылга созулуп кетти. Вашингтон менен чабышып, тирешип, акыры К.Оторбаев о.э. Прагадагы жетекчилиги менен сүйлөштүм, “Келгиле, биз эч кандай цензура кылбайбыз. Болгону Би-Би-Си сыяктуу эл аралык стандарт менен иштешели. Бирок өзүңөр билесиңер, КТР мамлекеттик канал. Бюджетти карагандыктан каалайбызбы, каалабайбызбы, ошолордун саясатын жүргүзөбүз”. 2)”Силерден суранычым, ободон ыплас сөздөр, жалган маалыматтар кетпесин” дегеним аларга өтпөй койду. Дагы бир маселе “Ыңгайсыз суроолорго” келген Ө.Текебаевден улам чыкты. Көрсөтүү чынынды чектен чыкканы оркоюп турат. “Президентибиз бандит, аны түрмөгө камаш керек” сыяктуу тири шумдук сөздөр. А менин эки башым барбы, же арыз жазып кызматтан кетишим керек, же “кой өткөрбөйм” деген чечимге барыш керек болду. Бирок “Азаттыктын” үнүн КТРи жок эле канчалаган телеканал, радиолор аркылуу элге жеткирүүгө толтура мүмкүнчүлүктөр турбайбы.

Ал эми учурдагы “Азаттык” абалы боюнча кандай ойдосуз, бийлик туура кылды дейсизби?

— Жок. Муну бийликке “медвежья услуга” көрсөткүсү келгендер жасап атат. “Азаттыктын” үнүн басабыз дегендер, тескерисинче, азыр элдин бийликке болгон тишин кайратып атат.

— Жогоруда сезимталдуулугуңуз жөнүндө кеп болду, сөздү алдыдагы саясый божомолдор менен жыйынтыктабайлыбы. Көзачыктык кылып, саясый “прогнозуңузду” берсеңиз, эмне болот?

— Менимче, чукул арадагы саясый абалдар тынч болбойт. Саясый толкундоолор, тирештер болуп турат. Себеби азыркы оппозиция эптеп Россия колдоосуна илинип алды. Ошондуктан стабилдүүлүккө доо кетирүүгө аракет кылышат. Кемебизди чайкаганга күч жумшашат. Мен ошол кыйынчылыктарда акыл-эсибизге келип, мамлекетибизди сактап калсак деп тилейм.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.