НОВЕЛЛА

Күтүү өмүрүмө, бешенеме жазылып калгандай. Бул күтүү армандуу күтүү болду. Азаптуу күтүү болду. Бүтүндөй жаштыгымды, өмүрүмдү, жарык дүйнөдөгү болгон кайгы-кубанычымды жутуп алган күтүү болду. Өлүм жетелеп келген күтүү болду.

Сага эмне мынча берилип, мынча эмне сүйүп калганымды түшүнө албайм. Сага болгон менин байкуш сезимим ай. Байкуш жүрөгүм ай. Ушунчалык кыйналып бүттү. Тирүү жандар түшүнбөс, ааламды жалгыз кезген боздогон бороондой болдум. Ай талаада калып, куурап бараткан жапжалгыз дарактай болдум. Дарак сууга суусап куураса, мен сүйүүгө, сага суусап куурап баратам.

Өмүр деген, сезим деген беш тамга, жашоо да беш тамга.  Бүткүл адамзаттын өмүрү да, менин өмүрүм да  беш тамгага байлангандай. Баары чиеленген бир байламдай. Сени күтүү деген күндөрүмдөн үй курдум. Айларымдан үй чатырын тургуздум. Жылдарымдан сен кеткен тарапка жол салдым.  Сагынычтан жол жээгине гүл эктим. Сен жактырган кыпкызыл кызгалдактарды эктим. Бак тиктим. Бирок сен жоксуң, сен келбедиң.

Кызгалдактар өздөрү назик, үлбүрөк болгону менен текебер, көкбет экен. Кыялдуу кызгалдактардын таажылары сен келчү тарапка ийилишип, алар да сени гана  күткөнсүйт. Гүлдөр мага таарынгансыйт. Мага карап ийилген, мага арналган гүл таажыларын көрө албадым. “Былтыктарым, назиктерим, сабырдууларым, үлбүрөктөрүм” деп баарына тегиз суу чачам. Кызгалдактарымды таарынгандыгы үчүн жакшы көрөм, сүйлөшөм, сырдашам.

Баары бир алар беттери суу болсо да, суу аларды сергитип жатса да, жигити атайылап кол чатырын унутуп, жамгырга калып калган татына кыздай  мага таарынышат. Тескери карашат. Балким өзүм үчүн эмес, сага арнап аларды өстүрүп жатканым үчүндүр? Сенин кыялың сыяктуу кызгалдактардын кыялын да  түшүнө албадым… Алардын таарынычтарын жаза албай алар менен күйпөлөктөгөнчө түш маал болот.

Сени, жүрөгүмдөгү жалгызым  сени, төрт тараптан келип калбасын деп коргону жок үй курдум. Капыстан келип калсаң үшүп калбасын, жалгызым күтүп калбасын деп  үйүмдү жаба турган эшик салбадым.

Бир да адам мага жазбаса да, чалбаса да сени издеп калбасын деп телефонумду бир ирмем да өчүрбөдүм. Телефонумду күн нуруна байлап койгом.  Сен издеп калбасын, чалып, жазып калбасын дейм.  Кабар күтүп, шыбыш күтүп, дабыш күтүп канча ирет жансыз телефонду кылчактап карайм. Үн чыкса чуркап барам. Кубанып чуркап барам. Кубанычтан жүрөгүм жарылчудай дүкүлдөп чуркап барам. Дуба айтып, көзүмдү жумуп, сени элестетип телефонумду карайм. Баягы тажаткан жарнама. Шылкыным сууй түшөт. Муздай түшөм. Үнсүз кайра ордуна коём. Дагы бир күн батып барат. Бир жолку телефон үнүн эшитүү менен менин үнсүз, муңдуу дагы бир күнүмдүн жарыгы өчтү.

Кайра таң агарат. Гүлдөр менен күйпөлөктөп, анан үйдүн айланасындагы сен жактырган кызыл алма бакка барам. Бак болгонун бүгүн билдим. Кечээ эле койнума салып келген көчөттөр эле. Бүгүн бакыйган бак болушту. Бактын  арасында өзүм көрүнбөй баратам. Бак чоңоюп баратат, мен кичирейип,  жок болуп баратам… Муну менен сени күткөн күндөрүм жылдарга алмашып, бир топ жылдар ушул азаптуу, армандуу күтүү менен узап кеткенин бүгүн билип, үмүт-шагым сынып турду. Жүрөгүм сыздап ооруп турду.

Жазында алмалар баары тегиз болуп гүлдөшөт, кудум сенин гүл көйнөгүң сыяктуу, сен сыяктуу, жүрөгүмдө жаркырап турган сенин элесиң сыяктуу ажар чачышат. Гүлдөрдүн буркураган жыты сенин жытың сыяктанат. Гүл жытынан жаз келгенин билем. Жазды сезем. Жай келгенде бүчүрлөр жалбырактарга бекинишет.  Сен сыяктуу дайынсыз болуп, жалбырактардын көлөкөсүндө калышат. Күзүндө жалбырактар саргайып, бут алдыма күбүлүшөт. Саргайып, дирилдеп акыркы күндөрүн көрүп жаткан жалбырактарды өзүмө окшотом. Алмалардын баары кызарышып, мени аңдышып, мага үңүлүшүп, мага тигилишип, “мени үзүп алчы” деп жобурашат.

Баары тегиз кызарышып, “сары жалбырактар аркасынан үзүп алса” деп тиленишкенсийт. А мен сени келсин деп аларды үзүүгө колум, дитим барбайт. Ары өтүп, бери өтүп, аларга ар шылтоону айта берем. Алмаларга да, жүрөгүмө да ар шылтоону айтып, кышка чейин кызыл алмалар үзүлбөйт. Кызыл алмалардай үшүп, тоңуп баратса да менин үмүтүм үзүлбөйт.  Акыры кызыл алмаларды үзүп, жылуу көйнөгүмө ороп, жашикке  салып, үйгө алып кирип сактайм. Сага сактайм.

Мен адамдар менен эмес, тирүүлөр менен эмес, табигат менен жуурулушуп  жашап калдым. Кызгалдактар канча ирет ачылып, кайра таажылары күбүлүп, куурап калышты. Жок болушту. Кызгалдактар ар бир күбүлгөн сайын менин үмүттөрүм да соолуп, түгөнүп, бүтүп, жүрөгүм бырчаланып, кандай ооруду дейсиң. Алма бак алмаларын күбүп, бутактар жыпжылаңач болуп калганда жандүйнөм каңгырап, чыйрыгып, жанымды коёрго жер таппай, эч нерсеге көңүлүм чаппай сулк түшүп ооруп калчу болдум. Бул куса, бул күтүү чексиздей. Бүтпөчүдөй… Аяктабачудай… Арты капкараңгы… Арты тунгуюк…

Анан кыш келет. Алма бакты, үйдүн чатырын бапыйып кар басып калат. Кээде суук бөлмөмдө катуу ооруп калам. Оозума суу тамызар жан жок. Денем алоолоп, ысыгы көтөрүлүп, түш менен өңдүн ортосунда кыйналып жатып сени көрөм. Түшүмдө бир кездегидей кайгылуу музыкага вальс бийлеп жаттык. Сенин баягы тааныш кызгалдак гүлдөрү бар көйнөгүң. Карагаттай мөлтүрөгөн көздөрүң, жыпжылуу илебиң… жаным жыргап, дене боюм балкып баратты. Бирок бул жылуулуктан тез эле ажырап калдым.

Бейтааныш адамды көздөй жүткүнүп, мени таштап кеттиң. Сени таппай калдым. Сени издеп жүрүп ээн талаага кабылдым. Анан эле кар учкан бороон, шамал башталды. Сенин карааның көрүнбөйт. Жыгылып туруп, бороондо жапжалгыз бутум чалыштап баса албай, кар күрткүсүндө калдым. Буту-колум муздагандан муздап, өзүмдү жоготуп баратканда ойгонуп кеттим. Ачынып калыпмын. Үшүп калыпмын. Баягы тааныш муздак дубалдар, баягы жалгыздык, баягы тааныш күтүү, кайгылар. Башка эч нерсе жок. Жымжырттык. Телефонум да үн катпайт. Жүрүп турган саат да токтоп калган. Өлүм, көр жыттанган жалгыздык.

Дубалдарга саат жебелеринен илгич жасап, сенин сүрөттөрүңдү жана сен жүргөн кафе, аэропорт, вокзалдын картиналарын илип койгом. Аларды көргөн сайын сени көргөнсүйм. Ирмемдер мага жылуулук, жылмайуу тартуулайт. Кайрадан заматта ал ирмемдер учуп кетет.

Сени күтүүдөн чарчабадым. Күтүүгө жеңилбедим. Мен убакытка, жылдарга, жаз, күз болуп алмаша берген мезгилдерге жеңилдим… Мен өлүмгө жеңилдим… Сага бул турган күтүү үйүн, алмалуу бакты, тиги жол жээгиндеги бажырайган сага окшош кызгалдак гүлдөрүн калтырдым. Бул үйдө, алма бакта, кызгалдактарда менин сага болгон сагынычым, сүйүүм, күтүүм, айтор, баардык сезимдерим, ойлорум, кыялдарым, армандарым, калды.

Үйдө муздаткычта сен жактырган балмуздактар бар. Бөлмөлөрдө сен жактырган музыка кубулжуп турат. Сен жактырган китептердин баары текчеде тизилүү. Айланаңды карасаң – баары өзүң жактырган, сенин табитиңдеги нерселер. Сен келгенде бир гана мени таппай каласың. Мен гана жок болом…

Мен сени күттүм. Сени күтүү менен күтүүдөн үй курдум, сагынычтан  айланама гүл эктим. Сени келет деген жол жээгине сүйүүнү күзөт кылдым. Сага жакчу кызыл алмаларды төккөн бак тиктим.  Мунун баары бир кездеги экөөбүз кыялданган нерселер эле. Мен баарын аткардым, бирок акырында баары калды…

Суук бөлмө, ачык терезеден келген муздак шамал  жамынган шейшебимди, чачтарымды, окуган китептеримди, сага жазып калтырган каттарымды дирилдетип учуруп, менин денемди да муздатып барат… Эми мен күтүү дартынан өлүм алдында турам. Скрипканын сыбызгыган кылдарындай өмүрүмдүн акыркы күүсү ойнолуп жатат…

Стол үстүндө сага жетпей, көз жашым менен жазылган көп каттар калды. Ал барактарда жүрөгүмдүн акыркы кагышы калды. Көз жашымдын тамчылары калды. Жарык дүйнөдө эч ким эч качан сүйө албай турган сага болгон сүйүүм калды. Качандыр сөөгүм сөпөт болсо да унутулбай кала турган сөздөрдүн гүлүн тердим.  Бул каттар көп жүрөктөрдү канатаар. Каттарды окуганда күтүү зарын, сүйүү зарын билгендер гана түшүнөөр.  Аларга ар бир тамга, ар бир сөз тааныш болор…

Мен узап кетсем да, өлүмгө жеңилсем да сенин келериңе үйгө, гүлдөргө, кызыл алмалуу бакка келип, чачылган каттарды окуп, мени жоктооруңа, болушунча буркурап боздоп ыйлаарыңа ишенип кетип баратам.

Мага өлүм келерин билип ыйлаган асман солкулдап-солкулдап алып, акырындан соолуккансып барат. Шамал аркырап дуулдап бир бугун чыгарып, эми тынчыгансып барат. Бактын бутактарында көз жаштай тамчылар мөлтүрөп, анан кургап барат… Менин жүрөгүм күтүүнүн, сүйүүнүн зарын тартып, канап, бырчаланып, эми жай алып, түбөлүккө мемиреп барат. Ойноп жаткан скрипканын күүсү бүтүп барат.  Мен кетип баратам…

п. Уренгой РФ. 02.19-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.