Карыбек БАЙБОСУН: Кайып булак

АҢГЕМЕ Кошой-Тоонун кош эмчек сымал чокусуна чыгып, булутсуз асман кезинде айланага дүрбү менен көз чаптыр: жүрөгүң опкоолжуп, сезимиң алеп-желеп болуп, кыялың алда кайда алып учмагы. Кандай кеңири мейкиндик! Тоо бүркүтүндөй каалгып учкан болсоң, сен кенедей кыпын сымал көк мейкинде көрүнбөй каласың. Сен дүйнөтүзүмдө бир кыпынсың, бирок аалам чапчыган ойлоруң сени мейкиндикке толтурат. Тиягың – Ат-Башы, Какшаал, Алай тоолору, каршы тарабында Соң-Көлдүн чети көрүнөт. Оң тарапка дүрбү сал: Ысык-Көл көгөрөт. Төмөндө келберсип Нарын дайра сапарын тартып барат. Бул тоо – кайыптардын […]

Василий Бартольд: Жети-Суу тарыхынын очерки

АЛГЫ СӨЗ Комитет тарабынан чыгарылуучу «Эскерүү китепчесине» өлкөнүн кыскача тарыхын жана маанилүү окуялардын хронологиялык көрсөткүчүн жазып берүү тууралуу сунушту терең ыраазы боло кабыл алдым. Жети-Суунун жергиликтүү тарыхына кызыгуу фактысынын жаралышынын өзү эле Орто Азиянын тарыхын изилдөөчү үчүн эң жогорку деңгээлдеги кубаныч, анткени ал бул тарыхты жергиликтүү күчтөрдүн жигердүү катышуусу менен гана толук жана ар тараптуу изилдөөгө мүмкүн экендигин түшүнөт. Бизге жеткен жазма булактар көбүн эсе үзүл-кесил жана толук эмес болгондуктан, археологиялык материалдар менен толуктоого муктаж. Өлкөгө кыска убакытка келгендиктен жергиликтүү […]