АБАЙЛАСАК БОЛМОК ЭКЕН

Жолуктук бүгүн дагы көпчүлүктө,
Сагыныч, кусалыктар ашып турду.
Карашып аралыктан көз жүгүртө,
Каректер муңайымга батып турду.

Сиз төрдө, а мен ооздо, эки жакта,
Сыр катып телмиребиз, тиктешебиз.
Топурап баары үйүнө кетип жатса,
Топ элдин арасынан издешебиз.

Табышып колдор колду кыса кармап,
Сыр бербей эл көзүнө саламдаштык.
Жарыңыз көрсө балким ызаланмак,
Анткени сүйөнүшө катар бастык.

Көөдөн толгон көп ойлорду бөлүшпөй,
Кантмек элек кетүү керек коштошуп.
Абайласак болмок экен көрүшпөй,
Алдык бүгүн жан дүйнөнү боздотуп.

Узадык улам артты карай кала,
Уңулдап ичтен ыйлап бара жаттым.
Тосуп алды мен кетчү аялдама,
Күнүмдүк турмушума аралаштым.

УКТА БАЛАМ

Укта балам, уктай кой, уктап калчы.
Көзүмдөн аккан жашты аста сүртүп,
Бук болгон жан дүйнөмдүн сырын ачам.
Көөдөндүн муңдуу ырын тыңдап бүтүп,
Мен азыр кусалыктын ырын жазам.

Укта балам, жымжырттыкты улап турчу.
Калбайынчы бүгүн да чала жазып,
Ушу азыр эргип бир төгүлөйүн.
Ырларга дүйнөм бүгүн аралашып,
Өзүм да ыр болуп көрүнөйүн.

Укта бала, чыргоолонбой уктай кой.
Турган чакта тулку боюм ой чулгап,
Актай барак сыяланып кубансын.
А мен жыргап, жазганыма толкундап,
Сенин болсо таттуу уйкуң улансын.

МЕН САГА ЫРААЗЫМЫН

Мен сага ыраазымын өмүрүм өткүчөктү,
Түртпөстөн башкалардай, түшүнүп абалымды.
Багытын таппай анан, баткакты кечкичекти –
Бургансың жарык жолго адашкан кадамымды.

Бирөөнүн азабынан басынгам, жашырынгам.
Баалабай кеткен үчүн жан дүйнө ыйыктарын.
Ишенич, үмүттөрдү самандай сапырылган
Чогултуп сен бергенсиң алардын сыныктарын.

Баёолук сезимимди, жомоктой кыялымды
Жоготуп алган кезде жолугуп калгам сага.
Өңү өчкөн кебез сымал кунарсыз ыраңымды
Өзгөртүп, сүйүү болуп, кайрадан жангам сага.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

4 Replies to “Гүлбарчын Боскеева: Бирөөнүн азабынан басынгам, жашырынгам (конкурска)”

  1. Аттин Арман дуйно,жап жаш,он гулундун бироо да ачыла элек те кеттин.Не кылабыз колубуздан эчтеке келбейт экен,Кудайым мандайга не деп жазса ошону корот экенбизда.Уч уктасам да тушко кирбеген нерсе болду,курандан башка Айла жок.Дагы деле ишене албайм,кулуп жайнап эле арабызда журо берсен кана.

  2. алтын кыз элен.ата-эна,бир туугандарына кайрат айтам.жаткан жерин жай берсин.

  3. Аттиң кырчын өмүр, ажарың нурдай төгүлгөн жан болчу экенсиң Гүлбарчын! Жаның жаннаттан орун алсын! Артыңда калган жакындарыңа терең кайгыруу менен көңүл айткандан башка арга жок да!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.