Муктар уулу Максатбек: Айтматов – дүйнө элинин таалим-тарбиячысы (№12 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Чыңгыз Айтматов чыгармаларындагы кайталангыс таалим-тарбия менен дүйнө элин сугарды. Ар түрдүү окуяларды, түрдүү проблемаларды бир сюжетке жуурулуштура билген өзгөчө стили менен далай жазуучулардын арасында айырмаланып турат. Чындыгында Жараткан берген, табигаттан берилген эч нерсеге теңдешкис жазуучулук өнөрү менен миллиондогон жүрөктөрдү багынта алды. Дүйнөлүк адабиятта орду аябай чоң жазуучулардын бири экендиги калетсиз. Повесть, романдарындагы тарбия берүүчүлүк артыкчылыгы, коомдогу опурталдуу меселелерди ортого салгандыгы менен эл ичинде өтө чоң кадыр-баркка ээ. Айтматовдун чыгармаларынын ар бири өз-өзүнчө терең мазмунга ээ […]

Дагыстан эл жомогу: Үч курбу

Үчөө дос болуптур – жаңгактын кабыгы, бир тоголок талкан жана чымын. Үчөө анан саякатка жөнөшөт. Алдыларынан агым суу кабылат. – Адегенде мен өтөйүн! – дейт жаңгактын кабыгы. Ал арыкка секирер замат эле агын суу менен кошо кетет. Ага жардам берүү үчүн артынан талкандын тогологу секирди эле, балээ басып – ал ошол замат сууга эзилди… А чымын дароо суунун аркы өйүзүнө учуп өттү да, арыктын жээгине отуруп алып досторуна боору эзилгенче каткырды. Анан эмне болмок? Боору эзилип өлдү! Мына, акылы жок […]

Феликс Кривин: Чындыктын тамчылары (I)

(Эң кыска жомоктор) Тентек жөжө Жөжө чыга элек жатып, сөгүш алганга жетишти. Аны жумурканы чактың деп күнөөлөштү. Оо кудай, мындай адат ага кайдан келди экен? Балким, тукум кууп жүрбөсүн… Жоопкерчилик «Биз окуткан адамдарыбыз үчүн дайыма жоопкерчиликтүүбүз», — деди карышкырды багып өстүргөн кой. Бул анын акыркы сөздөрү болчу… Кесип тандоо Айлана тыптынч. Караңгы түн. Караңгыда терезенин сыртынан саргайган жылдыздар жымыңдайт.  Жымжырттыкты сырттан чыккан билинер билинбес шыбырт бузуп жатты. Чычкандын кичинекей баласы: «Чоңойгондо сөзсүз мышык болом…» — деп ойлонуп жатты. Ишенимдин күчү […]

Гүлзада Абдырахманова: Өмүр! Үмүт! Өлүм! (конкурска)

Аткан таңдай жарык болот төрөлүү, Аркасынан кеч киргендей өлмөк бар. Турмуш деген ак бешикке бөлөнүү, Башка салган нерселерге көнмөк бар. Күндү жерге койбогондой аркандап, Өмүрдү да тушап болбойт бутунан. Бир күн бакыт, азап коштоп күндөрүн Акка моюн сунаары чын ушу жан. Билбейт али канча ашуу, кыр барын Сансыз санаа, дүнүйөсү бурганак. Көңүл канап, тилинсе да муштум эт, Колунда бар үмүт деген бир калак. ЖАЗДЫН ШАҢЫ Обон созуп дайра шаңдуу аккансыйт, Булут тарап асман жүзүн ачкансыйт. Келгин куштар учуп калды экиден […]

«Үч дүйнө» поэзия кечеси

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акындар Акбар Кубанычбековдун, Акжол Доранбек уулунун жана Адилет Зарылбек уулунун чыгармачылыгына арналат. Акбар Кубанычбеков 1992-жылы Ат-Башынын Кара-Суу айылында туулган. “Периштенин канаты”, ”Бир күн” ырлар жыйнагынын автору. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, телеалпаруучу, мугалимдик кесипти аркалайт. Анын «Мурас», «Кыргызымдын кыраандары», «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Ак […]

Мидин Алыбаев: Түшкү эс алууда

АҢГЕМЕ Көптөн бери тынбай аракеттенип жатканга, булут арасынан тийген күндүн илеби кошул-ташыл болуп талыкшытып жиберди көрүнөт, Жамал орогун жакын турган тестенин үстүнө таштап, башындагы бир байлам жоолугун алды дагы бир жак учу менен терин шыпырды. Орокчулар жаңыдан түшкү дем алышка чыга башташкан. Жамал эки жагын карап орулган жерлеринде ала калбады бекен деген ой менен катарлашып жаткан тестелерге да көзүн түшүрүп, алды жагындагы жайкалган эгиндин арасынан бир аркан бою жерде чыгып турган дөңсөөчөнү көрдү дагы «ошого чейин оруп барып анан дем […]

Фетхуллах Гюлен: Турция упустила историческую возможность добиться демократии

Было бы ошибочным утверждать, что существует несовместимость между демократическими и исламскими ценностями, основываясь на негативном примере, который Турция представляет под 17-летним правлением президента Реджепа Тайипа Эрдогана. Об этом в своей статье для Le Monde написал лидер запрещённого в Турции движения Фетхуллах Гюлен. Он подчёркивает, что недолговечные демократические реформы Турции в период между выборами Эрдогана в 2002 году и полным разворотом демократических стандартов Европейского Союза в 2011 году превратили Турцию в пример для других мусульманских стран. При этом Гюлен отметил, что […]

Файзулдаева Бегимай: Адам бойдон калалы (№11 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Жеке тагдыры болбогон бир да чоң жазуучу кездешпейт. Жеке тагдыр дегенибиз – бул жөн эле бир адамдын басып өткөн жолу, кадыресе жашаган турмушу, өмүр таржымалы эмес. Кеп бул жерде адамдын аң-сезимдүү түрдө өзүнүн өмүр-тагдырын коомдун, элдин жашоо-турмушу менен, өз заманынын, өз мезгилинин эң курч маселелери менен шайкеш, эриш-аркак келтире алышы жөнүндө баратат. Дегеним, заманыбыздын залкар сүрөткери Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгынын башаты, өзөгү жеке тагдырына барып такалат. «Искусствонун чыгармасы – сүрөтчүнүн жүрөгүн чагылдырган күзгү…» деп сүрөтчү […]