(Эң кыска жомоктор)

Тентек жөжө

Жөжө чыга элек жатып, сөгүш алганга жетишти. Аны жумурканы чактың деп күнөөлөштү. Оо кудай, мындай адат ага кайдан келди экен? Балким, тукум кууп жүрбөсүн…

Жоопкерчилик

«Биз окуткан адамдарыбыз үчүн дайыма жоопкерчиликтүүбүз», — деди карышкырды багып өстүргөн кой. Бул анын акыркы сөздөрү болчу…

Кесип тандоо

Айлана тыптынч. Караңгы түн. Караңгыда терезенин сыртынан саргайган жылдыздар жымыңдайт.  Жымжырттыкты сырттан чыккан билинер билинбес шыбырт бузуп жатты.

Чычкандын кичинекей баласы: «Чоңойгондо сөзсүз мышык болом…» — деп ойлонуп жатты.

Ишенимдин күчү

«Эшик дайыма ачык болуш керек», — дечү терең ишеним менен каалганын туткасы, эшикти ачып жатканда.

«Үйдүн эшиги жабык туруш керек», — дечү терең философия менен, ал эшикти жаап жатып.

Каалганын туткасынын ишеними аны ким кармаганына жараша өзгөрүп турчу.

Лама

Төө тукумундагылардын ичинен ламанын гана өркөчү жок. Төө тукумунан деле сасыткы чыгат экен.

Талаш

Кой бардыгынын таң калууларын билдирди, коён коркунучтар жөнүндө кеп салды. Алардан кийин чыккан арстан жалпы макулдукту даңазалады.

Эркин сүрөтчү

Электр үтүгү чыгармачылыкка киришерин билдирип, электр тармагы менен байланышы үзөрүн жарыя кылды.

Шалдырак

«Жөнөкөй, жеткиликтүү болуш керек, — деп үйтөтүп жатты шалдырак скрипкага. — Мисалы мени баары жакшы көрүп угушат. Ал тургай кичинекей наристелер да мени түшүнүшөт!»

Туура тамактануу

Ашык жегиче, чала тоют болуп жеген пайдалуу. Ошондуктан мышык чычканды жейт, тескерисинче эмес.

Досуң ким экенин айтсаң…

Ит — адамдын досу, бирок кандай адамдын…

Ич күйдүлүк

Термостун сууну муздатпай кайнак боюнча сактаганын көргөн стакандар ичи күйгөндөрүнөн жарылып кетип жатышты.

Терезенин капкагы

Ар бир таңда терезенин капкагы кең пейилдигин көргөзөт: жарык баарыбызга тиешелүү, ал баарыбызга жетет!

Ар бир кечте капкак терезени бекем жабат: биздин жарыгыбыз башкаларга тийбесин!

Бырыш

Маңдайы тар адамдын чекесиндеги бырыш, маңдайы ачык адамдын чекесине ичи күйө карап ойлоптур: «Менин турган жерим ушундай болсо, атаганат!»

Кездеменин кесиндиси

«Мени боёп коюңузчу, — деп суранат кездеменин кесиндиси. — Сап болчу таякты даярдап койдум. Эми боёнсом эле болду».

«Кайсы түстү тандайсыз — жашылбы, карабы же кызылбы?»

«Түстөрдү ажырата деле билбейм, — дейт кесинди. — Эмнеси болсо да желек болуп алсам болду.»

Айлана-чөйрө

Бардыгы курчап турган айлана-чөйрөгө байланыштуу деп айтышат. Кандай чөйрөгө туш келсең ошондой өсөсүң деп коюшат. Бирок дайыма эле ошондой боло бербейт.

Мисалы, жыртыктын тегерегине алтын же бриллиант кадап шөкөттөсөң деле, ал жыртык боюнча кала берет.

Таблетканын жашоосунан

«Кайда барба, жутуп жибергенге даяр турушат». Ден-соолугу чың коомдо мындай нерсе болбойт.

Жумурткалардын жашоосунан

Алар өздөрү муздап турушса бири-бирин кантип жылытсын. Ошон үчүн аларга дайыма баскан тоок же көмөч казан керек.

Педагогика

Бир да жумуртка аны кечке басып жата бергенди жактырбайт.

Кырк буттуу курттун жашоосунан

Өзүңдүн кадамыңды чогуу шилтей албасаң, убакыт менен кантип бирге кадам таштайт элең!

Балыктын сыры

Азыркы суулардын шартында кайырмакка, чөгүп бараткан адам саманга жабышкандай жабышасың.

Муссурана жыландары

Муссурана жыландары жыландардан башка эч нерсе жебейт, алар аны патриотизм деп эсептешет. Чындыгында эле — эмне үчүн биз башкаларды жешибиз керек? Эмне үчүн башкалар бизди жеш керек? Эмне бизде жей тургандар жок бекен? Же бизди жей турган нерсе жок бекен? Бул суроолорго муссурана жыланы жооп берет.

Крокодилдер

Жаш кезде жашыл болуу — боло жүргөн нерсе деңизчи, ал эми карыганча жашыл бойдон калуу — мына ошол жаман.

Жашоо тажырыйбасы

Ар бир чулдуктун өмүрүндө өз сазын чанган учур кездешет.

Кадыр-барк

Колибри аарыдан бир аз эле чоңураак, бирок ал кантсе да — канаттуу!

«Биздин бүркүттөрүбүз жакшы балдар», — дешет алар сөз келе калганда.

Күз

Сулуулугу соолуп баратканын сезген кайың, кетип бараткан жайды узарткысы келип, сары боёкко — күз мезгилиндеги эң модалуу өңгө боёнду…

Аны көргөндөр күз келип калганын түшүнүштү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.