Үчөө дос болуптур – жаңгактын кабыгы, бир тоголок талкан жана чымын. Үчөө анан саякатка жөнөшөт. Алдыларынан агым суу кабылат.

– Адегенде мен өтөйүн! – дейт жаңгактын кабыгы.

Ал арыкка секирер замат эле агын суу менен кошо кетет. Ага жардам берүү үчүн артынан талкандын тогологу секирди эле, балээ басып – ал ошол замат сууга эзилди…

А чымын дароо суунун аркы өйүзүнө учуп өттү да, арыктын жээгине отуруп алып досторуна боору эзилгенче каткырды. Анан эмне болмок? Боору эзилип өлдү!

Мына, акылы жок чымынга сооп болду! Бирөөнүн кайгысына күлгөн ушуну көрмөк!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.