“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Жеке тагдыры болбогон бир да чоң жазуучу кездешпейт. Жеке тагдыр дегенибиз – бул жөн эле бир адамдын басып өткөн жолу, кадыресе жашаган турмушу, өмүр таржымалы эмес. Кеп бул жерде адамдын аң-сезимдүү түрдө өзүнүн өмүр-тагдырын коомдун, элдин жашоо-турмушу менен, өз заманынын, өз мезгилинин эң курч маселелери менен шайкеш, эриш-аркак келтире алышы жөнүндө баратат.

Дегеним, заманыбыздын залкар сүрөткери Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгынын башаты, өзөгү жеке тагдырына барып такалат. «Искусствонун чыгармасы – сүрөтчүнүн жүрөгүн чагылдырган күзгү…» деп сүрөтчү Гоген айткан мүлдө чындык Чыңгызга да тиешелүү белем, жазуучунун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан чыгармаларынын ичинен көбүнесе повесттери анын башынан кечирген, күбө болгон окуялардын мазмунунда жазылган. «Жамийла», «Эрте келген турналар», «Кызыл жоолук жалжалым», «Ак кеме» ж.б. чыгармалары буга далил боло алат. Ушул эмгектеринин ичинен жазуучунун өзү күбө болгон жалгыз уюн уурдаган белгисиз адам менен, айылдагы согуштан качкан дезертирдин образдарынын бирикмелеринен келип чыккан «Бетме-бет» повести жөнүндө кеп салгым келди.

Кан майданда Ата Мекен үчүн салгылашып жүргөн аскерлердин катарынан качып келген Ысмайыл менен анын кең пейилдүү, жароокер аялы Сейде – повесттин баш каармандары. Жазуучу ошол мезгилде (согуш учурунда) эл-жери үчүн жанын берүүгө даяр турган эр-азаматтардын эрдигин эмес, коомчулукка таптакыр чоочун элемент «качкын» тууралуу көлөмдүү бир повесть жазды. Бирок бир караганда бул чыгарма дезертирдин качкындык жашоо-тиричилигин сүрөттөп бергендей көрүнгөнү менен, тээ түпкүрүндө көөдөнүнө бири-бирине таптакыр коошпогон эки максатты сыйдырган кыргыз аялынын эрдигин баяндайт.

Чыгармадагы Ысмайылдын «Ар кимге өз жаны кымбат» деген принциби, «Түшүмө кирбеген, ата-бабам көрбөгөн кайдагы жердин түбүндөгү фронтко барып, жалгыз мен жоо чаап берет белем» деген Улуу Ата Мекендик согушка болгон мамилеси, деги эле анын образы баарыбызга маалым.

Баяндагым келген нерсе, албетте, Сейденин бейнеси. Бул тууралуу сөз кыла турган болсок, ал шордуу аял эки ара жолдо калат. Бир жагынан Мекенин жандай көргөнү менен, кичинекей чүрпөсүнүн атасы Ысмайылды да аяп, түшүнүүгө аракеттенет. Бирок, бул карама-каршы тилектер, сезимдер бир жерде узакка бирге боло алышпайт тура. Акыры бир күнү бирөөсү тандалышы керек болчу. Аягында Сейде бир чечим чыгаруунун чарасын көрүп, таң атканча, чачын бубак басканча ойлонуп чыгат да, эң туура чечим чыгарат. Ашуу ачылып, Чаткалга барып баягыдай бактылуу өмүр кечирүүнүн ордуна, Мекенди коргоо кызматынан, эң ыйык озуйпадан качкан күйөөсүн жек көрүп, мындан кийинки келечегин, кайын энеси, күйөөсү жок болсо, эмчектеги баласы менен кантип күн көрөрүн бир саамга да ойлоп койбостон, солдаттарды Ысмайыл жашынган жакка алып барат. Мындан биз Сейденин өлкөсү үчүн баарына даяр болгон аскерлерден экендигин билебиз.

Чыгарма мына ушундай эле негизде соңуна чыгат. Бирок түшүнүп, түбүнө жете билгендин өмүр бою эсинен чыккыс сабак болуп сакталып калып кетет. Сейдедей аялдардын орду опол тоодой. Ар бир кыргыз аялы, кыргыз эмес, бүтүндөй дүйнө аялдары үлгү тутуп жашаса, такыр жаңылбастыгын айтып кетмекмин. Мени бул чыгармадагы Сейденин күчтүүлүгү, түшүнүктүүлүгү, мээримдүүлүгү менен өзүнө тартып алды. Бүгүнкү жыргал жашоодо жашап жаткан аялзатын ошол учурга алып барып койсо, кандай айла тапмакпыз, түйүнүн чече албадым. Балким бешиктеги баланы да таштап, үйдүн куту болгон энени да таштап талаалап кетет белек. Же болбосо, тажадым ушул жашоодон деп ичип кетмек белек, мунун баары туңгуюк. Бул салыштырууну айтканымдын жүйөөсү бар. Азыркы өнүккөн заманда аял-эркек дебей жеңил ойлуу, сабырсыз, ичи тар болуп кеттик. Болгон сайын болсун деп, балага тарбия бергенди, энеге мээрим төккөндү эсибизден чыгарып койгондойбуз. Анан калса Манастай, Чыңгыздай кыйындарыбыз жок деп наалыганыбызга кантип түшүнсөк болот? Сейдедей чечкиндүү, акылдуу, эркектерден кем калышпаган мекенчил аялдарыбыз санагыдай эле калды көрүнөт. А, Ысмайылдай коркок, жеке өзүн ойлогон, жеңил тамак үчүн мекен эмес өз канынан жаралган баладан да кечип кетүүгө даяр эркектерибиз күн санап өсүп баратат. Чынгыз ата мына ушул турмушту көрө билип, сабак болсун деп Сейдедей күчтүү аялга Ысмайылды күйөө кылгандай сезилет.

Азыр бизде тынч заман. Ошонусуна миң жолу шүгүр келтирели. А бирок жан дүйнөдөгү согушту кантип токтобуз? Мага ал дале туңгуюк, жолу көрүнбөгөн чытырман токойдой.

Техника өнүксүн, заман өнүксүн, жашоо өзгөрсүн, акылдуулар көбөйсүн. А бирок, жан дүйнөбүздүн согушу болбосун. Адам бойдон калалы…

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясы, 11-класс.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.