“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Чыңгыз Айтматов чыгармаларындагы кайталангыс таалим-тарбия менен дүйнө элин сугарды. Ар түрдүү окуяларды, түрдүү проблемаларды бир сюжетке жуурулуштура билген өзгөчө стили менен далай жазуучулардын арасында айырмаланып турат. Чындыгында Жараткан берген, табигаттан берилген эч нерсеге теңдешкис жазуучулук өнөрү менен миллиондогон жүрөктөрдү багынта алды. Дүйнөлүк адабиятта орду аябай чоң жазуучулардын бири экендиги калетсиз. Повесть, романдарындагы тарбия берүүчүлүк артыкчылыгы, коомдогу опурталдуу меселелерди ортого салгандыгы менен эл ичинде өтө чоң кадыр-баркка ээ. Айтматовдун чыгармаларынын ар бири өз-өзүнчө терең мазмунга ээ экендигин Айматовду сүйүп окугандар  бир добуштан ырастайт.

Ошондой эл сүйүп окуган чыгармаларынын бири – “Кылым карытар бир күн” романы жазуучунун реалисттик жашоо менен фантастиканы, мифти айкалыштыра алуучу жөндөмдүүлүгүнүн далили. Кылымга тете окуяны өз ичине камтыган бул чыгарма өзүнүн тарбия берүүчү артыкчылыгы менен окурманды өзүнө тартып турат. Романдын жүрүшүндө сөз мейли космос мейкиндиги жөнүндө болсун, мейли өз энесине жаа тарткан маңкурт туурасында болсун, мейли Казангапты акыркы сапарга узатуу зыйнаты туурасында болсун, бир эле маселеге, бир эле максатка бириктирилген жалпы сюжетти түзөт.

Чыгармадагы метафоралардын бири бул – шири. Байыркы баскынчы жуңжаңдардын колго түшкөн туткундарына акыл-эсинен ажыраткан ширини кийгизип кулга айлантышы – өз ата-энесин, тарыхын, керек болсо өз атын унуткан кул кылышы. Ал эми ошол эле учурда Сары-Өзөктүн пантеону Эдигей үчүн тарых саналган Эне-Бейитке тосулган темир корук – бул дагы ширинин символу. А, башка жактын цивилизациясынан коргонуу үчүн уюштурулган “Ракета курчоо”операциясы Жер планетабызга кийгизилген шири.

Маңкурттук – романдын негизги өзөгү. Капысынан кайтыш болгон Казангаптын өлүмү Эдигей үчүн кыйын жана күтүүсуз болду. Ал өзүнүн эң жакын адамынан ажырап кандай гана кыйынчылыктарга, эски жаратын козгогон өкүнүчтүү окуяларга тушугарын ойлогон жок. Пил сөөктүү Каранардын үсүндө баратып өзүнүн ушул айылга келгенин, Казангап менен болгон жакшы-жаман күндөрүн, анын баласы Сабитжанды, Зарипа, Абуталип жана Абуталипти каматып, өлүмүнө себепчи болгон Таңсыкбаевдерди эстеди. Аны экинчи ирет көрөм деп түк ойлогон эмес. Мугалим Абуталиптин үй-бүлөсүнө тийгизген зыяны экинчи ирет Эне-Бейитте тиерин болжогон эмес.Таңсыкбаев, ага кошулуп Сабитжан Казангаптын сөөгүн керээз кылган жерге коюуга бут тосушат. Анткени аларга эмне кылса баары бирдей, өлүктүн керээзи, башкасы кызыктырбайт. Мындай түрдү биринчи келгенде эле Сабитжан көрсөттү, атасынын сөөгүн кайсыл жерге койсо деле мааниси жок экендигин Эдигейге түз айтты. Эдигей орунсуз жерде баланы кагууну эп көрбөдү. Кийинчерээк, Казангапты жерге бергенде дуба бүткүчөктү шашылып шаарга жөнөөгө ашыккан Сабитжанга: ”Маңкурт экенсиң! Маңкурттун манкурту экенсиң!” – деп артында телмире тиктеп кала берет.

Мындай караганда Эне-Бейит бул кадимки эле бейит, сөөк жашыруучу жай, бирок ал азыр Эдигей үчүн символ, элдин тарыхы, өткөндүн эстелиги. Мына ошондуктан өлүктү Эне-Бейитке коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо, өткөн тарыхтан ажыроо дегендикке жатат. Өткөндү унутуу – бул акыл-эсинен ажыроо дегендикке жатат. Бул маңкурттук.

Мына дал ушул жерде чыгарманын окуяларынын борбору, түйүнү чечилди. Дал ушул жерде, дал ушул чекитте үч башка сюжет, үч башка турмуштук катмар тогошту.

Чындыгында романдын тарбия-таалим алчу жери – ушул. Адамзат коому өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөгө цивилизация жасап жатканы менен өзүнүн баалуулуктарын кастарлабаса, эртеңки күнү ал элдин келечеги эмне болору белгисиз. Найман эненин жоолугунан жаралган Бороондуу Эдигейди жандай учуп, ага өткөнкүсүн эстөөнү талап кылган ак куш, Эдигей менен кошо азыркы муунга үн салган сындуу. Бул куш – тарыхты эскертип учкан куш.

“Тарыхты танганың, тамырсыз калганың”
(НУРМОЛДО)

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясы. 11-класс, Муктар уулу Максатбек.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.