Эмир Калкан: Жайлоонун гүлү (конкурска №37)

АҢГЕМЕ Түнкүсүн толукшуган аппак айдын, күндүзү чоктой кызарган күндүн алдында жүргөн йөрүк[1] кербени Миңбука тоолорун ашып, күндүн кызылга боёнуп баткан Таныр жайлоосун көздөй ичке сызыктай болуп бир учунан экинчи учуна чейин созулуп баратат. Күнү-түнү ат үстүнөн түшпөгөн жолоочулар абдан чарчаңкы эле. Бирок жол бүтүп, Чоң Танырдын жанында жайлай турган жер Жапалак жайлоосу көрүнүп калды. Кечкурун жайлоого жете беришкенде, кербендин алдында келе жаткан узун жүндүү төөдөн улгайган йөрүктөрдүн уруу башчысы түштү. Аркасынан чубалган кербенге токто дегендей ишарат кылды да, кыйкырды. — […]

Кыргыз эл жомогу: Кимибиз улуубуз?

Адеп жер каймактап калган кезде сөзгө чечен адам болгон экен. Ал сөздөн такыр жеңилбептир. Бир күнү шайтандын атасы Малкум менен айтышып, аны жеңип, мөрөй алып калат. Ал мындай болгон эле. «Ким улуу экенин айтышалы. Ким улуу болсо, ошол жаңылыкты көп билет. Уламаны көп угат» – дешет. Мына ошентип мелдеш чарчы жыйын элдин көзүнчө башталат. – Сөз кезегин сен алгын, чеченим, – дейт шайтандын атасы. – Болуптур, – деп чечен сөз тизгинин алып кеп баштайт. – Башканын баарын айтып баш оорутуп […]

Элмира Ногойбаева: Баткенден АКШга жеткирген согуш

Баткенден согушка кеткен Сыдык Алдашев. «Азаттык» үналгысы менен «Эсимде» мултимедиа борборунун биргелешкен долбоору. Элмира Ногойбаеванын согуш туткуну тууралуу баяны. Туткун – козголбос тема болчу Экинчи Дүйнөлүк согуштун туткундары — постсоветтик айдыңда дагы эле көп козголбогон темалардын бири. Туткунга түшкөндөрдүн эки жагы тең: «биздикилер» немистерде туткунда болушун, тигилер советтик түрмөдө көргөн азап-тозокторун эстегиси келбейт. Анткен менен Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Советтер Союзунун аймагында аскер туткундары эң көп топтолгон. Аскер командирлери сталиндик репрессияга туш келип азайып кеткендиктен, кадрларды даярдоодогу алешемдиктерден улам СССР […]

Дооронбек Садырбаев: Эстелик

АҢГЕМЕ (Апыртандыктарга) Алардын аты аталганда эле биз тараптагылардын «бырс» күлүп иймейи бар. Кышын-жайын жакасын топчулабай жайык төш жүргөн, бүркүт кабак, кашка баш, ар салаасы камчы саптай, булчуңдары бууп койгон чаначтай, эки ийни эки тоо сымал алп мүчөсү бар мүнөзү ачык айрым, жанында турган кишиге да бакырып сүйлөгөн, керкашкасын алчактатып тике маңдайдан чыга түшсө, айтылуу Алмамбеттей эле болуп көрүнгөнү — Сайранбай абам. Берки, чүкөдөй боюна такыр кыл келбеген шаа муруттуу, үйдө болсун, тышта болсун шыбыш билгизбей жыла басып, ар бир сөзүн […]

Карел Чапек: Мырза Гиршанын жоголушу

АҢГЕМЕ — Жаман эмес, — деди мырза Тауссиг, — бирок, аңгемеңиздин бир кемчилдиги бар экен, анткени бул окуя Прагада болбоптур; кылмыш иштеринде болсо да мекендин кызыкчылыгын ойлой жүрүшүбүз керек. Айтсаңыз, кайдагы бир Палермодо же дагы бир башка жерлерде болгон окуяларга биздин эмне тиешебиз бар? Алардан бизге эмне пайда? Эгерде, кызыктуу кылмыш иши Прагада жасалган болсо, иш башка, аны менен сыймыктанса да болот. Мына, азыр биз жөнүндө дүйнө жүзү сөз кылып жатат деген ой жан-дүйнөңдү жылытат. Ал эми көзгө көрүнүктүү кылмыштар […]

Кубан Мамбеталиев: Жолдор жана жоролор

Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаев азыр салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолунан мамлекетке тийген зыяндын көлөмү 300 миллион доллар экенин айтты. Коркпой эле айтты, бирок ушундай көрүнүшкө 2015-жылы өзү көмөктөшкөн, себеби ошол кезде премьер-министр болгон Темир Сариевке “жол салган компанияны туура эмес тандадың” деп күнөө такты. Ошол дооматынын логикасы жок эле. Сариев эң арзан баага сала турган “Лонг Хай” деген кытайдын компаниясы менен келишим түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында мындай баа болгон эмес, ал Балыкчы-Корумду жолу. Бир километрине бөлүнгөн баасын башка жолго (формасы бирдей […]