Мидин Алыбаев: Толкун

АҢГЕМЕ Чыгармачылык кесип менен жүргөн кишинин башкалардыкынан айырмасы чоң болот. Чыгармачылар деп, обончулар, сүрөтчүлөр, жазуучуларды айтабыз. Бул кесиптер эң кыйын кесиптер. Анткени, бирдеме чыгаргың келсе ошого бүт берилишиң керек. Мындайча айтканда, жалаң гана чыгара турган ишиңди ойлоп, ичиңди башка санаа баспоо керек. Маселен обончу — обон чыгарганы жатканда эркин болуу тийиш. Ээн болгону жакшы. Ал чыгара турган обонун адегенде ичинен күңүлдөп, анан барып сыртына чыгарып, акырында гана нота же инструментке сала баштайт эмеспи. Демек ээндик керек. Эгер ал бир обондун […]

Феликс Кривин: Чындыктын тамчылары (II)

Баштала элек аңгемелер Чындыктын тамчылары (I) Ыраазычылык … анын көз жашын көргөндө, пияз толкунданганынан өзүн туурап жатканын унутуп койду. Жетилген курак … чоң жолго чыккан соң, ал эң маанилүү ташка айланууга жулунган жок, ал бутка чалынган ташка айланганына эле ыраазы болуп жүрдү. Үлгүлүү мисал … мынакей, мисалы, кашыкты карагылачы: ал дайыма эле өз тарелкасына түшө бербейт, ошондой болсо да кайда болбосун жан дили менен иштейт. Рефлекстер … карышкырга аңчылык башталганда, биринчилерден болуп коёндор качып чыгышат. Көйгөйлөр … бул жерде — […]

Расул Гамзатовдун ырлары Абийрбек Абыкаевдин котормосунда

СҮЙҮҮНҮ АЙЛАНТКЫМ БАР ЗОР ӨЛКӨГӨ Сүйүүнү зор өлкөгө айлантсам дейм, Жылуулук, бейпилчилик нурун төккөн. Гимни башталса дейм ал өлкөнүн: “Сүйүү бул ыйык нерсе”— деген сөздөн. Ырдаса ал гимнди жакшы адамдар, Тик туруп, жүрөктөрдөн ыры чыккан. Гербинде ал өлкөнүн турса деймин, Алакандар бирин-бири катуу кыскан. Кулпуруп дүйнөдөгү түркүн түстөр, Куюлушуп турса дейм байрагында. Куурал билбей элдери жыргап-куунап, Кубаныч өкүм сүрүп аймагында, Көңүл калуу, таарынч, көз жаштардан, Кайгыдан, ажырашуу, зордуктардан, Калканыч табышса дейм бул өлкөдө, Көп калктар карк болушуп жардамына. ЖАШООДО БААРЫ […]

Топчугүл Шайдуллаева: Акыркы раис

АҢГЕМЕ Ал кишинин өз аты Акимжан эле. Бирок аны таанып билгендердин баары «раис аке» дешчү. Атынан атагандар аз эле. Ушул киши азыр район борборунан үйүнө келе жатып өзүн кыйнаган кымгуут ойлордон улам беймаза болду. Бул эмнеси, өзүн коёрго жер таппай, ыза болдубу, же чын эле ичи күйүп жатабы? Бирде ачуусу келип муштуму түйүлө калса, бир туруп эреркеп ыйлагысы келет. Шопуруна карап улам «ылдамыраак айдачы» дейт, баары бир машинеси кең жолдо кыбырагандан кыбырады, айылына жетиши чоң азап болду. Бүгүн эртең менен […]

Рахим кызы Жазгул: Саманчынын жолуна карай (№13 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна «Фудзиямадагы кадыр түндөн» кийин чала-бучук ойгонуп алып, кериле көзүмдү ушалап, шапа-шуп таза абага чыктым. Төбөдө мурду көрүнгөн күндүн нуру кирпиктеримди аралап, көзүмө чагылат. Тегерегимде тоолор. Жанымда тургансыйт, жакындасаң сенден качканы качкан. Ар кайсы жакка жер жарып чыгып алган гүлдөр мага «Жамийла» деген ысым ыйгарышкан. Тизелеп алып алар менен «Бетме-бет» кезигип, жытынан рахат алам. Кыпкызыл болуп көздүн жоосун алган алчаларды терип, көзүмдү жумуп, кычкылына маашырканып, ширесин шилмип, данегин чыйт түкүрүп жыргайм. Ачык асманда «Эрте келген турналар» […]

Абдиламит Матисаков: Ата карызы

АҢГЕМЕ Мештин боору көмүр чогуна кызарып, көкүрөгүн кактаган Тойчу чалды качырды. Абдестеде шарактап суу кайнайт. Кары кол учу менен абдестенин капкагын алганда сыгылган буу атып кетти. — Отуңар башкача күйдү го,— деди Тойчу чал, кийин жылды да, сууктан чарт-чарт жарылган колдорун мешке калкалай берди. Сырттан суу көтөрүп кирген келини үндөбөй жылдыздуу жылмайды. Чай демделди. — Чыйрыккансыйм. Белим какшайт. Минтчү эмес…— Чал алдында суналган мышыкты кулакка чертип тургузду да, буттарын мештин алдына сунду. Илбериңки келини чыканагына кош жаздыкты коё салды. «Өмүрлүү […]