Баштала элек аңгемелер

Чындыктын тамчылары (I)

Ыраазычылык

… анын көз жашын көргөндө, пияз толкунданганынан өзүн туурап жатканын унутуп койду.

Жетилген курак

… чоң жолго чыккан соң, ал эң маанилүү ташка айланууга жулунган жок, ал бутка чалынган ташка айланганына эле ыраазы болуп жүрдү.

Үлгүлүү мисал

… мынакей, мисалы, кашыкты карагылачы: ал дайыма эле өз тарелкасына түшө бербейт, ошондой болсо да кайда болбосун жан дили менен иштейт.

Рефлекстер

… карышкырга аңчылык башталганда, биринчилерден болуп коёндор качып чыгышат.

Көйгөйлөр

… бул жерде — ким, кайда жана каякка барат деген маселе маанилүү!..

«жана эмне менен баратат», — деп кошумчалады төө.

Ар кимдин өз көйгөйү бар…

…анан кенгуру байкуш эмне кылсын? Кайда жүрсө да баштыгы менен жүрөт.

Карышкырлар жана койлор

… карышкырлар да ток, койлор да аман болгондо көйгөй жаралды: эми койлорго эмне беребиз.

Эркиндиктин чеги

… канаттуулар үчүн эркиндиктин жеткен чеги, алар торго каалаган убагында  олтура алгандыгында болсо керек.

Маданияттын деңгээли

… саман менен суу уйдун жеп-ичип көнгөн тамагы болсо да, ага сууну самандын түтүгү менен эч качан ичире албайсың.

Жашоо шарты

… көпөлөк бир эле күн жашаса да, ал бүгүнкү күндүн аба-ырайына кайдыгер карабайт.

Микробдордун жашоосунан

… миллион жылдан кийин тирилип көзүн ачкан микроб дүйнөнүн ушунчалык өзгөргөнүнө таң калыптыр: дүйнө жүзүндө миңдеген жаңы микробдор пайда болуптур.

Чөптөрдүн жашоосунан

… баш ийдире турган нерсе болсо, баш ийчүлөр табылат.

Жакыныңды сүй

… эгерде, бир бактын бутактары көктү карай умтулуп өссө, бирге өскөн дарактардын бутактары бири-бирин көздөй умтулуп өсүшөт.

Климат

… бирөөлөргө түштүктүн ысыгы жетпесе, башка бирөөлөрүнө — түндүктүн ак түндөрү жетишпейт.

Жүк

… бардыгынан салмактуу таш — колтуктагы котур таш.

Некролог

… ал жалпы электрлештирүү мезгилиндеги шам сыяктуу күйүп бүттү.

Детектив

… Тыкыр тергөөнүн натыйжасында, кылмыш белгисиз калууну каалаган адам тарабынан жасалганы аныкталды.

Өнүгүү

… ошентип, топчу менен тиш чукугучтардан башка нерсе чыгара албаган бул кичинекей өлкө, эми топчудан баштап тиш чукугучка чейинки бардык нерселерди чыгара баштады.

Тынч уйку

… эгерде арстан жирафтардын арасында жыйырма саатка чейин уктай алса, жираф арстандардын арасында жыйырма мүнөт да уктай албайт.  Айланаң коркунучта турганда үргүлөбө. Үргүлөп, уктоо — бул күчтүүлөрдүн укугу.

Коргонуу жана чабуул коюу

… жаныбарлар дүйнөсүндө (адамдарда деле ошондой) алсыз неме жырткыч болуп көрүнгүсү келсе — бул коргонуу чарасы, ал эми жырткыч байкуш болуп көрүнгүсү келсе — бул чабуулга өтүүнүн каражаты.

Ата мекен унутпайт

… тасмания карышкырын тукум курут болгуча кырып жок кылышкандан кийин гана Тасмания мамлекети анын сүрөтүнө өзүлөрүнүн мамлекеттик гербинен орун беришти

Жомок

… Алтын балыкка деңиздеги нерселер аздык кылды, ал карыянын акыркы тепшисин алып кетти.

Эмгекчилердин турмушунан

… жумуш — карышкыр эмес, ал токойго качып кетет деп үмүт этпей эле кой.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.