АҢГЕМЕ

Чыгармачылык кесип менен жүргөн кишинин башкалардыкынан айырмасы чоң болот. Чыгармачылар деп, обончулар, сүрөтчүлөр, жазуучуларды айтабыз. Бул кесиптер эң кыйын кесиптер. Анткени, бирдеме чыгаргың келсе ошого бүт берилишиң керек.

Мындайча айтканда, жалаң гана чыгара турган ишиңди ойлоп, ичиңди башка санаа баспоо керек. Маселен обончу — обон чыгарганы жатканда эркин болуу тийиш. Ээн болгону жакшы. Ал чыгара турган обонун адегенде ичинен күңүлдөп, анан барып сыртына чыгарып, акырында гана нота же инструментке сала баштайт эмеспи. Демек ээндик керек.

Эгер ал бир обондун башын жаңыдан ичинен күңкүлдөй баштаганда эшиктен эки мас же өбүшүп, же сөгүшүп кирип келгенде обон чыгармак турмак оюнан тайый түшпөйбү. Ушинтип чыгармачылык иши кыйын жана башкалардыкындай эмес. Тынчтык керек. Жылуулук керек. Салкын жел, табигат керек. Кыскасы шарт керек.

Башка кесиптер андай эмес. Маселен устаны алсаң тегереги дүгү-дүү, чуру-чуу түшүп жатса да эч алаксы болбой, капа да болбой чакаларды түптөп, чайнектердин чоргосун сала берет. Ал гана эмес кеңселарда иштеген бухгалтерлерди алгылачы: бир үйдө 15 чот кагылып жатса да, ал гана түгүл кээ бир нервный немелер: «Расчетумду же айлыгымды бер» деп көз айнекке сөгүп жатса да жаңылбай иштей беришет. Мына кесип деп ушуларды айтыш керек!

Эми жогорто мен айткан чыгармачылардын ичинен токтолуп өтөрүбүз жазуучулук. Жазуучу десе эле колго калем алаар замат олтура кетип жаза салат экен деп ойлобогула. Анын көп машакаты бар. Ал адегенде жаза турган окуясына толкундайт, анан барып ага бүт берилет да калам алып, эки билекти түрүп коюп столго олтурат.

Олтургандан кийин да машакаты бар. Ошол толкундаган боюң менен жазганыңдын башынан аягына чейин чыгышың керек. Кыскасы, толкунду жүрөккө бек кармай билиш керек. Болбосо, баштап келип айнып кетмейлер да болот. Айнуу ар жазуучунун жүрөгүнө жараша чыгат. Жүрөгү кабелтеңдер олтуруп ойлогонун жаза берет. Жүрөгү назиктер кызуу жазып жаткан учурунда мурдуна чымын конуп кетсе эле, толкуну токтоп ындыны өчүп, ордунан тура калат.

Көбүнчө акындыкы кыйын. Акындардын ичинде да «Лирик» дегендерибиз болот. Булардын жүрөгү жаңыдан сүйүүнү түшүнгөн кыздыкынан да назик. Ушундай «лирик» акындан бирөөнү жакшы билем. Ал көп жылдан бери казат, нечен китептерге да ээ болду. Толкундабай такыр жазалбайт. Өзү оңой менен да толкундабайт. Толкундоо үчүн бир шарты келсе, бири келбейт. Маселен ай жарык болсо, шаркыраган суу жок, суу болсо булбул жок. Ушунтип нары-бери удургуп көптөн бери жазбай да калды.

Ал бир күнү толкундап келди да столуна олтуруп каламды алды. Бир колун жаагына таянып ыр баштады:

«Оймок ооз, кап-кара көз, кырдач мурун
Салпылдап сага жетпей ай курудум»

деп жазып, калган уйкашын ойлоп жаткан кезде эмнеликтендир электр өчүп калды. Мына эми толкун бул акындын жүрөгүнөн качты. Эми жаза албайт. Жарык бир аздан кийин эле кайра күйдү эле, «лирик» ага да болгон жок. Эмне кыларын билбей ордунан туруп эки колун «ф» тамгасына окшотуп бөйрөгүнө такап ары-бери басты. Анын жазбай эле басып жүргөнүн туюп аялы оозгу үйдөн баш бакты эле. «Чылапчынга муздак суу куюп келчи» деди.

— Башыңы жууйсуңбу?

— Жо-ок. Бутум ысып кетти. Ошол муздак сууга салып коюп олтуруп жазам,— деп батинкесин дароо чечип ыргытып ийип, столдун алдындагы муздак сууга эки бутун салып кайра олтурду. Бирок ал да пайда кылбады. Баары бир толкундай алган жок. Кайра туруп терезени чоң ачып эшикти карады эле. Салкын түн. Ай тийип турат. Бактын арасындагы арыкта суу жылтылдап агып жатат. «Лирик» карап туруп жаңы толкунга минди. Жүрөгүнө толкун пайда болду… Кайра келип столуна олтуруп, мурунку баштаган ырын сызып таштап жаңысын баштады:

«Ай жаркырар
Суу шаркыр,ар» — деп келатып, толкун менен чылапчындын кырын басып алды да андагы суу тактайга жайнай түштү. Акын кайра кабагын чытыды… Толкун дагы качты. Ушуну менен каламды таштап, ордунан туруп кетти.

Ушунетип биздин «лирик» акын көп күндөн бери кыйналып жүрөт. Чын эле «лирика» жазган акындар толкун издеген маалында өңдөрүнөн азып кетишет экен. Анткени: «Булбул», «толкун», «жүрөк», «кызыл гүл», «ай» деген сөздөрдү өңүндө да, түшүндө да айтып жүрүшүп, аларды самап кыйналышат тура. Кээ бир акындар түшүндө жалаң гана Манас менен кошо жүрүшөт деп уктум.

Мен жазып олтурган акын: «Толкун чакырар бекен» деп арак ичип да жазып көрдү. Ырас, бир стопка ичкенде бою башы жибип, кичине фантазиялар чыга баштады: экинчисин ичкенде мына лириканы ошондо жазгысы келди да каламын ала коюп блокнотуна бирдемени бат-бат айдатты да кайра үчүнчүсүн ичүүгө кылчактады, аны тартып ийгенден кийин барды да мышык менен ойноп олтуруп алды. Төртүнчүсүн соккондон кийин аялы менен урушуп жатып алды деп уктум. Өзүм көргөн жокмун.

Баягы стопканы уруп туруп, жазган ырын эртеси окуп алып, ойду-тоону дөөрүгөнүн өзү да сезди дешет. Ошол түнкү уктаганында мындай түш көрдү: «Бактын арасы, салкын түн. Ай жаркырап тийип турат. Түбүндө биздин акын уктаган жаш кайыңдын бутагында булбулдар сайрап турушат. Сайрашат да «лириктен» коркпой анын кроватынын башындагы салаңдаган кызыл гүлдөрдү келип чокушат. Кара чач, кырдач мурун, ичке бел, оймок ооз (унутуп калыпмын көзү да кара) кыз арактар, дагы бир балаалар койгон патунусун көтөрүп, шаркыраган тунук булактын суусун балтырына чыгара кечип келип ыр жазып жаткан лириктин жанына келип олтурат. Олтурат да анын ырларынан коңгуроодой үнү менен ырдайт. Ал ырдап жатканда биздин лирик ойгонуп кетет. Ойгонсо перинин кызы эмес эле чодурайган бир аял ырдап жаткан экен. Биздин акын уйкулуу көзүн ушалап, куйкасын тырмайт да, оозун кере ачып эстеп: «Кап! Түндөгү түштөй шарт болсо толкубас белем а?» дейт.

Ойдогу толкун ай. Акынды арыктаткан капырай. Толкун… толкун.

Бир кезде улуу Маяковский катуу уктап калбайын деп башына жаракалар жазданып жатып жүрүп ыр жазчу экен. Анын жаны кандай болду экен?..

Олдо менин «лиригим» ай?! Өтө назиксиң да.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.