СҮЙҮҮНҮ АЙЛАНТКЫМ БАР ЗОР ӨЛКӨГӨ

Сүйүүнү зор өлкөгө айлантсам дейм,
Жылуулук, бейпилчилик нурун төккөн.
Гимни башталса дейм ал өлкөнүн:
“Сүйүү бул ыйык нерсе”— деген сөздөн.

Ырдаса ал гимнди жакшы адамдар,
Тик туруп, жүрөктөрдөн ыры чыккан.
Гербинде ал өлкөнүн турса деймин,
Алакандар бирин-бири катуу кыскан.

Кулпуруп дүйнөдөгү түркүн түстөр,
Куюлушуп турса дейм байрагында.
Куурал билбей элдери жыргап-куунап,
Кубаныч өкүм сүрүп аймагында,

Көңүл калуу, таарынч, көз жаштардан,
Кайгыдан, ажырашуу, зордуктардан,
Калканыч табышса дейм бул өлкөдө,
Көп калктар карк болушуп жардамына.

ЖАШООДО БААРЫ ТЕСКЕРИ

Жашоодо баары тескери,
Күбөмүн ага көп ирет:
Ачылса десең жаан жаайт,
Жаанды күтсөң күн тиет.

Мөөнөтүн күтпөйт келишет,
Жамандык менен жакшылык.
Күтпөгөм анда сени да,
Күтүүсүз келдиң шаштырып.

Өзгөрдү анан бардыгы,
Ойлонуум, жүргөн-турганым.
Өзгөрдү сөзүм, ырларым.

Түшүнбөй жүрөм алиге,
Өтсө да жылып жылдарым.
Тагдырым чачса ачуу уусун,
Таптым мен, неге жыргалым?

ЧОКУЛАР ЖАКЫН КӨРҮНӨТ

Алыскы чоку кол сунсаң,
Жетчүдөй жакын, этектен.
Узарат, бүтпөйт узак жол,
Тумандуу жолдо кар кечсең.

Кыйратып жазмак болосуң
Калемиң алып колуңа.
Жазгандан кээде, сөз терип,
Оңойдой чыгыш чокуга.

ЖАШОО ТАТААЛ

Жашоо татаал, татаалына көнөбүз,
Тыбырчылап, жетегинде жүрөбүз.
Канча кыйын, канча азап тартсак да,
Ошончолук, жашоо сени сүйөбүз.

Түз жери бар, аңы менен дөңү бар,
Жыргалынан азабы көп, жолу тар.
Бирок, сенден кереметтүү нерсени
Жашоо сендей, табыша элек билип ал!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.