Түркияда демократия комада жаткандай…

2000-жылдардын башында мусулман өлкө катары Түркия демократиянын жолунда алгылыктуу кадамдарга баргандыгынан улам дүйнө коомчулугу тарабынан алкыш ала баштаган. 2002-жылы бийликке келген партия Европа Биримдигинин демократиялык стандарттарына шайкеш келчү реформаларды жасап, адам укуктары боюнча өлкөнүн имиджин оңдоого киришкен. Тилекке каршы, бул реформалар узун өмүрлүү болбоду. Бир канча жылдар соң реформалар токтоду. 2011-жылдагы шайлоодо бийлик партиясы үчүнчү жеңишке ээ болуп, ошол учурдун өкмөт башчысы, бүгүнкү президент Эрдоган теңирден тескери кетти. Ошол учурдан баштап авторитаризмге жол алган Түркия мусулман өлкөлөрүнө үлгү болуудан алыстады. […]

Куба эл жомогу: Эшекче жокмунбу!

Эки кошуна бар экен. Бир күнү бири эшигинин алдында отурса экинчиси үйүнөн чыга келип, так секире сүйүнүп, кооздук үчүн өстүрүлгөн көк шиберге кулап түшүп, кубанычтуу үн чыгарып, каткыра күлүп, ары-бери тоголонуп оонай баштайт.  Биринчи кошуна экинчисинин бул жоругуна айран таң калып туруп калат, анан эсине келгенсип сурайт: — Педро, сага эмне болду? Жинди болгондон соосуңбу? Педро эч нерсе укпагандай түр көргөзгөнү менен ордунан турат, бирок кайра эле шиберге кулап, ары-бери тоголоно оонап, каткыра күлүп, кубанычтуу үн чыгарат. Айран таң калган […]

Фёдор Достоевский: Китеп окубаганың — демек, ойлонуудан калганың

Федор Достоевскийди бирөөлөр жакшы көрүп сүйсө, кээ бирлери жек көрүшөт. Бирок биздин күндөргө чейинки анын актуалдуулугун жоготпогон гениалдуу ойлоруна кошулбай коюуга аргабыз жок. Келгиле, бул адамдын айткан ойлоруна кунт коюп көрөлү… ♦ ♦ ♦ Ким пайдалуу нерсе кылгысы келсе, анын колу таңылуу болсо да көп жакшылыктарды жасай алат. ♦ ♦ ♦ Таарынычтарды акыл-эсиңде сактай бербе, кереметтүү көз ирмемдерге орун тийбей калбасын. ♦ ♦ ♦ Негизги идеяң аткарууга кол жеткис бийиктикте болуш керек. ♦ ♦ ♦ Бараткан жолуңда ар бир үргөн […]

Бейшебай Усубалиев: Чал, Макаренко, аял

АҢГЕМЕ Алар экөө болучу. Кайдан, бир автобус толтура эл эмес беле!.. Жок, алар экөө эле болучу. Биринчиси — чал, экинчиси — жигит. Жигит бир аз кечигип келди. Автобуска энтеңдеп шашып-бушуп түштү да, карбаластап чөнтөгүн оодара баштады. Кейпи, белетин таппай жатты көрүнөт, элдин баары эле аны карап тургандай туюлду, боргулданып тердеп да кетти. Жигиттин ыңгайсыз абалда калганын байкадыбы, алды жакта олтурган чал: — Кел, бул жерге олтура бергиниң. Ээси келсе, бээсин берерсиң. Болбосо, сенин ордуңа деле олтурар, баары эле бирдей эмеспи,— […]

Калыс Кенжебаев: Жалбырак (конкурска)

(Чоңойгусу келген балдар жана бала болгусу келген чоңдор үчүн жомок) Тереземден теребелге баш багып, үйүмдө бул сокур кишинин көзүндөй үлбүйгөн айнек алкактан башка кызык толуп жатса да, кайра тартылып карайм. Тартылганга татыктуу деле укмуш көрүнүш жок. Теребел дегенде эмне болмок: анда-санда зырылдап унаа өткөн чаң жол, жайкысын жайнаган гүлдөр болор эле, азыр кар жаңы кетип, бирин-серин байчечекей баш багып келаткан кез, анан бир да жалбырагы жок жылаңач дарак. Башка дарактар эчак бүчүр байлап, жалбырак ачып калды. А бул шордуу картаң […]

Дайырбек Казакбаев: Селге аккан коён

АҢГЕМЕ Ал терезеден карады: көчөдө дале жаан. — Кыязы, жаан нөшөргө айланган окшойт,— деп жоромолдоду ал, шыбыргактаган дабышты тыңшап. Дүгдүйүп, ийнине түшкөн чачын жогору сылады. Түк баскан чап жаагын мойнуна оролгон сүлгүгө сүртүп, көмүрүн учтады да, күрсүндү. — Гм-м!.. Күн кайнап, суу капысынан кирген: жошого боёлуп, шуулдап аккан дайра түп-тамырынан бери омкорулган даракты иримине чөмкүтүп, өйдө-төмөн калкытат. Дайранын ортосунда толкун ыргагына термелип агып бараткан узун сөңгөктүн үстүндө сур коён олтурат. Ал толкун устунду калчаганда, жылмышып кетпеси үчүн жыгачка бекем боортоктоп […]

Абдувахаб Мониев: Футбол – биримдиктин данакери

(Мелис Эшимкановдун элесине) 2019-жылдын январь айы кыргызстандыктарга накта футбол майрамын тартуулады. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын БАЭде өткөн Азия кубогундагы оюндары элибиздин мурда-кийин сезилбеген ынтызарлыгын козгоду. Мамлекет намысы үчүн күрөшкөн улуттук кураманын оюндарына теледен жапырт үңүлүп, өз футболчуларыбызга күйөрман болуунун кумарын, ырахатын биринчи ирет татыгандай болдук. Кыргыздын көпчүлүгү футбол деген жөн гана спорттук оюн эместигин, ал —  ири мамлекеттик саясат, идеология, улуттук руханияттын бир салаасы экендигин аз да болсо сезип, туйгансыды. Мындан 31 жыл абалкы кез эске түшөт. 1988-жылдын […]