(Мелис Эшимкановдун элесине)

2019-жылдын январь айы кыргызстандыктарга накта футбол майрамын тартуулады. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын БАЭде өткөн Азия кубогундагы оюндары элибиздин мурда-кийин сезилбеген ынтызарлыгын козгоду. Мамлекет намысы үчүн күрөшкөн улуттук кураманын оюндарына теледен жапырт үңүлүп, өз футболчуларыбызга күйөрман болуунун кумарын, ырахатын биринчи ирет татыгандай болдук. Кыргыздын көпчүлүгү футбол деген жөн гана спорттук оюн эместигин, ал —  ири мамлекеттик саясат, идеология, улуттук руханияттын бир салаасы экендигин аз да болсо сезип, туйгансыды.

Мындан 31 жыл абалкы кез эске түшөт. 1988-жылдын жазы, 7-классты бүтүп аткан кезде “Ленинчил жаш” гезитинин таасири менен эмнегедир ашынган футбол күйөрманы болуп калдым. Агезде биздин борбор — Фрунзе шаарынын футбол командысы “Алга” СССР чемпионатынын 2-лигасында ойнойт. Ошол жылдары  жалаң Казакстандын шаарларынын командаларынан куралган 2-лиганын 8-группасында адашып кирип калгансып, бизден “Алга” менен “Алай” (Ош) гана бар болчу. Жаштар гезити  “Алганын” Фрунзеде өткөн оюндарынан үзбөй баяндама берип, жадыбалын жарыялап турат. Кабарчы оюндун жүрүшүн берилип жазат: “Гудименко чебердик менен гол киргизди” дейт, “Фахасов андай тепти”, “Закиров алдап өттү” дейт. Биздин “Спартакта” өткөн оюндардын дээрлик баарында “Алга” жеңет.

Жай келгенде мен үчүн анык проблема башталды. Жайлоого чыкканбыз. Загырадан (жайлообуз) өөнгө (кыштоого) түшө албайм. Мен кетсем эле коюбуз кырда калат. Ошентип, “Ленинчил жашты” ала албай кыжаалатмын. “Алга” кантти экен” дейм, “Алай” кичине өйдөлөдү бекен” дейм. (Бул командабыз ортодон ылдыйда жүрчү.) Ичим бышып, акыры бир   күнү “кыштоого барып эле, гезиттерди алып, түшкө чейин келип калам” деп Разия жеңемен (апам Кытайга кеткен эле) жооп сурадым. Кеч малды жайлап коюп, Теке-Ташты (кыштоо) көздөй чуркап жөнөгөнүм, жүгүрүп отуруп, дээрлик 10 километрдей аралыкты тез эле багындырып, кыштоодогу үйгө жеткеним, анан топтолуп, бир таңгак болуп калган “Ленинчил жашты” барактап, “Алганын” оюндарынын баяндамасын окуп, моокумум канып отуруп калганым күнү бүгүнкүдөй эсимде…

*     *     *

Бейрасмий түрдө Ташкендин “Пахтакор” командасы Өзбекстандын, Алматынын «Кайраты” (бул эки команда акыркы жылдары СССР чемпионатынын 1-лигасына түшүп калган болчу) Казакстандын, Дүйшөмбүнүн “Памири” (жогорку лигада ойночу) Тажикстандын намысын коргоп, ушул республикалардын футбол боюнча курама командасы сымал роль ойногондой эле, “Алга” футбол командасы да Кыргызстандын жүзү болчу.   “Кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн” акын Байдылда Сарногоев бекеринен “Алгага” арнап ыр жазган эмес да!

“Алгабыз” 1960-70-жылдары гана алгалап, 1-лигада жакшы ойноп, 3-орунга жетип, мына-мына жогорку лигага чыкмакчы да болуптур. Бирок, 80-жылдарга жакындаганда кайра артка кетип, союздук чемпионаттын эң этекки 2-лигасына түшөт. Ошентип, Байдылда акын жазгандай,“Алга” “көбүрөөк күйүндүрө” баштайт.

Союздук республикалардын борбор шаарларынын командаларынын көпчүлүгү жогорку лигада ойночу. Ал тургай, алакандай Армениянын  Ереванынын “Арарат”, Грузиянын Тбилисисинин “Динамо” командалары СССРдин чемпиону да болгон. Жогорку лигада биринчиликти эң көп жеңген команда — Киевдин “Динамосу”.

*     *     *

СССР империясынын акыркы доору — 1990-1991-жылдары “Алга” негизинен Сибир шаарлары менен Казакстан, Өзбекстан командаларынан куралган 2-лиганын Чыгыш зонасында ойноп жүрдү. Союздук республикалардын ичинен Фрунзенин “Алгасы” менен Ашхабаддын “Копетдагы” гана ушул эң барксыз лигада. Футболдогу бул абал кыйыр түрдө Кыргыз ССРи менен Түркмөн ССРинин жалпы СССР алкагындагы дараметин, ордун чагылтып турчу.

Албетте, кыргыз футболунун мындай кейиштүү абалда, көчтүн көчүгүндө калышынын дагы тиешелүү себептери бар. Республикалык бийлик тарабынан ага жетиштүү көңүл бурулган эмес. Кыргыз жетекчилеринин ичинен Ахматбек Сүйүмбаев гана футболдун күйөрманы болуптур. Ошол кишинин камкордугу менен Кыргызстанда футбол анча-мынча кыймылдап, “Алгабыз” оозго алына баштаган көрүнөт. Ал тургай, “Алганын” футболчулары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жашап жүрүптүр. (Аны Турдакун Усубалиев билери менен кууп чыгат.)

*     *     *

2000-жылдын жайында “Асаба” гезитинин кожоюну Мелис Эшимканов редакциянын жамаатын эс алдырганы Ала-Арчага алып барды. (Ал  КР президенттигине талапкерлигин коюп, шайлоого катышууга камынып жаткан.)  Анан ошерде таштан “дарбаза” жасап алып, Мелис ака (футболду мыкты ойночу) баш болуп, көк шиберде топ тээп кирдик. Бала кезде үймөлөктөшкөн галага (додого) уруп кирип, “улакты” улкуп-жулкуп талашып, жөө улак чапчу элек. Сыягы, футболду да “улак тарткандай” копол ойносом керек, ортодо топ талашып аткан Мелис ака “ох-х!” деп бакырып алып, көзүн басып отуруп калды. Көрсө, көзүнө чыканак менен “берип” калган экем. (Ошол ирмемдерди эстегенде Мелис акага азыр да ага ыраазы болом. Оюндабы, башкадабы, көзүнөн от жандыра койсоң, ким болбосун, эне-атаңды аралаштыра сөгүп, бир каарып алмайы бар го…  Андайда бир жаман сөз ооздон автоматтык түрдө ыргып чыгып кетет. “Шеф” болсо, ого бетер… А Мелис ака анткен жок, көзүн ушалап: “Вахаб, кичине абайлап ойносоңчу!” дегенден башканы айтпады.)

Оюн токтоду. Анан баары “эй, сен аябай олдоксон ойнойт экенсиң” деп жаалап калышты. Айыптуу болуп калган жаным: “Мен футболду биринчи жолу ойноп атам” деп актана баштадым. “Койчу, кантип эле?” “Чын. Менин айылым Чөгөмдө футбол ойной турган түз жер жок.” (Бул тууралуу “асабачы” Азамат Кыязов “Агымга” жазды окшойт эле.)

Анда бул айтканыма “асабачылар” ишендиби, ишенбедиби, билбейм. Чындыгында эле биздин тоолуу айылда футбол талаасына ылайык түздүк жок болгондугу аз келгенсип,  телевизор да тартпайт эле. Мындан чыкты, мен “Алгага” аша күйөрман болгон жылдары айылыбызда футбол менен эч кимдин кээри болчу эмес. Эми ойлосом, ошол шартта туруп, тоонун башында жүрүп,  улуттук футболго – “Алга” менен “Алайга” күйөрмандык кылуу кандагы улуттук-патриоттук рухтун күчү турбайбы… Анда элес албаган менен, бүгүн аны канааттануу менен эстеп турумун…

*     *     *

Тарыхтын амири экен, ошондон 3-4 жыл өтпөй, ойдо жок окуя болду: Кыргызстан өз алдынча республикага, накта мамлекетке айланды. Эки шаардын командасына эле эмес, бүтүндөй улуттук-мамлекеттик  курама командага күйөрман болуу бактысына ээ болдук. Тилекке каршы, коомубузда баштатан мамлекеттик инстинкт калыптанбагандыктанбы, айтор, ал “бакыт”,  мүмкүнчүлүктү  ушуга чейин татыктуу пайдалана албай келатабыз.

Ал эми КР футбол федерациясын жетектегендер тек гана  четтен келген долларды ынтымактуу бөлүп жеш менен эле алектенип, а мамлекеттик бийлик да, коомчулук да футболго кайдыгер карагандыгынан улам узак убакыт кыргыз футболу үмүт отун тутанта албады.

Федерация жетекчилигине Семетей Султанов баш болгон жаңыча ойлонгон, футболдун маңызын түшүнгөн  идиректүү жаштардын келиши менен кыргыз футболуна кадимкидей жан кирди. Улуттук курама командабыз легионерлер менен толукталып, атаандаштыкка жөндөмдүү командага айланды. Ошентип, 2014-жылдан тарта өспүрүм курактагы күйөрмандык ышкы кайра ойгонуп, курама командабыздын ар оюнун чыдамсыздык менен күтө баштадым. (Менде ушундай адат: интернет чукуй калсам, адегенде “Акипресстен” спортту, анын ичинен да кыргыз футболу боюнча кабарларды карайм. Бир ишке эле керек болуп калбаса, саясат жаңылыктарын окубайм. Кыргыз телесинен “КТРК-Спортту” эле көрүшүм мүмкүн.)

Кудайга шүгүр, азыр россиялык адис Александр Крестинин жетектеген командабыздын алга таштаган кадамы ишенимдүү. Кечээ эле ФИФА рейтингинде 200-орундарда турган команданын 75-орунга чейин жетиши, Азиянын мыкты делген 24 командасынын катарында БАЭдеги кубокто намыс талашышы — чоң жетишкендик эмей эмине?!

*     *     *

1999-жылдын ноябрында абройу ай чапчыган “Асаба” гезитине иштемекчи болуп келсем, башкы редактору Мамат Сабыров: “Жазып, өзүңү көрсөт” деп кабинеттен орун көрсөткөн.  Гезиттин кожоюну Мелис Эшимкановду сыртынан тааныйм.  Кабакты калың салган сүр менен жүрчү Мелис акани эки-үч курдай коридордо кездештирдим. Өзү көңүл бурбаган соң, атайын саламдашканым жок. Анан бир күнү (тактасам, 18-ноябрь экен) “сени шеф чакырып атат” деп калышты. Башкы редактордун кабинетине кирсем, Мелис ака, Түкө (Түгөлбай Казаков), Мамат ака бар экен. “Ой, сен эмне мени менен учурашпайсың?” деп калды Мелис ака киргенимде эле.

Мен тиги-бу деп жооп бергиче эле: “Молодец, сен “Асабада” иштейсиң?” деген чечимин угузду.  Анан жанындагыларга бурулуп: “Бир жолу Кубат аке: ”Мелис, ушу сен адамдарды жакшы тандайсың. Деги кандай ыгың бар?” деп сурап калды эле: “Кубат аке, мен адамдарды алардын Кубатбек Жусубалиевге карата мамилесине карап тандайм” деп жооп бердим” деп калды. (Оштон Кубатбек Жусубалиев тууралуу макала жаза келип, Мамат акага бергем, ошону Мелис ака да окуса керек… Эшимканов чындыгында эле адамдарды туура тандай билчү, анан ар кимдин жөндөмүнө жараша мамиле кылчу. Калыстыгы күчтүү эле. Ушак сөзгө уукчу эмес. Анча-мынча көрпенделикке кол шилтеп коё алчу.  Эми ойлосом, президенттикке шайланып калса, биздин бүгүнкү “экстердин” көбүнөн өйдө башкаруучу болмок экен.)

Анын сыңары, мен азыр адамдарды (кыргызстандык) улуттук футболго карата мамилесине карап тандоочу болдум. Тамашасы жок. Мисалы, бирөө кыргыз футболуна күйүп-бышып, күйөрмандык кылып  атса, а, мында бир мамлекет деген, улут деген патриоттук сезим бар  экен деген ойдо калам. Ошол себептүү,  кыйчалыш кезде кыргыз футболун сактап калган, азыркы жетишкендигине түрткү берген бизнесмендер, “Дордой” командасынын ээси Аскар Салымбеков менен “Абдыш-Ата” командасынын ээси Совет Сакыбаевди (тааныштыгым жок болсо деле) мамлекет, улут келечеги тууралуу ойлонгон, толгонгон адамдар катары урматтайм. (Президенттикке талапкерлигин коюп калышса, эч ойлонбостон колдомокмун.)

Ал эми сапырылган пулу болгону менен, спортко,  футболго эч кандай колдоо көрсөтпөгөн, алтургай, искусство  үчүн деле меценаттык кылып жарытпаган Өмүрбек Бабанов сыяктуу капчыктуулар саясатка аралашып атса, “президент болом” деп жулунуп чыкса,  “мунун мамлекет, улут тагдыры, келечеги тууралуу (акчадан башка жөнүндө) дегеле ою жок болуш керек эле, тек, “президент болуп калсам, пулуму көбөйтүп, миллиардер болот элем” деген көрпенделик кыялдын жетегинде жүрөт ко” деген пикирде калам. (Канткен менен, Өмүрбек мырза акылдуу жигит экен, кыргыздын караңгылыгын, баёлугун пайдаланып, мамлекет башчылыкка шайланып алып, анан Кум-Төрдөй кирешелүү мамлекеттик кен-байлыкты баса жыгылып эле миллиард доллар жасабаса… Кыргызстандай кембагал, кичине өлкөнүн рыногунда таза эмгек менен миллиардер болуу мүмкүн эмес.)

*     *     *

Бир караганда, Кыргызстанда футбол күйөрмандарынын карааны кыйла калыңдай сезилет. Арийне, “жанына барсаң” алардын көбү тээ Европадагы Испания, Италиянын же Англиянын футбол командаларынын күйөрманы, Рональдо, Месси, болбосо, дагы бир “дүйнөлүк жылдызды” туу туткандар болуп чыгат… Албетте, ким кимге күйөрман болот, ким кимди кумир тутат, ар кимдин өз иши дегилечи. Ошентсе да, бул көрүнүш мага “өз агасын агалай албаган” ары жоктуктай сезилип, көсөм Салижан Жигитовдун: “Кыргыз акындары ыр жазса эле, “Ук, Европа!, ук, Америка!” деп жазат. Же алары угуп койсо экен” деген какшык кебин эске салат.

Оюндарын барып көрүп, элдин колдоп, сүрөөсү  улуттук футболдун өнүгүшүнө түз дагы, кыйыр дагы таасир этери айтпаса да белгилүү. Биз күйөрман болуп, Испания футболуна, же Англиянын премьер-лигасына кымындай таасир эте албайбыз (биздин күйөрмандыкты алардын урганы барбы?), а бирок, ошондой эле күйөрмандык, сүрөөн менен өз футболубуздун өнүгүшүнө чоң түрткү беришибиз мүмкүн.

Кыргыз футболу кызыксыз, футболчуларыбыздын деңгээли төмөн деп, үйдө жатып алып сынтагуу — жоопкерсиздик.  Жапатырмак сүрөгөндө, Александр Крестинин айткандай, биз үчүн чет элдик футболчулар эмес, Байматов, Землянухин, Мурзаев, Кичин, Исраилов сындуу өзүбүздүкүлөр “жылдызга”  айланып, балдарыбыз ошолорду туурай баштаганда гана Кыргызстан футболу дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөт.

Тилекке каршы, бизде азырынча андай күйөрмандык адат-салт жок. Бу жааттагы маданият европалык деңгээлге караандабайт. Кайсы бир ырчы сөрөйдүн концерти, же кайсы бир партия болумуштун жолугушуусу болот десе, стадионго батпай калган калк, кыргыз премьер лигасынын мыктылары “Дордой” менен “Алайдын”, же “Абдыш-Атанын” беттешине деле басып барбайт. (Саясый акцияларда эмес, футбол матчтында гана стадионго эл жык-жыйма толо баштаганы — турмуштун оңолгону.)

*     *     *

Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курамасынын төрт оюнчусу атаандаштарынын дарбазасына гол киргизсе, алардын ичинен бирөө – Мирлан Мурзаев гана мамлекетте түпкү делген кыргыз улутунан. Ахлидин Исраилов, Виталий Люкс, Турсунали Рустамов башка улут өкүлдөрү. (Алты жашында көчүп кеткен, бир оюнда үч гол киргизген В.Люкс Германиядан келип ойноп атат.) Мында неге “улутка бөлүп” атабыз? Тигил факты бизге, “кыргыз эле, кыргыз” деп кыйкырып, курулай төш каккылаганды адат кыла баштаган, мамлекет ээси эсептелген кыргыздарга анча-мынча сабак болушу керек деген ойдо!.

Аты деле “Кыргыз Республикасы” деп турат (коңшу, тагдырлаш мамлекеттердики баары “станы” менен кошо айтылат), мамлекетти кыргыздан эч ким талашпайт. Кыргызстанда жашаган бөтөн улут өкүлдөрү таңуулабасак деле, мамлекетке жооптуу улут кыргыздар экенин туюп турат. Бирок, бул мамлекетти – Кыргыз Республикасын анда жашаган ар бир улут, ар бир эл “менин мамлекетим, менин мекеним” деп, өзүнүкү сезе алганда, “өз, өзгө” деген алакчылоосу жок, ар улут эли футбол командасындагыдай ынтымак менен, бир максатты беттегенде гана өлкөбүз өнүп, өсөрү талашсыз.

Андай биримдиктин данакери – кыргыздар. Кыргызстандагы бардык улут кыргыздарды карап түздөнөт.  Демек, коомубузда бекем жарандык биримдикти, бардык улутка бирдей мамлекетчил патриоттук сезимди калыптандыруунун жоопкерчилиги биздин моюнда. Ошон үчүн көп нерсеге маани берип, башка улуттарды иренжитпей, болушунча боорго тартышыбыз лаазым.

Кыргызстандагы бөтөн улутту бүт бойдон кыргыздаштырып жибере албаган соң, “кыргыз, кыргыз” деп кыйкыра бергенди азайтып, “кыргыз улуу эл, аруу эл, кыргыздан кыйын улут жок” дегендей сандырактарды токтотуп,  улутка эмес, мамлекетке басым жасап, “Кыргызстан, Кыргыз Республикасы, кыргызстандыктар” деп эле сүйлөгөн эп.

Алыкулчасынан “чындыкты түз айткан” жакшы, азыр мекенибизде тили, дини буруу улуттар, орус-славяндардын  арбын экендиги  да — Кыргыз Республикасына кадыресе мамлекет түспөлүн берип турган факторлордун бири.

*     *     *

Азия кубогунан кийин ошол учурдагы КРФФнын президенти С.Султанов, башкы машыктыруучу А.Крестинин баш болгон курама команданы президент Сооронбай Жээнбеков өзү кабыл алып, аларга орден-медаль, ардак наам сыяктуу мамлекеттик сыйлыктарды, атайын кол саат сындуу белектерди тапшырды. Албетте, бул эң сонун жөрөлгө. (Түпкүлүгүндө, мамлекеттик сыйлык, ардак наамдар спортчулар менен аскер, коопсуздук тармагынын кызматкерлерине гана берилгени туура деген ойдомун.)

Арийне, азыр улуттук футболду өнүктүрүү  үчүн дем берүүчү наам, сыйлыктардан да заманбап стадиондун курулушу алдаганча маанилүү болуп туру. Өткөн 3-апрель күнү “Дордой” менен түркмөнстандык “Алтын-Асыр” клубунун оюнунда көрдүк, биздин ишенген майдан оюн учурунда чаңыганда топ көрүнбөй калып жатты. (Мындай “укмуш” жалгыз гана Кыргызстанда болсо керек.)

2015-жылы Кыргызстан-Австралия беттешинде стадионго эл батпай калгандан кийин жаңы спорттук арена куруу тууралуу сөз болуп, ошол сөз боюнча калып кеткен эле. Азия кубогунан кийин дагы сөз болду. Андан бери 3-4 ай өттү. Иш жок. А бул арада коңшу Тажикстан 30 миң адамга эсептелген заманбап стадиондун кышын кынап, кура баштады…

(“Азияnews” гезити, 2019-ж., 11-апрель)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.